Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

№761-САНДА ОЙНОТУЛГАН ОЮН-УТУШТУН ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ БОЮНЧА ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

Айбийке Базарбаева: «МУРУНКУСУНДА КИЧИНЕКЕЙ БОЛУП КАТЫША АЛБАЙ КАЛГАН ЭЛЕМ»

– Айбийке, байгең кут болсун! Өзүң тууралуу маалымат берип, кантип бул утушка катышып калганыңды айтып берсең...
– Рахмат! Мен 16 жаштамын, 10-классты аяктап, азыр каникулдамын. Жакшы окуйм, отличникмин. "Супер-Инфо" гезитинин 10 жылдык мааракесинде да ушул сыяктуу оюн-утуш өткөрүлүп, бирок анда мен кичинекей болгондуктан катыша албай калгам. Мунусунда күтүп жүрүп, биздин облус ойнотулганда суроолордун жообун таап, катты ошол күнү эле жөнөтүп жибергем. 2 суроонун жообун өзүм таптым, 1 суроого жоопту эжем таап берди. Ошо бойдон качан мага чалып куттукташат деп чыдамсыздык менен күтүп жүргөм, жеңүүчү болгонума кубанычтамын. Гезиттин келечеги кең болушуна, биздин неберелерибиздин неберелерине чейин талыкпай иштей берүүсүнө тилектешмин!

 

Эрнис Эшиев: «ОРУСИЯДА ДА "СУПЕР-ИНФО" САТЫП АЛЫП ОКУЧУМУН»

– Эрнис, куттуктайм, сиз жеңүүчү болдуңуз! Кантип оюн-утушка катышып калдыңыз?
– Рахмат! Мен 35 жаштамын, 2 балам бар, учурда КараКөл шаарынын жанындагы Жазы-Кечүү айылында турам. "Супер-Инфону" дайыма сатып алып, үй-бүлөбүз менен чогуу окуйбуз, бизге убагында келет. Аябай жакшы гезит, бардык маалыматты тапса болот. Мурун Орусиянын Екатеринбург шаарында иштеп келгем. Ал шаардын базарында Асан деген киши "Супер-Инфо" сатчу. Жума сайын андан гезит сатып алып окучумун. Бир жолу ал мага "сен көп окуйт экенсиң" деп чогулуп калган эски сандарын, жалпысы 200дөй гезит бекер берген. Биздин облус боюнча оюн-утуш ойнотулганда, ошол замат эле суроолордун жоопторун таап, почтадан жөнөтүп жибергем.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
23.06.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул оюнду каяктан ойносок болот электронный варианты барбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо