ДҮЙНӨ ЖЫЛДЫЗДАРЫНДА ЭМНЕ КЕП?

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

БЫЙЫЛ КАЙСЫ АТАКТУУ КАНЧА КИРЕШЕ ТАПТЫ?

"Forbes" журналы жыл сайын эң көп киреше тапкан атактууларды аныктап келет. Бул жолу да эң көп каражат тапкандардын тизмеси жарыяланды. Көпчүлүктү таң калтырып, бул ирет 1-орунду 1 жылда
130 миллион доллар киреше тапкан америкалык ырчы Шон Комбс (лакап аты Пи Дидди) багындырды. Анын 70 миллион доллары ырчынын фирмалык кийимдерин сатуудан түшсө, калган бөлүгү жарнамага тартылуудан жана концерттик турларынан түшкөн.
Ал эми 105 миллион долларлык кирешеси менен 2-орунга ырчы Бейонсе ээ болсо, 3-орунга 95 миллион каражаты менен "Гарри Поттер" бестселлеринин автору Жоан Роулинг татыган. Мындан сырткары ырчы Дрейк 94 миллион доллар менен 4-орунду жана футболчу Криштиану Роналду 93 миллион доллар менен 5-орунду багындырган.

"ЛЮБЭНИН" ЫРЧЫСЫНЫН ЖҮРӨГҮ КАРМАДЫ

"Любэ" тобу 12-июнда Орусия күнүнө арналып өткөрүлгөн концертке катышуу үчүн Тула шаарына барган. Ал жерден топтун солисти Николай Расторгуевдин акыбалы начарлап, концерт алдында аны "Тез жардам" кызматы алып кетти. Салтанатка "Любэ" тобу Расторгуевсиз катышты. 60 жаштагы ырчынын концерттик директору Олег Головко орусиялык басылмаларга "учурда ырчынын акыбалы бир калыпта, мындан башка маалыматты кийинчерээк беребиз" деди.
Николай Расторгуев аталган топто 1989-жылдан бери ырдайт.

ЫРЧЫ БЕЙОНСЕ ТӨРӨШ ҮЧҮН 1,5 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА ҮЙ САТЫП АЛДЫ

Атактуу ырчы Бейонсе кош бойлуу экендиги жана жакында эгиз төрөөрү көпчүлүккө маалым. "Төрөтканадан корком" деген ырчы ымыркайын өз үйүндө жарыкка алып келүүнү чечти. Ал үчүн жолдошу Jay-Z экөө атайын 1,5 миллион долларга жаңы үй сатып алышты. Жубайлар маалымат булактарына алардын 5 жашар кызы Блю Айви да төрөткө катышарын, муну менен кыз өзүн үй-бүлөнүн толук кандуу мүчөсү катары сезерин билдиришкен. Үй-бүлө эгиз балдардын жарыкка келишин чыдамсыздык менен күтүүдө.





Алтынай Тынышова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
19.06.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эку жасатканбы ошондо
19.06.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эку жасатканбы ошондо
20.06.2017. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aliakg90,эку эмес эко...неге сраз жасатканбы?? Атактуулар егиз торой алышпайбы не??
20.06.2017. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейонсе болбосо экен деп кирсем дагы ошол
26.06.2017. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
venera9899,бейонсе деген ал рок ханышасыго дуйно жужу жакшы коротго бул ырчыны
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо