ЭЛДИК КУРУЛТАЙ БАБАНОВДУ ПРЕЗИДЕНТТИККЕ АТТАНДЫРДЫ

№766 7-13-июль, 2017-ж.

1-июль күнү Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Элдик курултай өтүп, «РАЖ» парламенттик фракциясынын жана «Республика» саясий партиясынын лидери, экс-премьер-министр Ө.Бабановдун президенттикке талапкерлигин колдоо боюнча резолюция кабыл алышты. Элдик курултайга республика боюнча 1260 делегат катышты. Аттуу-баштуулардан КСДП фракциясынын лидери И.Өмүркулов, «Ата Мекенден» А.Шыкмаматов, «Кыргызстандан» К.Исаев, «Ар-намыстан» Ф.Кулов келди. Ошондой эле М.Шеримкулов, Ү.Сыдыков, М.Байжиев, А.Жайнаков, К.Осмоналиев баштаган аксакалдар, генералдар, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты. Өмүрбек Бабанов өз сөзүндө өлкө экономикасына басым жасап, «Алдыга жол» аттуу программасынан келтирип, Кыргызстанды өнүгүү индекси боюнча жашоого жакшы деп эсептелген 10 өлкөнүн ичине киргизүү башкы максаты экенин билдирди. «Өлкөбүздө биринчи жолу президент өз мөөнөтү аяктаары менен кетем деп жатат. Эми таза, адилет, калыс шайлоо өткөрүп берсе, Алмазбек Шаршенович элге чыныгы тандоону берген адам катары тарыхта калат»,- деди Өмүрбек мырза. Аягында аксакалдардын атынан акын Анатай Өмүрканов ак батасын берип, «Кыргызстаным» аттуу ырдын аткарылуусунда Элдик курултай жыйынтыкталды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо