Омар, ырчы: «СЦЕНАРИЙДИ МЕН ЖАЗСАМ КЕМАЛЬ ТИРҮҮ КАЛМАК»

№767 14-20-июль, 2017-ж.

– Кандайсыз, Омар? Айтыңызчы, жайдын аптабынан кантип сактанып жатасыз?
– Жакшы. Чыдамкайлык менен, сыягы. Унаамдагы кондиционерди дагы жандырбай жүрөм, себеби кечкисин дайыма ырдайм. Ошондуктан тамагымды оорутуп албайын деп, өзүмө-өзүм душман болбой жатам.

– Аскердик кызмат өтөп келгениңизге аз эле болду. Кээ бирлер бул кадамыңызды кезектеги пиар жаратуу аракети катары кабыл алышты окшойт?..
– Чындыгында, интернеттен деле ар кандай комментарийлерди окуп калып жатам. «Эмне, мамлекеттик жумушка кирейин деп жатасыңбы?» дегендер да болду. Мага чейин алпаруучу Нурсултан Майназаров дагы барып келди да. "Мен дагы аскердик кызмат өтөп келсем кана?!" деп ойлочумун. Бул кадам менин каалоомдон улам гана болду, жарнама же пиар жасоо оюмда болгон эмес.

– Ырчыдан жоокерге айлануу кыйын болгон жокпу?
– Ырчылардын күн тартибине ылайык, түнү уктабай, күндүзү уктап көнгөнбүз да. Ыр жаздырайын десек студиянын кызматкерлери «түнү кел» деп коёт, концерттер да кечкисин. Мени аскерге алып кетер түнү дагы жакшы уктаган эмес элем. Биринчи эле күнү курал-жарактарды карап күзөттө турдум. Ошентип дагы 24 саат уктаган жокмун. Башында көнбөгөн үчүн бир аз кыйналдым. Жалпысынан бизге 1 айдын ичинде толук аскердик кызмат өтөгөндө эмнелерди үйрөтсө, ошонун баарын үйрөтүүгө аракет кылышты.

– Интернетте терс ойлорун билдирген адамдарга таарыныч пайда болсо керек?
– Ушул убакка чейин мен бир нерсени үйрөндүм, андай кептерге көңүл бурбоону. Мурун жагымсыз комментарийлерге кабатырланып, «Мен бул нерсени айтайын деген эмес элем го, эмнеге ушундай кабыл алышты?» деген ойлорго кабылчумун. Азыр буга мындай көз караштамын: «Адам негативдүү оюн билдирип же чегинен чыгып кеткен пикирлерди жазып жатса, анда анын ой жүгүртүүсү, дүйнө таануусу ошол айткан кептеринин деңгээлинде. Демек, алар менен тең тайлашуунун кажети жок».

– Социалдык тармактардагы сиздин фан-баракчаларыңызды алып жүргөн күйөрмандарыңызды көрдүм. Бирок башка ырчылардай сиздин алар менен түз байланышыңыз жоктой туюлду...
– Оюмда Рамазан айында ошондой күйөрмандарымды чакырып ооз ачар уюштурсамбы деген элем. Бирок убакыттын тартыштыгынан ал оюм дагы ишке ашпай калды. Чын эле азырынча жолугушуп, сүйлөшүп көрө элекмин. Түрдүү телеканалдар күйөрмандар менен жолугушуу уюштурганда жолугуп жүргөм. Бирок өзүм уюштура элек болчумун, оюмда бул нерсе бар, убактысы келсе ишке ашырам деп жүрөм.

– Ошол эле соцтармактардагы #ниханкемаль, #кемальумер, #кемальживи деген хештегдердин жайнап кеткенин көрдүңүз да. Көпчүлүктү көңүл кош калтырбаган «Түбөлүктүү сүйүү» («Кара севда») сериалын көрдүңүзбү?
– Алгач 1-сериясынан баштап 10-сериясына чейин көргөм. Кийин айланамдагылар «ортосундагы кызыксыз жерлерин көрбөй эле, мынчанчы сериясын көр» дешсе, ошолорду көрүп коюп жаттым. Бирок Кемалдын өлгөнүн көрбөй калдым. Тааныштарым айтышты «жарылып өлдү» деп. Жалпысынан сериалдагы каармандарды тааныйм.

– Негизги каармандын образын жараткан Бурак Өзчивиттин интернеттеги баракчасына жүктөгөн сүрөттөрүнө "жакты" белгилерин басып калганыңызды да көрөм...
– Мүмкүн, бирок Ниханга (ред.; Неслихан Атагүл) «точно» басып турам.

– Сценарийди сиз жазсаңыз, Кемаль тирүү калып, 3-сезону тартылмакпы?
– Сценарийди мен жазсам, сериалды 2 сезон менен эле жыйынтыктамакмын. Себеби элдин убактысы бүт эле сериалга кетип калат экен. Анан Кемаль тирүү калмак, себеби, элестетиңиз, жашоодо ушундай жагдай болсо, кандай чоң трагедия болмок? Байкуш кыз же сүйгөнү жок, же күйөөсү жок колундагы жаш баласы менен жалгыз калды. Мен Эмирге башка жакшы түгөй таап бермекмин, ал эми негизги каармандарды чогуу калтырып бактылуу кылмакмын. Негизи буга чейин «Кулпунайдын жыты» аттуу түрк сериалын дагы көргөм, буга түркчө үйрөнүшүм керек болгону түрткү болгон. Түркчөсүн көрөм, жарымын түшүнүп, жарымын түшүнбөйм. Болгону «сериал көр, жакшы үйрөнөсүң» дешкенинен көрүүгө мажбурмун.

– Кайгылуу финалдан качканыңыз чыгармачылыгыңыздан да билинип тургандай. Дегеним, «Кош жүрөк», «Где ты?» сыяктуу жүрөктө уюп калчу армандуу ырларыңыз чыкпай калды. Же жакшылыкка жоруп шаңдуу гана ырдайын деп чечтиңизби?
– Менимче, жакшы ырларды жаратканга аракет жасап жатам. Болгону сиз айткан жай ырдалган ырлар, негизинен, угармандарга оңой сиңет. Шаңдуу ырларды эмгек менен жеткирүү керек болот.

– Ар дайым өзүңүздү өтө оор басырыктуу алып жүрөсүз...
– Дос, туугандардын арасында азыр сиз менен кандай сүйлөшүп жатсам, ошондой сүйлөсөм, албетте, «койчу, эй» дешет да. Мен өзүмдөгү жоопкерчиликти сезем, маданият кызматкеримин, демек, өзүмдү маданияттуу алып жүрүүгө милдеттүүмүн. Аскердик кызмат өтөп жатканда деле 2-3-күндөн кийин үнүм бийик чыгып, кыйкырып баштадым эле, «Омар кыйкырып калды» деп күлүп жатышты. Албетте, жиним келет, ачууланам, бирок керектүү чөйрөдө гана.

– Маегиңиз үчүн ыраазычылык! Чыгармачылыгыңызга ийгилик!

"Аскердик кызматты Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүндө өтөдүм, ал жактагы бизге билгенин айтып, жардамын аябаган кызматкерлерге аябай ыраазы болдум".




Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Шоу-бизнес өкүлү менен баш кошуу оюмда жок" дейт Омар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(40)
18.07.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Омар жаш болсо да акылдуу анан дагы билимдуу экени корунуп турат. Ар бир суйлогон созу маанилу суктанарлык мырза. Азаматсыз . Бактылуу болунуз!
18.07.2017. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Омарды, ушул интервьюсунан, жонокой адам экенине козум жетти! Респект!
18.07.2017. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мага ушул гана ырчы жагат!
18.07.2017. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай жонокой жигит.Азамат ушунундан жазба.
18.07.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Аябай жакшы жигит .Сыйлайм
18.07.2017. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омар, сага ийгилик!!!
18.07.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Allahym eki duino baktyluuluktu nasip kylsyn sige.
18.07.2017. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Allahym eki duino baktyluulumtu basip kylsyn. Sizdi a9bai jakshy korom.
18.07.2017. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эл адамы озун ушундай алып журушу керек.Мен дагы сыйлайм,Омарды.Иштерине ийгилик!
SUPER.KG видео
18.07.2017. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омар красавчик!!!!талантын баалайм.бардык жагынан топ келишкен
Жигит.
18.07.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Красава!
18.07.2017. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Аллахтын раазычылыгы үчүн жакшы көрөм сизди.Жараткан эки дүйнө жакшылыгын аябасын сизден.Аллах өзүнүн сүйгөн пенделеринин катарына кошкон болсун.Сиздей уулду тарбиялап өстүргөн ата-энеңизге даңк!Алардын өмүрү узун болсун.
19.07.2017. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ошол сериалды корбогон мен эле калган окшойм
19.07.2017. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эркектердин достугу бекем болот дейсинер. Калп соз. Омарга жаман комментарий жазгандар бут эркектер. Кыздар жакшы создорду жазышса чыдабай кызганып олло жаман соз жазышат.
19.07.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен Омарды албай сыйлайм, талантту, оор басырыктуу созун таап суйлогон мыкты жигит. КС ны булда коруптур, Ниханга точно басам ( суротторго лак) деген жери жакты.
19.07.2017. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик!!! Сизге сабыр,сабыр жана сабыр!!!
19.07.2017. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар байкеге ийгилик калайм .
SUPER.KG видео
19.07.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
Фасольдун чырынан кийин ушул бала жакпай калды, аферисттердей коруно берет козумо.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-19 15:30:23
19.07.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арман Жамалов деген ырчыдан интервю алып бересиздерби,корунбой калды админ
19.07.2017. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен да сыйлайм шоу бизнесдин эн красавчик ырчысы.
19.07.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омар аферист эмес баскан турганы суйлогон создору баары жай жайыда аферисттер козунон билинет Омарды постава кылышты акча ондурушту
20.07.2017. 03:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азаматсыз! сыйлоого татыктуусуз! дагы- дагы коптогон ийгиликтерди жаратыныз!
20.07.2017. 08:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сизге чыгармачылык ийгилик, Омар копчулук кыздардын кыялындагы идеалдуу мырза! Башкалардан жонокойлугу, токтоолугу менен айырмаланып турат! Бактылуу болунуз!
Медиа-портал
20.07.2017. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
Омурбек,сен озун эмне кааларынды билбейт окшойсун,ошон учун уйлонбой журосун да
20.07.2017. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Омарды унутууга каттуу аракет кылып жаткан учурум.Уйлонсо журогум токтоп калбасын деп,24ту ашып 25 жакындап калсамда уят.
Медиа-портал
20.07.2017. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ататурк университетинде коп эле кыздар бар го, душасы жакшы, сен ал жакта да окутун неге аларга уйлонбойсун?Жанында деле коп кыздар журот, ырчы болсо эмне болмок эле, наоборот ырчылар бири бирин жакшы тушунушот да,
20.07.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омар менен ооругам убагында, кол жетпесин тушунуп жонокой эле куйорманы болуп калдым. Ар дайым жакшылык каалайм,эки дуйно бактылуу болунуз Омар.
20.07.2017. 16:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нихан бурак кара севда жонундо суроолорду эмне берип журот тооба
21.07.2017. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kambar.kg, и я об этом.
21.07.2017. 15:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
негизи Омар байке билимдуу, маданияттуу инсан, суйлогон созу орду менен, озуно окшогон сулууга жолукса экен дейм
24.07.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омардын озун-озу алып журуусу жагат.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо