№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
2017-жылдын 15-октябрындагы президенттик шайлоого талапкер болом деп БШКга арыз тапшыргандардын саны 29-июнда 11ге жетти. "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев аталган партиялардын сунушу менен арыз тапшырса, калган 9 жаран өзүн-өзү көрсөткөн. Алар: "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев, "Лига-Антикризис" борборунун төрагасы Назарбек Нышанов, "Зима не будет" деген кеби менен элге таанылган коомдук ишмер Арстанбек Абдылдаев, "Коомдук анализ институту" уюмунун жетекчиси, укук коргоочу Рита Карасартова, "Ата мекендик өндүрүшчүлөр" ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев, Латвиянын «Маро» фирмасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Сайнидин Султанидинов, Борбор Азиядагы Америка университетинин негиздөөчүсү Камила Шаршекеева, экс-депутат Турсунбай Бакир уулу жана эл аралык эксперт Таалатбек Масадыков. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |