Алмаз Шаадаев, ырчы: «МАШИНАМДЫ «АЛТЫШКАМ» ДЕП ЭРКЕЛЕТЕМ»

№764 23-29-июнь, 2017-ж.

Адатта көпчүлүк айдоочулар темир тулпарынын тизгинин көп кишиге карматкысы келбейт. Бүгүнкү каарманыбыз Алмаз Шаадаев "унаамды сурагандардын баарына берем. Бул жагынан сараң эмесмин" дейт. "Колум ачык" деген ырчы бизди жоргосу менен тааныштырды.

Унаасы тууралуу:

Үлгүсү
– Toyota Harrier
Кыймылдаткычынын көлөмү – 2400 см3
Чыккан жылы – 2002-жыл
Баасы – Ырчынын айтымында, 3 жыл мурун 9 миң долларга алган
Түсү – Асфальт өңүндө
Эң жогорку ылдамдыгы – Саатына 180 чакырым

– Алмаз, алгачкы жолу рулду башкаруу бактысы сизге качан буюрду?
– 2012-жылы 22 жашымда Nissan Cefiro үлгүсүндөгү унаага отургам. Атам мурун коркуп, балдарына көп машина айдатчу эмес. Биринчи жолу темир тулпардын рулу колума тийгенде Нарындан Бишкекке чейин айдагам. Жанымда атам бар болчу. Өзүмчө коркуп, жеткиче чыкпаган жеримден тер чыккан.

– МАИ кызматкерлери таягын шилтеген учурларда абалдан кантип чыгасыз?
– Алар менен мамилем жакшы. Кармалып калганда көпчүлүгү тааныйт, "ээ, Алмаз, тойго чакыралы, "Фаридамды" ырдап бер" деп көбү коё беришет. Мен дагы айткан сөзүмө туруп МАИ кызматкерлеринин тойлорунда кызмат кылып жүрөм. Жол эрежесин атайылап деле бузбайм. Шашып баратып жол чырактын кызылы күйгөнүнө карабай өтүп кеткен учурлар көп болот. МАИ кызматкерлерине көбүнчө ылдамдыкты ашырып жиберген учурда кармалам. Учуруп айдаган ылдамдыгым саатына 180 чакырым болсо, негизи ээн жолдо саатына 140 чакырым менен жүрөм.

– Темир тулпарды ырдап жүрүп алдыңызбы?
– Мурунку унаамды 5 миң долларга саттым да, үстүнө акча кошуп ушул машинаны алдым. Көбү эле "машинаңды "Фаридам" ырынын аркасында алдың болуш керек" дешет. Ал ырдын аркасында бизнес ачтым. Ал эми машинаны гастролдордон түшкөн акчага алдым. Кийин жаштар чыгат, бир күнү болбосо, бир күнү "өчүп" калабыз дегендей. Ошондуктан учурдан пайдаланып бизнес ачып алалы дедик.

– Эмне үчүн Toyota Harrier?
– Мага негизи эле Toyota үлгүсүндөгү машиналар жагат. Себеби салонунун ичи жумшак, асты бийик болуп жол тандабайт. Машинамды "Алтышкам" деп коём. Көп деле эркелете бербейм.

– Унаа алмаштырганды сүйгөндөрдүн катарын толуктасаңыз керек?
– Акыркы 5 жылда 3 эле жолу машина алмаштырдым. 2 жылдан бери дал ушул машинамды алмаштырбай айдап келгенимдин себеби майды аябай аз ичкенинде. Lexus-470, 570 машиналарын деле сатып алсам болмок. Бирок алар майды көп жейт. Көргөзмөгө алып чыкпагандан кийин азырынча ушул машина болот. Күнүмдүк бензиниме болгону 500 сом кетсе, башка досторум унааларына күн сайын 1000-1500 сомго май куюшат. Негизи акжолтой машина, мени бир да жолу жолдо калтыра элек.

– Айдоочулук күбөлүккө качан ээ болдуңуз?
– 11-класста окуп жүргөндө эле Нарындан сатып алгам. Анан иш жүзүндө өзүм айдап жүрүп үйрөнүп кеттим.

– Унаанын тазалыгы көп айдоочулар үчүн башкы орунда эмеспи. Сизде кандай?
– Машинамды анчалык деле бапестебейм. Бирок бузулган жерлерин убагында оңдотуп турам. Өзүм жууп көрө элекмин. Дайыма унаа жуучу жайга кайрылам. Унаамдын ичине отурган адамдар кысылбай отурушун каалайм. Мисалы, кээ бирлер салондон тамеки чеккиси келиши мүмкүн. Мен андайларды жаман көрүп, тыюу салбайм. Машинамды сурагандар болсо берем, сараң эмесмин. Унаамдын бамперин сүзүп же чийип келишкен учурлар болот. Бирок калыбына келтирип, сырдап жасап беришет.

"Ачкычты машинанын ичине сайып коюп унутуп калган учурлар көп болот".


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg


Алмаз Шаадаев: "МАИ кызматкерлерине тоюңузда ырдап берем деп кутулам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(31)
27.06.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми ушундай да маек болобу. Такыр эле кызыксыз. Окуган да к елбейт акырына чейин
27.06.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
мактаныч...
28.06.2017. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
love_you,9 мин долларга алганы чын болсо правый руль албай эле левушка алса болмок жылы деле жаны эмес..6мин долларга ушул марка ушул жылды сатып ийген эле...ким билет качасы чын канчасы калп...
27.06.2017. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
"Satyp algam" dep balchaityp ele aityp koiuptur go...
27.06.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
engel,ошону айтсаныз. 11-класс балага кайсы кок мээ сатты экен? уят деген жок го. хотябы жымсалдаса болбойбу,11-классымда алгам деп, маданият окулу эмес, карапайым биз, антип сатып алдым деп айткандан уялабыз. хотя баары эле почти сатып алат денизчи
27.06.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Нарында права саткандарды жайлапсыз ээ)))
27.06.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сефиро сонун машина окшойт мен дагы жакында алам кызыгып журом Нурмат Садыровдуку да биринчи машинасы сефиро болчу,Нурлан Насиптики да Сефиро,мунуку да сефиро экен бирок биздин айылда Ананеводо сефиролор ото эле аз
27.06.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чу дегенде эле машинасын олгудой мактап кириптир го... Праваны кыйратыпсын сатып алып... Мактанганын ааламды бузат ко
27.06.2017. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
9 миң доллар дегени чындыкка жакындашпайт, ашып барса 4 миң доллар
27.06.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уят созуно сатып алгам дегенине
27.06.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мактанып эле озунчо эле болбой калды ушул
Медиа-портал
27.06.2017. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
колун кайра, кайра эле чыгарат, Шадаевди укпай эле колун чочуп карай берип, качан бир нерсе илип кетет экен деп, интервьюусун тушунбой калдым
27.06.2017. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
))))
28.06.2017. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
"Жол чырактын кызылы күйгөнүнө карабай өтүп кеткен учурлар көп болот" депсин, бул сенин ГАИлерди гана сыйлабаганын эмес, башка айдоочуларды козуно илбегенин да.
28.06.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2,4 обьем менен 140 менен журуш кыйын го,кыйналып эле журот экен да мотор))))
01.07.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef,1.5 менен 150те журушот)))
01.07.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asdef, 2,4 240ка чейин чыгат
28.06.2017. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Сатып алса сатып алдым дейт да,саткандар уялбай сатып алгандар уялыш керекпи,кызык адамдар коп бизде андан коро жакшы тилек,жакшы каалоо жазып койгула андан бир жеринер кемип калбайт. Чындыкты айтса, калп айтса,мактанса болбосо деги элге кандай адам жагат. Жакшы созго жарды болбогулачы мусулман бир туугандар.
04.07.2017. 02:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurkyz1977,+++ ичинде кири жок болгонун болгондой суйлогон бала экен
28.06.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек болуптур, ийгилик.
28.06.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркек чындыкты жашырбай айтыпсын
29.06.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Машинанды алтышка десен машинана эле уйлонуп ал
29.06.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
470'570 Lexus албаганын жакшы болуптур ото жпман машина сага жарашпайт
30.06.2017. 00:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интервью десе оюна келгенин суйлой беришет э тообо бул гезитти бут кыргыз эли окугагы мн иши жок сенин машинан 3 жыл мурун канча турганын баары эле билсе керек иним аман бол бар бол бай бол 570л алып алсан айтип кой
30.06.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сатып алган праваныз менен сатып алган машинениздин аягынан шамал дуулдап ото берсин. Нарында жалан кой эле сатылат экен десе, права да сатылат турбайбы. Дорожные правиланы уйротуу да сатылат бекен?
30.06.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Алтышкандын жылы мынча эски 2002 жыл. Жаныраагын минсен жакшы болмок 9000$га
02.07.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
3жыл мурун ушнда еле баа болгон достор мышык майга жетпей сасык дептир болбогула
02.07.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Уялбай эле сатып алгам деп койдуго,сатып алгам деп оз мойнуна алды жоопко тартылабы?
01.08.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Вообще жакпайт фунчеза деп кудум ушуларды айтасын, чычалап кетишет анан.
Медиа-портал
18.12.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эреже бузбай жур
Медиа-портал
18.12.2017. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алаксыба эч качан озуно жаман
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо