КЫРГЫЗ МИГРАНТТАРЫ ОРУСИЯДА УЛУТТУК АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮКТҮ ПАЙДАЛАНА АЛЫШАТ

№766 7-13-июль, 2017-ж.

Кыргыз мигранттарынын улуттук айдоочулук күбөлүк менен Орусиянын аймагында иш алып баруусуна уруксат берилди. Бул тууралуу Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдирди. Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаттары 5-июль күнү президентке жогорудагы сунуш менен кайрылуу жөнөтүшкөн эле. Анда чет өлкөнүн жарандары орус тилин билбегени үчүн айдоочулук ишмердүүлүгүн токтотуу зарылдыгы келип чыкканын, бирок Кыргыз жарандары орус тилин жакшы билери жүйө келтирилген. Владимир Путин да кайрылууну кароодо Кыргыз мамлекетинде орус тили экинчи мамлекеттик тил статусуна ээ экенин эске алуу менен колдогону айтылат таратылган маалыматта.
Эске салсак, 2017-жылдын 1-июнунан тарта Орусияда чет өлкөнүн улуттук айдоочулук күбөлүктөрү менен унаа башкарууга тыюу салган мыйзам күчүнө кирген. Учурда мындай жеңилдик Кыргыз жарандарына гана берилди. Маселе Орусиянын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен Федералдык кеңештин төрайымы Валентина Матвиенконун Кыргыз өлкөсүнө жасаган иш сапарларынан кийин чечилди.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо