Анжелика Бекболиева, ырчы, алпаруучу: «КАЙРАДАН ҮЛПӨТ ТОЮН ӨТКӨРӨЛҮ ДЕСЕМ ЖОЛДОШУМ КӨНБӨЙ КОЙДУ»

№763 16-22-июнь, 2017-ж.

«Туулган күнүң менен!» Ушул сөздөр 12-июнь күнү белгилүү ырчы, бизнес-леди Анжелика Бекболиеванын дарегине жамгырдай жаады. Бул күнү ырчы 28 жашын гана эмес, сахнага чыкканына 20 жыл жана жолдошу Урмат Бекболиев менен баш кошконуна 10 жыл болгонун белгиледи. Кечеге түгөйлөрдүн жакын туугандары, достору, кыргыз шоу дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрү келишти.


Кечени алпаруучу Нурсултан Майназаров ачып, бийчилердин коштоосунда түгөйлөрдү ортого чакырды. Кол кармашкан жубайлар коёндой окшош кийинген кыздары менен чыгышып, Урмат мырза келген конокторго ыраазычылыгын билдирди.


Анжеликаны Акинтай деп эркелеткен кайненеси Багдад «10 жыл мурун салган сөйкөмдү жаңыртайын деп атайын ашуу ашып келдим. Урматка уул төрөп бер, кийинки келгенимде неберемдин тоюн өткөрөлү» деп бата берди.


Шаңдуу салтанат бир үй-бүлөнүн тарыхын кыскача баяндаган 6 кабаттуу тортту кесүү менен уланды.


Эстүү келин этекке чаптырбайт болуп, Анжелика кайненесине, андан кийин өз апасы Гулина айымга таттуудан даам таттырды.


Кезек Анжеликанын сахналаш кесиптештерине жетип, кыргыз шоу дүйнөсүнүн дөө-шаалары ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт каалап куттукташты. Үй-бүлөлүк достору бийиктиги 2 метрге жеткен миңдеген сүрөттөрдөн куралган мозаикалык картина тартуулашты.


– Анжелика, бир эле күндө 3 майрамды белгилеп жатасыз, маанайыңыз кандай?
– Маанайым эң сонун. Биринчи эле апама чалып ыраазычылыгымды билдирдим. Жомоктогудай убакытты өткөрүп жатканыма кубанып жатам. Жолдошума «кел, дагы бир ирет үлпөт тоюн өткөрөлү» деп тамашаласам, «элестетсең, эч ким андай той өткөрбөсө, биз кантип өткөрмөк элек?» деп жатпайбы. Негизи мен 28 жашымды деле белгилеген жокмун. 10 жылдык үй-бүлөлүк жашообуз 20-30 жылга уланса экен деген ниет менен бул кечени уюштурдук. Анан дагы туулган күнүм орозо айына туш келгендиктен, ооз ачырып коёлу дедик.

– Туулган күнүңүздө эң кымбат, баалуу белекти ким тартуу кылды?
– Чындыгында, абдан эле сонун белектерди алдым. Эң кымбат белек жолдошум менен кайненемдин алтын сөйкө салганы болду. Кайненемдин «10 жыл мурун салдым эле, эми жаңылап коёюн» деген сөзү эле алтынга тете болду. Эртең менен телефон чалып «Акинтай, туулган күнүңдү жакшы өткөрүп ал, мен бара албайм» деген болчу. Көрсө, күтүүсүз белек жасайын деп келиптир.
Ошондой эле досторумдун, кесиптештеримдин тартуулаган белектери баалуу. Социалдык тармактар аркылуу каалоо-тилектерин билдирип жатышты. Бир күн кечке чейин өзүмдүн сүрөттөрүмдү, ага кошо жазылган куттуктоо, тилектерди окуп жаттым. Кандай гана белек болбосун анын баасы менен саны мааниге ээ эмес. Конокторумдун көңүл ачып, жакшы маанайда отурганы чоң белек.

– Сөзүбүздү кечээки өткөн күндөргө бурсак. Устатыңыз менен чырдашып, бир топ сөздөр айтылып, элдин талкуусуна түшүп калды. Үй-бүлөңүз үчүн оор мезгил болду. Бул кырдаалдан кантип чыктыңыз?
– Ооба, Айчүрөк эже аябай эле жаман, катуу сөздөрдү айтты. Ар бир пенде өзүнүн оюн, каалаган сөзүн айтат экен да. Негизи кекчил адам эмесмин, таарынычтын баарын ичиме катпай, коё берем. Мени жакшы билген аяштарым, досторум, эжекелерим мындай негативге негатив менен жооп кайтарууга жол беришкен жок. Мен сыйлаган эжекелерим акыл-насаатын айтып, «бычак ташка урунган сайын сүрүлүп курчуйт, сен азыр ташка сүрүлүп курчуп жатасың» дешти. Бул жашоо күрөш, анан сыноо экен. Бул сыноо биздин үй-бүлөбүздү тескерисинче бекемдеди. Кайын журтум жанагыдай сөздөрдү укканда ызаланып, капа болушту. Бирок мага ишеничи чоң болгондуктан сабырдуулукту сактап, ушак-кептерди унутуп салышты. Мага да «көңүл бурба» деп жатышты.

– Мындай учурда аялга күйөөсүнүн, эркекке аялынын колдоосу абдан зарыл...
– Жолдошум Урмат темирдей бекем, сабырдуу киши. Анча-мынча ушак сөздөрдү укканды да, айтканды да сүйбөйт. Бирөө жөнүндө сөз баштап калсам «айтпа, ал адам тууралуу оюң ичиңде калсын» деп тыйып турат. Жолдошумдун ушул сапатын жогору баалайм. Чындыкты мен билем, ал иштердин кандай болгонуна көзүм менен кулагым күбө. Урматка чоң алкышымды айтам. 10 жыл мурун чыгармачыл досторум жок болчу. Урматтын мүнөзү, жөнөкөйлүгү, адамдар менен курган мамилеси, адамдарды бөлүп-жарбаганы упай болуп, мына, өзүңөр көрүп турасыңар, 200дөн ашуун чыгармачыл досторду таптык. Бул колдоо, албетте, мага дем-күч берет.

Бактыгүл Момбекова
star@super.kg


Анжелика 3 коёнду 1 ок менен атты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  30 
Комментарийлер(119)
20.06.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бабанов анан Анжелика эле болуп калдыкго)))))))))
21.06.2017. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бакыт Байсариев жаңы аялы менен барыптыр. 1-аялы кызы менен. Аянычтуу...
21.06.2017. 01:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ааламды суу каптаса ордоко не гам го,ооруп элге кайрылгандарга жардам берсе болмок экен соопко калмак
21.06.2017. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайрадан той откоргончо
21.06.2017. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Aisuluu Tynybekova,Elina Abai kyzy uwulardy chygargylachy kopton beri kutup jurom,super.kg portalyna yigilik
21.06.2017. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aidan88, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
21.06.2017. 08:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ээх Анжелика келген коноктун эле эмес элдин оозун кошо ачырдын гоо
Bintu.Ibrahim түзөттү 2017-06-21 08:57:17
21.06.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бир сындырым нанга кечке иштеп жургондор канча. Бул дастокон ысырапчылык. Андан коро кембагалдарга жардам бергенде жакшы болмок. Өзү билет ко эмне кылса дагы бирок колунда жок жашагандары эстеп кеттим да
21.06.2017. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тажасанар корбой койгула да силерди бироо кыйнап атабы
21.06.2017. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
perish, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнү каралоого тыюу салынган. Эскертүү!

laboom, далилсиз маалыматтарды жазып, кимдир бирөөнү каралоого тыюу салынган. Берилген эскертүү, БАНдарга карабай тартип, эреже бузгандыгы үчүн 10 күнгө БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-21 16:07:13
21.06.2017. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Онубузда тушубузда Анжелика ырыбызда сырыбызда Анжелика болуп калды. Куйоосу ташко таш)) ушунча создон кийин деле сыр билгизбей той берип ичтеринен ирин агып атса дагы. Бул Анжеликанын типа бизде баары жакшы деген мактанган намегу окшойт. Бактылуу болушсун Анжелика биринчиден ак никелуу Урматтын жубайы, 3 кыздын энеси экенин унутпасын сахна, пиар, сулуулук, байлык, публика,инстаграм, куйормандар бул бугун барда эртен жок убактынчалык.
21.06.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол!!! Азамат айым!!!
21.06.2017. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ишине ийгилик!сенин даражана жетпегендер айта беришет жакпайт андай мындай деп оздорунун колунан келбейт,колунан келген аламды жаман корушот
27.06.2017. 04:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Erika16,Tуура айтасын, бактылуу
брлушсун
21.06.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Абдималик Шерматовдон интервью алгылачы,козу азиз келин мн дует ырдап,уй алышына жардам берем деп жургон,эмне болду экен
22.06.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-22 13:53:06
22.06.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ХХХ кантет оркоюп,канча айры болуп кеткен
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-22 12:14:02
22.06.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asanova1984aida, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Эскертүү!
22.06.2017. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулар тажатты
22.06.2017. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайда кирбе Анжелика болуп калдыго, кандай кийим кийгени, дуконго барганы жеке жашоосу деги тажатты! Супер инфо гезити сураныч андан коро Бакыт Байсариевдин биринчи аялынан интервью алыныздарчы???
23.06.2017. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nazgul20, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
23.06.2017. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
КАНДАЙ ГАНА СООНУН АЙЫМ!
23.06.2017. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ар бир адамдын жузундо кулку болгону менен ичинде арман болотда,Анжеликанын уйундогу жашоосу кантип атканын Аллах анан оздору билет,кантип эле ушунча создон кийин тынч жашоо болсун,биз бактылуубуз,Урмат таштай катуу деп элге жакшы жагын коргозуп,супердин ар бир санына чыгып турушатко менимче
23.06.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эсен болсок мындай ысырапкерчиликтин арты кандай болорун коробуз гоо!!
25.06.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика Карындашым бактылуу бол ылайым башынан жакшылык кетпесин!Бирок ушунда ММК да социалдык таомактарда кичине чектоо болуш керек каерде болсо сен болуп коп адамды иренжитип жаткандайсын!Кыздарынын адамдардын козунон алысыраак кылсан дейм ,жакшылыктардын устундо жур
25.06.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сага не той өткөрө бергидей ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-26 10:50:16
26.06.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биротоло орозодо ооз ачтыралы дейт,окуп алып эле оозум ачылды гоо.
26.06.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелика аябай эле акчан коп окшойт.мага 50мин сом берип турчу карызга.бир жылдан кийин кайтарып берем
26.06.2017. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А мумкун муктаждарга да жардам берип жаткандыр эмне эле булардын акчасына асылып алдынар айланайындар сооп иш кылса бироого корсотпой жарыя кылбай эле кылып жургондур тим эле кошунасындай аларбы 100% билгендей каралап жазыптырсынар Анжеликага айтаарым ийгилик! Алга! Турмуш деген бул создо кооп маани жатат Тур анан муш жейсин дегендей эле кеп Негатив комментарийлерди жазгандар булар баары бироону коралбагандар не толька Анжеликанын башка бироонун деле ийгилигин коралбайт
26.06.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Напарниктер киносундагы "Арстандын"ролун ойногон баладан интервью алгылачы.Таланттуу бала экен,бирок жоголуп кетти негедир.Жашоосу кызык болуп атат.
26.06.2017. 22:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжеликага айтарым үй бүлө ыйык жана назик очок. Ашыкча үй бүлөсүн ашкере кылат. Кичине сыр катса болмок. Элчилик назар түшот. Эртен эмне болушун эчким билбейт. Сенчелик эчким акча кармаптырбы, сенчелик эчким бактылуу эместей. Коп эле жарыянын кереги жок. Ар ким өзү үчүн жашайт.
27.06.2017. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Анжелике чыгармачылыктан кетип калчы сени коргум келбеей калды Суперге берген майегинен сон! Тиги Айчурогунда начар аял экен коздорун парпыратып
27.06.2017. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Обу жоктор оюна келгенин кылат деп койсо жарашат бекен!!!
29.06.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтын Анжеликага - Ээ кучугум дегени олло жакты!
30.06.2017. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй булоону кармаганды, эне болууну Анжеликадан уйронолу. Мактанса мактана турган дарманы бар, баары эмгектин момосу. Бекер жатып алып нанга жетпей ачка отурабыз дегендер эмгектенсин. Ар бир кыргыз кызына Анжеликадай бакытты, Урматтай куйоону насип этсин. Бактылуу бол, Анжелика!!! Бактына коз тийбесин.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо