БАТ КУРУЛУУЧУ 3D ПАНЕЛДҮҮ ҮЙЛӨР

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

Замандын өзгөрүшү менен үй куруу технологиялары да жаңырып жатат. Алардын бири –бат курулуучу 3D панелдүү үйлөр. Мындай үйлөрдү куруу боюнча адис Самат Сагындыков аталган үйлөр тууралуу маалымат берет.

Бишкекте Мюнхень долбоору менен курулган 3D панелдүү үйлөр.


– 3D панелдүү үйдүн курулуш технологиясында панелдүү жана монолиттүү үй куруу ыкмалары бириктирилген. Инновациялык технологиянын негизинде дүйнөгө белгилүү 3 катмарлуу панель (3D) жана торкретирлөө ыкмасы жатат. Дубал панелдин өзөгүн күйбөй турган пенополистирол түзөт. Пенополистирол эки бетинен арматуралык тор (ячейкасы 5x5 сантиметр) менен капталат. Темир тордун беттери бетондолот (торкретирлөө жүрөт).
Мындай конструкциянын ого бетер бекем, бышык болушун туурасынан кеткен диагоналдык өзөктөрдүн арматуралык торго бардык жагынан ширетилип коюлушу камсыздайт.
Стандарттуу панелдин өлчөмү – бийиктиги 3 метр, туурасы 1,2 метр. Салмагы – 20 килограмм. Калыңдыгы 100 миллиметр болгон пенополистирол үндү өткөрбөө жана жылуулукту сактоо (теплоизоляция) жагынан калыңдыгы 1 метр келген кыш дубалга тең келет. Башкача айтканда, бул ыкма менен салынган үй Кыргызстандын климаттык шартында кошумча жылуулоону талап кылбайт.
3D панелдүү даяр курулган үйлөрдүн учурдагы 1 чарчы метри ички жасап-түзөөсүз – 250 доллар. Ал эми ички жасап-түзөөсү менен – 300 долларды түзүүдө. Үйдү куруу убактысы 1 кабат болсо – 1,5-2 ай, 2 кабат болсо – 2,5-3 ай.
Айта кетчү нерсе, 3D панелдүү үйлөр Европа, Америкада көп жылдардан бери салынып келет.

ТОРКРЕТБЕТОНДУУ 3D ПАНЕЛЬ

  • Бетондун маркасы – M200дөн төмөн эмес
  • Бир торкрет катмардын калыңдыгы – 50 миллиметр
  • Панелдин бетон менен калыңдыгы – 200-220 миллиметр
  • Үн өткөрбөө (шумоизоляция) индекси Дб-47

ҮЙДҮ КУРУУ КАДАМДАРЫ

1. ПАЙДУБАЛ


Долбоорго жараша алгач пайдубал курулуп, пайдубалдардын ортосу кум, шагыл менен толтурулат.

2. МОНТАЖ


Даяр каркастарга терезе орундары калтырылган панелдер бекитилет. Дубал панелдерин бекитүүдө арматуралык торлор колдонулат. Ошентип үзүлбөгөн арматуралык каркас жаралат. Анан үйдүн чатыры жабылат.

3. КОММУНИКАЦИЯ


Адистер суу түтүктөрүн, электр жарыгын жана канализацияны киргизет.

4.ТОРКРЕТИРЛӨӨ


Коммуникация жана дубалдарды монтаждоо бүткөн соң торкретирлөөгө кезек келет. Башкача айтканда, панелдин эки бети бетондолот. Анан эшик-терезе орнотулат.

5. ОҢДОП-ТҮЗӨӨ


Дубалдын бети тегизделет. Анан шпатлёвка жүргүзүлүп, обои чапталат.

6. ҮЙ ДАЯР


Үйдүн сыртын каалаган материал менен оңдоп-түздөп, кооздоп алсаңыз болот.

АРТЫКЧЫЛЫГЫ

  • Бат курулат, энергияны үнөмдөйт.
  • Панель – жарака кетүү жана деформация болуудан алыс.
  • Үй курууда оор курулуш техникасынын кереги жок.
  • Өрткө, өтө катуу шамалга, нымга, жер титирөөгө туруктуу (9 баллга чейин).
  • Монтаж жасоо оңой.
  • 100 жылга чейин кызмат кылат.

КЕМЧИЛИГИ

  • Үй "дем алып" жана аба алмашып туруусу үчүн вентиляция системин орнотуу керек.
  • Дубалдын ички бетине телевизор, аристон, жылуулук батареялары, ашкана эмеректери илинүүчү жерлерди алдын алып аныктап алуу керек. Ал жерлерге атайын профиль орнотулат да, буюмдар ошого бекитилет.

Дубалдын түзүлүшү.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(4)
19.06.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мисалы 100чарчы метр уйду толук бутуруу учун орточо эсеп менен 2200000сомдой каражат кетет экен же болбосо 32 33мин доллар кетет экен. Кымбат эмеспи.
19.06.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ady-88,кымбат
19.06.2017. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
норма эле кымбат эмес
25.06.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
32-33 000$ эки болмолуу квартира аласын средний ремонт менен СССР уйлордон м2 (квадрат метр) 52-54. Ошол жакшыбы же 100м2 каалагандай жер уй салып алганын жакшыбы?!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо