БАТКЕНДИКТЕР КЫЗЫЛ КИТЕПКЕ КИРГЕН ЭЧКЕМЕРДИ САТЫП ЖАТЫШАБЫ?

№765 30-июнь-6-июль, 2017-ж.

Баткен облусунун Баткен районундагы Таян айылында кызыл китепке кирген боз эчкемер (эчки эмер) жергиликтүү тургундар тарабынан кармалып, 2 миң сомго сатылып жатканы тууралуу кабар таркады.

"КЫЗЫЛ КИТЕПТЕГИ ЖАНЫБАРЛАРДЫ МАМЭКОТЕХИНСПЕКЦИЯ КӨЗӨМӨЛДӨЙТ"

Эчкемерлер чындап кармалып, сатылып жаткандыгын тактоо үчүн Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин жаратылышты пайдалануу жана экономика бөлүмүнүн башчысы Өмүрбек Мусакановго кайрылдык:
– Негизи, биздин агенттиктин өзүбүзгө тиешелүү аймактан тышкары территорияны көзөмөлдөөчү функциясы жок. Бирок ага карабастан биздин агенттикке караштуу Баткен облусундагы аймактык башкармалыкка тапшырмалар берилди. Ошолор жерине барып көзөмөлдөшөт.
Кызыл китепке кирген жаныбарлар боюнча көзөмөл Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясына таандык. Андыктан маалыматты жеринен текшерүү, керектүү чечимди (айып пул төлөтүү же кылмыш ишин козготуу) чыгаруу ошолордун иши.

"ТАЯН АЙЫЛЫНДА КАРМАЛБАГАНЫ АНЫКТАЛДЫ"

Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздук инспекциясынын Баткен, Сүлүктү, Лейлек райондору боюнча башкармалыгынын башкы инспектору Акылбек Мадымаров:
– Бул маалыматты угуп, Таян айылына барып, жаңы эле изилдеп бүттүк. Эчкемер Таянда кармалбаптыр. Сүрөттөгү бала бул айылда жашабайт экен. Биз келгенге чейин Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн жана Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин алдындагы аңчылык департаментинин Баткендеги өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери да келип, жаңы эле кетишиптир. Алар да сүрүштүрүп, иликтеп көрүшүп, "эчкемер Таян айылында кармалбаган" деп жыйынтык чыгарышыптыр. Негизи Таян айылы тоолуу жер. Ал эми эчкемерлер чөлдүү, жарым чөлдүү жерлерде жашашат. Эчкемерди элдик медицинада ракты, айыкпас тери ооруларын айыктырат деп колдонушарын уккам. Сыягы кургатылган терисин пайдаланышат. Бирок мен иштегени адамдардын Баткенден боз эчкемерди кармап, саткандары боюнча бир да факт катталган эмес. Эчкемерлер Кадамжай районунда кездешет. Сүрөт ошол жактардан тартылып, тарашы да мүмкүн.

"БИЗДЕ ЭЧКЕМЕРЛЕР ЖАШАБАЙТ"

Таян айылынын жашоочусу, 58 жаштагы Султан Саттаров:
– Таян тоолуу жер, андыктан эчкемерлер жашабайт. Ушул жашка келгени айлана-тегеректен көргөн эмесмин.

Артык Айдаров, 48 жашта, бухгалтер:
– Социалдык тармактарда жүргөн сүрөттөгү боз эчкемер кармап тургандай бала биздин айылда жашабайт. Сүрөттөгүдөй короо-жай да биздин жашоочуларда жок.

Эскерте кетсек, боз эчкемер кызыл китепке киргизилген. Аны мыйзамсыз кармоо жана жок кылгандыгы үчүн 4000 сом айып пул салынат.

Социалдык тармактарда тарап жаткан сүрөттөр.


Канымжан Усупбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
04.07.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коркунучтуугоо!
Кантип кармашты экен коркпой.
04.07.2017. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен эчкинин бир туру деп ойлптурмун.Кадимки эле кескелдириктин чону го
05.07.2017. 02:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыл китептеги жаныбарга 4000 эле сомбу болгону
05.07.2017. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой ой Баткендик туугандар ошол кескелдирик жашап турсун
07.07.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кадамжайга барып издеп коргуло теманы да таап жазыпсынар Баткендиктер деп
09.07.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кескелдирикти эмнеге кайра койуп жиберишти эми кобойуп кетиши мумкунда коркумушту
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо