Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Аскат Мусабеков, ырчы: "ЖУБАЙЫМ ӨЗҮН МЕНИН КӨЛӨКӨМДӨ КАЛГАНДАЙ СЕЗДИ"

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

– Кандайсың, Аскат? Концертиңди өткөрүп алып, эс алууга кеттиңби?
– Жакшы, рахмат. Сары-Челекке барып келдим. Чынында ушундай кооз, керемет жерди көрө элек болчумун. Карагай, бадал, кожогат, шар аккан суу, эмне кааласаң баары бар экен. Моюнумдан кадимкидей оор жүктү алып салгандай эс алып, мээм сергип, жеңилдеп, анан да ыраазы болуп келдим. Таштанды салуучу челектердин көптүгү, эс алуучулардын да таштандыны челектерге салышканы жакты, көңүлүмдү ого бетер көтөрдү. Биз деле шаардыктарды ушуга көндүрсөк болот турбайбы деп таасирлендим.

– Аты эл оозуна алынгыча ырчылар ары-бери көп урунушат эмеспи. Сен деле дароо сахнага чыкпасаң керек...
– Улуттук телеканалда кирип-чыгып иштеп жүргөнүмдө убакыттын талабы болдубу, филармониянын алдындагы 2 жылдык студияга тапшырууга туура келди. Студияны аяктагандан кийин консерваторияга окууга тапшырдым. Ал жерде 2 жыл ырдаган жокмун. Анткени агайым Улукмырза Полотов "үнүңдү таптап, тарбиялагыча ыр жаздырбай эле кой" деди. Ошентип 2006-жылы, 3-курстан тарта чоң сахнага чыктым.

– Ошондон бери арадан 10 жыл өтүптүр, шоу-бизнесте жүрүп эмне таптың?
– Шоу-бизнес менен чыгармачылык таптакыр эки башка нерсе. Шоу-бизнеске аралашпай эле өмүр бою чыгармачылык менен алектенип жүргөн адамдар көп. Аларды калың эл тааныбашы мүмкүн, бирок чыгармачыл чөйрө билет. Ошол эле учурда чыгармачылыкты түшүнбөй туруп деле шоу-бизнеске аралашып жүргөндөр толтура. Мен чыгармачылык менен алектенип, шоу-бизнесте да жүрөм. Чыгармачылыктан тапканым – атым калың журтка таанылды, анча-мынча ырларымды айрымдар издеп угат дегендей. Чыгармачылыкка баш-отум менен кире электе бармен, официант болуп, кондитердик цехте да иштедим. Ырчы болбосом, ишкерлик менен алектенмек болушум керек деп ойлоп калам. Ага деле шыгым бар десем болот. 3-4-классымда классташтарыма сагыз сатканым эсимде. Акча чогултканды жакшы көрчүмүн. Чогулткан акчама ата-энеме Нарындан сагыз алдыртып, азын чайнап, көбүн сатып жибердим. Түшкөн акчага кайра сагыз алып сатып, сооданын даамын таткам.

– Апаң француз тилинен мугалим деп уктум эле, французча билесиңби?
– Биз кичинекей кезибизде Ат-Башыда француз тилин окуганбыз, кийин англис тилине өтүп кетпедикпи. Мен французча билбейм. Жакында эле Токтогулда жүрсөк бир француз ар кайсыны сүйлөп, оюн бизге түшүндүрө албай жатты. Анан эстей калып апама чалдым. Жанымдагылар кызыгып, "телефонуңдун үнүн чоңойтуп койчу биз да угалы, аяш апа кандай сүйлөйт экен" дешти. Чоңойтуп койдум. Экөө 5-10 мүнөт сүйлөштү. Көрсө, тигил фотоаппаратын жоготуп жибериптир. Апам азыркыга чейин французча билет, унуткан жок, анан Францияга баргысы келет. Быйыл жазында Францияга бардым, шүгүр. Буюрса, эмкисинде ата-энемди алпарып көрсөтүп келейин деп ниет кылдым.

– Жакшы. Сайттардын бири "Аскат аялы менен жарашты" деп жазып чыкты...
– Ортодо балдарыбыз бар да, аларды чогуу ойнотуп калган учурдан улам айтып жатышса керек.

– Ажырашып кеткен үй-бүлөгө карата "аялга эле кыйын балдары менен, эркектин кылы кыйшайбайт, эртең эле аял алып алат" деген сөздөр көп айтылат. Чын эле ошондойбу?
– Эркектер турмуштун оор соккуларына чыдабайт. Аялзаты табиятынан турмуштун өйдө-ылдыйына туруштук берүүчү жан болот окшобойбу деп калдым. Ажырашууда аялзаты кандай жабыркаса, эркек андан ашса ашат, бирок кем эмес кыйналат. Бир жагынан караганда ар кандай аялдар, ар кандай эркектер бар. Кырдаалды кабыл алуу жеке мүнөзүнөн да көз каранды.

– "Залина турмушка чыгыптыр" дегенди уксаң сага катуу тийиши мүмкүнбү?
– Мүмкүн. Мүмкүн эмес деп айта албайсың, анткени 5 жыл чогуу жашадык.

– Азыр жолугуп, балдарды ойнотуп, кайра эки жакка кетүү оор болсо керек...
– Оор, албетте. Бир жолу бирөө жеке жашоомо кийлигишип, өзүнчө эле прокурор болуп телефон чалып, акыл үйрөтүп, сурак салып кирди. Аябай ачуум келген. "Чоң кыз, канча жаштасың, турмушка чыктың беле, балалуу болдуң беле?" десем, "21демин, турмушка чыккам, жакында балалуу болом" деди. "Сен деле эртең эки башка жолго түшүп калышың мүмкүн. Ага эч ким кепилдик бере албайт. Ошондо тагдырыңды элге жайып чыгууну каалайсыңбы?" десем, "жок" деп унчукпай калды. Көңүлүм жок болуп, эч ким менен сүйлөшпөй калган учурлар болот.

– Үй-бүлөнү сактап калуу үчүн кандай аракеттер керек деп ойлойсуң?
– Бул жалгыз эле аялдын же эркектин колундагы иш эмес. Үй-бүлөдө аял өзүнүн, эркек өзүнүн ордун, милдетин билүүсү зарыл. Аял киши эч качан эркектен кыйын болом деп аракет кылбашы керек. Үй-бүлөнү сактайм, бактылуу болом десе күйөөсүнөн өйдө чыгууга аракет кылган ашыкча деп эсептейм. Анткени кыргыздын менталитетинде аял киши үй-бүлөдө башчы болбойт, аны эч ким танбайт. Мындай учурда эркек сынып да калышы ыктымал. Жубайым Залина таланттуу адам. Ал өзүн менин көлөкөмдө калгандай сезди окшойт. Эркек да аял кишини басмырлап, иштетпей коюп же "сен аялсың да" дегени туура эмес.

– Коньки жакшы тебериңди Инстаграмдагы баракчаңдан көрдүм. Дагы кандай талантың бар?
– Коньки тепкенди айылдан үйрөнгөм. Бишкектен тээп жүрүп катуу жыгылып, бир аз коркуп калдым. Акыркы учурда көркөм окууга кызыгып Элмирбек Иманалиевдин ырларын окуп жүрөм. Концертимде бул жаатта өзүмдү сынап көрдүм.

– Алдыда кандай ой-максаттарың бар?
– Мындан 5-6 жыл мурун агайыма "мугалимдик менен алектенсем кандай болот?" десем "азыр эрте" деген. Такшалып, сабак берүүгө даяр болуп калганымды азыр сезип жүрөм. Буюрса, ушуну колго алам.

– Рахмат маегиңе, ишиңе ийгилик.

"Балдарым – менин байлыгым".


"Ата-энеме Францияны көрсөтүүнү ниет кылып журөм".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Аскат Мусабеков: "Залина менен аздыр-көптүр жашадык"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(42)
19.06.2017. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушу аялы эле жакпайт. Скромно туруп чертсе болот го, оозун эч эле жаппайт ХХХ,жарашпайт эч. Тескерисинче Аскаттын тиштери жакшы корунот экен гулгон жарашып.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-19 14:29:34
19.06.2017. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazira..., этика нормаларын сактаңыз.
SUPER.KG видео
19.06.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Корсотпойтат го
19.06.2017. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акылдуу инсан экен!!!
19.06.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мага ушул уй-булоо жагат. Аскат чынында жубайына аяр маамиле кылат жакшы корору билинет. Жарашып алгыла балдар учун, озунор учун анткени силер чынында суктанаарлык уй-булосунор ийгилик
19.06.2017. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чымчыктын да уясы бузулбасын Жараткан насибинерди бирге кылган болсо кайра чогуу жашоонор толук мумкун ылайым эле ошондой болуп жарашып алгыла ортодо балдарынар бар экен. Эн бактылуу уй булоо болушунарга чын журоктон тилектешмин баардык жакшы каало тилектер кабыл болсун.
19.06.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге ажырашты эле булар
19.06.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун уй булоо болчу
SUPER.KG видео
19.06.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун майек болуптур ото жонокой жигит катары сыйлайм
SUPER.KG видео
20.06.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ото таланттуу жигит молодеццц.
20.06.2017. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
ото сонун маек маданияттуу аялына бир да жаман соз айтпаптыр, жарашып эле алышса болмок...
20.06.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аскат отоо жакшы ырдайт. ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-20 15:26:25
20.06.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Emilzima,олдунго даддин)))
20.06.2017. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Emilzima, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
20.06.2017. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бир аз арыктасаңыз соонун болмок экен...лагмандан алыпкирет окшойсуз сахна адамысыз го дегеним
21.06.2017. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларыңызды жактырып угам,чыгармачылык ийгилик каалайм!
21.06.2017. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аялынын кылыгы он беш жашар кызда да жок.Кайсы бир каналдан инте.ю бергенде точноле саал неме окшойт деп калгам.Мындайча айтканда мээси тортунчу класс.
21.06.2017. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айалы бир жакшына экен негизи мага жакты суйлошу,озун алып журушу
21.06.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бири-бирине куп жарашкан тугойлор эле.Чымчыктын да уйу бузулбасын.Балдарынардын бактысы учун жарашып алгыла.Алардын келечеги силердин колунарда.Бала бакыт деп бекер айтпаса керек.
21.06.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рамазан айында бактылуу уй-булоо болушунарды чын журоктон каалаймын
SUPER.KG видео
21.06.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уй булосун сактап дарашып калса жакшы болмок
SUPER.KG видео
22.06.2017. 03:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтыпсыз.Озун жылдыз сезип,кыйын болуп кеткен учун аялы кетип калдыда.Аялы жакшы экени корунуп эле турат.Чырактай эки баласы бар.Ажырашкандан кийин жакшы ыр чыгарбады,очуп кетти.Эми тушунгон окшойт баарын.
Медиа-портал
22.06.2017. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
MYRZAA, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган.
Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-22 10:47:57
22.06.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аскат ОТО эле кызганчаак болсо керек Бир интервьюсунда коргом аялын аябая кызганат экен же суйуусу кучтууго... Жарашып алгыла балдар учун ортонордо да суйуу бар корунуп эле турат....
22.06.2017. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Неге ортодо балдарынарды ойлобойсунар баары эле бир нерсе болсо эле ажырашабыз дейсинер озунордун кызыкчылыгынарды ойлоп.эртен балдарынар баары бир башкача болуп чонойот,Экоонор эки жактан эки уй булоо кутосунор даагы анан балдарга эле кыйын.Ошончо жашагандан кийин каталарды ондоп,озунорду тарбиялап,балдар учун жарашкыла.
23.06.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушу ырчылыр куйгуздунорго уйлонуп еле ажырашты дегендкринерди окуп калдык качан озу ырларынар чыгат жакшы
23.06.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бирининда жакшы ырынар жок мисалы башка мамлекеттер уга турган озубуздо эле кыйынсынар
29.06.2017. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myrzakarimovich,силерге эч нерсе жакпайт кыргызсынбы ук кыргызча эмне кыласын башка мамлекет деп силердейден чыгат да жанагындайлар
23.06.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Колунардан келсе кайрат нуртастай кылып концерт койгула нюша тиматилерди алып барып анан жанылык десе эле ажыраштым уйлондум жараштым жадаттынар ушу ырчылар
29.06.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
myrzakarimovich,эй биздин ырчыларга асылбачы уккун келсе уга бер ошолорду ары жок
23.06.2017. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен баардык ырчыларга айтым АСкат мусабековго эле тиешелуу эмес
24.06.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не можешь дать счастье детям-не заводи их.А радил-будь мужествен и бейся, чтобы все у них было по человечески.
24.06.2017. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялын озунун колокосундо калтыргандай сезип алганына кулкун келет.Енрике ошентип айтса жарашмак
24.06.2017. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аялын кемсинтпейле интерьвю берсе болмок
Gulnaz.GS түзөттү 2017-06-24 16:01:08
29.06.2017. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Силерге сынатып койсо эле боолду колунардан эч нерсе келбейт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо