Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айпери Кубик кызы: "КҮЙӨӨМДҮ КЕЧИРДИМ, БИРОК ЭМИ АГА КӨҢҮЛҮМ ЖЫЛЫБАЙТ"

№764 23-29-июнь, 2017-ж.

Бул ирет SUPER.KG порталынын түз эфиринде Айпери Кубик кызы мейман төрдөн орун алды. Ырчы интернет айдыңынан келген суроолорго жооп берип, жеке жашоосуна тийиштүү айрымдарына жооп берүүдөн баш тартып отурду. Эфир кызыктуу болуп, ырчынын актёрдук таланты менен бийи эфирди шаңга бөлөдү.

– Айпери, сен өтө эле арыксың. Толоюн деген оюң барбы?
– Былтыр 46 килограмм болсом, азыр 52 килограмм болуп калдым. Төрөгөндөн кийин бир аз толуп, кайра арыктап кеткем. Ар кайсыны ойлоп, үйгө да, көчөгө да жетишиш кыйын болуп кеткени үчүн арыктадым окшойт. Азыр уйкум жакшы, көңүлүм ток, ата-энем жанымда болгону үчүнбү, 10 айда 6 килограмм коштум.

– Сулуу болууга канча акча коротосуң?
– Жасалма чачты 15 миң сомго коштурдум. Бир жолку макияжга 1500 сом сарпталат.

– Атаң өтө жөнөкөй адам. Анын дыйканчылык менен алектенгенин аябай баалайбыз. Сен болсо бой көтөрүп, өзүңдү чиновниктин кызындай сезесиң. Карап көрсөм, ырың, күйөрманың деле жок экен. Стилист менен иштешсең жакшы болмок...
– Атам жөнөкөй адам болгону үчүн анын кызы да жөнөкөй. Сиз мени жакшы билбейт экенсиз. Анткени жакындан тааныган адамдардан "жөнөкөйсүң, адамгерчиликтүүсүң" деген сөздөрдү угам. Чиновниктин кызы ушинтип жүрөт бекен? Канча күйөрманым бар билбейм. Бирок, Кудайга шүгүр, 10 жылдан бери сахнада кармалып иштеп келе жатам. Стилист менен да иштешем. Болгону сиз мени жаман көрөт окшойсуз.

– Жубайлардын мамилесинде кризис болуп турат эмеспи. Балким, ушул учурдан өтө албай калгандырсыңар?
– Терең ойлонуп көрсөм, себебин мен деле билбейм. Маңдайыма жазылганын көрдүм. "Талаалап гастролдоп жүрсө аял болуп кыйратмак беле?" деген сөздү көп уктум. Жумушум ажырашуубузга түрткү болгон жок. Чыгармачылык менен иштеп нан таптым, үй-бүлөнү бактым. Ал үй-бүлөнү жамандагым келбейт. Жолдошум жакшыбы, жаманбы, баламдын атасы. Кандай болсо да 2 жыл жашадым. Ажырашуу менин каалоом эмес болчу. Колумдан келишинче үй-бүлөбүздү сактап калууга аракет кылдым.

– Жолдошуңуз кечирим сурап келсе жарашууга макулсузбу?
– 1 жыл өттү, жарашпайбыз го. Анын мүнөзү оор, айтканынан кайтпаган адам. Азыр жарашууга көңүлүм жок.

– Айпери, менин табитимдеги кызсың. Бирок менин аялым бар, 2-аялым болот белең?
– Улуулар "жаш кезиңде турмуш куруп кет" деп кеңеш берип жатышат. Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет, ага убакыт керек.

– Ажырашып кеткениңизди 1 жыл жашырып жүргөнүңүздүн себеби эмнеде?
– Башында казан-аяк кагышат деген ойдо болчумун. Тилекке каршы, андай болгон жок. Көңүлүбүз сууп калганбы, айтор, кайрадан табышпай турганыбызга көзүм жетти. Мен чүнчүп же сынып калчулардан эмесмин, тырышып алдыга умтула берем. Күйөөмө назик, сонун аял болчумун.

– "Келин жаман эмес, барган жери жаман" дейт. Кайненең "фокустарын" көрсөтсө качып кеткен жоксуңбу?
– Мен качкан жокмун, буйрук экен.

– Балким, 10 жылдан кийин жолдошуң менен жарашып каларсың?
– Наруланды кечирдим, бирок эми ага көңүлүм жылыбайт. Кечирбегенге акым жок, эки тараптын тең өзүнүн чындыгы бар.

– Сен үчүн идеалдуу күйөө кандай болуш керек?
– Жоопкерчиликтүү, сөзүнө бекем турган, чечкиндүү мырзаларды баалайм. Үй-бүлө куруп, балалуу болдуңбу? Демек, жоопкерчиликти алып баланы багыш керек. Таарынбагыла, мырзалар, бирок силер жоопкерчиликти моюнуңарга албай жатасыңар. Ошондуктан аялдар "эл катары жашайын" деп тытынып иштеп жүрүшөт.

– Жолдошуң балаңды бакмак түгүл, басып келбегенин окуп сени аял катары аяп жүрөм. Кандай адамга турмушка чыгып жатканыңды башында билчү белең?
– Баланын атасын жамандагым келбейт. Наруланды сүйүп жүрүп тийгенмин, аябай жакшы бала. Болгону жашоо каалаганындай калчап койду. Баланы көрсөтпөй койгудай зөөкүр эмесмин. Ал биринчи көргөнү келсин да.

– Чындыкты айт, ойноп чылым чегип, спирт ичимдигин ичип көрдүң беле?
– Мындай нерседен баары өтсө керек. Азыр ашказаным ооругандыктан спирт ичимдигин иче албайм. Кош бойлуу кезимде боюмдан козголуп, күнүгө бир бокалдан вино ичтим. Анткени дары ичпеш керек эле.

– Колуңуздан келсе, атаңызды эмне кылып ыраазы кылат элеңиз?
– Жүрөгүмдү өйүтүп келген бир нерсе бар. Атама наам алып бергим келет. Ошол кыялым, аракетим ишке ашпай жатат. Атам сахнада 30 жылдан бери жүрөт. Бирок ушуга чейин бир дагы наамы жок. Канчалаган ырчыларга чыгармаларды жазып иштеп жүрдү. Ал ырчылардын баары атактуу болуп, айрымдары "Эл артисти" наамын алып жатышат.

– Биринчи Айпери Калыкова болуп чыккансың, кийин эле Айгерим Расул кызын туурап Кубик кызы болуп чыга калдың. Айгеримге эмнеге атаандашасың?
– Урматтуу колдонуучу, сиз менин душманым окшойсуз. Сиз анчалык жаман көрбөңүз. Айгерим экөөбүз эч качан атаандашкан эмеспиз, азыр да доспуз.

– Москвада кафелерде концерт уюштурган Адылбек Маматбеков менен эрте эле жүрүп алган жоксуңбу? Москвага кайра-кайра эле концерт коюп, сени чакырып калды...
– Адыл деген уюштуруучу бала, кафе иштетет. Ырчылар келишимдин негизинде ай сайын 3 күн концерт беребиз. Мага чейин Данияр Эрматов ырдап келген. Мен март, май айларында бардым, экөө тең аншлаг менен өттү. Сиз "жүрүп алды" дептирсиз. Урматтуу колдонуучу, эркек башыңыз менен ушундай ушак сөздөрдү айткандан уялбайсызбы?! Анан Москвага сиз үчүн барбайм, эл дагы чакырса кайра эле бара берем.

Динара Абдыкадырова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Айпери Кубик кызы: "Сүйүү күтүп жатам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(86)
27.06.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Атама наам алып берсем деген кыялым бар дегени кандай?Сатып бериш керек эле,ошого тынбай иштеп акча табыш керек дегендей эле тушундум...
28.06.2017. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен сага уйлонмокмун!
28.06.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азамат кыргыздын ырчы кыздары Айпериден сабак алса болчудаай,ыйман, жонокой, адамгерчилик жактан. Эч качан кайгырбаныз жашоо озу эле ылгап койот жакшы, жаман адамдарды, айтайын дегеним куйоонуз сизге ылайык эмес! Албетте табасыз буйурса жашоо алдыда демекмин."Козду мончок жерде калбайт" Биз сиз менен сыймыктанабыз.
28.06.2017. 05:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Эн жакшысы жарашып эле алган
28.06.2017. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Нарулан го жаш экен а ата энесичи?Аларга небере кереги жок бекен?Кантип уулунун уулун бир жылда бир коргусу келбесе....торолгондон коз алдында болсо деле мээрими тушпогонун кара.Баландан да небере ширин деген соз бар эле го?Илгерки ата энелер уулу барбаса оздору барып жараштырчу эле...Кайненесинде да бар окшойт.
28.06.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уй булоодо бир гана эркектин жоопкерчилиги эмес аялдын да жолдошунун алдында, кайын-журттун алдында озуно жараша жоопкерчилиги бар. Аны да моюнга алуу керек.
28.06.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zzari-83, love.me.again, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
28.06.2017. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жолку интервьюсунда: " Эми сахнага сексуальная болуп чыгам. Куйоом уруксат берди",- деп айтпады беле. ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-29 11:01:12
29.06.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suyun2801, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
28.06.2017. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Кызык, кызык жооп берет экен. Душманым окшойсуз, жаман корот окшойсуз деп. Бул ырчынын ырларын уккан эмесмин. Кубиктин кызы экен деп киргем.
29.06.2017. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Куйормандары жок эмес толтура,анан эч качан бироону бироого салыштырбагыла,ар кимдин тагдыры ар башка. Азаматсын Айпери сенин ырдарын аябай жагат,токтоо анан сулуу кыз
29.06.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айпери сага ийгилик.Айтышат го ит уро берет кербен журо берет деп
29.06.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кайнене деген ырынды ошол кайненене эле ырдап журчу уйундун ичинде,же атандын же сенин бир нормальный ырынар жок,сенин тагдырын кимге кызык атаэнен менен туугандарын менен эле суйлошсон,бул жерге келип аппапак болбой
29.06.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Miroslav,атасында эмне очун бар?
29.06.2017. 14:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ай кыргыздар коро албай жатып олуп кетебиз го. Ушунчалык негатив создордун эмне ккреги бар эле.
29.06.2017. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тим эле чогу жашагандай суйлойсунор го.
29.06.2017. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун жооп берди бардык суроолорго, оз орду менен. Бизге жагасын. Ийгилик!
29.06.2017. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айпери, унун эн сонун. Бирок, Кубик Калыков же салмактуу ырларды жазыш керек же сен башка обончулардын да ырларын ырдап корушун керек. Мисалы, Б.Борбиевдин "Менин суйуум каркыра", Р. Абдыкадыров "Кыздын ыры" Шахра эже ырдаган вариантын. Обону, созу жонокой ырлар сени ото эле байкуш корсотуп коёт. Кызы болгонун учун эле атанын ырларын ырдоого мажбур эмессин да. Албетте, Кубик байкенин сонун ырлары коп. Бирок, сен дагы да аракет кылып кор.
29.06.2017. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
BubleGum, ошо да. Той той той, женен женен деп минди кайталвп койсо эле ыр болуп калмак беле?
30.06.2017. 08:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
love.me.again,ошол убакта элдин табитинде ошондой ырлар мода эле,Бегиш Баястанга окшоп ырдаган реп жок эле ал убакта.
29.06.2017. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроолорго абдан жакшы жооп бериптир.Соз байлыгы кенен,акылдуу кыз экен деп калдым.Элдерге окшоп кайын журтун жамандабай бир соз мн "буйрук экен" деп тим болду.Чыгармачылыгына ийгилик!
29.06.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ооба,сен жакшы адамдын кызысын,атанды сыйлайм.Чынында окмот анын коп жылдык эмгегине баа бербей жатканы чындык.
29.06.2017. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
30.06.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атана уже наам алып бердин. Кубик кызын ырдата берип, уй булоону кармаганды уйротбоптур деген. Ырчылыктан уй булоо бир канча бийик турат, сага чейин Наруландын уй булоосун ким багып жаткан экен эле? Суроолор сонун берилиптир, адресине адашбай барыптыр. Супер суперсинер !!!
02.07.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
aiman1983,соонун жазыптырсыз
30.06.2017. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Расул кызы менен конкурент болгону белгилуу, Мисс шоу бизнес конкурсунунан кийин Айгеримдин интервьюсун уккан болсонуздар керек. Турмуш озу эле биринчи экинчи орунга коюп коет. Канча таланттуу болсо дагы уй булоолуу аял суйуктуу, жогорку орунда турат.
30.06.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык деп жүрүп канча артисттер турмушка кеч чыгып,же экинчи болуп тийип,же ажырашып атышат.
Медиа-портал
01.07.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
salam aipere men kitaida kutom
02.07.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздуу мончок жерде калбайт дейт бизде кыргызда.Ар бир иштин артында жакшылык бар.Ит уро берет,кербен журо берет дегендей ар бир адам оз денгээлине,ой жугуртуусуно жараша суроо берет капа болуштун кереги жок.Аллахым сизге он жол коргозгон болсун
03.07.2017. 02:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu ele bolso eken
03.07.2017. 04:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир тараптуу эле Айперинин созу менен тыянак чыгарбаш керек,артуст деген ар тус да,булар ар кыл болуп турат,куйоосу жонокой жигит эле.Аял деген уйдо олтуруш керек жыланачтанып Москвага дагы гостролллл деп кыйшандабай!!!
03.07.2017. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик калайм.
03.07.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир калыпта жургон кыз озуно жарашат.
03.07.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чачы жарашып калыптыр
03.07.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаны саны качан чыгат?
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо