КЛИПТЕРДЕГИ КЫЗЫКТЫРГАН ЖИГИТТЕР

№764 23-29-июнь, 2017-ж.

Ырчылар клиптерине болушунча сулуу, таланттуу кыз-жигиттерди тартканга аракет кылышат. Өткөн сандарыбызда клиптин көркүн ачкан ажарлуу кыздар тууралуу кеп кылсак, бул жолу алардан кем эмес кызыгуу жараткан сымбаттуу бойдок жигиттер менен тааныштырабыз.

НУРСУЛТАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1991-жыл, 24-октябрь
Бою – 186 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Билими – КМТУ, энергетика факультетин бүтүргөн
Тартылган клиптери – Азат Райымбердиев "Воспоминание", Темир Назаров "Знаю я", Чолпонай менен Аско "Чыгыш жомогу", Дайыр Исмадияров "Бактымды таптым" жана башкалар
Тартылган тасмасы – "ЖинМэн" комедиясы
Үй-бүлөдө – 3 бир туугандын улуусу
Учурда – Бишкек шаарындагы Жылуулук электр борборунда иштейт

Нурсултан Алибеков: "БИЙ БОЮНЧА КӨП СЫНАКТАРДЫ ЖЕҢГЕМ"

– Нурсултан, Орусиянын ТНТ каналындагы "Танцы" телешоусунун тандоо туруна катышканың маалым. Бий менен качантан бери алектенип келесиң?
– Ал шоудо мен бутуман жаракат алганыма байланыштуу өзүмдү татыктуу көрсөтө албай калдым. Бий менен машыгып келатканыма 8 жыл болду. Кыргыз жеринде, Орусия, Казакстанда өткөн сынактарда алдыңкы орундарды жеңгем. 2009-жылы республикалык таймашта 1-орунду багынткам. Азыр өзүмдү "картаң" бийчилердин катарына кошом (күлүп).

– Акыркы учурда жарнамаларга көп тартыла баштадың...
– "Мегаком", "Билайн" компанияларынын жарнамаларына тартылдым. Модель болуп, клиптерге тартылып өзүмдү сынай баштадым. Чыгармачылык мен үчүн жөн эле хобби эмес, жан дүйнөм эңсеп, жактырып жасаган жумуш.

– Жарнамага тартылып жакшы каражат тапса болобу?
– Ал сенин аброюңа жараша. Жүзүң таанымал болсо жакшы төлөшөт. Клиптерге да бекер тартылбайм. Анткени ага убакытыңды бөлүп жаткандан кийин эмгек акысын алышың керек.

– "ЖинМэн" тасмасына кантип тартылып калгансың?
– "20 жаштагы чал-кемпир" деген тасмада чоң атанын бийлеген жерин дублёр болуп мен бийлеп бергем. Ошол кинодон байкап калгандар "сенин келбетиң биздин каарманга төп келет, ойноп көрбөйсүңбү?" деп сунушташкан. Дароо эле кастингден өтүп, тасмага тартылып калдым.

Дайыр Исмадияровдун "Бактымды таптым" клибинен кадр.


ДАСТАН ТУУРАЛУУ:

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 7-март
Билими – Москва мамлекеттик юридикалык университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 52 килограмм
Тартылган клиптери – Жоодарбешим "Унут мени", "60К" тобу "Дос", Нияз Абдыразаков "Кыздар, ай", Кудайберди Айтбосунов, Баястан "Таптым" жана башкалар
Үй-бүлөдө – Жалгыз уул
Учурда –Оператор-монтажёр

Дастан Курманалиев:
"ЧЫГАРМАЧЫЛЫК МЕНЕН КЕСИПТИ ЧОГУУ АЛЫП КЕТСЕМ ДЕЙМ"

– Дастан, чыгармачылыкка жакын болгонуң менен, кесибиң боюнча юрист экенсиң...
– Ата-энемдин чечими менен бул кесиптин ээси болдум. Бала кезимден тартып эле чыгармачылыкка жакын өстүм, ырчы болгум келчү. 2008-жылы атайын музыкадан сабак алып, кабактарда ырдап такшалдым. Жогорку окуу жайды Москвадан бүтүрүп келгенден кийин видеооператорлукка кызыгып үйрөнүп алып, азыр операторлук менен алекмин.

– Клиптерге кимдин сунушу менен тартылып калдың?
– Клипмейкер досум Нурсултан Кубатовдун студиясында иштейм. Ал жанында жүргөн балдардын баарын клиптерине тартып актёр кылып бүтмөй болду (күлүп). Клиптерге тартылып жүрүп актёрлукка кызыгуум ойгонду. Актёрлук жаатта билим алсамбы деген оюм бар. Бирок ырчылык тартып кетеби же актёрлукпу, азырынча айта албайм.

– Ата-энең сени укук коргоочу катары көргүсү келсе, чыгармачылыгыңа каршы болушкан жокпу?
– Апам башында "койчу ошол клиптериңди, ырларыңды" дей берчү (күлүп). Ошондуктан тартылган клиптеримди ата-энеме айта бербейм. "Достор" деген клипке тартылганымды апам көрүп жактырыптыр. Азыр болсо "кесибиң менен чыгармачылыкты чогуу алып кет" дешет.

– Көчөдө тааныгандар болобу?
– Акыркы күндөрү таанып калышты. Бир жолу досум менен турсам кыздар чуркап келип "байке, сиз менен сүрөткө түшсөк болобу?" деп сүрөткө түшүштү. Шамдагай кыздар экен, жооп бергенге да жетишпей калдым. Сүрөткө түшүп алып чуркап кетишсе досум таң калып, анан күлүп эле кала бердик (күлүп).

"Достор" клибиндеги аткарган образым көпчүлүккө жакты".


Динара Абдыкадырова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
27.06.2017. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастан молодец
27.06.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастанды улуу эле болсо керек дегем
27.06.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красавчик го Дастан
28.06.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Дастан клипте сонун тушот экен,кинодон кутобуз.
29.06.2017. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дастан молодец аябай соонун ролдорду аткарат чын эле Саниа менен ырдаган реп сыяктуу ыры да укмуш
30.06.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат Орозумбетов туралуу да билгим келет super.kg.жана супер инфо жазып койсонуздар
30.06.2017. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaskaaa, саламатсызбы? Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
30.06.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дастан актерлук жактан мыкты жуз берет экен
30.06.2017. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Райымбек уулудан дагы интервью алып койгулачы, сураныч!
01.07.2017. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дастанды жашы улуу болсо керек деп ойлогон элем...
02.07.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастан 52кг болсон, кобуроок тамактанышын керек экен.
04.07.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурсултан иштерине ийгилик!
11.07.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Экобу тен жакшынакай жигиттер экен. Дастан красавчикго ))
01.08.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дастан испанга окшошуп кетет олло не обычный сулуулук кыргыздардын типажы учун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо