№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
"Манас" аэропортунун жанына кулаган Боинг учагындагы кандуу жүктүн тек жайын иликтөө үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия өз ишин жыйынтыктады. Депутаттар тобу иликтеген иш боюнча документтер эл өкүлдөрүнө таратылып берилген, бирок качан парламентте бул иш каралары белгисиз. Комиссиянын мүчөсү болгон депутат Максат Сабировдун айтымында, жүк ээлеринин тизмесин түзүшкөндө анын 2 тонннага жакыны Кыргыз өлкөсүнө жеткирилмек болгону такталган. Депутат "ал жүк президентке таандык эмес" дейт. Комиссия мүчөлөрү "кыйраган учак Кыргыз мамлекетине май куюу үчүн гана токтогон" деп жыйынтык чыгарышты. Депутаттар чогулткан документтер Башкы прокуратурага өткөрүлүп, ишти аягына чыгаруу тапшырмасы берилгени айтылды.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
-6
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |