Эгиз кызынын түгөйүн издеген ата-эне: "УЗИДЕН 2 ЖҮРӨКТҮН СОГУШУН КӨРГӨНБҮЗ, ТӨРӨТТӨ БИР БАЛАНЫ ЭЛЕ КАРМАТЫШТЫ"

№766 7-13-июль, 2017-ж.

Чыбыевдердин үй-бүлөсү 9 ай бою эгиз кыздуу болобуз деп даярданып күтүп келишкен. Алар Балыкчы шаардык бейтапканасында каттоого туруп, 2016-жылдын октябрь айынан тарта дарыгерлердин көзөмөлүндө болушкан. 6-июнда төрөт үйүндө алар эгиз төрөлгөн наристелеринин бирин төрөтканадагылар алып коюшту деп күмөн санаса, дарыгерлер бул сөздү четке кагышууда.

"ЭНЕ ДЕГЕН КУРСАКТАГЫ БАЛДАРЫН СЕЗЕТ"

Махабат Намазбекова, апасы:
– Былтыр сентябрдын аяктарында кош бойлуу экенимди сезип, менчик эмканага УЗИге баргам. Бир айлык мөөнөт болсо да, эки түйүлдүк экени билинип калыптыр. Биздин тукумубузда эгиздер бар болгонунан, бизге да ошол бакыт буюруганына кубанып, жолдошума сүйүнчүлөгөм. Мен буга чейин эки жолу бала көтөргөм, жалгыз баланы көтөрүү кандай болорун жакшы эле билип калгам. Эне деген курсактагы баласы канча экенин сезет да. Кийин балдар бир аз чоңоё баштаганда эки баланын тепкенин, кыймылын, жадакалса башы менен ылдый жатышканын да кадимкидей эле сезип-билчүмүн. Улуу балдарымдын экөөсүн тең кесарево жолу менен жарыкка алып келгем. Эки жолу тең толук наркоз беришкен. Ал эми бул жолу жүлүнгө (белге) эле сайышты. Наркоздун мындай түрүндө ойгоо болгонуң менен, айланадагы болуп жаткан нерселерди толук түшүнбөй, эс-мас боло түшөт экенсиң. Мени операция отургучуна отургузгандан кийин белден ылдый мага көрүнбөгөндөй кылып тосмо менен жаап коюшту. Операцияга жолдошум катышат дешкенинен, ал карап турат го деп анча деле кабатыр болгон эмесмин. Көрсө, аны киргизишпептир. УЗИнин көрсөткөнү, өзүмдүн жеке энелик сезимим менен ымыркайлар эгиз болоруна толук ишенип, кыздарга окшош кийимдерди алып даярданып койгонбуз. 9 ай бою эгиз күтүп, кош бойлуулуктун азап-тозогуна чыдап, бир эле кызымды кармап отуруп калдым.

"АР БИРИНИН САЛМАГЫ 500 ГРАММДАН ДЕП АЙТЫШКАН"

Данияр Чыбыев, атасы:
— Келинчегим майга чейинки убакыт аралыгында УЗИге 7 жолу түшкөн. Алардын төртөөсү мамлекеттик эмканада, калганы менчик эмканада болгон. 20-21-жумаларда мамлекеттик эмканадагылар "балдар жабышып калышы мүмкүн" деп Бишкекке багыттама жазып беришкен. Борбордон УЗИ-допплерге түшкөнүндө "балдар жабышпай эле, экөө өз-өзүнчө чоңоюп жатышат. Ар биринин салмагы 500 граммдан" деп монитордон эки кыздын жүрөктөрүнүн кантип согуп жатканын, колдорун, буттарын келинчегим экөөбүзгө даана көрсөтүшкөн. Кийин, 31-майда Махабаттын ичи ооруганынан Балыкчы шаардык ооруканасына кайрылганыбызда сактоо бөлүмүнө жаткырышкан.
Операцияга менин катышарым алдын ала сүйлөшүлгөн болчу. Төрөт белгиленген 6-июнь күнү эртең менен төрөтканага бардым. Келинчегимди саат 8:30да операцияга алып кирип кетишти да, мени башка палатага жаткырып коюшту. Саат 9:06да ыйлай элек бир кызымды алып келип, менин жанымдан ыйлатып, үстүмө жаткырып коюшту. Бизди күтүп жаткан кайненем биздин палатадан сырткары дагы башка жакта ымыркай ыйлап жатканын угуп, төрөт залынын эшигин ачып жиберсе, ал жерде халаты жок эле кадимки кийимчен 3 аял, жанында ымыркай жатканын көрүптүр. Бирок бир кызматкер чыгып "силерге бул жакка кирүүгө болбойт" деп эшикти жаап алыптыр. Биздин билишибизче, ал күнү кечки саат 4төргө чейин менин келинчегимден башка эч ким төрөмөк эмес. Ошондуктан тиги залда жаткан ымыркай кимдин баласы, төрөт залындагы 3 аял ким, эмнеге алдын ала сүйлөшүлгөндөй операцияга мен кирбей калдым деген суроолор жаралып, күмөн ойго түртүп жатат. Андан тышкары, бул төрөтканада адатта кесарево жолу менен төрөгөндөрдөн операцияга 7000 сом, ага кошумча наркоз үчүн 1800 сом алышат экен. А бизден негедир 1 сом да сурашкан жок.
Улуу балдарым да Балыкчы шаардык төрөтканасында төрөлгөндүктөн, ушул жерге ишеним көрсөтүп, "операцияны жасатууга макулмун" деген тил кат жазып бергем. Биз эгиздин түгөйү бар беле деген күмөн ой менен жашай бере албайбыз. Бул боюнча керектүү жактарга арыз менен кайрылгам. Биз жеңилбей, өз алдынча да иликтейбиз. Аны операция жасаган хирург Айдаралиевага да айттым.

"Кош бойлуулуктун 35-36-жумасындагы УЗИ тыянагы".


"КИМДИР БИРӨӨЛӨР МЕНИН БУЛ ОРУНДУ БОШОТУП БЕРИШИМДИ КААЛАП ЖАТЫШКАН ОКШОЙТ"

Балыкчы шаардык ооруканасынын төрөт бөлүмүнүн башчысы, акушер-гинеколог Тилек Айдаралиева бул окуя боюнча мындай дейт:
– Данияр Чыбыев келинчеги кош бойлуу кезинде хирург Шактыгүл Буржуева экөөбүзгө келип, операцияны биздин жасашыбызды суранган. Балдардын атасы бизге ишеним көрсөткөн тил катын да жазып, кол коюп берген. Эми минтип каралап жатканы жакшы эмес көрүнүш болуп жатат. Биздин оорукана мамлекеттик болгондуктан, төрөтканадагы бейтаптардан же жакындарынан дарыгерлер акча сурайт деген түшүнүк жок. Буга чейин бизде мындай окуя катталган эмес, тескерисинче, алдыңкы төрөтканалардын бири болуп жакшы көрсөткүч берип келгенбиз. Менин бир адамдын көңүлүнө туура келбей калганым үчүн ал жамандап же караласа, анын залакасы башкага тийбеши керек деп ойлойм. Кимдир бирөөлөр менин бул орунду бошотуп беришимди каалап жатышкан окшойт. Бөлүм башчылыктан кетпейм деген жерим жок, кааласа алып коюшсун.

"ТЕХНИКАНЫН ЖАҢЫЛГАНЫ БИЗДИ АДАШТЫРЫП КОЙДУ"

Операция учурунда төрөт залында бир канча кызматкер болгонун билип, ага катышкан дагы бир хирургду сөзгө тарттык. Балыкчы шаардык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун акушер-гинекологу, хирург Шактыгүл Буржуева буларга токтолду:
– Бул келин кош бойлуу кезинде мага келип, каттоого турган. Менде 4 жолу көрүнгөнүндө УЗИ аппарат эгиз деген. Кийин 30-31-жумасында биздеги башка доктур текшергенде эгиз эмес экени УЗИден билинип, бир эле бала экени айтылган. Аны ата-энесине угузсак "силерге көрүнбөйбүз" деп стационардык бөлүмгө барып УЗИге түшсө, ал жактан эгиз деген жыйынтык чыккан. Ошентип техниканын жаңылганы бизди адаштырып койду. Ал эми операция белгиленген күнү балдар эгиз болсо, балким, кыйынчылыктар жаралып калат деп, төрөт залында 2 акушер, 2 анестезиолог, медайым жана башкалар болуп жалпысынан 11 адам болгонбуз. Операция ийгиликтүү өтүп, бир баланы эле алып чыктык. Ымыркай жатында жалгыз өскөн балдар сыяктуу эле 3 килограмм 250 грамм болуп төрөлдү. Бейтап наркозду белине алганы үчүн болуп жаткан окуяларды акыл-эси толук эле билип турду. Ага биз "Мына, балаң бирөө эле экен, экинчи балаң жок" дегенбиз. Ошол учурда баарын түшүнүп эле турган. Биз анын баласын алып эмне кылмак элек? Мындай ызы-чуунун бизге эмне кереги бар дейсиз?

"КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛДУ"

Бул окуя боюнча Ысык-Көл облустук ИИБинин маалымат кызматынын жетекчиси Сталбек Усубакунов Данияр Чыбыев аттуу жарандын арызынын негизинде Балыкчы шаардык ИИБиси тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренесинин 4-бөлүгүнө (жашы жете элек адамды сатуу) ылайык кылмыш иши козголуп, атайын комиссия түзүлгөн. Учурда соттук- медициналык экспертизалар жана тергөө иштери жүрүп жатканын билдирди.

Алтынай Тынышова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(57)
11.07.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Куйоосун торот убакта аялынын жанына киргизбегенине караганда конкретный кеп бар, жакшылап териштирип аягына чыгаргыла эми.
11.07.2017. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мен да алдынан паталогияда жатып кийин толгоом башталып калганда перчатким тугонуп калыптыр. Апам алып келгиче аябай жаман козу менен караган болчу врач. Анан да жаны салфеткага кошуп менин иштетип аткан салфеткамды да которуп кеткен.
11.07.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жалганды абадай эле колдонуп калышканго... Роддомдо эле эмес больницага барсан бары акча, жада калса врачтардын перчаткиси жок, перчаткиси жок болгондон кийин неге врач болуп журот?!
12.07.2017. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эми ушуну тергоочулор бутуруп койбой такташса экен баары биримдикта
12.07.2017. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мурда бир жерден окудум эле бир белгилуу адамдын (башка улуттан) да ата энеси эгиз куткон бирок бир эле бала торолуптур. Кийин текшерсе ошол баланын эки журогу бар экен эле. Эн биринчи укканда ушул оюма келди да менин. Бирок 1 сом да албаганын укканда алып койду деп эле ойлоп атам. Менин апам торогондо акчаны укмуш алышкан (озу торогон). Мен да врач болоюн деп атам. Бирок ушундай врачтардын айынан адамдардын врачтарга болгон ишенису жоголот да. Кудай озу жазаласын ушундай врач кейпин кийген кылм
12.07.2017. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Роддомдун босогосун аттагандан баштап акча сурап башташат. Ачык эле айтып сурашат, бир сом бербей тороп чыктым деген аялды коро элекмин. Салфетка, самын, гинеколог врачка, акушерге, медсестра, санитарка бересин. Тороп палатага которулгандан кийин ал жактагы врачтарга, медсестраларга акча бересин. Чыгаарда ар кимиси келип акча дейт. Больницага спонсорский дегени да бар. Толготуп жатканда бироосуно суйлошуп койбосон жакшы карабай коюшат. Таанышы барларды улам чуркап келип карап турушат.
12.07.2017. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Анан булардан кандайча акча сурабай калышты. Шектуу шекинтет болушуптур. Тем более кесерова менен торогондо акчаны алышмак.
12.07.2017. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Бизде контроль жок олгон. Депутаттарыбыздын ою президенттик шайлоодо
12.07.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Врачты,төрөтткө катышкан жардамчыларды баарын иштен алыш керек,мыйзам бизде иштебейт эле таң ай
12.07.2017. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суперчилер силерден сураныч"мамлекеттик болгондон кийин бир сом акча албайбыз"деген алдамчы врачтардан дагы кабар алып элге жеткирип тургула
12.07.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3 кг 250 грамм чыкса бала. Тергоо иштери туура журсо экен.
12.07.2017. 16:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бала кайгы болуп атса! Ордун ойлоп журот.
Ар ким озун ойлогон эле жан!

12.07.2017. 18:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай озу сизге жар болсун эже
12.07.2017. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушуну менен унутулуп калбай .кайра кайра чыгарып тургула.Аягы кандай болот экенин
12.07.2017. 21:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gezittin kiiinki sanyna "operasya ubagynda menin bir boirogumdu alyp satyp jiberishti" dep biroo chyksa tan kalbai ele koisok bolot eken. Bizdin vrachtarga akcha bolso ele boldu. Oshol algan akchaga jakshy kyzmat korsotushso... elder ozdoru ele kaira bergisi kelet. Algan akchany aktap ishteshpeit!!!!!
13.07.2017. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
akcha albaibyz degendi ugup itim sa ishenbei esi oop kaldy
13.07.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мамлекеттик болгону учун 1сом албайбыз дегенине ишенбейм биздин балдар да мамлекеттик тоорот канада торолгон дары дармек аркы берки деп акча алышат. Албетте андай учурда акчагада карабайсын. Бирок кыргызстанда акча албайбыз дегенин биринчи жолу угуп жатам.
13.07.2017. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шарт этетко акча албайбыз деп башка созуно ишенсенда ошол жерине ишениш кыйын.
13.07.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тообо эгиз деп 7жолу айтса кантип бирди торомок эле? менда эгиз торогом доплерге УЗИ 3Дга тушкондр балдарымды кадимкидей коргонбуз
14.07.2017. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Акча албаган роддом бар экен кыргызстанда, төбө чачтар тик турат го от волнения.)) Неужели а?!)) срочно Гинесске киргизгиле!
15.07.2017. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Shahrizaada, Жалган маалымат болбогондо киргизе турган эле соз болуптур
14.07.2017. 08:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жети жолку узиде Бир эле жолу жалгыз калганында экоо дептир го как это можно понять?менин билишим боюнча узиби башкасыбы уч жолу текшеруунун экоосу окшош болсо демек диагноз туура делет буларда Бир эмес эки эмес торт жерде эгиз деп айтылып атпайбы
17.07.2017. 17:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayva,бир жолу жалгыз дегени да ошол роддомдун УЗИ си экен...
14.07.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Оо АЛЛАХ ушул Уй булого кызын табууга озун жардам бере кор.жана кунолуулорду озун жазалай кор.эгиздер биригишип чоноюшса экен.АМИН!!! Келгиле Кыргызым жок дегенде дуба менен жардам берели АЛЛАХтан сураналы.
ayva түзөттү 2017-07-14 08:44:17
15.07.2017. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayva,туура айтасыз, Аамиииин!!!
14.07.2017. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эгиздер жонундо соз болуп жатса орунду айтат го бул. Её только кресло интересует?
14.07.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир эле баланы 5 же 6 кг кылып тороп жатышпайбы, учунчу тороту болсо 3кг дан эки бала болгондур балким, чын эле баладан ажыратып койушса кудай жазасын берсин!
14.07.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен биринчи балада акча бербей эле чыккам экинчисинде кудай сакта салфетканы мындай кой разрыв болдун тиккенине акча толо Бекер эмес десе болобу чыгып баратсак суйунчусун канча бересинер дейт врачтарга соз жок мени тороткон акушерка унчуккан жок башкасы келип сурап жатпайбы бир сом да бербейм Ким торотсо ошо алат деп чыгып кеткенбиз тороп жаткандакоронсун да демек бул эженин мандайына покрывал тратып озуно корсотпой торотушсо к.к да
14.07.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ой бети жоктор кудай урсун силерди акчаны шыкылдатып аласынарбы го билесинерби силердин денгээлинер кочодоку XXX менен биржей.учту тородум киргенден баштап чыккыча акча бергем
Модератор admin_superstan түзөттү 2017-07-15 19:24:29
15.07.2017. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Россияда бир аял 10 эгиз тороптур салмагы 3 дан ашык баарыныкы интернетте журот
17.07.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beise,эгиз деген экоо.10эмне болот
16.07.2017. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында абдан окунучтуу кыргызстанда торогондон деле коркосун мен Москвада тородум кудайга шугур гражданин болгондуктан бир тыйын алмак тургай кайра подаркаларды детский комплект пачкалаган памперстерди берип чыгарат экен роддомдон
17.07.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындап эле эгиз болсо 3кг250г болуп торолгон баланы уга элек экенмин балким бул ата-эте адашып жаткандыр, эгиз балдар 1,5кг дан 2кг га чейин торолгонун уккам. анан дагы билбедим
17.07.2017. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сатышса табылат эле го кайра ичин карап корушсун анда.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо