ЖУРНАЛИСТ КЫЗ ДЕПУТАТ МУСАБЕКОВАНЫН ҮСТҮНӨН ПРОКУРАТУРАГА АРЫЗ ЖАЗДЫ

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Жылдыз Мусабекованын үстүнөн журналист Үпөл Анаркулова Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу журналист Анаркуловага байланышканыбызда жазылган арыз боюнча Башкы прокуратурадан жооп бериле электигин билдирди. Арызда Мусабекованын журналистти "спортчуларды жалдап, зордуктатам" деген сөздөрүн жүйө келтирип, Башкы прокуратурадан кылмыш ишин козгоону суранган. Коомчулукка тараган журналист менен депутаттын телефондук сүйлөшүүсүнүн аудиожазуусун Мусабекова монтаж деп атоодо. Аталган маселе боюнча КСДП фракциясы бир нече ирет жыйынга чогулган, бирок Мусабекова ар кандай шылтоо менен отурумга келбей жүрөт. Анаркулова "фракция Мусабекованын ишин кароону кечиктирип, жайкы эс алуудан кийин унутулуп кетүүсүн каалап жатат" деген ойдо.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо