-

2016-жылдын 30-августунда Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратында болгон
ТЕРАКТ боюнча кармалган 3 жаранга сот чечими чыкты. Айыпталып жаткан Хикматилло Абдулажанов, Күназим Мансирова 10 жылга жана Хасамидин Исмаилов 18 жылга эркинен ажыратылды.
-
Сузактын Акчалуу айылында сел коркунучунан улам эски көрүстөндөгү 1500 АДАМДЫН СӨӨГҮ коопсуз аймакка көчүрүлүүдө.
-
Меккеге АЖЫЛЫК САПАРГА бара турган 4585 Кыргыз жараны 20-июлга чейин сасык тумоо жана менингитке каршы эмдөөдөн өтөт. Аталган маалыматты муфтияттан кабарлашты.
-
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети "Манас" эл аралык аэропортунан 12,3 килограмм (27 миллион сомдук) зер буюм жана баалуу таштарды өлкөгө АТКЕЗЧИЛИК жол менен алып келе жаткан У.И. аттуу кыргыз жаранын кармады.
-
Борбордук шайлоо комиссиясы ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООНУ жана үгүт иштерин чагылдыруу үчүн 41 жалпыга маалымдоо каражатын каттады. Каттоо 4-июлда аяктайт.
-
2017-жылдын 5 айында үй-бүлөдөгү ЗОМБУЛУК боюнча 100 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу маалыматты ИИМден таратышты.
-
Чет өлкөдө жашап жаткан ЭТНИКАЛЫК КЫРГЫЗДАР үчүн 2017-2018-окуу жылына карата республиканын окуу жайларынан 75 гранттык орун берүү сунушталууда.
-
ЖАЛПЫ РЕСПУБЛИКАЛЫК ТЕСТИРЛӨӨГӨ катышкан 47 523 катышуучунун 26 103ү (53 пайызы) гана босого баллынан (110 балл) өттү.
-
Чек ара аймагында теракт уюштурууну пландаган деген шек менен 4 адам кармалды. УКМК аларды эл аралык ТЕРРОРДУК УЮМДУН мүчөлөрү болгон кыргыз жарандары деп билдирүүдө.
-
2017-жылдын январь-май айларына карата мамлекеттик БЮДЖЕТТИН КИРЕШЕСИ 54 миллиард 793,9 миллион сомго барабар болгон. Бул тууралуу Каржы министрлигинен таратышты.
-
28-июнь күнү ооруканада Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында УНАА СҮЗҮП КЕТКЕН патрулдук милиция кызматкери каза болду.
-
2017-жылы Мамлекеттик КАМСЫЗДАНДЫРУУ уюму менен турак жайды камсыздандыруу боюнча 14,3 миң айыл тургуну жана 3,4 миң шаар тургуну келишим түзгөн. Учурда 43 жаранга уюм тарабынан жардам берилген.
-
Жогорку Кеңештин депутаты Гүлшат Асылбаеванын 5-МАРТТЫ Ак калпак жана улуттук кийим күнү деп белгилөө демилгесин парламент колдоду.
-
Парламент депутаттары МЕКТЕПТЕРДИ 5 күндүк окуу тартибине өткөрүү демилгесин 1-окууда колдошту.
- Жалал-Абад шаардык кеңешине шайланган депутаттар биринчи сессияга чогулуша элек. Буга КСДП менен "ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС" фракцияларынын ортосундагы шаар мэрлигине болгон талаш себеп болууда.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg