1 СААТТА 10 ЖИГИТ, 1 АЙДА 5 ҮЙ-БҮЛӨ.ЗАМАНБАП ТААНЫШУУ ЫКМАЛАРЫ

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

Замандын агымы менен учурда кыска убакыттын ичинде эле табышып, үй-бүлө курууну эп көргөн кыз-жигиттер чыгууда. Айрымдар "чет элдик жигитке турмушка чыгуу", "мусулманча таанышып, никелешүү" өңдүү кызматтарды сунуштаган жарыяларга баш бакса, экинчилери социалдык тармактар аркылуу таанышууну көздөшөт. Булар түгөй тандап, үй-бүлө курууга ортомчу болуп беришкени менен, бактылуу турмушта жашап кетишине кепилдик беришпейт.

"АЖЫРАШКАНДАР, ЖЕСИРЛЕР КАЙРЫЛЫШАТ"

Учурда таанышуу агенттиктердин катарында исламдын шариат эрежелери менен тааныштырууга шарт түзгөн нике агенттиктери сөз болуп келет. Алардын айтымында, турмушка чыгуу же үйлөнүүнү көздөгөн мусулмандарга шариат эрежелери менен никелешүүгө жардам беришет. Борборубуздагы мусулман нике агенттигинин биринин жетекчиси Адель Абдылдаева буларды айтат:
– Бизге кайрылган адамдын башкы максаты – үй-бүлө куруу болушу шарт. Ислам дининде мамиле куруп, кыз-жигит катары көп убакыт сүйлөшүп жүрүүгө болбогондуктан бойго жеткендерге таанышуу жана үй-бүлө куруу үчүн шарт түзүп келебиз. Муфтияттан жана мамлекеттен расмий уруксат алып, жеке ишкана катары иштеп келе жатканыбызга эки жылдан ашты. Борборго кайрылган адам атайын анкетаны толтуруп, каалоолорун жана талаптарын жазат. Анан биз даярдаган дин тууралуу суроолорго жооп берет. Ошонун негизинде ар бир кардардын диний билимин билип, жаш курагы менен каалоосуна жараша кандай жар ылайык келерин аныктап, табыштырганга жардам беребиз. Келгендердин дээрлик баары намаз окуган кыз-жигиттер. Кээде динден таптакыр түшүнүгү жоктор келип алышат. Аларга "жок" деп айтканга туура келет. Ал эми намаз окуганга ниети бар, жаңы окуп баштагандар же хиджаб кие электер келсе, алардын каалоосун да эске алып, жардам көрсөтүүдөн баш тартпайбыз.
Кыздарды шарттуу түрдө 18 жаштан жогору кабыл алсак, жигиттердин көпчүлүк бөлүгү 25тен 30га чейинкилер. Кээде мурда үйлөнүп, ажырашкандар же жесирлер кайрылышат. Тагдырдын сыноосуна сынбаган мындай эже-агаларыбыз келгенде алардын бактысына себепчи болуп жатканыбызга кубанам.

"АЙЫНА ОРТО ЭСЕП МЕНЕН 6-7 ҮЙ-БҮЛӨ ПАЙДА БОЛОТ"

– Бир талапкер акы төлөп 3 ай биздин кызматтан пайдалана алат. Ал үчүн жигиттер акы төлөшөт, ал эми кыздарга жана майыптарга бул кызматты бекер сунуштайбыз. Берилген мөөнөттө бардык талаптар боюнча туура келчү жуптарды аныктап, сүйлөшүүгө уруксат беребиз. Жолугушуу үчүнчү адамдын кийлигишүүсү менен өтөт. Адатта ал кыздын жакын туугандарынын бири болот. Биз аркылуу таанышып, никелешкендер жар таап бергенибиз үчүн ыраазычылыгын айтып, жакшылыгына конок болуп кеткиле деп чакырышат. Айына 35-40тай адам бизге катталса, алардын ичинен орто эсеп менен 6-7 жаңы үй-бүлө пайда болот.

"ЖИГИТТЕРДИН ТАЛАБЫ ЖӨНӨКӨЙ БОЛСО, КЫЗДАР ТОЛГОН-ТОКОЙ ТАЛАП МЕНЕН КЕЛИШЕТ"

Ал эми кадимки таанышуу агенттиктердин бирине кайрылганыбызда, анын жетекчиси Роза Иманалиева 3 жылдан бери үй-бүлө курууну каалаган жигит-кыздарга түгөй тапканга жардам берип келерин айтат. Анын айтымында, кыргыз кыздарынын тарбиялуулугу чет элдик жигиттерди кызыктырат:

– Биз чет элдик жана кыргызстандыктар үчүн кызмат кылабыз. Башка улуттун жигиттери биздин менталитетке, кыздарыбыздын сулуулугуна, назиктигине, тарбиялуулугуна кызыгышат. Агенттикке кайрылган көпчүлүк жигиттер үй-бүлө очогун курууну, балалуу, жубайлуу болууну каалагандар. Алар менен иштешүү кыйла жеңил.
Ал эми кыздар толгон-токой талаптар менен келишет. Тилекке каршы, кыздарыбыз жаш курак кыстаганынан же акчанын тартыштыгынан жашоонун кыйынчылыгын көрбөй, дароо эле бай жигиттин жубайы болуп калууну эңсешет. Ал эми акчалуу жигиттердин талаптары да акчасына жараша болот. Мисалы, бай кытай күйөөнү алалы. Ал болочок жубайынын генетикалык түзүлүшү, төрөгөнгө жөндөмдүүлүгү, билими, бою, салмагы, жадакалса тамак жасай аларына чейин карайт. Ошондуктан кыздар байды эңсеп жатканда ага татыктуумунбу деген суроону өздөрүнө бериши керек. Мындай учурда же ушул талаптарга жооп бергенге, же орто жашаган жигитти тандап, чогуу көтөрүлгөнгө макул болууга туура келет. Бирок биз аркылуу таанышкан жуптардын баарынын ортосунда сүйүү сезимдери жанып кетсе экен деп тилек кылабыз. Биз аркылуу таанышып, үйлөнгөндөн кийин ортодо пикир келишпестиктер жаралып, ажырашкандар да катталган.
Агенттикке кайрылуучулар алгач сайтыбыздан анкета толтуруп, бизден чакыруу алышат. Келгенде талапкер психолог менен баарлашып, кандай жубай болорун баалап, кандай адамга ылайык экенин аныктайт. Ошентип, ага жар тапканга чейин биздин кардар болуп тура берет. Кызмат үчүн жигиттер 3000 сом, кыздар 1500 сом төлөшөт. Борборго бир айда болжол менен 15-16 кыз келсе, жигиттердин саны андан эки эсеге аздык кылат. Учурда биздин кызматтан пайдаланган беш жуп үйлөнүү тоюна камданып жатышат.

"БИР СААТТА ОН АДАМ МЕНЕН ТААНЫШУУГА ЖЕТИШЕСИҢ"

Бишкектик жаштардын айрымдары таанышуунун дагы бир ыкмасын колдонуп жатышкан кези. Ыкчам жолугушуу кызматы нике агенттиктеринен айырмаланып, бир эле убакта бир нече талапкер менен таанышып, сүйлөшкөнгө шарт түзөт. Кайчылаш жолугушуулардын жыйынтыгында жылдызыңыз келишкен адамды өзүңүз тандап аласыз. Мындай кызмат эки адамды тааныштыруу менен гана чектелет. Мамиле андан ары уланабы, жокпу, ал эки адамдын өз колунда. Мындай жолугушууларды уюштуруучулардын бири Астра Кожошева:
– Ыкчам жолугушуу ыкмасы батышта кеңири тараганын билип, Кыргызстанда уюштурсак кандай болот деген ой менен эки жыл мурда бул ишти баштаганбыз. Башында мындай таанышууну элге сиңирүү, бул уяла турган нерсе эмес экенин түшүндүрүү бир аз татаал болгон. Кийин жаштар көнүп кетишти. Кайрылган адамдардын анкеталарын чогултабыз да, ар ай сайын шаардын кафелеринин биринде жолугушуу уюштуруп турабыз. Келгендерди жаш курагына жараша эки топко бөлүп койгонбуз. 20-30 жаштагы кыздар менен 25-35 жаштагы жигиттер, ал эми 30-40 жаштагы эжелер менен 35-50 жаштагы агалар. Бир топто 20 адам болуп, кыздар өз ордуларына отурушат, ал эми жигиттер бир кыздан экинчи кызга барып, 5-7 мүнөт аралыгында маектешип, таанышат. Ошентип айлампа иретинде өткөн таанышуулардан соң талапкерлер атайын берилген кагаздарга ким жакканын белгилешет. Эртеси күнү жактырышкандарды аныктап, бири-бири менен байланыштырып коёбуз. Катышуучулар бир жолугушууга 700 сомдон төлөшөт.

БЕКЕМ ҮЙ-БҮЛӨ – БАКТЫЛУУ ҮЙ-БҮЛӨ

Агенттик аркылуу таанышып, үй-бүлө кургандар өздөрүнүн кантип табышканы тууралуу элге эле эмес, жакындарына да айтпай, сыр кылышары анык болду. Бирок эки-үч ирет жолугуп, чала тааныш адам менен жашоону байлоо – чоң тобокелчилик. Ошонун артынан бир топ үй-бүлөлүк көйгөйлөр, түшүнбөстүктөр жаралышы ыктымал. Бул маселелерди чечүүдө кайрадан эле ата-эне, жакындарыбыздын жардамына муктаж болобуз.
Түгөй тандоого элибиз эзелтен олуттуу карап келишкен. Ата-бабаларыбыз жети атага чейин кыз алышып-беришпей, кандын тазалыгын сактоо тукумунун, демек, улуттун таза болушуна алып келет дешкен. Келин же күйөө бала болчу адамдын уруусун сүрүштүрүп, ким болгондугун изилдешип, "тектүү жердин кызын ал", "түптүү жерге келин бол" деп айткандары жөн эмес. Бүгүн маселеге жеңил ойлуулук менен кароо – эртең пикир келишпестик, чыр-чатак, көңүл калуу жана ажырашуулардын башаты болуп калбайбы? Эки адам никелешүү агенттигинен табышабы же дагы башка жерденби, ар бири түгөй тандоого олуттуу карап, жети өлчөп, бир кесүүсү абзел. Анткени улут келечеги – эркек менен аял орноткон бакыт жана тынчтык очогу.

Ыкчам жолугушууда таанышуучулар 5 мүнөт сайын алмашып турушат.


Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
04.07.2017. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким мени менен таанышат
07.07.2017. 19:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
muzibrat93,мен дэ
04.07.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жараткан аллах кимди буйурса ошону менен болосун
04.07.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жон эле акча бизнес экен
04.07.2017. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Бизнестин бир булагы
04.07.2017. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
жашоодо суйгонуно тиесин же тийгенини суйосун.
04.07.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Барат окшойм. Таабып берсенер 5000берем.Акчанын козуно карабай.
04.07.2017. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
voennyi88,аябай эле кыз издеп аткан окщойсуз. Ар бир санда ар бир жерге жазасыз го уйлонот элекм кыз керек деп . Кааласаныз жакшы кыздын номерин берейинби? Тамаша эмес балким сиз издеген пери болуп журбосун
05.07.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
love.me.again,Айтасын да кыз сурап болбой калыптыр дебениз. Болгону уйлонуп очор бачарлуу болсом дегем.
05.07.2017. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
voennyi88,88 -жылкы окшойсун. Ушул убака чейин кыз табалбай э.ек такалап журосунбу))) мен бир кыз менен тааныштырып коройунбу жене болуп бекер эле. Балким ал кыз да сизди издеп журот
07.07.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again, эшек ат такалабай эле сиз айткан кызды кутуп журом. Суйундуруп коюп жоксуз. Качан табар экен деп журом.
08.07.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
voennyi88, кунуядан жибере албай койдум катка жооп. Айтор вотсапбынды жазсан .
04.07.2017. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ээ эркектер бул жака акча төлөп таанышкандан көрө , жөн эле таанышканын жакшы эмеспи, бекер эле алардын бизнесин онуктурбой
04.07.2017. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Кытайлар менен таанышканын токтотуш керек, коркпой эле чет олколуктор менен иштейбиз дейт го
04.07.2017. 23:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бизге да жене керек болупатат) ажырашкан, 1 баласы бар болсо мейли, колдун айылына жашагысы келгендер болсо кат жазгыла. Балким туугандарынар бардыр)
09.07.2017. 07:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dina,менин бир эжем бааар
05.07.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Олуп эле калгыла жугармактар. Ушул кантип болсун тообо кылдым.
05.07.2017. 07:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Европа бизге келди тообо кылалы
05.07.2017. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шариятын деле, ариетин деле жыйыштырып коюп баары бизнеске отуп кеткенго...
06.07.2017. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
булардын адресси каерде экен

06.07.2017. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азыркы мезгилде кыз таппай издеген жигиттерге, ХХХ Канчалаган кыздар жигит таппай журушот,канча жигит кыз таппай журушот.Азыркы заманга тушунбой деле калдым.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-06 18:40:23
06.07.2017. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
5мин сайын алмашса анан жакпаса сен болвосон башкасы деп кетебереви болвойт е
07.07.2017. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
адрессин ким билет
07.07.2017. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Яяяяяя тоооооббаа кылдым го биягы. Эртен ажырашып кетсе буларга "п" да. Озун келгенсин деп коёт да. Барбай туруп ойлонгула.
08.07.2017. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят эле мындай нерсе
08.07.2017. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына эми, баарына табылбай эле калды))))
08.07.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргызды кыргыз мн тааныштыра берсин, анан жанагы башка жактыктар менен м; корей кытайлар мн тааныштырганын токтотуш керек, озгочо кытайлар мн, акырындык мн басып алат алар эл-жер мн кошо, кытайларга тийгендерди жарандыгынан ажыратып депортация кылып салыш керек, антип алдын албаса болбойт.
09.07.2017. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоба
09.07.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Menin oiumcha bul jerdegi baldar negizinen chet olkoluktor bolso kerek, KYRGYZYMDYN jigitteri myndai jerlerge baryshpait, sebebi alar bilishet kandai kyzdar baryshat bul jakka chynby?
10.01.2018. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул макала мурунку санында да чыгарылган беле адашпасам
11.01.2018. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
qwert12345,
№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.
dep jurat i tak ele datasi
11.01.2018. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эмес нерсе бул менимче. Жигиттерге макул. Кыз балага уят нерсе
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо