ТУРСУНБЕКОВ ИНТРИГА КАРМООДО

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

Президент Алмазбек Атамбаев 24-июнда Орусиянын Казань шаарында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, өзү түптөгөн Кыргызстан социал-демократтар партиясы президенттик шайлоого бир гана талапкерди алып чыгарын билдирди. Спикер Чыныбай Турсунбековдун президенттик жарышка талапкер катары катышуусу мүмкүн экендиги тууралуу: "Бизде, Кыргызстанда демократия, ким кааласа талапкер боло берет. Бирок социал-демократтардан бир талапкер болот, мен ойлоп турам, Жээнбеков болот деп. Кыргызстанда 200 партия барбы, ким билет? Өзүн-өзү көрсөтүп чыкса дагы болот экен, ошондуктан эч кимге тоскоолдук жок. Социал-демократтар Жээнбековду 20 жылдан ашык убакыттан бери билет, ага караганда ошол эле Чыныбай Акунович жакында эле келди да?"- деп билдирди. Эскерте кетсек, өткөн аптада спикер Чыныбай Турсунбеков КСДПнын саясий кеңешинин башчысынын биринчи орун басарлыгынан бошоп, ордуна президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов шайланган. Бул окуя "Чыныбай Турсунбеков президенттик шайлоого талапкер катары катышат" деген жоромолдорду күчөткөн. Азырынча Жогорку Кеңештин спикери бул маалыматты ырастап же төгүндөбөй, интрига кармап турат.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо