Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАБАК

№764 23-29-июнь, 2017-ж.

Кабак – ашкабак менен патиссондун "бир тууганы". Тажрыйбалуу дыйкан анын 1 түбүнөн 8-10 даана түшүм ала алат. Эгер бул жылы бакчаңызга бул жашылчаны тиксеңиз, анда бул рецепттер сиз үчүн. Кабакты кууруп, дымдап, кактап, ал тургай чийки жегенге да болот.

КАБАК КЕКСИ

Керектелүүчү азыктар:

  • Кабак – 2 даана
  • Ун – 150 грамм
  • Жумуртка – 3 даана
  • Каймак – 100 грамм
  • Помидор – 1 даана
  • Сарымсак – 2 тишче
  • Укроп – 1 тутам
  • Көбүрткүч (разрыхлитель) – 2 чай кашык
  • Туз – 0,5 чай кашык
  • Кумшекер – 0,5 чай кашык

Даярдоо ыкмасы:

Кабакты жууп, сүргүчтөн өткөрүп, туздан себелеп 5 мүнөттөй тыныктырабыз.
Сарымсак, укроп, помидорду майда туурап, кабактын үстүнө салабыз. Буга каймакты, жумуртканы, унду, кумшекерди жана көбүрткүчтү кошуп жакшылап аралаштырабыз.
Даяр болгон камырды кекстин калыбына салып, 180 градуста ысып турган электр мешине 20-30 мүнөт бышырып алабыз. Кекс муздаган соң даамына келет.
Кеңеш Кабактын өлчөмүн азайтып, анын ордуна пияз кошсоңуз болот. Мындан сырткары курамына ветчина, сыр кошуу кекстин даамын арттырат.

КАБАК ТАЯКЧАЛАРЫ



Керектелүүчү азыктар:

  • Кабак – 4 даана
  • Пармезан сыры – 4 аш кашык
  • Зайтун майы – 2 аш кашык
  • Сарымсак – 2 тишче
  • Ашкөк – бир тутам
  • Кургатылган райкан – 0,5 чай кашык
  • Кургатылган орегано – 0,5 чай кашык
  • Туз жана мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Кабактарды жууп, ар бирин 8 бөлүккө узунунан бөлөбүз. Эгер кабак чоң болсо 10-12 бөлүккө бөлүңүз. Кесимдердин үстүнө зайтун майынан куюп аралаштырабыз.
Кургатылган чөптөрдү, туз, мурч, пармезанды (үбөлөнгөн даярын же сүргүчтөн өткөрүлгөнүн), майда тууралган сарымсакты идишке салып аралаштырабыз да, ага кабактын кесимдерин оонатабыз. Андан соң аларды пергамент кагазы төшөлгөн табага тизебиз.
Эми буларды 180 градуста ысып турган электр мешинде 10-12 мүнөт кызарганча бышырып алабыз. Дасторконго коёрдо үстүнө майда тууралган ашкөктү себелеп, жанына каймак же айран кошуп берүүгө болот.

РАТАТУЙ

Керектелүүчү азыктар:

  • Томат ширеси – 1,5 стакан
  • Сыр – 100 грамм
  • Кабак – 1 даана
  • Баклажан – 1 даана
  • Помидор – 2 даана
  • Сарымсак – 1 тишче
  • Пияз – 1 баш
  • Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
  • Райкан – 5-6 жалбырак
  • Туз жана мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Помидор, пияз, кабак, баклажандын калыңдыгын 0,7-1 сантиметр кылып тегерек, сырды төрт бурчтук формада кесебиз.
Көмөч казанды майлап, ага помидор, пияз, кабак, баклажанды кезектештирип тизип чыгабыз.
Үстүнө майда тууралган сарымсакты, райканды себелейбиз.
Помидордун ширесине туз, мурч салып, кабактын үстүнө куябыз да, 200 градуста ысып турган электр мешине 20 мүнөт бышырабыз.
Үстүнө сүргүчтөн өткөрүлгөн сырды себелеп, кайра 2-3 мүнөткө электр мешине салабыз. Тамагыбыз даяр.

КУУРУЛГАН КАБАК



Керектелүүчү азыктар:

  • Макарон – 100 грамм
  • Кабак – 1 даана
  • Тоок эти – 200 грамм
  • Помидор – 1 даана
  • Пияз – 1 баш
  • Сарымсак – 1 тишче
  • Сабиз – 1 даана
  • Өсүмдүк майы – 4 аш кашык
  • Туз жана мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

Макаронду туздуу сууга бышырып, сүзүп чыгарып коёбуз.
Кабак, пияз, сабиз, помидорду төрт бурчтук формасында, сарымсакты майда туурайбыз.
Көмөч казанга майды куюп, ал ысыган кезде пиязды, андан соң сабизди, кабакты салып кууруйбуз. Аягында помидор менен сарымсакты салып 3 мүнөттөй кууруйбуз. Татымына жараша туз жана кара мурч кошобуз.
Андан соң макаронду салып аралаштырабыз. Үстүн көк чөп менен кооздоп дасторконго коёбуз.
Кеңеш Кабак балык жана тоок эти менен мыкты айкалышат. Андыктан шишкебек жасоодо бул жашылчаны чокко кактап бышырып, гарнир катары колдонууга болот.

КАБАКТЫН ПАЙДАСЫ

  • А, В1, В2, С, РР витаминдерине жана адамдын организмине керектүү болгон калий, кальций, магний, цинк, жез, фосфор, натрий элементтерине бай болгондуктан ашказан, ичегилердин иштешин жакшыртат.
  • Курамында азык буласы жана клетчатка бар. Булар зат алмашуу процессин жакшыртып, организмден ашыкча заттарды бөлүп чыгарууга жөндөмдүү.
  • Заара кубалоочу касиетке ээ. Жүрөк-кан тамыр, боор, бөйрөк оорулары менен жабыркагандарга сунушталат.
  • Аз калориялуу. 100 граммында 24 килокалория бар. Арыктайм дегендер бул жашылча менен достошкону туура.
  • Аллергия жаратуучу касиети дээрлик жок. Андыктан жаш балдардын менюсуна кошууга болот.
  • Кабактын маңызынан жасалган маска терини нымдаштырат жана агартат.

Эскертүү: Кабак гастриттин курч кармаган түрү менен жабыркагандарга сунушталбайт.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(8)
27.06.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен кече сатып алган болчум
27.06.2017. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 кг кабак канча турат?
28.06.2017. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабак остуруш керек экен а? Пайдасы жакты.
29.06.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не бул
30.06.2017. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Кабачки" деп айтып конупмун. Кабак десе эмне экен депмин. Кууруп ортосуна помидор кесимин, чеснок майонез менен , анын устуно кайра эле куурулган кабачки коюп даярдайм, жакшы коруп жешет уйдогулор.
30.06.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо цукини башка нерсеби
30.06.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цукини деген не
03.07.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цукини башка кабачок(қабақ) башка
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо