Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КӨП АЯЛ АЛУУ КЫЛМЫШПЫ ЖЕ СООПЧУЛУКПУ?

№764 23-29-июнь, 2017-ж.

Өлкөбүздө эки же андан көп аял алууну мыйзамдаштыруу маселеси кайрадан көтөрүлүп, коомчулукту дагы бир ирет толкутту. Аял-эркек укугунан тышкары диний көз карашын билдиргендер жана мыйзамга таянгандар өз ойлорун айтышып, бири колдосо, экинчилери каршы чыгышты.

"ЖАРАНДЫК НИКЕГЕ УРУКСАТ ДА, МУСУЛМАНЧА НИКЕ КЫЙДЫРСАҢ КЫЛМЫШКЕР БОЛУП КАЛАСЫҢ"

Диний аалымдар шариат мыйзамдарына таянып, эки, үч же төрт аял алууга ислам дини уруксат берерин, бирок милдеттендирбегенин айтып келишет. Мусулманчылыкта эгер эркек өзүнүн адилеттүүлүгүнө ишенсе, физикалык жана финансылык жактан күчтүү болсо, чама-чаркына карап үйлөнө берсе болот деп айтылат. Бул жөнүндө дин өкүлү Өзүбек Чотонов:
– Ар бир кыз үй-бүлөлүү болуп, бала жытын жыттап, күйөөсү менен жакшы жашоо сүргүсү келет. Мыйзам кабыл алынса, баарына жакшы болмок. Үйлөнчү эркектердин аздыгы бойдок кыздардын башка улуттун жигитине турмушка чыгуусуна, ойношчулук жана ушул өңдүү терс жолдорго баруусуна түрткү болот. Аялынын ден соолугуна байланыштуу иш кылганга же төрөгөнгө мүмкүнчүлүгү жок болсо, мындай маселени тукум уланткысы келген эркек ажырашуу жолу менен гана чечкенге туура келип калат. Бул адамгерчиликке жатпайт. Мусулманчылыкта мүмкүнчүлүгү чектелген аялды кетирбей туруп, башканы алган туура деп айтылган. Эмнеге бизде жарандык никеде жашап, бала-чакалуу болсоң уруксат да, эки нике кыйдырсаң эле кылмышкер болуп каласың? Бир нече аялдуу эркек бир нече балалуу энедей болуш керек. Эне балдарына тегиз карап, баарын бирдей сүйгөндөй эле эркек да ар бир аялына аяр мамиле кылып, боорукер жана мээримдүү болушу керек.

"БАЙБИЧЕЛЕР ЭЛГЕ УЯТ БОЛБОЮН ДЕП УНЧУГУШПАЙТ"

Өлкөбүздө эки аял алуу кылмыш болуп саналат. Кылмыш жана жаза кодексинин 153-беренесине ылайык, көп аял алган адамды эки жылга дейре эркинен ажыратуу каралган. Буга чейин бул жазага эч ким тартылган эмес. "Сезим" кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова кош никелүүлүктөн жабыркап кайрылгандардын көпчүлүгү биринчи аялдар (байбичелер) дейт.
– Бизге бул маселе боюнча жашы 40-50нүн айланасындагы байбичелер көп кайрылышат. Алар күйөөлөрүнүн бир никеси бар туруп жаңы аял алышканын, андайга нааразычылыгын билдирсе, ур-токмокко кабылганын айтып даттанышат. Арыз жазгылары келет, бирок "эл эмне дейт? Бойго жеткен балдар турат, кой, уят" деп өздөрүн тыйып, артка чегинишет да, ошондой шартка айласыз макул болуп жашай беришет. Эгер көп аялдуулукка уруксат берип койсо, көңүл буруунун же финансылык колдоонун аздыгына нааразы байбичелердин саны арбып, коомдо башаламандык жаралат. Жаш кыздар колунда барларга тийип кетет да, акчасы азыраак жигиттер үйлөнбөй калышат. Ошентип педофилия, зордуктоо сыяктуу кылмыштар көбөйөт.
Тарыхта байбиче жана токол деген болгон. Алардын биринин орду өйдөрөөк, бириники ылдыйыраак болуп, ортолорунда пикир келишпестиктер, араздашуулар жана атаандаштык болуп келген. Ал тургай балдары атасы каза тапканда мурас бөлүшө албай, бир туугандар касташкан учурлар көп эле кездешкен. Бул боюнча уруксат берилип калса, алдыга жылбай эле, ошол заманга кайткан болуп калабыз. Андан көрө үй-бүлөдөгү баланын, ата-эненин ордун, каада-салт, улут баалуулуктары жөнүндө сүйлөсөк жакшы болмок.

"КӨП АЯЛ АЛУУДАН БАШКА ДЕЛЕ КӨЙГӨЙҮБҮЗ КӨП"

Коомдук активист Мавлян Аскарбеков көп аял алууну мааниси жок маселе деп эсептейт.
– Тилекке каршы, ушундай түшүнүксүз жана маанисиз маселелер бийлик жана бийликке жардам берген тараптардан көтөрүлүп, эл арасында талкууга алынып жатат. Бүгүнкү күнү биз көп аял алууну эмес, мамлекетибиздин экономикасы кыйрап, 1,5 миллион элибиз айла жоктон чет жактарга акча табуу үчүн кетип, күн сайын сырттан мекендештерибиздин өлүгү келип жатканын талкуулай турган күндөбүз. Ал эми мыйзамдарды ууруларга, коррупционерлерге каршы чыгарып, аларга катуу чара көрүүнү ойлонушубуз керек. Бийлик ушундай олуттуу көйгөйлөрдөн элдин көңүлүн башкага буруу үчүн көп аялдуулук сыяктуу болбогон маселелердин талкууланышына жол берип жатат.

"ЭКИНЧИ АЯЛ БОЛУУГА МАКУЛМУН"

Адатта экинчи аялдар (токол) байбичеден жашыраак болгондуктан коомдун "азгырды, башын айлантты, үй-бүлөнү бузду" деген сыяктуу сынына кабылышат. Ушундан улам эл арасында экинчи жубай болуу уят деген стереотип калыптанып калгандай. Алардын айрымдары аялзатынын табиятында болгон өзүмчүлдүк менен кызганчаактыкка алдырып "күйөөмдү башка менен бөлүшкүм келбейт" дешсе, бойдок кыз-келиндердин кайсы бир бөлүгү бирөөнүн күйөөсүнө көз артып же тартып алганга караганда ошол үй-бүлөлүү эркек менен экинчи, үчүнчү же төртүнчү аял катары никелешип алганды туура эле көрүшөт.
Шаарыбыздын тургуну Айжамал Адырова кош никелүүлүктү колдойт жана "сүйүктүү адамымдын канчанчы аялы болгонум маанилүү эмес" дейт.
– Көп никелүүлүккө уруксат берген мыйзам кабыл алынса да, алынбаса да сүйүктүү адамыма экинчи эмес, бешинчи аял болуп тийүүгө деле макулмун. Мен үчүн жактырган адам менен бирге өмүр сүрүү, ал адамдан балалуу болуу баарынан маанилүү. Ал эми эки же андан ашык аял алууга уруксат берген мыйзам жакында кабыл алынарына көзүм жетпейт. Бирок келечекте бул маселе кайра каралып, оң тарабына чечилерине ишенем. Азырынча жараткандын өкүмүнө каршы чыкпастан, каалоочуларга молдолор нике кыя берсин деген уруксат болсо деле чоң жеңиш болмок.

Азиза Адиева, ырчы: «ЭЧ БИР АЯЛ КҮЙӨӨСҮН БАШКА МЕНЕН БӨЛҮШКҮСҮ КЕЛБЕЙТ»

– Көп аял темасы аягы жок, бир же эки муун талашып-тартышып чечип койчу маселе эмес. Буга мыйзам жол берген күндө да маселе чечилбейт. Тескерисинче татаалдашат. Бул менин же башка 2-3 аялы бар мырзалардын эле тагдыры эмес, бүтүндөй улуттун, мамлекеттин тагдыры. Тагдырыбызды президент же башка бир мамлекеттик жетекчи да чече албайт. Анткени ким болбосун, анын жашоого көз карашы, ой-туюму бар, ал өзү гана чече алат. Бул ар бир инсандын басып өткөн жолунда, адамдык тарыхында чоң тамга менен жазылып калчу, адамдын ар бир мүнөтүнө, күнүнө таасир эте турган жагдай. Мен көп аял алууну мыйзамдаштырууга каршымын. Эч бир аял күйөөсүн башка менен бөлүшкүсү келбейт. Мындай талкууну колдогондордун көбү эркектер болсо керек. Эркектер өздөрүн аялынын ордуна коюп, анын 2-3 күйөө менен жашап жатканын элестетип көрүшсүнчү, анан түшүнүшөт.

БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ АБАЛ КАНДАЙ?

Көп аял алуу ислам динин тутунган бир нече мамлекеттерде мыйзамдаштырылган. Алсак, Египеттеги никелердин 5 пайызы көп аялдуулукка берилген уруксатты колдонот. Калгандары өлкөдөгү каржы каатчылыгы жана жумушсуздуктун айынан бирден ашык аялды камсыздай алышпайт. Конго Республикасында көп аял алууга уруксат берилгени менен биринчи аялдын расмий уруксаты жок башкага үйлөнө албайт деген мыйзам иштейт. Ал эми коңшу Өзбекстан мамлекетинин президенти Шавкат Мирзиёев жакында эле эки же андан ашык аял алчуларга нике кыйган молдолор мыйзам алдында жазаланарын айтып, ушундай жол менен көп аял алууну бара-бара жок кыларын билдирди.

Бул тема кыргыз коомчулугунда маал-маалы менен көтөрүлүп, калктын прогрессивдүү ой-жүгүрткөн катмары тарабынан катуу сынга алынып, аягы узарып барып токтойт. Бул жолку талкууну деле дал ошондой тагдыр күтөрү түшүнүктүү. Бирок маселенин экинчи тарабы дагы бар. Өлкөнү башкаруучулар чечпей келе жаткан калктын социалдык маселелери минтип акырындап отуруп динчилдердин колуна өтүп кетип жатат. Алар коомдогу үй-бүлө институтунда ырбап турган маселени, кыз-келиндердин укугунун корголуусун өз жолдору, сунуштары аркылуу чечүүгө аракет кылышууда. Мамлекетти башкарууга динди аралаштырбаган өлкө социалдык маселелерин дагы динди аралаштырбай чечүүсү шарт. Бул өңдүү коомдон кагылган коңгуроолорго тийиштүү мекемелер маани берүүсү зарыл.

Алтынай Тынышова,
Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(37)
27.06.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Башка кылаарга иштери жок го...соз жок.вообще..
27.06.2017. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
ХХХ. Бешинчиси болуп деле тием деп. Суйуунун приоритеттерин билесинби деги?! Сен айтып аткан суйуу балким, чонтогуно болгон суйуу. Суйуу деп суйууго шылтаганын кантейин.. Суйуу эки адамдын бири бирине болгон аруу махабаты. Суйуудо учунчу же тортунчу адам ашыкча. Мыйзамдаштырса ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-30 11:16:46
30.06.2017. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
radostmoya, Aina77, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирип, далилсиз маалыматтарды жазууга тыюу салынган. Эскертүү!
27.06.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Мен колдобойм бул мыйзамды. Бир эле аял жетет. Эркектер элестетип көргүлө аялдарга бир эле убакта төрт күйөөгө чыгуу уруксат десе кандай болмок.? Бир күн сени менен жашап, эртең тиги күйөөмө, бүрсүгүнү тиги күйөөмө деп кетип жатса ошол жагабы? Ошол сымал эле аялдар да күйөөсүн эч кимге бөлүшкүсү келбейт. Бул мыйзам туура эмес. Мен такыр колдобойм. Катуу айтсам кечиргиле.
Tyty1990 түзөттү 2017-06-27 11:10:26
27.06.2017. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мавлян Аскарбеков эн туура айткан.
29.06.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
orozova,Мавлянов туура эмес айтып жатат. Эри олгон ажырашып кеткен тумушка чыга элек токол болуп жургон кыздардын аяыбына калат. Азайганы жакшы эмеспи? кандай болгон чактада кытай, тажик,азер, турко, тийип жургуче..
30.06.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Shek, эй "акылдуум", бул жердеги комменттерди окуп анан коммент жазсан жакшы болмок! Сенин Озбек ажын же Турсунбай Бакир уулу жесирге же сойкуга уйлонуптурбу?!!

Турк, азери, кытай, корейге тийип жаткандар, уйлоно элек кыргыз балдарын чанып, алардын жалгыз катыны болуп жашагысы келбей башка улутка тийип жатса, анан экинчи катыны болуп тиймек беле?!!

Сен Озбек ажы экоон 2 аял алууга уруксат берилсе, кыргыз кыздары башка улутка турмушка чыкпайт деп кепилдик бере
02.07.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2,тууганым бул жерде тигинин же бунун деп болунуштун кереги жок терен талдап анан чечиш керек.Озубек ажы,Турсунбай Бакир уулу,Чубак ажылар жон эле айтпай эле турушат билгенин айтып мыйзамдаштыралы деп жатышат.Биринчи адам Аллах суббаханаку тъааланын мыйзамдарына баш ийиш керек,кандай иш кылсан да Аллахтын ыраазычылыгын табуу биздин максатыбыз болуш керек.Эртен акыреттеги сурактан алар кутулушту деп ойлойум оз милдеттерин аркалашып,бизге жеткиришти.Кабыл алынса жакшы,кабыл алынбса да<
03.07.2017. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2,Анын кандай кызга уйлонгонун эмне айырмасы бар.. Максат озубуздун аялдарга озубуз кам коруу..сен ойлобо кам корот десе тескери жагын баардык жактан аларды коргоп калуу болтат..Ошо Озбек ажы Бакир уулу Алар деле бир нерсени билген адамдар.эже карындаштарына куйуп айтып атат..
03.07.2017. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Revolyutsiya2, максат чыкпайт деп кепилдик беруу эмес. Максат таалалап кор болуп жургон кыз келиндерибизди коргоп калыуу.
30.06.2017. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аласынбы?!! ХХХ Болбосо ага уйлоноор кыргыз жигит калбай калды беле?!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-06-30 14:02:19
30.06.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Revolyutsiya2, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган.
27.06.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Шариятта төрт аял алганга уруксат берилген бирок баарына бирдей мамиле кылуу керек финансы жактан физикалык жактан эгер ошого чамасы жеткен эркектер болсо ала берсин каяктагы каафир Кытай менен корейлерден торогончо кыргыздан торогуло ансыз деле азайып баратабыз
27.06.2017. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Afgan312, 2 аял алууга уруксат берилсе эле кытай, корейлерге кыргыз кыздар тийбей калат бекен?!! Алар Кыргызстанда эр таппай калып анан ошолорго тийип жатышыптырбы?!!
27.06.2017. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озубек Чотоновко суроо:

1-суроо: Кыргыз Республикасынын кайсы мыйзамы жарандык никеге уруксат берет экен?!!

2-суроо: Чубак ажы экоонор эркектерди дефицитке чыгарып жибердинер, канчалык лефицит экен, далилдегилечи, мисалы статистика Кыргызстанда 1000 аялга 974 эркек туура келет деп жатат, башка олкодордо да абал ошол, ошондо башка олколор 2 аял алууга шашканы корунбойт го!
27.06.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озубек Чотоновко
3-суроо: 2 аял алууга уруксат берилсе турк, азери, кытай, корей ж.б.турмушка чыгып жаткан кыздар токтойт деп гарантия бере аласынбы?!!

4-суроо: пайгамбарыбыздын аялдары жесирлер болгон экен, сенин 2-аялын жесир беле же жокпу?!!

5-суроо: Мотуев экоонордун ортонордо окшоштуктар коп деген пикирге кандай жооп айтасын?

Озунор карыганда жаш кыздарга уйлонсонор Жантай чалдай болуп, башкалар кандай улгу алат силерден?!!
27.06.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кызында чалга берсин 2 чи аял кылып
27.06.2017. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Өзбек ажы айткандай бардык эркек алган аялдарына бирдей мамиле кылат деп ким кепилдик берет бир катынга жетиштүү мээрим төгө албаган эркектер толтураго анан кантип эки аялын бирдей мээрим м.н карасын болбойт эки нике.
29.06.2017. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
bliznesy, Мамлекет экинчи аял алгандарга ылайык закон чыгарып берет. Эгер эркек карабай же башка кылса аны жазага тарта турган кылып.кичине ойлонгула озубуздун Кыргыз аялдарынын тагдыры чечилип ж.т. озбек
29.06.2017. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
bliznesy, Озбек ажы деле ошол жагыны ойлоп айтып атат. Мамлекет эки жыныска ылайык закон жазып чыгарат.. эки жакка бирдей болуш учун
30.06.2017. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Shek, биздин кыздар сен айткандай башка улутка тийгенден коро чындап эле айылдык балдарга тийбейби, айылда кыздар жокко эсе, шаарда эле байкалат, эркектердин коптугу, айылда канча кайним уйлоно албай журушот, кыз жок деп, убактысы да отуп баратат алардын.
27.06.2017. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азиза кичине суйлоордо озун карап койбойбу. Эркектерибиз элестетип корушсунчу озунун аялы эки уч эркек менен жашап атканын дептир. А озу деле сарпашевдин канчанчысы болуп тийди эле. Анда неге тийет эгер каршы болсо мындай мыйзамга.
27.06.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мамлекетибизде талкуулай турган башка маселе калбай калгансып Депутаттар кантип уялбай экинчи аял алуу маселесин талкуулашат? мамлекетибиз онуго албай, бала-чака багам деп чет жака иштегендер кобойуп жатса, беш аялды уйуно таштап бир эркек Россияда кочо тазалап,кар куроп багабы же 5 аялы биригип базарда соода кылып бир ээрин багышабы? Азыр деген аялдар эркекке караганда эптекейрек болуп коп акча таап калышкан,бала-чакасын,ээрин кошуп багып жатышат.Анда аялдар да бага алам деп 2-3 эрге тийишсин
27.06.2017. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мавлян Аскарбеков азаматсын! Эн туура айткансын, булардын башка кылаарга иши жок
27.06.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Араб мамлекетиндеги ар бир онунчу адам миллионер болуп саналат. Алар ала берсин финансы маселеси жаралбайт. Биздин откондо бир аялды, баланарды жакшы каржылабай туруп каяктагыны ойлоп табасынар.
27.06.2017. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизде эркектер бир аялды багыш учун чет жакта иштеп аялдын жанында болбой атат анан эки аял алса такыр келбей калат го эки аялды айылга таштап коюп анда эмне деген уй було болуп калат?
27.06.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Анча мынча ары жоктор айылга бир аялын таштап москвада уруксат деп дагы бирди алып чыгышса эле адилеттулук болбой калат бизде аялда да эркекте да динден тушунук жетпейт качан динден толуук тушунук алганыбызда бул нерсе бизге проблема болбой калат
27.06.2017. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эне балдарын кандай жакшы корсо эркек аялдарын ошондой бирдей жакшы коруш керек бирок андай кыла алышпайт экооно бирдей мамиле жасай алышпайт
28.06.2017. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Быжырайсынарго айланайындар уже 2ден 3тон аял алып алгандай!
28.06.2017. 04:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен деле каршымын.
28.06.2017. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул айткан тиги айткан деп калыпсынар,оз оюнар буткон го
28.06.2017. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оой өлө албай жатып , экинчи аял деп күйдүрөтта! Бир аялды эптеп алгылачы!!!
28.06.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азиза сен деле биринчиси эмессинго ,туура эч ким куйоосун болушкусу келбейт Сарпашевдин байкуш аялы болушту го сен мн куйоосун.
28.06.2017. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Атайын элдин конулун буруш учун ойлоп табылган нерсе деп туура айтыптыр Мавлян Аскарбеков. Талкууга албай, такыр кызыкпай коюуга чакырам. Бул мыйзамдын кабыл алынып калуу ыктымалдуулугу 0,1%.
29.06.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Эми комментарий жазгандардын 80 проценти аялдар экен. Бул мыйзамды эркектерге койсонор эркектер оздору чечсин)) Кыргызстанды ушул мезгилде Атамбаев башкарып жатат) Отунбаеванын доору отуп кетти)..
29.06.2017. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азыр кыргыздын эркектери бир аялыны жана ошол аялынан 2-3 баласын эптеп багып атасынар го, 2-3 аял и алардан да 2-3 тон бала ыссык келип кетпеиби? Кыргызда бир эле аял бала чака багуу эмес ата эне бир тууган дегендерге каралашып жардам кыласынар, анда баарына жеткизем деп оилонуп атып олуп аласынар го))) А шариятта 2-3 аял алууга уруксат берилген, бирок алат десе эле аялын эскирип калды деп жапжаш кызды алуу эмес, жесир бала чакасын бага албаи кыиналып жашаганды аялдыкка алып каралашып сооп алат
29.06.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
2-3 аял алуу парз дагы эмес суннот дагы эмес, ошол учун 1 эле аялынды эптеп багып кенири жашагыла, 2-3 аялынды бирдеи журогун мн суиуп, бага алсан ал, бирок ошолордун бироосуну эле бир аз ашыкча же бир кем багып суисон - бул КУНОО болот
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо