Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мирбек Атабеков: “АКШнын АШКАНАСЫ БИЗДИКИНЕ ЖЕТПЕЙТ”

№390 23-29-апрель, 2010-ж.

Саякат

Дүйнөнү ар кандай жаатта багынта билген АКШ өлкөсүн билбеген да, укпаган да пенде жок болсо керек. Бул сапар биз дүйнөгө атагы чыккан Америка Кошмо Штаттарына сапар тартабыз. Ал үчүн бизге жакында эле АКШда конокто болуп келген ырчы жигитибиз Мирбек Атабеков гид катары жардамдашат.

АКШ ТУУРАЛУУ

Расмий аталышы – Америка Кошмо Штаттары
Жайгашкан жери – Түндүк Америка
Аянты – 9 518 900 чарчы чакырым (айрым маалыматтарда 9 522 057 чарчы чакырым)
Калкынын саны – 308 миллион (2009-жылдагы расмий маалымат боюнча)
Борбору – Вашингтон
Акча бирдиги – доллар (1 доллар 45 сом 40 тыйын)
Тили – Англис (испан жана француз тилдери да кеңири колдонулат)
Дини – Христиан динине сыйынгандар (протестанттар) калкынын 51,3 пайызын түзөт. Мусулмандар 0,6 пайызды ээлейт.

Жайгашкан орду
Америка Кошмо Штаттары 1776-жылы негизделген. Аянтынын чоңдугу боюнча дүйнө жүзүндө төртүнчү, калкынын саны боюнча үчүнчү орундагы өлкө. Ал түндүгүнөн Канада, түштүгүнөн Мексика жана деңиз тарабынан Орусия менен чектешет. 50 штаттан жана Колумбия федералдык округунан турат.
Чикаго
Чикаго калкынын жыштыгы боюнча Нью-Йорк, Лос-Анжелестен кийинки 3-орунду ээлейт. Музей, элиталык ресторандар, кафе, түнкү клуб жана башка толгон-токой көңүл ачуучу жайлардын уюгу Чикагодо. Блюз, жаз музыкаларынын мыкты адистерин да так ушул жерден тапса болот.
Жылдыздар аллеясы
Голливуд дегенде эле көз алдыга жылдыздар аллеясы келе түшөт. Ал Калифорния штатындагы Лос-Анжелес шаарынын Вайн-стрит көчөсүндө жайгашкан. Кызыгы, азыркы мезгилде ал жылдызчалардын саны 2600гө жетет.
Жана да...

  • Лас-Вегас казинолордун­ мекени болгондуктан, ар бир 8-жашоочусуна 1 оюн автоматы туура келет.
  • Лас-Вегастагы «The Big Shot Ride» аттракциону 2 секунддун ичинде 329 метр бийиктикке көтөрүлүшү менен адамды таң калтырат.
  • Флорида штатында суу астындагы конок үйү бар. Ага кардарлар акваланг менен түшүп-чыгышат.
  • Айдахо штатындагы Коттонвуд шаарында «Dog Bark Park Inn» деген иттин кейпинде жыгачтан жасалган чоң мейманкана бар. Анда элдер кадимкидей конуп, эс алышат.
  • АКШда октябрь айынын 2-дүйшөмбүсү Колумб күнү деп белгиленет. Анткени Христофор Колумб ошол күнү Американы ачкан.
  • АКШ эли күнүнө 25 миллион литр сууну жуунуу үчүн колдонушат.

АЛЫСКЫ АКШга САПАР
– Алгач биз Москва аркылуу Нью-Йоркко бардык. Дүйнөлүк мегаполисти көргөндөгү алгачкы сезимди айтып жеткирүү кыйын. Албетте, өзгөчө таасир бергени асман тиреген имараттар болду. Мисалы, Вулворт-билдинг, Крайслер-билдинг, Эмпайр-Стейт-билдинг сыяктуу имараттар, Бродвей өңдүү эң узун көчөсү, Бруклин көпүрөсү. Түнбү, күнбү, кыймыл токтобогон шаар.
Чикаго, Филадельфия, Цинциннати жана башка шаарларда болдук. АКШнын мага көркү жакты. Бирок биздегидей кооз табият аларда жок. Аэропорттон бизди мекендештерибиз, кыргыздар тосуп алышты. Ал жакта Орусиядагыдай эмес, саналуу гана мекендештерибиз бар экен. Бирин-бири таанышат. Кыргызстан тууралуу уккусу келип, жүздөрүнөн мекенге болгон кусасы көрүнүп турат. Бутуна туруп, жайгашып калганы да, ар кандай жумуштар менен жан багып жүргөндөрү да бар. Кыргыз тилин, ырларын аябай сагынышары көрүнүп турат. Анан да алар интернет аркылуу Кыргызстандагы жаңылыктарды бизден мурун угуп-билип турушат экен.

ТАРТИПТИ КАТУУ КАРМАШАТ
– АКШнын бир канча шаарларын, штаттарын араладык. Баарында имараттар окшош курулгандай туюлат. Анан да биздегидей, дегеле КМШ өлкөлөрүндөгүдөй көчөдө ичип, чаң салып мушташып жүргөндөрдү кезиктире албадым. Ооба, алар деле ичишет экен. Бирок коомдук жайларда тартип сактоо дегенди эч бири эстеринен чыгарышпайт өңдүү.
Полиция кызматкерлерин абдан сыйлашат. Кызыгы, тартип сакчылары биздикиндей пара алышпайт экен. Эгерде тартип бузсаң, анда мамлекетке айып төлөйсүң. Машинаны уруксаты жок жайга токтотсоң, уруксаты жок жайда тамеки тартып же сыра ичсең, айып төлөйсүң. Көчөдө өзүн каалагандай алып жүрүүгө көнгөн биздин балдар деле АКШнын тартибине көнүп калышканын көрүп күлкүм келди.
Ишемби, жекшемби күндөрү дем алыш болгондуктан, жума күндөрү кечкисин эс алууга өздөрүнө шарт түзүшөт.

АШКАНАСЫ
– Америкалыктар көбүн­чө бат даярдалуучу тамактарга (фастфуд) басым жасашат. Ал жерде кыргыздардай болуп тамак-ашты колго жасап ичкендери аз. Газдалган суусундуктар, гамбургер, чизбургер жана пицца өңдүүлөр алардын күнүмдүк тамагы десек болот. Ал жакта жүргөндө биздин ашкананы сагындым. Айтор, АКШда канчалаган даамдын түрү болсо да, кыргызымдын ашканасына жетпейт экен. Ал жактагы мекендештер бизди кой союп, беш бармак жасап сыйлашты.

АМЕРИКАЛЫКТАРДЫН ЖАШОО ШАРТЫ
– «Өлкө бай болсо, эли да бай болот» деген кеп чын экен. 20 күндүн ичинде бир топ аймагын аралап чыгууга жетиштик. Өтө жакыр кварталдарына көзүм түшкөн жок. АКШда жашоо шарты начар деп саналгандар биздин жетиштүү үй-бүлөлөрдүн деңгээлинде жашашат.
Мага жакканы, америкалыктар чоочун адамдардын баарына жылмайып мамиле жасашканы болду. Биздегидей башка түшкөн маселелерин, арыз-арманын бири-бирине айта бермейи жок өңдүү. Ошентсе да бул жылмаюулар сыпайгерчиликтей сезилди. Андыктан адамдардын ортосундагы кадимки жылуулук, боор тартуучулук анча байкалбайт. АКШны аралап жүрүп биротоло калам деген мекендештерди жолуктурбадым. Жаштар арасынан “Кыргызстанга барып эмне кылмак элек? Ал жакта жашоо начар да” дегендерди учуратсак да, көпчүлүгү “кайсы бир мезгилде Кыргызстан баары бир өнүгөт, оңолот. Баары бир кайтып барабыз” дешет.

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(17)
26.04.2010. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodets Mirbek baike!!!
26.04.2010. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эй олконун кайсы жагында болбойлук баары бир туулуп оскон жерине Эч нерсе жетпейт.
27.04.2010. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туулган жердин топурагы алтын деп бекеринен айтылбаса керек.
27.04.2010. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнек балкондо отурганын коркунучтуу корунот экен.
27.04.2010. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх мен деле туулган шаарыман бир кунго ушу Кыргызстандын ичинен эле чет жака чыксам сагынам
27.04.2010. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айнек балконду коруп башым айланым кетти :(
28.04.2010. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек, АКШга кандайча виза алып калдын эле, мен да жоноп жатам бирок виза аябай татаал болуп жатат.
28.04.2010. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amerikadan Issyk salam !
28.04.2010. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я тоже обязательно поеду в США, только английский хромает, там могут встретить если поехать кыргыздар коппу
28.04.2010. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
4et mamlekette jawagandan kiyin KYRGYZSTANGA kelgin kelbey kalat.Al jakta baardyk jakta tartip ornotulgan.Belgiluu biz sistema iwteyt.Bizge okwop ko4odo mas bolup aygay salbayt.Baardyk warttar belen.Birok,baary bir okuum butoru menen buyrusa,kelip kyzmat kylam menin yiyk Ata-jurtuma.
29.04.2010. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodes Mirbek ar dayum uchintip ele duyno kydyryp juro ber men seni jakchy korom chygarmachylygyna iygilik
29.04.2010. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АКШда жашоо шарты начар деп саналгандар биздин жетиштүү үй-бүлөлөрдүн деңгээлинде жашашат.
Bul degen tuura emes Mirbek baike, alardyn nachar jashap ketkenderi dele uiu jok, ech tekesi jok kalyp, eshikte jashap kalgandaryn kezdeshse bolot, anan baribir kyrgyz eli ayabai bai jashashat, amerikanecterge karaganda. anan ar daiym kulup turgandary bul alardyn kul'turasyna kirip kalgan dep oiloim. Биздегидей башка түшкөн маселелерин, ары
29.04.2010. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздегидей башка түшкөн маселелерин, арыз-арманын бири-бирине айта бермейи жок өңдүү. amerikanecter degen kop anan ayabai kattuu suiloshotta, anan ayabai ele aityshat biri birine. emi bul degen menin jeke pikirim.
03.05.2010. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mirbek men senin talantyndy ajabai syilam jana kelechekte myndan da chon iigilikterdi kaalaim.Al emi chet olkodogu kyrgysdarga koburook patriottuk sezimdi kaalaim.
04.05.2010. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айнек балкондо туруш озу оло коркунучтуу болсо керек
07.08.2010. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЧИКАГОДОГУ АЙНЕК ВАЛКОН АЯБАЙ ЖАКТЫ
25.06.2011. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Мирбек сен 20 күн жүрүп эле Американын жашоо шартын билип алдынбы? кой антип айтпа уят болот! мен билем Америкада канчалык денгеелде жакыр адамдар бар андай адамдар бизде жок.
сен кыргыз элин андай дебе!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо