Мирбек Атабеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: «ЖАҢЫ ДЕҢГЭЭЛГЕ, ЖАҢЫ ГОРИЗОНТКО ЧЫККЫМ КЕЛЕТ»

№766 7-13-июль, 2017-ж.

– Кандайсың, Мирбек? Үй-бүлө, ден соолук, иштер жакшыбы?
– Баары жакшы, рахмат. Орозо айында көп иш бүтүрдүм, ошондой эле жакшы иштерге кадам таштадым. Ойлонуп көрсөм, Кудайга шүгүр, чыгармачылык жактан ийгиликтер жаралып, жашоо өз нугунда бара жатат. Бирок медициналык кароодон көптөн бери өтө элек экенмин, ден соолукка убакыт бөлдүм. Буга чейин чыгармачылык деп жүрүп өзүмө убакыт бөлбөптүрмүн. Тил жагынан да аксап жүрүптүрмүн. Чет өлкөгө көп чыгабыз, башка улуттун ырчылары менен баарлашабыз, ошондо кыйналып калам. Андыктан араб, англис тилдерин үйрөнө баштадым.

– Спорт залга да бара баштаганыңды билем.
– Толук машыга баштадым дебейм. Жүрөгүң менен каалабасаң ар кандай шылтоо табыла берет экен. Буга чейин «машыгыш керек эле» деп жүрө берчүмүн. Бир жолу атайын чыгынып өзүбүз жашаган үйдүн жер төлөсүндөгү машыгуу залына түшсөм, кашайып дем алыш күн экен. Мага буюрбайт экен деп койдум. Анан өткөндө ошол залдын машыктыруучусу менен жолугуп калсам, «эмне спорт залга келбейсиң?» дейт. «Мен орозомун» десем, «мен деле» деп намысыма тийип койду. Ошентип спорт менен достошууну жок дегенде үйдөн баштайын деп, азыр ар кандай көнүгүүлөрдү жасай баштадым.

– «Жылдыздын үйүндө конокто» деген рубрикабыздан улам апаң менен чогуу турган үйүң менен таанышканбыз. Үйлөнгөн соң өзүнчө бөлүндүңөр беле?
– Менин үйлөрүм көп. Сиз айтып жаткан үйдө ата-энем жашайт. Биз азыр көп кабаттуу үйдөгү батирде турабыз. Керектүү учурда айылдагы үйүбүздө деле жашайбыз.

– «Кээде эч нерсе кылбай жаткым эле келет» деп каласың, ошондо сени алга сүрөп турган Мээримби?
– Андай деле эмес. Үйдүн ичиндеги жумуштарга бир топ эле жалкоомун. Себеби баары эле аял кишиге тиешелүү жумуштар экен. Ал эми сырткы жумуштар, албетте, менин моюнумда. Экөөбүз бири-бирибиздин ишибизге кийлигишпейбиз.

– Жубайың бир кезде журналисттик кесипти аркалачу эле, таштадыбы?
– Алпаруучулук менен алектенгенде Мээрим болгону 13 жашта болчу. Мындай куракта адам өзүнүн шыгын ар кандай кесипте байкап жүргөн учур болот. Мага 20 жашында турмушка чыкты. Учурда борбордогу сулуулук салондордун бирин иштетет. Андан тышкары да бир нече иш менен алектенет.

– Учурда кыргыздын сахнасында сап башындагы ырчылардын бирисиң. Ушундай деңгээлге жеткенден кийин сага дагы кайсы нерселер тынчтык бербей, алга жылууга стимул болуп жатат?
– Футболдо коргоочулар, чабуулчулар бар. Коргоочуларга караганда чабуулчулар көбүрөөк белгилүү болушат, анан көбүрөөк акча табышат. Чыгармачылыкка аттанганы чабуулчулардын ордун ээледик, жеңдик, жакшы ырларды чыгардык. Анан популярдуу болуу оңой, аны кармап калуу оор деген ойду терең кабыл алып, ошол максатта иштеп келген экенбиз. Ал коргоочунун ролу. Чыгармачылыкта жүргөн 10 жылымдын 5 жылында чабуулчу болсом, 5 жылында коргоочу болуп келиптирмин. Эми убагы келди, кайра чабуулчуга айланыш керек. Мисалы, бизди Казакстанга чакыргандар көп. Ал жактын ырчыларынын арасында бизди тааныгандар бар, ортодо карым-катнаш жакшы. Азыр ойлосом, бош убактым көп экен, эмнеге чет мамлекеттерде да популярдуу болууга болбосун деп жаңы деңгээлге, жаңы горизонтко чыгууну тилек кылып жатам. Учурда ошонун негизинде түзүлгөн пландардын үстүнөн иштеп жатабыз.

– Кандай ыр ырдаба көбү элге жайылып, хит болуп кетет. Ыр тандоодо эмнеге көңүл бурасың?
– Кээ бир ырчыларга чын эле Кудай талант берген, бирок талантын туура колдоно албайт. Айрымдардын таланты аз, бирок аракети, эмгеги чоң. Элге кандай ырлар өтөт, сезе алат. Ыр тандоонун өзү саясат. Ырды каякта ырдайм, эл кандай кабыл алат деп ойлонушуң керек. Бир жылда ашып кетсе 2 жай ыргактагы ыр чыгаруу жетиштүү. Калганы элдин маанайын көтөрүү үчүн шаңдуу болгону жакшы.

– Айрымдар "Мирбек Атабеков кайсы эмгеги үчүн Эмгек сиңирген артист наамын алды" деп сын айтышты, сенин оюң кандай?
– Ал наам мага өз убагында ыйгарылды. Кээ бирлер сатып алды, тааныш аркылуу алды дешти. Бир чети сүйүндүм. Рахмат, мени бай, байланышы күчтүү, таасирдүү адам катары көрүшкөндөрүнө. Бирок мен карапайым эле үй-бүлөдөн чыккан, жөнөкөй жигитмин. "Жеңилген күрөшкө тойбойт" дегендей, утулгандар, чыгармачылыкты, чыгармачылыктын түйшүгүн түшүнбөгөндөр сындай беришет.

– Бул наам сага эмне берди?
– Ачыгын айтканда, материалдык жактан бизге пайда алып келбейт. Бирок медициналык кароодон өмүр бою бекер өтсөң болот экен. Ал-күчүм барда бул кызматты пайдалануудан алысмын. Ошентсе да наамдын өзүнүн даражасы бар.

– «Менин күнүм балам Адамды бала бакчага алып баруудан башталат» дедиң эле...
– Уулум Адам экиде. Үйдүн жанындагы бала бакчага алып барам. Бакчага бир жарым жашында эле берип салганбыз. Себеби өз алдынчалыкка кичинесинен көнгөн. Өтө активдүү. Бир жолу бир бакчага алып барсак, «сиздин уулуңуз 3 балага кетчү энергияны алат экен» деп тамашалашты. Биз апасы экөөбүз анын жанында пластилинбиз. Бизден ат жасап минип алат, кааласа илбирс да кылат, үстүнкү текчеден бир нерсе алыш керек болсо, шаты да болуп беребиз.

– 2 өкүл балаң бар эмеспи, каалоочулардын баарына эле өкүл аталык кыла бересиңби?
– Жок, албетте. Турмушка болгон көз карашыбыз, ой-мүдөөлөрүбүз туура келеби, караш керек. Менин өкүл балдарым чыгармачыл чөйрөдөн. Бек Исраилов келинчеги менен, «Style Mix» триосунун солисти Адилет Эркинбек уулу жубайы менен. Мен аларга каржы жагынан гана эмес, руханий жактан да жардам бере алат экенмин.

– Азыр өлкө президенттик шайлоо алдында турат. Ким кыргызга мыкты журт башчы болот эле деген ойдосуң?
– Негизи саясатка кызыкпайм. Саясаттын баары интрига, негатив. Ишенсеңиз, социалдык тармактарды кароого да кызыкпайм. Бирок чыгармачыл адам болгондон кийин баракча ачып, күйөрмандар менен байланышта болгонубуз туура. Ал эми мекенимдин жараны, ырчы катары шайлоолорго активдүү катышам. Бул сапар деле буга чейин колдоп келген Өмүрбек Бабановду колдойм.

– Устат катары жаштарды тарбиялайын деген оюң барбы?
– Бирөөгө ырдоонун эрежелерин үйрөтпөй, эргүү беришим керек деп ойлойм. Адамда эргүү болмоюнча билип турган нерсесин да кылбайт. Муну өзүмдүн тажрыйбамдан улам жакшы билем. Мен деле көзү өтүп кеткен залкарларыбыздын, ар кайсы улуттун ырларын угуп тарбияландым, эргүү алдым. Андыктан калың журт, анын ичинде жаштар үчүн мыкты ырларды жаратуу милдетим деп эсептейм.

– Рахмат, ой-максаттарыңдын орундалышына тилектешпиз.

"Уулум Адам үйүбүздүн ханы. Балалуу болгондон кийин ата-энеге болгон сый-урмат, сүйүү күчөдү".


"Сыйлыкты мага эл ыйгарды. Элиме, жалпы күйөрмандарыма, президентке ыраазымын. Ийгилигимди сындагандарга караганда, мени менен кошо кубангандар көп болду".


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Мирбек Атабеков: "Кээ бир ырчылар талантын туура колдоно албайт"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  20 
Комментарийлер(39)
11.07.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Азаматсын Мирбек! Чыгармачылык ийгилик. сыйлыкка татыктуусун.
11.07.2017. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Бул байкебиз мактанып калыптырго. Өзүнү көтөрүп...
12.07.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
aszyma, сен да мактан
11.07.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азаматсыз, ийгилик!
11.07.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик
11.07.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
аа ХХХ ХХХ уйлорум кооп деп коюп))).бабановту колдоп да адашат.по моему спонсоруго.же жердеши болгон учун айттыбы.не болсо да чыгармачылыгына ийгилик дос.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-11 16:55:34
11.07.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодец баласынын аты кызык екен "Адам" мындай атты биринчи жолу уктум
11.07.2017. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мирбек бай турат да уйлору да коп
12.07.2017. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Молодесс!!! Так держать !!@
12.07.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Видеосун корсонор, мактанбаптырго. Уйум коп деп деле айтпаптыр
SUPER.KG видео
12.07.2017. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Азаматсыз мирбек байке
12.07.2017. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанып коюптур!
12.07.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул ырчынын таланты чынындале бар адам.Ырчы катары сыйлайм.Ырлары,негизи үнү жакшы.Бирок негедир өзгөргөндөй сезилди.Бир аз мактанып да коюптур.Кантсе да,ийгилик!Уулу Адамга,Аллахым чыныгы "адамдык"жакшы сыпаттарды берген болсун.
12.07.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик!ийгилик!
12.07.2017. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ООба, олкобуздогу популярдуу ырчылардын сап башында турат, бирок, кайсы салымы учун берили болду экен ал наам. Же бир эл аралык денгээлдеги конкуртарга чыгып, олкобузду таанытканга салымын коштубу?
12.07.2017. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Жандуу ун менен ырдаганын такыр корбоптурмун
Медиа-портал
12.07.2017. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ИИИй сүйөм да сүйөм Мирбекти
12.07.2017. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанып жибериптир го таластан болот беле
12.07.2017. 16:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кулак салба элдин оозунда элек жок бирок сен "особыйсын"
12.07.2017. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jivoi takkur urdai albait
13.07.2017. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Izdeim_seni., живой сопсонун эле ырдайт концерттерди коюп эле жургон жандуу ун мн.
12.07.2017. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен сыйлаган ырчылардын бири озгочо ырчы!!!
Медиа-портал
13.07.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул эмгек синирген артист"(кайсы эмгеги учун берилди?татыктуу эмес)Эл аралык аренага дейтко"карыганда.А Эл аралык аренаны багындыргандар наам алалек.Бизде чындык жок.
14.07.2017. 07:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Наамды сатып алгансын,Бабанов жердешин байкен алып берген да.Кандай аспата ойной аласын?Кайсы обонду чыгардын эле?Ырдын пири Ырыспайга жетип калдынбы? ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-14 10:31:10
14.07.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Miroslav,
1. Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;
2. Кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө;
3. Коомдук этикага туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат, 10 күн БАНга!
14.07.2017. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбекти коро албаган адам окшойт баардык комментарийге айрыкча мактаган создорго минус коюп чыгыптыр походу баары эле минус эмнеге мындай коро албайбыз...Журогубузду кенен коёлу жон эле жамандабай ийгилик каалап коёлу...Жамандап отурбай тим эле мактанып деп,мен мисалы мындай мактана албайм анткени ырдоо талантым жок шыгым жок,мындай бийиктиктерди багынткан эмесмин.Ошол учун жамандай албайм акым да жок.Элге таанылуу эл алдында журуу озунчо чон азап болсо керек.
14.07.2017. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик Мирба брат!
SUPER.KG видео
15.07.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул балага эрте болчу азыр эмгеги сине элек да кечээ эле чыгып алып кандай улуу адамдар ала элек чындык деген жок бизде ошо берип жаткан адамдардын коздору каякты карап жатышат дейм да
16.07.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында номер-1 ырчы сенсин... Ийгилик Мирбеек. Ар бир ырын мааныздуу уккулуктуу...
17.07.2017. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага ырлары жагат, ото сонун уккулуктуу ырдайт.Айрыкса "Таласым" "Садагам оштой жеримден" деген ырлары озгочо жагат Азаматсын Мирбек Алга!
17.07.2017. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кылганына наам берди? Канча жашы улуу, коптон бери шоу чойродо жургондор ала элек дагы деле.
17.07.2017. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Ийгилик сага, Казахстанды да аралап чон тур-Концерт берчи сураныч, Атырауда кутуп журуп саргайдык сени) Кайрат Нуртас менен биргелешип же башка ыряылар менен бирге Тур кылсанар деле болот да, жалгыз келгин келбесе. Алга Кыргызстан! Сенин ырларынды Казактар ырдап жатканын уксам аябай сыймыктанам-Азаматсын!
17.07.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка озу тендуу сыйлык алган ырчыларга салыштырмалуу наамга татыктуу эле. Ал эми сахнага 25-30 жыл эмгектенгендерге салыштырып болбойт
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо