ТУРСУНБЕКОВ: "ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО КАТЫШУУГА НИЕТИМ БАР"

№766 7-13-июль, 2017-ж.

Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков 30-июнь күнү парламенттин II сессиясынын жыйынтыгы боюнча маалымат жыйын берди. Журналисттердин бүйүрүн кызыткан тема эл өкүлдөрүнүн ишмердүүлүгү эмес, президенттик шайлоо болду. Буга чейин "Турсунбеков президенттик шайлоого өз алдынча аттанат" деген кептер талкууга алынып жаткан. Журналисттерге төрага "президенттик шайлоого катышууга ниетим бар" деп жооп берди. Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын Казань шаарында жүрүп Жээнбеков-Турсунбеков темасына карата комментарий берип, Турсунбековго караганда учурдагы өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековго жан тартарын ачык көрсөткөн.
Кыргыз менен тыгыз кызматташкан ири державалардын бири Орусия кайсы талапкерге көбүрөөк ыктайт деген суроо Кыргыз өз алдынча көз карандысыз мамлекет экендигине карабай актуалдуулугун жоготпой келе жатат. Биринин артынан бири Бишкекке сапар жасап калган Орусиянын жогорку эшелонундагы эки таасирдүү саясатчы "Орусия Турсунбековду көбүрөөк колдойт" деген ишаратты көрсөтүп кетишкендей болду. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен Турсунбеков жолуккандан кийин спикер президент болуу ниети бардыгын жар салды. Орусиянын Федералдык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко да өз сапарында Турсунбековго көп көңүл бурганы байкалды.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо