№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
Кыргыз аскерлери Сирияга согушка жиберилеби? Жуманын негизги суроосу, талкууга түшкөн темасы ушул болду. Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Казань шаарында мамлекеттик иш сапарынын жыйынтыгы боюнча журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып бул темага да кайрылды. Өлкө президенти Кыргыз аскерлерин Сириядагы согушка жиберүү тууралуу Орусия менен эч кандай сүйлөшүү болбогонун айтты. "Владимир Путин менен тар жана кең чөйрөдөгү жолугушууда да, тамак учурунда да аталган маселе көтөрүлбөгөн. Бул жөнөкөй маселе эмес",- деди президент. Ажо мындай кадамдын ишке ашуусу үчүн БУУнун резолюциясы, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн макулдугу, эң негизгиси Жогорку Кеңештин макулдугу керек болорун эскертти. Жогорку Кеңештин депутаттары мындай чуулгандуу маселеге комментарий берүүдөн качып, "расмий маалымат келбеди. Келсе аны парламент чечет" деген ойду карманышууда. Саясий жана аскердик эксперттер "Сирияга аскер жиберүү Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) атайын жобосуна ылайык гана жүргүзүлөт" деп билдиришти. Бул учурда коомчулукта "Сирияга аскер жөнөтүп Кыргыз өлкөсү эмне утат? Башкалардын согушуна аралашпашыбыз керек" деген пикирлер көп айтылды. Ошондой эле Орусиянын мындай сунушун 240 миллион долларлык карызды кечүү менен байланыштырышууда. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2026 © SUPER.KG |