№764 23-29-июнь, 2017-ж.
Ди-джей, алпаруучу Элмара Турсуналиева мындан 1 жыл мурун кыздуу болгон. Көз-ачып жумгуча бир жыл артта калып, бир ок менен эки коён аткан Элмара айым өзүнүн туулган күнүндө кызы Аруукенин тушоосун кести.
"Теле жана радио тармагында, шоу-бизнес чөйрөсүндөгү жакшы санаалаштарым келип, көкүрөктү толтура ак батасын беришти. Кызыбыздын туулган күнү 17-май. Бүбүсара Бейшеналиева апабыздын туулган күнүндө, 90 жылдыгы белгиленип жатканда жарык дүйнөгө келген. Кудайдан "кыргызга кызмат кылган, Бүбүсара апабызга окшогон балет өнөрүн багындырган кыз болсо экен" деп миң ирет тилейм",- дейт ди-джей. Биз дагы Аруукеге узун өмүр, чың ден соолук каалайбыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
4
1 |
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |