Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Сайкал Садыбакасова: "ЖИГИТИМ БАР, БИРОК ШОУ ЧӨЙРӨСҮНӨ ТИЕШЕСИ ЖОК"

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

1 4-июндагы түз эфирге ырчы жана "Кыз-Бурак" тобунун жетекчиси Сайкал Садыбакасова келди. Дээрлик 2 саат бою ырчы айым SUPER.KG порталынын колдонуучулары тарабынан жана социалдык баракчалар аркылуу келген суроолорго ачык жооп берип, тамашалуу оюндарды ойноп, ырдап эфирдин көркүн ачты. Албетте, элдин назарындагы инсандардын көшөгө артындагы жашоосу жалпыга эле кызык. Күйөрмандар бирде тамашалуу суроо узатышса, айрымдары каалоо-тилектерин айтып, жадакалса бойдоктор ырчынын колун сурап, берчү калыңынын да суммасын айтып жатты. Ырчыны жооп таппай мукактандырган суроолор да болду.

Эфирдин башында Сайкал 60 секунддун ичинде берилген 20 суроонун 10уна туура жооп берди. 20 мүнөт кечигип келгендиктен, алпаруучулар күйөрмандарына себебин түшүндүрүп кетүүсүн айтышты.
– Ар кандай себептер болуп калат. Кечикпегенге аракет кылдым, бирок эфирге келер алдында ден соолугум начарлап калды. Уят болуп калбайын деп келдим.

– Салам, Сайкал, сизди аябай сыйлайм! Азыр аябай татына болуп калдыңыз. Сыр болбосо, кантип арыктадыңыз?
– Рахмат. Канча жылдан бери эле арыктайм деп жүрөм. Арыктоо мен үчүн чоң иш. Бир аз көбүрөөк тамактансам эле толуп баштайм. Учурда диетаны унутуп, тамактануудан ырахат алайынчы деп калдым. Апам "ай, арыкта, сен антип жыргабагын, толуп кетесиң" десе, "мама, жыргаса бир жыргап алайынчы" деп калам. "Кантип арыктадың?" деп жатпайбы, кечки саат 6дан кийин тамак жебегенге аракет кылам. Анан ченемдүү жесең эле арыктайт экенсиң.

azalya аттуу колдонуучудан:
– Ырчы болуш үчүн талант керекпи же акча керекпи? Эгер талант керек болсо, сизге кайрылсам Гүлшайыр эже экөөңөр продюсер болуп бере аласыңарбы?
– Албетте, биринчиден, талант, экинчиден, форма тиккенге, ыр жаздырууга, клип тартууга акча да керек. Бизде таланттуу кыздар абдан көп экен. Азаля, биздин топтун эшиги дайым ачык, акча деле кереги жок. Баарын өзүбүз каржылайбыз, болгону 5 жылдык келишим менен иштеш керек.

Aikow60 деген колдонуучудан:
– "Кыз-Бурактын" кыздарын сыйлайм. Бирок Сайкал жөнүндө жаман пикирлерди угуп жүрөм. Чыныңды айтчы, топтогу кыздарга корс мүнөзүңдү көрсөтүп, жеке иштериңе да жумшайт экенсиң. Кыздардын талантын ачпай эле, жеке кызыкчылыкка колдонгонуң туурабы?
– Жумуш болгондон кийин анча-мынча корс болгон да туура. Жумшак да болуп көргөм. Адамга жакшы мамиле да жакпайт. Бир нерсеге үйрөтүп жатып катуураак айтып, урушуп алсаң жаманатты болуп каласың. Апама 2 жыл мурда "айтып койбойт белеңиз кыздар менен иштеген оор деп" десем, "кызым, мендей болгуң келеби, анда чыда, иште" деп кеңешин берген. Аларды жеке иштериме жумшаган эмесмин. Баарыбыз бир үйдө жашагандан кийин ошол жердин чаңын сүртүп, ичкен ашыбыздын идишин тазалайбыз да.

– Мен 1 жыл мурун Эдил менен Сайкалдын кечинде дүкөнгө барганын көргөм. Жылдыздардын жашоосуна кызыгам, анан Сайкалды жандап жүргөн жигиттин Эдил экенин билип таң калдым. Анын үй-бүлөсү бар го?..
– Бир жыл мурда биз канчалаган ырларды жаздырып, иштешип жүрдүк. Чогуу иштешкенден кийин дүкөнгө, кафеге деле киресиң да. Кино көргөнгө деле барабыз. Азыр деле байланышыбыз бар.

– Эдил Маматов 4 баласын, жубайын сен үчүн таштап кетиптир. Ырчылар "Эдилдин аялы Мэри Шакулина ыйлап жүрөт" деп сөз кылып жатышат. Ушул чынбы?
– Мен үчүн балдарын таштап кетти деген туура эмес. Так маалыматты билип алып жазыңыздар. Мэри эже менен жакшы сүйлөшөм, мамилебиз жакшы. Ыйлаганын билбейт экем. Бул суроо боюнча Эдил Маматовдун өзүнө кайрылыңыздар.

– Сайкал, ырларың жагат, өзүң да татынакай кызсың. Мени бир нерсе кызыктыра берет. Нурлан Акматбеков менен сүйүүңөрдү жар салганыңарды атайын уюштурулган сценарийдей көрөм. Бул пиар үчүн жасалган иш эмес беле?
– Мага мындай пиардын кереги жок. Жаңы чыгып келе жаткан ырчы болсом пиарга иштемекмин. Элдер мени ырларым менен таанышын каалайм. Эч кандай сценарий эмес. Буйрук экен, Нурлан үйлөнгөн, бакыт каалайм. Жеке жашоом тууралуу сурабай эле койсоңуздар. Себеби аны мен Кудайга гана коюп койгом.

– Мен Бишкекке келгенде Сайкалдын сулуулук салонуна барып, өз колунан макияж жасатайын дегем. Бирок салонун жаап койгону жаман болуптур, шаарга бара элек болчумун. Сайкал, сулуулук салонуңа баргандардын көбү нааразы экен. Ошол себептен иштетпей калдыңбы?
– Келе берсеңиз болот, башка салондор бар да. Негизи нааразычылыктар деле болгон эмес. Бир жолу кыздардын бири кечигип калган. Ошондо бир кардарым капа болгон. Кардарлардын аздыгынан эмес, чыгармачылыгыма тоскоол болгондуктан убактылуу жаап койдум.
Бир нече суроолордон кийин тыныгуу жасап, алпаруучу Сайкалга логикалык 3 суроо берип, экөөсүнө жооп бере албай, ковбойдун ролун жана эчкинин маараганын туурап, жалпы көрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрдү. Эреже боюнча, эфирдин коногу алпаруучуга логикалык суроо узатып, жандырмагын таппай калганы үчүн "тойдогу тамаданын ролун аткарып бер" деген шартын койду.

– Сайкал, мен үйлөнөйүн дедим эле. Мага тийбейсиңби, калыңга 50 миң эле бар, жетеби?
– "Эле" дегенге караганда сом окшойт (күлүп). Апама барып айткыла, калыңды мен алмак белем, апам алат, ошол адам чечет. Бирок өзүм калың деген нерселерден алысмын.

bantik:
– Инстаграмга "любимый" деп түшкөн сүрөт жүктөгөнсүз, ошол адам жөнүндө маалымат берсеңиз.
– Жеке жашоомду жарыя кылбайм. "Любимый" десем, демек, ошондой да. Жүрөгүмдө бир адам бар.

"Жигитиң кайсы чөйрөдөн, мага эле айтып койсоң эч кимге айтпайм" деп алпаруучу мырза тамаша аралаш суроо салды.
– Жигитим бар, бирок шоу чөйрөгө тиешеси жок. Жеке ишкер. Анын ким, кандай иш менен алектенери тууралуу айтсам "кечээ эле тиги менен жүрбөдү беле" деп чыгышат. Ошондуктан азыр айтпай турганым оң.

– Менден бир кызыктуу суроо. Сайкал эже, сиз тамеки тартасызбы жана эмне үчүн?
– Жаштык кезде бардык нерсенин даамын таткан күндөр болот. Мектепте окуп жүргөндө кыздар болуп "кандай болот экен?" деп чегип көргөнбүз. Кыздар менин сумкама салып коюшуп, апам таап алып жаман болгон. Диана деген классташым "чегип көрсөң" дегенинен арыктайм деп ойлоп тартып көргөм. Азыр бул адаттан алысмын.

Агата Кристи:
– Сайкал, турмушка чыксаң жолдошуң "айылда жашайбыз, кой, эчки багып, уй саап, очокко оокат кыласың" десе макул болосуңбу?
– Эгерде сүйүп, ал адамды бааласам шартына макулмун. Жергебизде коогалаң болгондо жарым жыл айылда жашаганбыз. Ошондо очокко тамак бышырып эле жүргөм. Баарына даярмын.

– Мага Сайкалдын ырлары абдан жагат, бирок бир эле нерсеге жиним келе берет. Ар бир маегиңде "быйыл күйөөгө тием" дей бересиң, бир жигитке токтолуп, бир датаны белгилеп туруп айтсаң жакшы болмок. Болбосо, ал сөздөрүң куру бекер болуп жатат.
– Ар бир адам болочоктогу жолдошун татыктуу тандашы керек. Тийип алып, ажырашып кеткенден көрө алдын ала бири-бирин жакындан таанып алганы жакшы деп ойлойм. Маегимде "быйыл" деп айтпайм, "Кудай буюрса" деп айтып келем ушул күнгө чейин. "Быйыл" деп 1-2 жыл мурун айтсам керек. Турмушка чыксам да, чыкпасам да өзүмдүн кызыкчылыгым. "Жигитим бар" деп жарыялап, эртеси турмушка чыгып кетиш зарыл эмес.

Эфирдин соңунда WhatsApp аркылуу "мага тиесиңби, калыңга 50 миң эле бар" деп интернет аркылуу колун сураган мырзага ырчы SUPER.KG`нин футболкасын белекке тапшырды.

Каарманга түз эфирден күйөрмандары "качан турмушка чыгасың?" деген суроолорду жаадырып шаштысын алды.


Бактыгүл Момбекова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Сайкал Садыбакасова: "Ооба, жүрөгүмдө бирөө бар"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(29)
SUPER.KG видео
14.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Башка алып баруучулар жокпу
SUPER.KG видео
14.06.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
оа сенин жүрөгүңдө бирөөмес жүз болсо керек.Самара Каримова айтпадыбы таблица жаттап кой деп
SUPER.KG видео
14.06.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кругозор кантет?
SUPER.KG видео
15.06.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алып баруучу кыз колдорун чеги мн кыймылдатса болбойбу
Медиа-портал
15.06.2017. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жудоп кеттим, аягына чеин коро алган жокмун. каадаланат го суйлосомбууу же суйлобой эле койсомбууу деп. Максатка аябай эркелептир го, Мааакс деп кайра кайра чаап аны. Алып баруучулар Сайкал качан суйлойт деп оозун карап эле отурушту го.
Медиа-портал
15.06.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Алып баруучулар жакшы, азаматтар! Келген коногу жудотуп жиберди.
SUPER.KG видео
16.06.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жеке турмуш жонундо суроо берсе,ал жеке жашоо дейсинер. Логикалык суроо берсе аны таппайсынар,чыгармачылыгынарды билип буттук. Эми кандай суроо бериш керек? Максат Сайкалды аябай сурдотуп аттынгоо....
SUPER.KG видео
16.06.2017. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Супер инфо Абдылда Иманкуловго окшогон улуу инсандарды чакыргылачы? Жаштарды инстаграмдан коруп атып жаттап буттук кийген кийминен бери))
19.06.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Үнү, таланты бар кыз. Бирок бир нерсе эле жетпегендей сезилет.
Tyty1990 түзөттү 2017-06-19 09:55:59
19.06.2017. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы суроолор жааганго Сакишке
19.06.2017. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ээх сайкалдын эстедим деген ыры менен азырда ооруймда
19.06.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарсачылык менен гана иштесе,аябай мыкты ырларды жаратмак.Уну бар,колдоочусу бар(эптеген ырларды врдатпайттыр апасы).5-10жылда эмгек синирген ырчы болгонго дагы мумкунчулук толук бар!!!
19.06.2017. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сайкалды мынчалык "не грамотная" деп ойлогон эмес элем....
19.06.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
audi80, порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
19.06.2017. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сайкал семирип кетипсинго.Айгеримди карачы кандай арыктап алды бирди төрөсө дагы.
21.06.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Guji,Сайкалды апасы кичинесинен эле томпошка кылып баккан,эч нерседен кем кылбай.Ылайым эле эч нерседен кем болбой томпошка болуп журо берсин.Эн негизгиси ден-соолукта,бактылуу болсун Сайкал!
19.06.2017. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Диета кармаган адамга окшошпойтко
19.06.2017. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
арык кыздар жакпайт,жокчулуктун белгиси))Сайкалга жарашат,помпошка.Эфирде интервью бергенде жасалма суйлогонду уйронсон бир аз))
20.06.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
6×7 ни билбейт ко олло уят уят уят Сайкал качып кет!
20.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Бир кардары учун, салону жабылып калыптыр
20.06.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уялбай жаштык кезде бардыгы болот тамеки тартып коргом дейт ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-21 12:12:46
21.06.2017. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursel, далилсиз маалматтарды жазып, кимдир бирөөнү каралоого, кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. 2 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-21 17:16:57
22.06.2017. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Эзилбей өл маскарапоз,мынча сабатсыз! Бир % да сыйлабай калдым. Кечке эле Максатты карайт го эндиреп.
23.06.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ар кимдин озунун суйлоо манерасы болот дегендей, Сайкал жасалмасы жок эле суйлойт болуш керек
26.06.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу урматтуу админ.Роза Амановадан интервью алгылачы сураныч
26.06.2017. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
s.sweet, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
26.06.2017. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой нормально ле жооп бериптир жакшынакай ле
29.06.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалдын тырмагына тен келбейсинер анан эмне деп эле сынтагышат биринчи озунордун артынарды карагылачы биз киибиз деп анан ырчыларга сын такканды ким коюптур силерге оозум бар деп суйлобогуло.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо