ОРУСИЯ КЫРГЫЗДЫН БАРДЫК КАРЫЗЫН КЕЧЕТ

№764 23-29-июнь, 2017-ж.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Орусияга болгон 5 күндүк мамлекеттик иш сапарынын алкагында 20-июнь күнү Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуусу болуп өттү. Бул Атамбаевдин президенттик кызматта Орусияга жасаган акыркы сапары болду. Адаттагыдан сырткары бул жолу эки өлкө башчынын тамак үстүндө тар чөйрөдө сүйлөшүүсү да коомчулукка жарыяланып, Путин менен Атамбаевдин мамилеси азыр да жакшы деген ойду бекемдөө аракети болду. Президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен жолугушууда Орусия Кыргыз тараптын бардык карызын кече турганын жарыялады. Кыргыздын Орусияга карызы учурда
240 миллион доллар. Эми карызды кечүү тууралуу документти эки өлкөнүн парламенттери ратификациялашы керек.
Өлкө башчы өз сөзүндө Орусиянын колдоосуна рахмат айтып, Кыргыз өлкөсүнүн келечегин Орусиясыз элестете албасын билдирди. Ал эми Владимир Путин кыргыз-орус мамилесинин жана Кыргыз мамлекетиндеги орус тилинин өнүгүүсүн колдогону үчүн Атамбаевге ыраазычылык билдирди. "Эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү үчүн бекем пайдубал куруп бергениңиз үчүн ыраазычылык билдирем жана ал мамилелердин келечеги узак болот деп үмүттөнөм",- деди. Бул сөз менен орус лидери кыйыр түрдө алдыдагы президенттик шайлоодо кыргыз президентинин партиясынын талапкерин колдоорун билдиргендей болду.

Бектур Токтоноев

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо