«СЕН ООРУБА, КҮЧҮГҮМ»

№766 7-13-июль, 2017-ж.

Күн ысык. Жолдошум экөөбүз кечке маал сейил бакты аралап жүргөнбүз.
– Карасаң,- деп калды аңгыча жолдошум кабыргамды нукуп.
– Эмнени?
Жолдошум артыбыздан ээрчип келаткан күчүктү көрсөттү. Арык, жүдөгөн, баткакка оонап чыкканбы жүндөрү ылай болгон күчүк ээрчип алыптыр. Үмүттүү көздөрү менен бир нерсе береби дегенсип ар кимди карап коёт. Ары-бери өткөндөрдү көрсө, тык токтоп, алдынан утурлай чыгып бутун жыттагылайт. Алар кир күчүктү көргөндө эле алыстан айланып өтүп жатышты. Эмнегедир кичинемден бери күчүктөрдү жакшы көрөм.
– И-ий, момпоська! Адашып калган окшойт. Күчү-күчү...
Мен сумкамды аңтарып жатканда күчүк куйругун шыйпаңдатып чуркап келди. Сумкамда печенье бар эле, анын бирин алып ыргытсам, дароо сугунуп алды да, кайра эле куйругун шыйпаңдатып баштады.
– Бул күчүктү багып алалычы,- күйөөмдү эркелей карадым.
– Муну эмне кыласың? Таң атканча кыңшылап тынчтык бербейт,-деп жолдошум жактырбай күңк этти.
– Жаны-ым.
Аялдан амал качып кутулбайт эмеспи, калп эле таарынган түр көрсөттүм. Күйөөм менин көңүлүмдү кыя албай аргасыздан макул болду. Шаардын четиндеги жаңы конуштардын биринде жашайбыз. Жүдөгөн күчүктү жуунткан соң сүйкүмдүү, томпойгон күчүк болуп чыга келди. Курсагы тойгон соң борсулдап үргөнүн угуп жолдошумдун да ичи элжиреп кетти окшойт. Күчүк менен ойноп баштады.
– Эми мунун атын кандай атайсың?
– Акжолтой.
Акжолтой биздин үйгө келгени кут келгендей болду. Эрмегибизге айланды. Мүнөзү кудум адамдыкындай. Кээде кулагын жапырып, башы менен сүзгүлөп, буттарыңа жөлөнүп эркелейт. Эшиктин алдына чечилген бут кийимдердин ичине кирип жатып алат. Оюнкарагын айт.
– Апе-ей, менин бут кийимдерим жок го,- деп эле үйгө келген коноктор күйпөлөктөп бут кийимин издеп калышат. Бул Акжолтойдун шоктугу. Үйгө конок келсе, тааныгандай болуп дайыма чоочун кишилердин бут кийимдерин тиштеп барып, коңшубуздун чарбагына таштап келет. Биздикине тийбейт. Урушуп койсоң, күнөөсүн билип бултуйган боюнча бурчка барып башын буттарына жөлөп жатып алат. Боорукер. Күйөөм тамашалап мени урушуп койсо, ага айбат көрсөтүп борсулдап үрөт, буттарын тиштегилейт. Ушинтип эле жыргап калдык. Баарынан кубанганым, турмушка чыкканыма 2 жыл болсо да бала жытын искей элек болчубуз. Албетте, бул Жараткандын белеги деңизчи, бирок мен Акжолтой келгени үйгө ырыскы келди деп жогоруда айткандай, аны багып алгандан көп өтпөй кош бойлуу болгондугумду билдим. Кубанганымды сурабаңыздар. Ошондуктан ак жолтой күчүгүмдү мурункудан да жакшы көрүп калдым. Бир күнү УЗИге түшкөнү жолдошум экөөбүз чогуу кеткенбиз. Кечинде келсек эле Акжолтой жок. Байлаган эмеспиз, короонун ичинен кайда кетмек эле деп ойлогонбуз. Бирөөлөр уурдап кеткенби же көчөгө чыгып кетип адашып кеткенби, белгисиз. Маанайыбыз чөгүп, жакын тууганыбызды издегендей көчөмө-көчө кыдырып издедик. Эч жерден көрүнбөйт. 1 күн күттүк, жок. Эртеси дарбазанын сыртынан Акжолтойдун кыңшылаган үнү угулду. Жолдошум жумушта эле, чыксам, дарбазанын каалгасын тытмалап жатыптыр. Сүйүнгөн боюнча чуркап чыгып, Акжолтойду көрүп турган ордумда каттым. Байкушумду чоң иттер талап салган окшойт, сылтыган, бир буту кыймылсыз, моюндары канжалап жүрөт. Ачка болгон окшойт, кынжыйып курсагы жабышканы калыптыр.Үйгө киргизип тамак берсем, ичпей койду. Аны көрүп менин да жүрөгүм ооруп чыкты, маанайым чөгүп, өзүнчө ыйлап алдым. Жолдошум кечинде келип, Акжолтойду көрүп ал да кейиди. 2 күн тамак ичпей кыңшылап жата берди. Аны көргөн сайын жүрөгүм тилинет. Коңшулар:
– Бул ит болбойт, өлөт, ыргытып салгыла кыйнабай,- деген кеңештерин айтышты.
– Жок!
Аны жамандыкка кыйгым келген жок. Эртеси жолдошум экөөбүз ветеринарга алып бардык. Ал ийне сайып, бутун таңып берди. Үйгө келгенде деле тамакка табити анча тарткан жок. Бир аз сүт ичимиш болду. Түн бир оокумга чейин аны менен алаксып отуруп уктагам. Таң атпай туруп Акжолтойдун уясына жөнөдүм. Тымтырс. Кудай, ай, Акжолтойдон айрылдыкпы? Жакындаган сайын жүрөгүм түрсүлдөп бир башкача согуп, жаман ойлорго жетелене баштадым. Аңгыча эле уянын оозуна жабылган кийиз кыймылдап, ичинен сылтып бир бутун сүйрөгөн Акжолтой чыгып, куйругун шыйпаңдатып борсулдап үрүп калды.
– Акжолтой!
Кубанганымдан маңдайым жарылды. Эки аттап ага жетип, колума көтөрүп кантип өпкүлөп жибергенимди байкабай калыптырмын. Аны жалбара эркелетип, сүйлөшүп жаттым.
– Экинчи ооруба, менин күчүгүм! Буюрса, жакында сенин досуң жарык дүйнөгө келет. Анан экөөң ойнойсуң. Ал сага быйтыйган колдору менен нан сунат...

Махабат


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  19 
Комментарийлер(22)
11.07.2017. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ээх журогум элжиреп кетти....
11.07.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Апеееей эмне биз орус болуп баратабызбы.
14.07.2017. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Ит адамдын досу"- деген илгертеден макал бар. Итке канчалык көңүл бөлсөң ошончолук жакын болот.
11.07.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Иттин тилегени "ушул уйдо жаш бала коп болсун мага нанын сунат"а мышыктын тилеги билсенер керек....ит адамдын досу деп бекеринен айтылбаса керек
12.07.2017. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Cherik.777,Cherik.777,. Кечирип койгула, но мышык жонундо айтылган соз просто тупость. Мышык ошентип тиленет деп кайсыл жерде жазылыптвр же айтылыптыр? Жок дегенде Куранда болбосо да, Хадисттерде барбы? Мышык деле Бир жаратылган жаныбар. Кичинесинен болбогон Бир соз менен жаш балдарын мээсин айнытып, мышыкка болгон жек корууну пайда кылса болот. Алар жон койбой мышыктын ниетти жаман деп аларга азап беришет. Билип журун мышык жонундо андай соз жок. Мындай создун келип чыгышынын себеби башкада.
Linkin. түзөттү 2017-07-12 04:25:58
12.07.2017. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Linkin.,мышыкты ото жакшы корот окшойсуз
13.07.2017. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Linkin.,кошулам, соз барго пайгамбар отурса чапанынын этегине мышык уктап калган экен, уйкусун бузбайын деп чапанынын чекесин кесип, анан туруп кеткен экен. Мындай окуя болбогон деле болуш керек, бирок бекеринен чыккан соз эмес да.
11.07.2017. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Ушул кантип болсун. Ал болгону жаныбарго, адам деле олуп калып жатпайбы! Итке ушунча кайгырып, андан коро курсактагы баласынын омурун, бактысын тилебейби...
11.07.2017. 23:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ит. Кичинемде аяш атам кучук алып келип таштап кетти. Анда мен 5-6 жашта болсом керек. Ушундай акылдуу ит болчу. Ал 14-15 жыл жашады. Машина сузуп олуп калган. Биз баарыбыз кадимкидей ыйлаганбыз. Андан бери коп жыл отсо деле, уй булобуз чогулганда итибиз жонундо соз кылып калабыз. Ал биздин чыныгы досубуз болчу. Баса итибиздин аты- Жолборс эле.
12.07.2017. 04:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kuchugubuz olup kalganda uydogulor baarybyz yilap, chon baykem don( too tarapka) baryp komup, kuran okup kelgeni esimde kalyptyr negedir
12.07.2017. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Glucke,тообо кучукко жа куран окуйбу андан коро козу отуп кеткен туугандарына окуса болмок
12.07.2017. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
- ит адамдын досу
12.07.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ит адамга дос болгону жакшы досундун ит болгону жаман
12.07.2017. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Рексти дагы машина сузуп кетти,жолдун боюнда жащаганга.Ушундай акылдуу болчу азыр деле Рекс болгондо деп калабыз.К уйоом торт кундо Бир ишке барчу, именно ал барганда пайда болуп,сени кутот деп коллегалары айтса ишенчу эмес экен.Бир куну портерге чык десе чыгыптыр,уйго алып келген.Ал урсо уйго киши келди,же мал кирди деп эшике чыкчумун.Куйоом алыстан келе жатканда эле
12.07.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дарбазанын алдында кутуп турат эле,бир Жака жоноордо ээрчип зорго алдап алып калчумун.Таза дагы болчу.Машина сузгонун копто айткандай,жаман болгом.Ошодон бери ит бакпай койдук.
12.07.2017. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
итти колдон келсе бакпай эле коюу абзел . "иттер да бир коом болбогондо буларды жок кылат элем" деген Пайгамбарыбыздын хадиси бар беле? иттин шилекейи кийимге тийип кетсе, кийим намазга жарабай калат. а мышык пайгамбарыбыздын жакшы коргон жаныбары болгон. 14 кылымдан бери мусулмандарга ич куйдулук кылып келген жооттор( еврейлер) мышыкты жек корунду, итти адамдын бир тууганы кылганга жетишишти((
love_you түзөттү 2017-07-12 15:44:06
12.07.2017. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
love_you, Кудай жараткан жандыкка зыян келтирууго пайгамбардын да акысы жок!!!
12.07.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин итимдин аты да акжолтой еле аябай жакшы ит еле озу келген .бирде кошунабыз ит кылабыз деп байлаган екен жибин узуп келе берген ушунчалык акылдуу еле нанга тийчу емес ачык турса да ашыкча тамак жебейт еле тиктеп жата берчу артканын тооктордон корууп
14.07.2017. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыйлагынды келтирет го,менин да итим бар аты Кеша,аябай акылдуу тамагын бышырып муздаганча тооктордон коруп жат десен жылбай кооруйт
16.07.2017. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин кичинемде айылда, бир козум бар эле кучуктор менен чогу оскон, кучуктор уруп короо кайтарса ал дагы кучуктордун аркасынан калбай чуркап алаар эле. Бир жакка чыксан аркандан калбай ээрчип алчу адаты бар болчу. Кочодон кошуналар коруп ушу козун сенин ит болгону калды, бир короо койду ит ордуна кайтарт деп кулуп калчу эле. Аттин кийин ошол козум союлуп кеткен тура.
10.08.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Махабат Бактына бакыт кошулсун! Эки дуйно бактылуу болгула жолдошун экоон...
21.09.2017. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да ит багып алгым келип кетти
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо