Самара Каримованын иниси Сагынбек Каримов: "ЭЖЕМДИ КЫЗГАНЫП, АГА ЖАЗЫЛГАН КАТТАРДЫ АЙРЫП САЛЧУМУН"

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

Удаа өскөн бир туугандар адатта бири-бирине өтө ынак келишет. Ырчы Самара Каримованын жакшы көргөн иниси Сагынбек "урушканыбыз да, табышканыбыз да бат болчу" деп бизди удаа өскөн кенжетайлардын балалык дүйнөсүнө жетеледи.

Бир тууган Каримовдор

Бактыгүл Каримова
– 44 жашта, үй кожойкеси
Сайрагүл Каримова – 42 жашта, юрист
Айнагүл Каримова – 38 жашта, мугалим
Миргүл Каримова – 37 жашта, мугалим
Алымкан Каримова – 32 жашта, мугалим
Уулжан Каримова – 30 жашта, бухгалтер
Самара Каримова – 26 жашта, ырчы
Сагынбек Каримов – 19 жашта, студент

"ЭЖЕМ ЖӨЖӨЛӨРГӨ КОНЦЕРТ КОЮП БЕРЧҮ"

- Кичинемде биздин үйдө жөжөлөр көп болчу. Эжем аларды залдагы эл деп элестетип, жем чачып бүткөнчө концерт койчу. Үндүктүн балапандары абдан назик болот эмеспи. Бир жолу апамдар бир жакка кеткенде биз оюнга алаксып кетип балапандардын жамгырда калганын унутуп коюптурбуз. Карасак он чакты балапан өлүп калыптыр. Аларды жашырып жерге көмүп койгонбуз.
Компотту, шоколадды аябай жакшы көрчү элем. Апам кышкыга деп кыямдын, компоттун түрлөрүн жапчу. Анан Самара эжем акырын жер төлөдөн алып чыгат да, экөөбүз эч кимге көрсөтпөй ичип, кайра баарын эч нерсе болбогондой кылып ордуна коюп койчубуз. Экөөбүздүн сүйүктүү жаныбарыбыз – бугу.
Экөөбүз удаа өскөндүктөн урушмак турсун мушташат элек. Эжем каратэге кызыккандыктан мени көп сабады. Ал "кел, акырын эле мушташабыз" деп жатып жаздык менен чаап калат. Бир катуу муштум жегенден кийин менин да жиним келип, ага атырылып жатып калчумун. Кырылып урушуп кетебиз, кайра тез эле жарашып калабыз. Жалаң кыздар жана мен болгондуктан айла жоктон куурчакты көп ойнодум.

"ЭЖЕМ МЕНИН АЙЫМДАН КӨП УРУШ ЖЕДИ"

- Үй жумуштарын бөлүшүп алчубуз. Мен үйдүн эркеси болгондуктан оңой жумуштарды өзүмө алып койчумун. Кээде экөөбүз бири-бирибизге боорубуз ооруп, жумуштарды бирөөбүз эле аткарып койчубуз. Эжем менин айымдан ата-энемден көп уруш жеди. Айылда классташтар отуруш уюштура берет эмеспи. Андай жерлерге ата-энемден сурансам, "кой, барбайсың, өзүң көзгө басар жалгыз бала болсоң" деп коюшчу. Анан айла жок эжеме кайрылчумун. Анткени Самара эжемди байкемдей эле көрчүмүн. Эжекем чечкиндүү түрдө "бара бер, мен өзүм жооп берем" деп коюп, ата-энемден тил угат эле.

"МЕНИ "ТИШИ ЖОК ЧАЛ" ДЕП ЧЫЧАЛАТЧУ"

- Атым Сагынбек болсо, эжем "Сакаш" деп эркелетет (күлүп). Мен аны "аппак эжем" деп койчумун (күлүп). Анткени үйдөгүлөр аны "кара жөжөм" деп калышчу эле. Жинине тийсем ал жөн калмак беле, 5-6-класстарда тишим жок болчу да, анан ал мени "тиши жок чал" деп чычалатчу.
Самара эжем мектепте окуп жүргөн кезде жигиттер байма-бай кат жазышчу. Аны көрүп калсам кызганганымдан эжеме жеткирбей айрып салчумун. Эжелериме болгон кызганыч сезим менде аябай күч болчу. "Мени жезде кыласыңбы?" дегендердин да саны көп болчу. Жезде болом дегендер мага жакшы көрүнүш үчүн шоколад алып беришчү. Анткени эжем сулуулар сынагына катышып, облустук деңгээлде Гран-приге ээ болгон учурлар болгон.

"ЭЖЕМ МЕНИ КЕҢ ПЕЙИЛ ЖЕЗДЕЛҮҮ КЫЛДЫ"

- Эжем абдан жөнөкөй, кичи пейил, колунан келген жардамын аябаган боорукер жан. Мектепте жалаң "5ке" окучу. Бардык сабактарыма каралашчу. Өзгөчө математика сабагынан алдына киши салчу эмес. Жогорку окуу жайына тапшырып кеткенде чогуу ойногон эч ким жок куса болчумун. Каникулга келген сайын "шаарга кетпей эле коюңузчу" дей берчүмүн. Турмушка узап жатканда дагы башкача сезимдерге туш болгом. Бир тууганым өзү эле мен үчүн мыкты болбостон, кең пейил жезделүү кылды. Анткени аны экинчи атам десем болот. Окуткан, көп жакшы адамдар менен тааныштырган дал ошол инсан. Ал эми жээндерим болсо үчөө тең үйдүн эркетайлары. Кээде ушунчалык жиниме тийишет, андайда катуу айтып урушуп калам.

"Экөөбүз удаа өскөндүктөн урушмак турсун мушташат элек".


Жазгүл Кенжеева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(54)
04.07.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
emi yshyl ele kaldu maek berbegen
04.07.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Ай ий орттонуп эле жатып калыпсынар го.... Кыйын болсонор Самаранын денгээлине жетип анан, сын такпайсынарбы? Кээ бирки ырчылардан мин эсе уну жакшы да..А инисине келсек, ошондой эженер болду бекен мактанчу силердин? Тынч койбойсунар э тим эле..
04.07.2017. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эми ушул бала калды маек бербеген. Сапатсыз ыр менен чыккан талантсыз ырчвлардын заманы болду
07.07.2017. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Izdeim_seni., жаштардан менен маек кургуңар келсе Темирбек Матыбаев менен Элмирбек Иманалиевти чакыргылачы.
04.07.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+46
Жездеси атасы менен тен болсо 2-атасындай болот да. Самара экоо тен ошол экинчи атасынын артынан чыгып атышат. Жашасын экинчи атаааа!!!
04.07.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
aa93,жездеси атасынан кичине айланайын,
04.07.2017. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушундай залкар инсандарыбыз коп эмнеге ушуга окшогондордон интервью аласынар?Отуп кетсе арман кылабыз,интервьюну улуу муундан алгылачы анткени ото кызыктуу маеги.Мурдагы жылдарга барып келгендей болосун.Азыркы жаш ырчылар жашоосу ичкен жегенинен бери инстаграммда ,кызыксыз.Сунушту жеткирип койсонор.
04.07.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Не деген макала болду бул эми. Эжем андай эле, эжем мындай эле. Мен мындай элем. Баарыбызда эле бар мындай баштан откон нерселер. Макалага кадырлуу инсандар жонундо жазылса. Кызыгыып окуйсун
04.07.2017. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Удаа чонойбой эле, сагынбек самарадан жети жашка кичуу экен го
04.07.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Ой тообо. Ушудан коро Зейнеп Шакеева,Саламат Садыкова, Алтынбек Сапаралиев,Жамиля Муратова, Гульнара Тойгонбаева, Аалы Туткучев ошого окшогон таланттуу инсандардан интервью алсанар болмок. Жеке оюм.
04.07.2017. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Ото эле кызыксыз маек.Эми кимге керек Каримова кандай болуп чонойгну
04.07.2017. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
экинчи атабыз))))))
04.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Абдыкалык Акматов деген актердон да алгылачы чон сураныч супер инфо?
04.07.2017. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
nurkiyal,таанышыңарды сунуштабагылачы)))
04.07.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аалы Туткучовдон интервью алгылачы сураныч!
04.07.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Супер инфо ХХХ ХХХ Элге кызыктуу маек чыгаргылачы. Маанилуу инсандардан. Мисалы министрдин кызынын махабатындагы кыз Роза Азимбаева арапка тийди эле го. Ошол кыз дан маек алгылачы сураныч. Дагы коп инсандар бар маек ала турган.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-05 11:33:06
05.07.2017. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
love.me.again,
1. Гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер gazeta@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
2. Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
04.07.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аида чоткараевадан, улуу муундагы жакшы жакшы адамдардвн алгылачы маекти сураныч
04.07.2017. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Сагынбек азаматсың!!! Сен чыныгы таланттын уулусуң! Майда барат,монитор алдындагы баатырлардын сөзүн укпа!Бир тууган деген рубрикада бир тууган тууралуу кеп курат да. Эмне төө десе бээ десинби? Оозуңар менен орок оргонду качан токтотосуңар?!!Туура,менин пикирим силерге жакпашы мүмкүн.Бирок жүрөктү кенен койгула. Ырас жакпайбы? анда окубай,18-бетке өт)
05.07.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Rasul_Rahmanaliev,Самара сага ырларымды эфирден берип тур ХХХ ХХХ Атасы ким озу Самара озу деле айта берет ,атам таланттуу деп,озунон башка кишилерден укпагам...таланттуу деп .Эмнени ырдаган...Бир жерде Самара суйлогон экен,керек болсо Рыспай Абдыкадыровдон да кучтуу аккардеон тарта алат атам деп.Айтайын дегеним ошол кишинин уктабай ,туну менен жазып койгон обондорун ырдап нан таап жеп,таанылып ,уй-булоо багып жатасын ошону унутпа ,
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-06 09:43:39
06.07.2017. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Alibay,ХХХХ ХХХ Менин жердешим үчүн! Баткен алга!!
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-06 09:43:50
06.07.2017. 09:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Rasul_Rahmanaliev, Alibay,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
05.07.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Rasul_Rahmanaliev, мен кошулам эн туура " Ит уроо берет, кербен журо берет" Расул мага эч нерсе толободу комент жазбай эле койгула.
05.07.2017. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Самара жакшы кен пейил аял экен аябай сыйлап калдым, ал Эми жашоосуна сынтакпай эле койгула баарынврда кыз бар, кыздуу болосунвр дегендей, ошол Адам менее бактылуубу анда смлер кысыла талантына да соз жок,Самара бактылуу бол мыктысын
05.07.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
жамандаса плюс басасынар жакшы соз айтып койсо минус басасынарда мактап койсо ичинер куйуп кетет
05.07.2017. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Самара азамат, үнү соонун, ырдаганы да соонун. көчүгү күйүп кычышкандар ар деме дей берет.
06.07.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Самаранын талантына, сулуулугуна соз жок. Ал эми инисин пиарлагандын керееги бар беле? Иниси да ырдап чыга албай журот, ошого суранышса керек да чыгарып бергиле деп. Бирок Самара азамат! Мындай мактоосу жок эле эл таразалап алды. Куйосуно асылып кереги жок. Бул тагдыр. Кимди эртен эмне кутуп турат эч ким билбейт!
06.07.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тообо кылдым кудай сактасын биринчи пейилибиз ондосок,Айпериге,Малика Динага Анжеликага жб кирип окуп келеткам баарына жаман жазгансынар не кереги бар достор?! Ушакты суйлоп не кыласынар озбуздун артыбызданда жаман жок создорду болгондой угуп журогубуз ооруйтко?! Чындап жакшы создорго бут минус ошол туурабы?! Жакшы Адам укканында коргонунда жаман жагын чыгарбайт любой адамдын! Капыргада тийип атат жаш кыздар аялы бар мн ойнош, а бул жашап ататко соонун эле бизге эмне кереги бар?!
06.07.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жаман коруп жиркенип аткан адамынар болсо да силер жакшы болсонор бир жакшы соз жазып коргулочу озунорго эле ошол канча позитив болот экен жок легенде озунорду сынап
08.07.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мынча кемпир чалдардай наалып ушактайсынар
09.07.2017. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул Самара такыр жакпайт мен буну чоон катын деп ойлоп журо берипмин жаман чоон корунот озунон канча жаш уулуу адамга тийип алса ошондой картан коруносунда
09.07.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле ото картан корунот.
09.07.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
35 жаштагы айым деп ойлопмун.
09.07.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жылы да ош драмтеатрга 20кун концерт берер бекен?
10.07.2017. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
мынча уят да силерден тамак сурап жеп атабы карт корунсо силер менен бирге журобу тооба кылдым озунордун фотонорду да жоноткулочу силерди да сындайлы
10.07.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дем театрынын жигиттеринен маек алгылачы Мега тойдун коркун ачкан.
10.07.2017. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча сурансак да чыгарбай жатасынар Кудайберген Кутуев деген инсан таптакыр жоголуп кетти,ошол кишиден да интерьвю алгылачы
10.07.2017. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-10 14:28:52
18.07.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samaranyn yrlary dele jok go,but ele eski yrlardy yrdap ,ozun dagy inisin dagy piar kylyptyr da jon ele,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо