«АЯЛДАР, СИЛЕР КОРГОЛО ТУРГАН ЗАТСЫҢАР!»

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

– Эс тарткандан баштап эле «аял жакшы – эр жакшы», «жакшы аял жаман эркекти орто, орто эркекти жакшы, жакшы эркекти хан кылат» деген апамдын насааты менен чоңойдум. Менин курагымдагы же менден улуу, же кичүү баары эле ушундай тарбияда чоңойсо керек. Акыркы кездерде мен бул макалдарга кыжырым келе баштады. Эмнеден улам экенин азыр икаямдан улам түшүнөсүз. Жашоо шартка байланыштуу Түркияда жашап калдым. Акырындап түрктөрдүн жашоосуна аралаша баштадым. Ооба, бай-кедей, кыйынчылык деген Стамбулда деле, Африкада деле ошол. Бирок ар бир улуттун өзүнө жараша адаттары болот экен. Мисалы, мен ал жактан биздин аялдардай эмгектенген аял көрбөдүм. Боюнда бар, эми төрөйм деп жаткан аял базарда отурганын көрбөдүм. Өзүнөн чоң баштыктар менен товар ташыйм деп бели бекчейген келиндерди, бензин куюучу жайларда түн ичинде иштеген секелек кыздарды, пенсия курагындагы апалар дили, тили бөтөн жерге кетип кор болгонун көрбөдүм. Күндүз иштеп келип, кечинде каардуу кайнененин тилин таап, бала-чакасын багып, ортодо күйөөсүнөн чала-бучук таяк жеп, эртеси эс албай жумушка кеткен аял тууралуу айтсам, алар үчүн жомок.
Ал жакта аял акак таштай сыйланат экен. Мыйзамы да, эли да, эркеги да коргоп турушкан аялдарды көрдүм. Алардын көздөрү бактылуу, ишенимдүү. Көрдүм да, ичимден сыздым. Биздин элдин аялга кылган мамилеси да, макалы да, сөөгүнө сиңген түшүнүктөрү да туура эмес сезилди.
Сиз деле ойлоп көрсөңүз, эмнеге башка улут кызын «сен ханбийкесиң, сен дүйнө сулуусусуң» деп тарбияласа, биздин апалар таптакыр башкача тарбиялашат. «Кызым, тилиңди тишиңе кат, кокуй, ошентип жеңесиң, ошентип эл болосуң, күйөөнү деген алдаш керек, чыда, өлүп кетпейсиң» деген кептерге кулагыбыз бышкан. А аталарыбызчы, менимче, алар «кыз дегенди энеси тарбиялайт» деген түшүнүк менен өздөрүн суудан кургак чыгарып кетишет. Капа болгонум, атам замандан эле кыргыздар макалы менен, башкасы менен кыздарды эркектер үчүн кызмат кыла турган объект катары көрүп жүрүп сөөгүбүзгө сиңип калганы.
Ал жакта кабылган бир кызык окуя эсиме түштү. Сейил бакта жүргөн элек, бир түрк айым сөз баштап, мен жооп берип дегендей отуруп калдык.
– Сиз эмне иш кыласыз?- дедим мен.
– Эч нерсе, үйдөмүн.
– Аа, демек, үй иштери менен алек экенсиз да?
– Жок, үй иштеримди кызматчы кылат.
– Түшүндүм, кыздарыңыз менен алек болот экенсиз, ээ?..
– Кыздардын 2 бала багуучусу бар.
– Анда күйөөңүзгө көңүл буруп, жакшы карайт турбайсызбы?
– Эмнеге, күйөөм мага көңүл бурсун...
Эрксизден күлдүм. Биздики менен салыштырсаң, асман менен жердей. Балаңды тарбияла, акча да тап, кайын журтка да кызмат кыл, үй тиричилигиңди тың кыл, алыс-жакын туугандар менен катташ, күйөөң башкага кетип калбаш үчүн ага жагуунун жолун изде. Айтор, баарына жетиш!
Негедир «үй-бүлөнү алып кетиш аялдан» деп тыянак чыгарып алышкан. Ал тургай эркек балдарын таштап, башканын үстүнө кирип кетсе да биз анын аялын күнөөлөйбүз. Басып кеткен эркекти эмес, аны кармай албаган аялды... Күлкү келерлик нерсе эмеспи, ээ, замандаш.
«Мыкты аял экен, үй-бүлөсүн сактап калды» деп да көп угам. Мурун мен да ошондой аялдарды кыйын экен деп ойлочумун. Азыр мага алар байкуштай сезилет. Баарына көз жумуп, үй-бүлөнү сактап калдың, ошол эле учурда өзүңдү жоготкондурсуң, балким... Аны кандай күч менен сактап калганын бир өзү, бир Кудай билет. Мени ойлонткон нерсе, эмне үчүн биздин кыздар, келиндер, апалар өздөрүнө эркек ташый турган жүктү алып алышкан? Андан да жаманы, эмнеге биздин эркектер ошого макул болуп отуруп калышкан?
Билем, көп эркектер менин оюма каршы чыгат. «Тантыраган неме да, аз убакыт башка өлкөдө жүрсө эле кыйын болуп калат. Бул аялдын жүгү эмей эмне?!» дегендер четтен чыгат. Албетте, актанууга акыңар бар :)
Кыздар, келиндер, апалар, бүгүнкү күндүн жүгү оор. Кайышып, майышып көтөрүп келе жатасыңар. Айтарым, ошол жүктү жалгыз көтөргөнгө милдеттүү эмессиңер. Силер корголо турган, аярлана турган, аяй турган затсыңар! Тарбия муундан-муунга өтөт эмеспи, биз кыздарыбызга болгон тарбияны, талапты өзгөртүшүбүз керектир. Балким, биз ошондо аялы, баласы корголо турган коомго келербиз...

Мээрим


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(63)
19.06.2017. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялдын сыйы урматы баары динде
19.06.2017. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+42
Даааа. Ойлондурду бул икая. Эн жакшы деген кайнене да ооруп калганымда торкунуно бар деди. Бара турган торкунум жок экенин билет (томолой жетим кызмын).
19.06.2017. 17:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Biinura,кечиринис плюс басам деп минус басып алдым сизге кооп ++++++++++++++++++!!
19.06.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
raiana53,☺☺
19.06.2017. 19:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Биздин эркектерге да Кудай бир кун инсап берип аяр мамиле жасап калышар ооо.
19.06.2017. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ай байкуш кыргыз аялдары, бакыт деп эмнени билебиз биз? Кайын журтка кызмат кылганды, жолдошту асманга коколоттуп медер тутуп озубуздон бийик койгонду, бирим эки болуп калсын деп кочого чыгып тытынганды, бала деген бакыт деп ден-соолукту аябай катарлап тууганды бакыт деп билебиз.... Жашын отуп, алдан тайган кезде жашайын десен эле кеч болуп калган кеееез....
19.06.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Эмнеге биз башкалардын жашоосунан үлгү алып жашашыбыз керек? Биздин өзүбүзгө тиешелүү менталитетибиз, салтыбыз бар. Буга чейин деле ушул менталитет менен жашап келишкен урушпай талашпай эле. Башкалардын жашоосуна салыштыра берип ушул абалга келдик.
19.06.2017. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-22
Han1111
Эн туура ошентип эле жакшы жашап келишкен
Мисалы атам атты аары чаап берии чап эшикти ачпай кыйрып мас болуп келсе тамагы даяр бизди апабыз урушуп тынч болгула атан урушат дечу. Стиралка.духовка. газ.деген ноу хау жок эле чонойтту тигиндей мындай дебей.баары бар кечинде калсан сени азыр аялын кутпойт антип жатат дарбазанды ачып киресинда кемпир мени кечир балдар менен ичтим деп актанасын. Кыйраткансып проста бул деген азыр демократия тен укук деп атып баарын ит кылышты.
20.06.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
tuku,ошол кезде апанардын ички сезимин ким тушунуп коюптур ишинер да болгон жок да кандай ахывалда журчу тушунмок беленер силерда эркексинерда
19.06.2017. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Динде да айтылган "аял тамак жасап, уй жыйнап кир жууганга керек болсо бала торогонго да милдеттуу эмес". А бирок башкасын айтпайын бир кун тамак жасабай корчу кандай уруш угасын куйоонон. Кыргызга аял кор эле.
21.06.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
aruuke9292, каерде окудун айтылган эмес экенин?
Жолдошунун конулун алган, сыйлаган, суу сураса суу апкелип берген, намаз окуп, орозо туткан аялдга Бейиштин бардык эшиги ачык болот деп айтылат. Жолдошунун конулун алган деген созду ар ким аркандай тушунот экен да. Тамак жасап берип, кирин жууп берген ошол конулго кирет го акыры.
20.06.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Авторго менда кошулам, мен откон жылы кайындарым менен Россияда журдук,ал Бир топ жумушсуз уйдо отурушкан, алар учоо уйдо кечке мен эки жумушта иштейм, кечкиси дем алуусу жок, биринен келип тамак жасап, чайын берем камыр жасап ишке кетем, келип Нан бышырам, тун жарым болуп кетет.Иштен кеч калсам келин тамак кеч калып атат дейткооо. Орустар кайындары бар деп мени жумуштан эрте ччыгарат тургандай. Ананда бойумда бар болчу. Келин кылатта деген мээбизге сингенго дейм. Окундуротта жашоо кээде.
20.06.2017. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Miran77, ХХХ туруп оокатынар озунор кылгыла дебейт беленис ужас эркектерибис воше катын болуп баратат албетте баары эмес
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-20 12:18:55
20.06.2017. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Miran77,Мен силерге ойноп келип атамынбы же роботмунбу дебейсизби ?! Тооба кечке бекер жатып тамак кутконун кандай тушунсо болот ??? Иди пошел эле деш керек. Ушу жапайычылыктан алысыраак жашаганыма шугур ...
20.06.2017. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-24
Тобааа эми ушул эле калды эле, ушуга окшогон билерман акылмандардын айынан кыздарыбыз башка улуттын балдары жакшы экен, турмушка чыгыш керек экен деп чет олкого кетип, сатылып кетип, кул болуп же сойку каналардан табылып жатпайбы, ошол жакшыбы??? Андан коро оз олкондо журосун, жашында кыйынчылык баарындан болот, бирок кийин мыкты апа, ошол кызматтын узурун корот. Андай жашоо жакпаса сага, антип башкаларды бузбой кочого чыгып ал, кайн журтуна кызмат кылбасан,сени ким зордоп атат,
20.06.2017. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-20
Эрин ават болбосо жашайсында ошентип жыргап, карап тийбейсинби, эмм озунчо акылдуу болбой, илгеритен ата-бабаларыбыз, чон энелерибиз ошентип эле жашап келишкен урушуп талашып кызмат кылып эле, Кыргызстанда жашабасан, Кыргызстандан алыыыс эле жур, билерман болбой. Кыргыздын эркектери жакпаса, ошол туркторго тийип алып ошол ханыша болуп журо бер, сени ким тосуп атат озу??? Сага окшогон эл бузарлардын айынан оноло албай журобуз,сага окшогондор ак уйдо отурат и так
20.06.2017. 07:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Туптуура жазылган..прям менин оюмду жазыпсынго))) мен жазгандай эле болдум..мен турциядамын и аялдары иштешпейт...ааа мен кошумчалап кетейин бизде кафелерге сулуу кыздарды ган алышатко тандашып...боюн кичине бутун кыйшык тилин чулдур ж.б дешип..еще только жаш кыздарды алышат..а бул жакта официанттардын 95% эркек и жашына ону тусуно карашпай эле алышат тын ишин билсе еле...30 45 жаштардагы еркектерди коросун официант..ананда ночной сменага кыздарды иштетишпейт...
20.06.2017. 07:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Бул жактагы турктордун уй кызматчылары почти кобу кыргыздар...еще турк катындары укмуш капризный анада ешекче иштетишет...жаза берсе соз коп короче)))))
20.06.2017. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бизде ден соолугу чектелуулорду иштетишпейтко бир аз оорукчан болсо эле..бул жактагы кафелерде идиш жуугучка кухняга иштетишет и акчасын как штык толошот алдап кетпей..ошонусун аябай баалайм турктордун...биздин кошуна эркек бар 40 жашта бир аз оорукчан меесинен...жаш баладай...кафеде иштейт идиш жууп.айлыгы 500$ екен...
20.06.2017. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бизде эркектер иштебей уйдо жатып да эч нерсе жасашпайт балдары учун, керек болсо озу учун, Аялы иштесе да иштебесе да баардык жумуштун баарын озу жасаш керек. керек болсо Кулсун аялымсынбы демек кулумсун менин туугандарымдын чон кичинесине керек болсо аллейине кулдай кызмат кылышын керек! деген созуно чыдаш керек, ошондо турмуш болот, чыдабасан турмушка чыдабады, уйбулонун кереги жок экен дейт.башка айла жок.
20.06.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-18
Биз Кыргызбыз..Турк болоюн дединби..ар бир олконун озунчо тушунуктору бар..сазайын Афганистандагыдай ташбаранга алганда билесинер кыргыздын баркын.
20.06.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
ozgeldi, 18 кылымда жашаган Афганистанга кочуп кет. Кызынды, карындашынды таш баранга ала бер.
20.06.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Бизде куйосу аялын сабаганын, мыйзам ченемдуу корунуш катары кабыл алышат.Башка жакта сомойун тийгизсе эле сотко берип, бетине тукуруп басып кетет.Кыргыз айымдары озунорду баалагыла.
20.06.2017. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
nur.,Туп туура аялдар озунорду баалагыла
26.06.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
nur., таза эле эл бузарсынго
20.06.2017. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Ар жактан ар нерсени коруп алып чаптай бербегилечи сураныч кыргыз Африкага барса да Кыргыз боюнча калат да тообо аялынбы эркегинби оз милдетинди бил дин менен жаша Аллахтын алдында таза бол болду анан капкайдагы бироолорду соз кылып эмне кереги бар.Автор сиз бир бай турктун аялы менен суйлошуптурсуз а башкаларычы кордунузбу?
20.06.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Турцияга биз да барганбыз, аялдардын талааларда тракор айдап жана башка иштерди кылып жүргөнүн көрүп эле жүргөнбүз. Эл барбаган жакты көрүп келгендей жазыптыр го тимеле. Сен да кайнене болгондо келиниң өнөрүн көрсөтүп турса көрөсүн ошондо
21.06.2017. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Эч иш кылбай олтургунар келсе Туркторго турмушка чыгып алгыла . Кийин келин жумшабай жыргайсынар.
21.06.2017. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Altyn10076,ал жерде келин эмес, уул кызмат кылат.
21.06.2017. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Бир бай катынды көрүп алып эле философияга жетеленип алгансызго. Ал аялдын үй кызматчысы аял! Балдарынын балдарын караган нянкада аял! Ал байкуштар келээрден кечке бирөөнүн үйүндө кызмат кылып акысын алып атат, анан ал кызматчылар кантип ханыша болсун логичноле ойлонунузчу рамканын ичине түшүп албай. Бир үйдө эки башка статустагы аялдар турат.))
21.06.2017. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
чын эле ойлонтот!Мам.кызматта иштейм айлыгым 6400 сом,өзүмдү өзүм каржылайм,кийимимден баштап майдасына чейин,үйгө анда санда азык-түлүк алам.Балама таята-таянесинин колунда,азыр жашсынар иштеп алгыла,жардам берели деп турат,балама кийим кечесин да алып берем.Айлыгымды ары тартып бери тартып жетпесе кийинки айды кутуп, иши-кылып оокатымды кылып жатам.Күйөөм айына өзүнүн керектөөсүнөн тышкары 30000 сом акча табат.Бирок негедир күйөөмдүн карызы көп,же тыңыраак кийими жок.Инисинин кредитин төгөт.
21.06.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өткөндө атама карызмын дегенде менден көк түтүн чыга түштү. Болбосо башка эркектердей болуп,ичпейт,чардабайт,катын баласынын кем карчын албайт.Башым ооруп чыкты ойлоно берип.Не себептен ушундай?Же бардык эле адамдын башында ушундай окшош эле проблема барбы?
21.06.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызымдын аялдарына айтаарым.Алынарга жараша эле торогуло.Бала багып чонойтом деп озунордун ден-соолугунардан ажырайсынар.Озунорду дагы ойлогула да?Устундо бироо жазып кеткендей оорукчан болуп калсанар барагой торкунуно деп чыгарып койушат.Ошондуктан озубузду озубуз баалап барктап жашашка аракет кылалык.Токмок жеген аялдардын акылы жогураак деп билем.Андай кызыл камчы эрдин барынан жогу жакшы!
22.06.2017. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Ооо мындай болсо коросунор дагы 20.30 жылда катын эмей эле куйоон болуп алышат го аялдар .. тфу тфутен укук деген кайдан чыга койду билбейм.мындай темп мн кетсенер бактылуу болбойсунар го ..туркторго же башка улуттарга тийип жоголгулачы ХХХ . силердей катындын кереги жок бизге.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-22 12:15:28
22.06.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ozgeldi, кызуукануулукка алдырбагыла. Башка улутка кор болбойлу десенер татыктуу куйоо,ата,ага болуп кыз кишилерди коргоп алууну уйронгуло. Темселеп уйбулоо багам деп чет жерде жургузбой аял кишилерди.тукум уулоочу аял киши болот негизи. Бирнерсе болсо эле аялдардай ажылдап баштайсынар тооьооооо
22.06.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Турктун бай кедейин айткан жок-ошол улуттун аял кишини сыйлоосун айтып жатат скорее всего. Менин оюмча азыр ажырашуулар неге коп болуп жатат- аял киши озу учун курошуп жатат. Б.а.мурдагыдай кордукка баш ийбей.кордук эмей эмне?
22.06.2017. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кайсы элден жудоо корсон зайыпты, ошол элдин уулуна кой айыпты. .. дегендей да
22.06.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Макул сага ошо турктордукундой шарт тузуп берели. Уй кызматчы, ашпоозчу, бала багуучу. Алар деле аял заты да. Алар деле кыргыз кыздары болот да. Мен да Туркияда болгом. Ошо турктордун эрке талтан катындары каприздиги чектен ашат. Ошол уй кызматында иштеген кыздарды тим эле кууруйт. Озу ошолор кылган иштин бирин да кыла албайт.
22.06.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Европаны туурайбыз деп жатып жок болуп кетебизго. Кимге кыргыздын менталитети жакпаса кетишсин Кыргызстандан. Патриот болгулада. Ошол эркелеген аял кайненесине кызмат кылбаса, кийин озу келин жумшабайт.
25.06.2017. 03:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
tular,ушу патриот болуп таза кыйраттынар+тажаттынар!!!
25.06.2017. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Автор Кудайга шугур де Кыргыз болгонун учун!
Кыргыз эркектери жоош учун булжака оюуна келгенди жазып атасын! ОРУС ОЮНДАГЫСЫН КЫЛАТ деп коет беле)) МЕЙЛИ... анда эмнеге Пакистан Афганистан аялдарын мисал кылбайсын??? Же Конушу Озбек Тажиктерге окшоп, Баланды эрчитип алып Талаада иштетсек эмне демекчисин пахта терип, мандикар болуп?!!!
27.06.2017. 03:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Автор жакшы эле жазып келе жатып турктордун бир бай уйбулосуно салыштырып коюптурсун,А биздин мамлекетте деле ошондой шарт болсо биз деле ошондой кылмакпызда, Кыргызстанда 100% студент окувсун бутсо 40% жумука орношсо орношот калганы жумушсуз калат экен а окушта окубагандар канча? Окмотто иштеген бир адамдын айлыгы кайра эле окмотко газ свет налог тияк бияк деп кайра эле кайтарып бересин.Бир уй булону толук камсыздырууга жетпейт ошон учун бизде секелек кыздар,Ата энем кыйналбасын деп иштеп жатат
17.01.2018. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушуларды окуп тескери комментарий жазган эркектерге тан калдым тообо! Бул силердин Оз эненерди, карындаш,кыздарынарды,эжелеринерди сыйлабаганынар. Озунордун абийиринерди озунор ачасынарго. Жоок биз аял-затын сыйлайбыз дегендин оордуна ушинтип эле жашап келишкен деп.ооба чын ушинтип жашап келишкен кыргыздар илгертен эле бирок эркектер эркектей болуп уйго тамак таап келген силерге окшоп жатып ичээрлер эмес. Чынында жакшы эркектер да жок эмес бар бирок аз да
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо