Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КҮЙӨӨСҮ АЯЛЫНЫН БАШЫН ТАШ МЕНЕН ЖАНЧЫП ӨЛТҮРГӨН. КЫЛМЫШКЕР 20 ЖЫЛГА ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

"ПИКИР КЕЛИШПЕСТИКТЕН УЛАМ УРУШ ЧЫККАН"

Бирге түтүн булатып келген үй-бүлө бир жарым жыл мурун эки айрылыш жолго түшкөн. Жубайлардын ээн талаадагы акыркы сүйлөшүүсү кандуу өлүм менен аяктаган.Окуянын чоо-жайын Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова айтып берди:
– 2017-жылдын 15-январь күнү саат 10:00 чамасында Баткен районунун Кара-Булак айыл аймагынын Чет-Булак участкасынын күн чыгыш тарабындагы талаанын четинен болжол менен 25-30 жаштагы аялдын киши колдуу болуп өлгөн жансыз денеси табылган. Баткен ОИИБинин жана Баткен
РИИБинин опер кызматкерлери тарабынан ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында маркумдун аты-жөнү такталган. Ал Баткен районунун Дара айыл аймагынын Чек айылынын тургуну, 1989-жылы туулган Гүлдана Темирова экени аныкталган. Бул ишке шектүү катары маркумдун күйөөсү, Кадамжай районунун Ак-Турпак айылынын тургуну, 1983-жылы туулган Сапарали Эгембердиев кармалган.
Кылмышкердин айтымында, жубайлар 2015-жылы ажырашып кетишкен. 2017-жылдын 14-январь күнү Баткен шаарынын борбордук базарынан жолугуп, Чет-Булак айылынын четиндеги талаага барышкан. Пикир келишпестиктен улам уруш чыгып кетет. Кылмышкердин айтымында, маркум анын намысына тийген сөздөрдү сүйлөгөндө чыдабай аны таш менен башына бир нече жолу уруп, окуя болгон жерден кетип калган. Унаанын ичинде калган маркумдун телефонун, сумкасын Кадамжай району менен Баткен районунун ортосунан өткөн Көк дарыясына ыргытып жиберип, ал эми сим-картаны сындырып, жолго таштап салган. Кыздарына алган буюмдарды ошол эле жолдун четиндеги арыктын боюна жашырып, андан ары изин суутуп кеткен.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жыйынтыкталды. Баткен райондук соту кылмышка шектүүнү 2-июнда 20 жылга эркинен ажыраткан. Эми ишти Баткен облустук соту карап жатат.

"АЧУУМ КАТУУ КЕЛГЕНДИКТЕН ТАШ МЕНЕН БАШЫНА ЧААП САЛДЫМ"

Сапарали Эгембердиев тергөө убагында төмөндөгүдөй көрсөтмө берген:
– Аялым менен ажырашып жүргөндүктөн 2017-жылдын 14-январь күнү экөөбүз сүйлөшмөкчү болуп шаардын четине чыктык. Ал жумушунан суранды, мен айылдан келдим. Башында бир сааттай жакшы эле сүйлөшүп отурдук. Ал мени менен ажырашып жүргөн убакта башка эркектер менен болгон мамилесин айтып, намысыма тийген сөздөрдү сүйлөгөндө аны чаап жибердим. Аялым унаадан түшө калып, жерден таш алып мени чапты. Ошондо ачуум катуу келгендиктен таш менен башына чаап салдым. Бир карасам жерге жыгылып калган.

"КЫЗДАРЫНА "АПАҢАР ОРУСИЯДА ИШТЕП ЖҮРӨТ, ӨРҮК БЫШКАНДА КЕЛЕТ" ДЕП АЛДАП ЖАТАБЫЗ"

Маркумдун атасы Ахматжан Муратов менен байланышканыбызда ал буларга токтолду:
– Кызым жолдошу менен ажырашканына 1 жарым жыл болгон. Себеби аны жөнү жок сабачу. Буга чейин да башына катуу чаап, эсине келбей жандандыруу бөлүмүнө жатып чыгып, араң жакшы болгон. Гүлдана ажырашкандан кийин жөлөк пул, алимент дегендерди талап да кылган эмес, болгону кутулганына сүйүнгөн. Мурда өзүм эки жолу "жашсыңар, турмушта болуп турат" деп жараштырып койгом. Акыркысында кызым "бул мени жинди кылып коёт" дегенинен барып, оокаттары менен кызымды алып келе бергем. Үйгө келгенден кийин кызым иштеп, кыздарын багып жаткан.
Окуя болгон күнү күйөө балам аны базардан унаасына салып ээн талаага алып кетиптир. Бул пландалган эле иш. Атайын башка бирөөнүн унаасы менен келгенине караганда өлтүрөйүн деп эле келген. Буга чейин эле сөккөн, коркуткан билдирүүлөрдү кызыма жазып жүргөн экен. Ошол күнү кызымды бир күн кечке издедик. Жумушу менен бир жакка кеткенби деп жаттык, бирок мындай түшкө кирбеген окуя болуп кетет деп ойлогон да эмеспиз. Кызымдын башы жанчылган абалда талаада жатканын кой жайып жүргөн киши көрүп, милиция чакыртыптыр. Биринчи таш менен чапкылаганда кызым өлбөптүр, күйөө балам болсо кетип калган экен. Кийин бир аздан соң кайра келип, өлбөй калганын көрүп, таш менен башын жанчып, майдалап таштаптыр.
Кызымдын артында эгиз кыздары калды. Эс тартып калгандыктан "апабыз кайда?" деп сурашат. "Орусияда иштеп жүрөт, өрүк бышканда келет" деп алдап жатабыз.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(28)
04.07.2017. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Кудай сакта. Адам олтуруш ушунча оной болуп калганбы тобо! Турмушка чыккандан деле корком
04.07.2017. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эмне деген куноолор?
Турмушка чыккандан деле коркуп каласын тооба. Баарыбызга ыйман берсин!
04.07.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Турмодо чирийт тура
04.07.2017. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Азыркы заманда анча-мынча эр болумуштан коро эрсиз эле откон жакшы болуп калды, карап куйоого чыккыла кыздар.
04.07.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Коркпогула кыздар баары жакшы болот, эркек козун, аял оозунттыйса...
04.07.2017. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Суротун коруп жийиркенип кеттим,кандай гана акмак. Аялым башка турмушка чыгып кетет деп ичи куйсо керек да.... Кудай озу мындай макулуктарды адамдардын арасынан алыс эле кылсын жана жазаласын...
AykaMer түзөттү 2017-07-04 15:16:26
04.07.2017. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азгооо 20 жыл
05.07.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биз качан маданияттуу бири бирибизге бакыт каалап эки жолго тушконду уйронобуз?
05.07.2017. 07:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Турмодо чирисин!
05.07.2017. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Байкуш кичине кыздарда эмне куноо энесинин жытына мээримине зар кылган атасында эч кандай жоопгерчилик деген жок экенда кудайым озу жазаасын берсин
05.07.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгиз кыздарынын апасыны эстеп сураганы абдан таасир кылтат ыйлапта алдым
05.07.2017. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде тээ илгертеден эле аялды эркектин колундагы буюму, кызматкери катары карап келишкен. Ата-энелер тарбияны да ошого карата берген. Кызсынбы тыйыл! Оозунду жап! Турмушка чыксан, кун бол, унчукпа! Унчукпай женесин! деп. Эч качан бир дагы ата-эне кызын колдоп бопологон эмес. Байкуш кыргыздын кыздары келиндери аялдары кор болгонго эле жаралган окшойт. Тиги акмакка 20 жыл да аздык кылат. Озунун канынан жаралган кыздарынын коз жашын ойлобой, колун канга малып, бир байкуш жанды олтуруп. Акмак!
05.07.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай эрден менда зорго кутулгам. Мага бычак такап урчу эле, акырында пистолетке өттү, качып жүрүп кутулдум. Булардын характерине түшүнбөймүн.
05.07.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
simone,тушунодо албайсыз анткени булар коркок,психика лык жактан жабыркаган,озуно ишеничи жок байкуштар!
05.07.2017. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул коменттерди жазбасам болбос. Сапар дегенди жакшы тааныйм эчкимге зыяны тийбеген киши эле . Айалы бакшы болуп кетип ошонун артынан ажырашкан . Кыздын атасынын айтканы тескеричинче сапар ака бишкекке аялы коркутканы учун бишкекте жашырынып журду.
05.07.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен да куйоомдон корком да катык урат тебет башым орукчан болуп калды уже 30 га чыга элек
05.07.2017. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизде байкуш аялдарды мынча кор тутушат. Кыскасы соз жетпейт
06.07.2017. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Окуяны баяндаган тергоочу ж.б.суротун чыгарбай койсонор болбойбу, кылмышкер ушул экен деп карасан акыры милиция болуп чыгат. Алардын суроту керек эмес, окуяны тушундуруп бергенинин озу жетиштуу.
08.07.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
CEO,Ото туура айттын
06.07.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кыздын атасы айткан кептерге ишенбедим. Туура жакшы иш болбоптур. Бирок кылмышкердин айткандары чын болсо, кыз ажырашкан кундо да озун тыйышы керек. Эгер жарашуу оюнда болбосо экс куйоосу менен жолукпашы керек болуучу...

Эми окуя кандай болгону маркум менен аны олтургон куйоосу билет, окуяны канчалык туура айтты, Кудай билет...

Баарынан да кыздарына убал, апасы олуп, атасы турмодо болсо...

Негизи ата-эне уул остуробу же кызбы, туура тарбия беришсе!!!
07.07.2017. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Братан эркек экенсинн сенин ордунда. Менда ошондой кылмакмын
09.07.2017. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныгандар билет ким кандай экенин
09.07.2017. 07:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялымды өгөй балам менен кошулуп жаткан жеринен кармап алганмын , бирок кол көтөрбөдүм ,уруп тепкилебедим , жообун берип айдап чыктым , жаманбы Кудайдын алдында жооп берет.
09.07.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zheko,тообо эмне деп жатасын, эмне болуп баратат адамдар
10.07.2017. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulum88,Кокусунан кармап алдым, көрбөсөм ишенбейт элем .
10.07.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zheko,ал бала сизге огой болсо,аялынызга оз болобу?!!!!
10.07.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mambet25, ооба биринчи турмушунан көргөн жалгыз баласы .Качантан бери кошулуп жүрүшкөнүн билбедим , мени менен алты ай жашагандан кийин бети ачылды.Бала 14 жашта.
09.07.2017. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кыргыз барып барып тугойт окшойбус бирини бири олтуруп жатып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо