Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Токтобек Асаналиев, ырчы: «УУЛУМДАН АЖЫРАП, КАНАТЫМ КАЙРЫЛЫП ОТУРАМ. МЫНДАЙДЫ ЭЧ БИР АТА-ЭНЕГЕ КААЛАБАЙМ»

№766 7-13-июль, 2017-ж.

"Баланын жамандыгын көрсөтпөсүн" деген сөз бар элибизде. Бирок баары биз каалагандай боло бербейт экен. 30-июнь күнү ырчы Токтобек Асаналиев менен анын мурунку жубайы Кенже Кубатованын уулу, 20 жаштагы Канат Наматбеков ууланып каза болду. Канат Ат-Башынын Ача-Кайыңды айылындагы чоң атасыныкына 29-июнда барган. Ошол түнү каза болгон. 2 таланттуу инсандын уулу жаштайынан комузга байланып, республикалык, эл аралык бир катар сынактарда баш байгени алып келген эле.

– Токтобек байке, уулуңуздун жаткан жери жайлуу болсун. Маңдайга эмне жазылса, адам баласынын аны көтөргөндөн башка айласы жок экен, жамаатыбыз менен көңүл айтабыз...
– Рахмат.

– Канаттын бул жарыкка ыңаалап келген күнү дагы деле эсиңизде болсо керек...
– Уулум төрөлгөндө биз студент элек. 1997-жылы 31-мартта Бишкек шаарында жарык дүйнөгө келген. Студенттер арасында эрте үйлөнгөн мен элем. Мен эле эмес, студенттердин көбү кубанып "балалуу болгон кандай жакшы" деп сүйүнүшкөн. Баланын жытын жыттап, үнүн угуп, чоң кишилердин жашоосуна аралашуу өзгөчө сезим экенин Канатым аркылуу сезгем.
Балама кандай оюнчук алып бербейли, эч ойночу эмес. Бөлмөбүздө чыканактай эски комузубуз бар болчу, ошонун кылдарын тырмалап ойночу. Уктаганда да бооруна кысып уктачу. Теңтуштар же туугандар келип комуз чертилип калса, турган ордунда кулагын салып тыңшап калганы көз алдымда. Чырдап жатса да тып басылып, анан уйкуга кетчү.
5-6 жашка келгени комузду оюнчук эмес, аспап катары таанып, аралаша баштады. Чоң чоң атасы "биздин тукум комузчулардын тукуму болсо экен, үйүбүздө комуз черткендер болсо экен" деп Кудайдан тилечү экен. Ошол тилектери ишке ашып, мен, балдарым комуз чертип калдык. Балдарымдын ичинен Канатым өзгөчө чертчү эле. Жөн эле чертип чыкпай, элдин жүрөгүнөн орун таап, таза, так, маңыздуу чертчү. Карамолдо, Ыбырай, Нурак аталарынын күүлөрүн жанынан артык көрүп, кайрыктарын улам-улам кайрып черте берчү. "Эмнеге башка жагын чертпей, ушул жерлерин эле кайра бересиң?" десем, "мазмуну, философиялык мааниси ушул жерде болуп жатпайбы" деп тамашалап калчу.

– 8 жашында эл аралык "Түрк дүйнөсү" фестивалында алтын медаль алып бүтүндөй кыргыз элин сүйүнттү эле...
– Мектепке баргыча эле райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарда комуз боюнча баш байгелерди алып келген. Кичинекей комузчулар арасында тең тайлаша турган эч ким калбады деп Түркияга сынакка жөнөтүштү. Аскар Салымбековдун жубайы ыраматылык Гүлмира Мамбеталиеванын колдоосу менен Түркияда өткөн эл аралык фестивалга катышып, ал жактан да баш байгени алган. Карабайсыңбы эми, он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе соолуп калды. Байкушум жаш кетпедиби... Маектеримде дайыма "кабыргасы катсын, кыл мурут жигит болсун, анан тай чабышка салам" деп айтып баламдан үмүтүм чоң эле. Ошонун баары талкаланып, тилегимди таш каап кала бердим. Жүрөгүм канталап, канатым кайрылып, карегимден айрылып, эринимди кесе тиштеп отурам. Куран окугандан башка менде айла жок. Куран окуган сайын "жаңы күнүңдү Жаратканга тапшырдым" деп жалынып жатам. Баламдын өлүмү жан этимди жеп кетти. "Мен барып ушул кезиңди көргүчөктү аман бол" деп эми мен тиги дүйнөгө шаша турган болуп калдым. Мен көргөн күндү эч бир ата-эне көрбөсүн. Балаңдын колуна тикенек кирип кетсе кандай сыздайсың?! Боор этиңден чыккан балаңдын өлүмүн көрүү сөз менен айтып жеткире алгыс азап экен.

– Өзүңүз айтмакчы, бизде да сабыр кылыңыз дегенден башка айла жок, байке... Уулуңуз Бишкекте жаныңызда окучу беле?
– Ооба, кырсык болгонго чейин эле жанымда болчу. Мектепте борбордогу №69 гимназияда окуган. 1-класска да "мектепке барабыз" дегендерди көрүп, "мен да окуйм" деп жатып эрте кирип алган. 9-классты аяктагандан кийин Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырып, үйлөмө аспаптар бөлүмүн аяктаган. "Комузчу болбойсуңбу?" десем, "ата, комузду билем, башка аспаптардын да сырларын үйрөнөйүнчү" деп койгон. Казактын домбрасын да ийине чыгара чертчү. Андан башка деле көп аспап үйрөнгөн. Тамашалап "ата, кыл кыяк алып бериңизчи, аны да багындырайын" деп жаткан. Ал максатына жетпей кетти. Бул окуу жайды аяктап, Кыргыз улуттук консерваториясына тапшырып, 1-курсту бүтүп айылга кеткен эле.

– Ат-Башыга чоң ата, чоң энесиникине каникулга кетти беле?
– Ооба, Таласта менин жумуштарым бар эле, ошону бүтүрүп коюп артынан бармакмын. Балам менен акыркы жолу 28-июнда кечинде сүйлөштүм, "эртең жолго чыгасың, жатып укта" дегем, көрсө, ошондо коштошуптурбуз. Эртеси эртең менен ойготпой эле коёюн деп Таласка чыгып кеткем. Ал ошол күнү Ат-Башыга кеткен. Достору менен эс алууга чыккан экен.

– Канат менен кошо ууланды деген балага "уулуу чөп кошулган тамеки чеккендиктен келип чыккан уулануу" деген диагноз коюшуптур. Окуя кандайча болуптур?
– Бул сөздөр жалган го. Талаага эс алууга чыгышып, ал жактан туздалган бадыраң жеп, кымыз ичишиптир. Кечинде келип уктап калыптыр. Айылда эрте жатып, эрте турушат эмеспи. Чоң атасы менен чоң энеси уктап алсын деп эртең менен ойготушпаптыр. Бир аздан кийин эле "тур" дейли дешсе, каза болуп калыптыр. Ар ким ар кандай айтып жатат, ошолор мен көргөн күндү көрүшсө кандай кыйын экенин сезишер эле. Жанымды коёрго жер таппай турганда ар кайсыны айтып мени ары-бери калчашууда. Ажал кандай күнү алам десе, бир нерсеге бир нерсени себеп кылып алат экен да. Жанында болгон балага жолуга элекмин. Эгер ушундай окуя болорун билсем, баламды сандыктын ичине катып коюп, өмүр бою сыртка чыгарбай сандыктан карап отурбайт белем...

– Канаттын буга чейин "оорудум" дегенин уккан эмес белеңиз?
– Негизи кан басымы жогору болчу. Кээде "ооруп жатам" деп калчу. "Жүрү, ооруканага көрсөтөйүн" десем такыр көнчү эмес.

– Жаманчылыкты аманчылык жеңет экен, сабыр кылыңыз!

"ЭМНЕДЕН УУЛАНГАНЫ АЗЫРЫНЧА БЕЛГИСИЗ"

Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– Канат Наматбеков 29-июнь күнү Бишкектен Ат-Башыга барган. Ошол күнү туугандарынын бири менен чогуу үйдө болгон. Эртеси эки жигиттин бири оор абалда ооруканага келип түшсө, экинчисинин каза болуп калганы белгилүү болгон. Бирок анын туугандары cөөктү экспертизага берүүдөн баш тартышты. Ошондуктан анын өлүмүнүн себеби белгисиз бойдон калды. Маркум Бишкектен бирдеме жеп келдиби дейли десек, ооруканага түшкөн тууганы борборго барган эмес. Азырынча эмнеден ууланышканы белгисиз. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

ДАРЫГЕРЛЕР ЭМНЕ ДЕШЕТ?

Канаттын жанында чогуу болгон деген жигит ооруканага оор абалда келип түшкөн. Анын айтымында, уулануу чөптөн жасалган тамеки чеккендигинин натыйжасында келип чыккан. Бул боюнча Ат-Башы райондук ооруканасынын дарыгери жергиликтүү маалымдоо каражаттарына айтып берген. Учурда бейтаптын абалы жакшы. Жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулганына 4 күн болуптур.

Канат таланттуу инсандар Кенже Кубатова менен Токтобек Асаналиевдин тун уулу эле.


Канат кичинекей кезинен тарта комузга байланып, элдин сүймөнчүгүнө айланган болчу.


Сүйүн Кулматова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(22)
11.07.2017. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
jatkan jeri jailuu bolsun
11.07.2017. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Кенже эже башка турмуш ку конбу?
11.07.2017. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ата энесине Сабыр тилейбиз. Эч бир ата эненин башына салбасын. Чонойуп калган баладан айрылуу опор да.
..
11.07.2017. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Ээ Жараткан Алла пенделерине сабыр бер,мындайды башка салбасын,эне катары журогум ооруп турат. Байкуш ата энелер бала деп жашап,бала деп журуп отот экенбиз го,баардык ата энелердин балдары аман болуп бактылуу кундорундо чогуу небере чебере жетелеп доолотуу карылыкта жашашсын. Эч бир пенде жамандык корбосун жаш олбосун.
11.07.2017. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жаткан жери жайлуу болсун.Жаратканым жаннаттан орун берсин. Ата-энесине, жакындарына сабыр тилейбиз. Ажал келсе алат экен да.
11.07.2017. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
консервант жешкен го
11.07.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jatkan jeri jailuu bolsun ,sabyr kylynyz,kyrdyzdyn talanttu uulu ele
11.07.2017. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун,калгандарынын омурун берсин!
11.07.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Баардык ата-энелер балдардын жакшылыктарын корсок экен
11.07.2017. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ата катары мен да кайгырып отурам.Эч бир баланы ата-энеден,ата-энени баладан айырбасын.Аллах куноолорун кечирсин.
12.07.2017. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Jatkan jeri jailuu bolsun! Baikush "tigil duynogo shashyp kaldym" degenin okup jaman bolup kettim. Ozum da balaluu bolup sezdim korso ata ene balaluu bolgondon bashtap omur boyu kosho juro turgan korkunuchtu da jaratat turbaiby. .. ishi kylyp balam aman bolso eken dep korkup Kudaidan tilep jashap otup ketet ekenbiz da adamdar.
12.07.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Батулизм эмеспи?
12.07.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ии эч бир ата энени баладан айрыбасынчы.
12.07.2017. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кенже эжеден да сурап корунуздорчу
12.07.2017. 01:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаткан жери жайлуу болсун!Башка келсе байтал жорго дейт эмеспи кыргызда.Эмне дейбиз ата-энесине сабыр берсин.Эч бир адамдын башына жамандык тушпосун.
12.07.2017. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
13.07.2017. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asem89, spanchik,
Эскертүү!
Порталдын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий жана талкуу иретинде жазылган билдирүүлөрдү сайттын жетекчилиги өчүрүү менен кошо колдонуучуну порталдан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер gazeta@super.kg же portal@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек!
13.07.2017. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жери жайлуу болсун. Сабыр кылыңыз пендечилик, ар-бир адамдын башында бир өлүм бар. Куран окуп дуба кыла бериңиз.
14.07.2017. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайрат кыл досум.Терең кайгыруу менен көңүл айтам.
15.07.2017. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кенже эжеден интервью алсанар болмок. Мен Кочкордон болом, Кенже эже да Кочкордо. Ал бул окуяны башкача айтып жаткан. Керек болсо баласы каза болгонун да айтышпаптыр! Интернеттен окуп алып барыптыр. Суранам андан да интервью алгылачы!
17.07.2017. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aikan1998,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
15.07.2017. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
АЛЛАХЫМ бейишин насип кылсын сурагын женил кылсын билип билбей коруп корбой кылган куноолорун кечирсин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо