Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТУРМУШ ТҮЙШҮГҮН ЖАЛГЫЗ ТАРТКАН ЭНЕЛЕР

№767 14-20-июль, 2017-ж.

Үй-бүлөдө жашоо түйшүгүн адатта аял менен эркек чогуу көтөрөт. Биз төмөндө маектешкен айымдар турмуштун түмөн түйшүгүн жалгыз моюндарына артып келе жаткандар. Аларга кандай мактоо айтпайлы, кандай орден такпайлы, жетишсиз болот.

Бегимай Карабаева, ырчы: "УЛУУ КЫЗЫМА ЖОЛУККАН САЙЫН ЫЙЛАЙМ"



- Турмуш деген алты тамганын ичинде сүйүү, күйүү, өкүнүч, арман, бардыгы камтылыптыр. Турмуш түйшүгүн күйөөм менен жашап жатканда деле тарткам, азыр деле тартып жүрөм. Айрымдар мени "ырдайм деп жүрүп ажырашты" деп ойлошот экен. Бирок андай эмес. Турмушка чыккандан кийин ырчылыкты таштап, кайын журттун ырын ырдап, алардын тегирменинде айланууну чечкем. "Экөөбүз тең иштебей отуруп алсак эмне болот?" деп соода да кылдым.
Ажырашканыбызга 3 жыл болуптур. Турмушуң араба экен, түртүп кете берет экенсиң. Болгону күчтүү болушуң керек. Ыйлап эч нерсе кылбай отуруп алган киши эмесмин. Ар бир баланын ырыскысы бар, чоңоё берет. Улуу кызым быйыл мектепке кирет. Кайненем "Ошто, шаарда өссүн, бул жакта билим берүү айылга караганда жакшы" деп ажырашканда эле улуу кызым Айдайды алып калган. Ал кишиге ишенем, жакшы карайт. Кызым кайнежелеримдей болуп тарбияланса, мыкты инсан болот деп коём. Кичүүсү Адемай менин жанымда, мектепке киргиче бутума туруп, Оштогу үйүмдү бүтүрүп кирип алайын деп иштеп жатам.
"Кызым эле" деп ушуга чейин күйөөм бир да жолу бир нерсе көтөрүп келип койгон жок. Муктаждык болгон күндө да атасына кайрылбайм. Адемай эс тартып, өткөөл куракка келгенде талаалап ырдап жүргүм келбейт. Анткени ушул учурда кызга эненин колдоосу керек. Улуу кызыма каникулда барып турам. Азыр ал ийримдерге барат, мектепке даярданып жатат, алагды кылгым келбейт. Барганда "сиз менен жашайынчы" деп ыйламсырап, моюнумдан кучактап зээнди кейитет. "Үй бүтсүн" деп жоошутуп коём. Анан «Үй бүттүбү?» деп сурай берет. Ага жолуккан сайын жан дүйнөм аңтарылып, жүрөгүм жанчылып, ызама буулуп артымды карабай ыйлап кетем.

Гүлбү Ороскул кызы, ырчы: "КАТАРЫ МЕНЕН ТӨРӨП АЛБАГАНЫМА ӨКҮНӨМ"



- Турмушка чыгып жаткан кыз дагы, үйлөнүп жаткан жигит дагы "ажырашып кетем" деп эч качан ойлобойт. Жакшы тилек, жаркын үмүт менен баш кошушат. Бирок тагдыр ажырашууга алып келсе, айла жок, баарына чыдайбыз, көтөрөбүз. Мен эч нерсеге өкүнбөйм. Болгону убагында катары менен төрөп албаганыма кейийм. Анткени ажырашып кеткен күндө деле бала сеники да, туурабы? Бала жашоого стимул берет, жөлөк-таяк болот. Ошондуктан көп балалуу болууга эмне жетсин? Кыздар менен сүйлөшүп калганда өзүмдүн жон терим менен сезген нерсемди айтып калууга ашыгып, "эч нерсе качпайт, убагында төрөп алгыла" деп сайрап жатам. Карьераны 50-60-70 жашта деле жасасаң болот. Бирок ал убакта наристе жытын искей албайсың.
Мага жолдошум менен ажырашканым деле билинген жок. Кызын турмушка берип жатканда Элмирбек деле колунан келген жардамын берди. Керектүү даярдыкты көп жылдан бери өзүм камдап жүргөм. Эч нерседен кыйналган жокмун. Эркектин жумушун мурун деле, азыр деле өзүм кылам. Сантехникага, электр зымдарына байланыштуу иштерди айрым эркектерге караганда жакшы түшүнөм. Керек болсо учурда салып жаткан тамымдын кышын да коюшкам. Аны "Достор" тобунун кыздары билет. Бирок азыр курулушту токтотуп коюп, жөн эле жакшы жашоого өттүм. Кыздарым жакшы кийинсин, жакшы тамак ичишсин, мыкты билим алышсын деп калдым.

Нэна, ырчы: "БАЛДАР САГЫНДЫ ДЕП АТАСЫНА АЙТУУГА АКЫМ ЖОК"



- Үй-бүлө куруу, эне болуу кыз баланын жашоосунун маңызы. Мен дагы "бактылуу болом, эне болом" деген жакшы ойлордун кучагында турмушка чыккам. Бирок очогу бузулгандардын арасына мен да кошулуп калдым. Бул тагдырдын буйругу экен деп кабыл алдым. Бала үчүн ата-эне кандай түйшүк тартпасын кыйналдым деп айтпаш керек. Себеби бала жаралдыбы, ал балалык доорун сүрүүгө, жакшы жашоого укуктуу. Ата-эне баланы бул жарыкка алып келген соң жоопкерчилигин кошо тарта билиш керек. Ар бир баланын ырыскысы бар. Ошондуктан Кудайым берерин унутпайт деген ойдомун. Албетте, кыйынчылыктар бар. Бирок мен жалгыз эмесмин. Ата-энем, бир туугандарым бар. Эне болгондон бери алар мени колдоп келишет. Атасы каржы жактан жардам бербейт, болгону алимент төлөйт. Элге "балдарды көрсөтпөйт" деп айтат экен. Бирок андай эмес. Сагынганда келет окшойт, 2-3 айда бир көрүп кетет. Балдар, албетте, сагынышат. Азыр ал үйлөнгөн, ошондуктан "балдар сагынып жатат" деп айтууга акым жок. Балдарымдын мыкты болуп чыгышын тилеп азыртадан бир нече тил үйрөткөн жеке менчик бала бакчага бергем. Алардын жаркын келечеги үчүн бүт аракетимди жумшайм. Учурда жашоом жакшы, телегейим тегиз.

Залина Касымова, кыл кыякчы: "БАЛДАРДЫ АТАСЫ МЕНЕН КАТТАШТЫРБАЙ КОЮУ БОЛБОЙТ"



- Ажырашууну Кудайдын берген сыноосу деп түшүнөм. Бул сыноонун артында чоң күрөш турат. Мен депрессияга алдырбай, чыгармачылык, балдарым менен алаксып жеңип өткөнгө аракет кылдым. Ажырашууну трагедия катары кабыл албай, эң биринчи ойлорумду оңдодум. Келечекке жаркын үмүттөр, тилектер менен умтулуп, кылып жаткан аракетимди көргөн балдарым да бышыгыраак болот го деп ойлойм. Ансыз деле аялзатынын тагдыры, жашоодо аткарган функциясы оор.
"Шарт ушундай" деп белди бекем бууп иштеп жатам. Кудайга шүгүр, балдарым эч нерседен кем эмес. Атасынан деле эч нерсе сурабайбыз, көңүлү келип бир нерсе алып бергиси келсе каршы болбойм. Балдарымды келечекте биз сыймыктана турган инсан кылып тарбиялап чыгам деп ишенем. Моралдык, материалдык жактан колдоо көрсөткөн ата-энем бар. Чыгармачылыгыма байланыштуу эки жакка кеткенимде балдарым таята, таенесинин жанында болушат. Балдарым аларга жакын, ата-энем да балдарымды менден артык көрүшөт. Атасы менен катташтырбай коюу оюм жок. Балдардын чоңдордун ортосундагы түшүнбөстүктөрдүн курмандыгы болушун каалабайм.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(52)
18.07.2017. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+26
Чымчыктын да уясы бузулбасынчы
19.07.2017. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Sonyasonya,эки аял алууну мыйзамдаштырганча уй булоону сактап калуу учун мыйзам ойлоп табышпайбы канчалаган балдар атасыз осуп жатат союз мезгилиндегидей бир аял алган таптиптуу эркекти ган мамлекеттик ишке же депутатыкка шайлоо керек деген закон чыгаргылачы жок дегенде келечегин ойлоп эркектер туруктуу болоор кайран жаш балдар атасыз осуп жатышат
18.07.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+76
Эркектерге наалат,уят эле .Бир да аял балдарыма атасы жардам берет деп жазбаптыр, балдарды аял кишилер оздору багып туйшугун тартып жатышат,а эркектер катар катар аял алып, балдарды бакбай эле таштап кетип жатышат,Эркектерде намыс калбады
18.07.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+57
jildiza,Туура айтасын,анан башка улутка турмушка чыкса,тим эле кыйратып койгонсуп ПАТРИОТ болуп чыга келишет. Колунан бир иш келбей. Биринчи озуно кара,анан башканы сына деген соз бар...
18.07.2017. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
jildiza,кудай бар баарына,жооп берчу кунда келет буюрса,ушундай эркектерге мин наалат,азыр коп эле эркектер ушул,кылгылыкты кылып коюп ,бакканы келгенде качышат 1сомун аяйт оз баласынан
18.07.2017. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
jildiza, кечирип коесуз. Башкасын билбейм. Элмирбек байке азыркыга чейин жардам берип журот. Асхат деле жардамын аябайт. Аялы ичи тарып жардам бербейт деп айтып койсо эле наалат айта бересинби? Ар бир уйбулоо бироого карангы. Билбей туруп антип негатив создорду айтбаныз. Мен экоону жакындан тааныгандан айтып атам
18.07.2017. 20:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
jildiza, эмне, табан канып жатабы?!! Томондо коммент жазгандар да сенин пикирдештерин экен... Же силер да куйоонор менен ажырашып алып эми эркек аттууну жамандоо учун тузулгон мумкунчулуктон пайдаланып калалы деп жатасынарбы?!! Ушул ажырашкан аялдардын ажырашуусуна жалгыз куйоолору гана себепкер болуп аялдары "аппак" болгонуна ишене албайм. Бирок куноо кимден кетип ажырашканда да ажырашуунун айынан куноосуз наристелер жапа чегип кыйналат.
19.07.2017. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Revolyutsiya2, ото озумчул озунду башкалардан ото эле акылдуу сезесин го дайыма эле))) бул жерде плюс минус басып кетишсе ото эле сереьзно кабыл алып тим эле чон операцияны бутургондой, мактанып алмайын бар))) сен жийиркенген турк корейдин аялдары даже тамакты уйундо кылбай кочодон ичип калышкан,жадакалса кофе ичкен чашкасын да автомат жууйт,уйундо тан эртелеп туруп тун бир жарымгача тытынбайт.Биздин кыргыз аялдар алардын аялдарындай позиция карманса ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-19 11:39:08
19.07.2017. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
AKCAHAT, сен сериал эле коро бербей реалдуу турмуш менен эсептеше журсон... Кочодогу фастфудду айтасын, фастфуд жегендерди коргондо менин боорум ооруйт ошолорго... Стиралка кир жууганы менен колго кир жууганга жетпейт, коп стиралка элементарно койнок жакасындагы кирди кетире албайт...

Эми турк, корейлерге келсек, ошолорго турмушка чыккан келиндерден сурап корчу, жыргап кеттинби барып деп, ар он келиндин 7-8и аларга тийгенине бармагын тиштеп отурат. Ишенбесен интернеттен изде..
19.07.2017. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Revolyutsiya2,фаст фуд жеп отурган уй ьулону коро элекмин, эгер кочодон тамак жейбиз дегенде ойун ошондойго жетсе анда белгилуу))) "кечки тамак" деген тушунук бар да эми уй було бала бакыра мн)) бармагын тиштегендер четте жургондорго салыштырмалуу озубуздо толуп ашып ташып кетти. 5,6 чет олколуко тийген кызды коруп аласынар, а биякта андан беш бетерлери толтура. Просто жоопкерчиликти, эркек болгонду мойунга алыгысы келбейт дагы башка бироого грязью
поливать легче болуп калды,
24.07.2017. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Revolyutsiyоо укмуш билесинби менин 3 балам бар жолдошум только апасына бир туугандарына ташыйт бизди болсо эптеп септеп багат мага жадагалса 9жылдан бери жалчытып кийим кылып Берген жок айлыгын алып эле апасына баарын алып барып берет канча аракет жасадым эмнелерди гана кылбадым эч жаман соз айтпадым озгоргон жок Айла жок балдарым атасыз оспосун деп Жашап журом апасынын тилин айпа мээнди чагат.
19.07.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
jildiza,биягы абдумалик Шерматов деп кой
18.07.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+35
Бул дагы атактуулардын гана тизмеси,өкүнүчтүүсү мындай күчтүү (аргасыздан)айымдар бизде толтура
18.07.2017. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
ХХХ baikuw ayaldar ar daiym kuchtuu bolgula,,,,kandai wirin baldar kantip tawtap ketiwet ,kee biroolor balaga zar,,erkektin mildeti ui bulosun baguu,,
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-18 11:36:51
18.07.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+40
Ажырашкан эркектер балдарына жардам берет деп уга элекмин.Балама акча берсем аялым озуно коротуп коет акчаларды деп ойлойт эркектер.Бир балага акчасын аяп,жер бетинде кантип эркек аттуу болуп журот.
18.07.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-13
Stervamyn, анда ажырашкан аялдар баласын куйоолоруно берсин бак деп?!! Турмуштан коргонубузду айтсам, ажырашкан эркек уул-кызын коруу учун кайын-журтуна барса, корсотпой коет же корсотсо да кайын-журтуу уулуу, ызакор кептери менен "тойгузуп" жонотот, калп болсо айткыла ургаачылар....

Экинчиден бизде мыйзам иштебейт, ошол учун да копчулук эркек алимент толобойт. Бирок биз эркектерди алимент толоого мажбурлап эмес, жаштарды ажырашпай жашашына кам коруубуз керек.
Revolyutsiya2 түзөттү 2017-07-18 20:56:48
21.07.2017. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Revolyutsiya2,кечиресинер бирок ургаачы деп жаныбарларды айтышат
18.07.2017. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+23
Ииий Нэнаны обожаю... Аябай позитивная..каткырып коюп журо берет го. Чокпо, Нэна. Ушул балдарындын жакшылыктарын эле коруп журо бер!!! Ты молодчина...
18.07.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Балдарына аяган акчасын каяктагы консул ачуучу жайларга кыздарга кетиришет
18.07.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Нэнанын күйөөсү бат эле үйлөнүп алган. Анан колунда бар, кызматтагы кишинин жаш кызын алып алды. Карьерасын ойлогон окшойт. Эки баланы туудуртуп, унутуп басып кеткен эркек сөрөй. Жанагы Байсариев балдарына жардам берет экенби? же бул аялына эле башы айланып калганбы?
18.07.2017. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
Ненанын ажырашканын эми угуп жатам эч кимге каалабайм ажырашууну дагы кобуну жазышпаптыр Айжамал Айпери Малика дина жб
18.07.2017. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ayjan_90,Малика Дина ажырашып кетти беле ??????
18.07.2017. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+22
Бегимай, кандай кыйналсан да кызынды озун Баксан жакшы болмок. Бирин эптеп, экинчисин эптей албай калмак белен?! Ойлонучу, Кызына да апа керек. Балага уйун барбы, жокпу кызыктырбайт.Аларга биздин жытыбыз, мээримибиз керек. Энени эч бир Жан алмаштыра албайт.
18.07.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Нена качан ажырашкан? Куйом красавчик да, эч кимге корсотпойм. Кызганам деген иетервюсун бир окудум эле.
18.07.2017. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Кучтуу кыргыздын кызынан айлангыла, куч кубат берсин, силер кыргыз кыздары эн жакшы жашоого татыктуусунар.
18.07.2017. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Nenany azyr okudum ajyrashyp ketkenin ,bir maeginde kordum ele joldoshu baldary menen chogu tushkon surottorun ,jakshynakai ui bulo bolchu.Nena baary jakshy bolot ,seni syilaibyz ui bulobuz menen
Aidan88 түзөттү 2017-07-18 17:58:34
18.07.2017. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Эркектер сырткы дүйнөсү менен күчтүү болсо,аял затты ички дүйнөсү менен күчтүү деп айта алам.Жаманды жаап, жакшыны айтып турган акылдуу энелерибиз, эжелерибиз бар болсун.Эч бир аял каалабайт балдары эки ажырым жолдо калышын болгону алсыз эркектер очокту тамызгандын оордуна очурушот.Конулго тийген сөздөрдү айтышат.Кеде турмушка да чыккым келбей кетет.Ошол сыяктуу окуяларды көргөндө.
18.07.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Омеей Нена да ажырашканбы? Өзү жаштар эмне деген ой-максаттарды коюп үй-бүлөө куруп жатышат?((( Чынында байкасам көпчүлүк аял заты үй-бүлөөнү каржылаган ушулар экен.Үй-бүлөө курам дегенден кийин баардык жактан даяр болуш керек негизи мырзалар.Анан катын бала чакалуу болгондон кийин мен аны буну жасашым керек деп,оозун ачпай.((( Мырзаларыбызга күчтүү,жоопкерчиликтүү,семьяга татыктуу ата,жолдош болушса деп айтат элем!Эч болбосо үй-бүлөөсүн эптей албаган мырзанын эмне кереги бар.Жашоо улана берет,а
Bella1 түзөттү 2017-07-18 20:09:22
18.07.2017. 20:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бегимай, ишинизге ийгилик, эртерээк уйунуз бутуп калсын ылайым! Кыздарыныз менен бактылуу омур сурунуз , ошол жакшы ниет менен курулуп жаткан уйдо.
18.07.2017. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй булоо институту ото кооптуу абалга жеткенинен кабар берет ажырашуулар. Социалдык, экономикалык шарт себеп деп ойлосон жашагандары монсартный уй, которгондору акыркы улгудогу смартфон, айфон, мингендери жол тандабас джиптер.
19.07.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииии Нена качан ажырашкан? Админ Ненаны чакыргылачы коноко сураныч
19.07.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Rawka95,
Саламатсызбы! Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз, рахмат!
19.07.2017. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Иии ушу эркектер баласынан бир сом бербей жаткандар, баласын бир сурап койбогондор же аргасыздан соттун окуму менен алимент тологондор силерге: ит деле баласын ойлойт, озу жебесе да баласына бир деме табып келкт а силер ошол итче жоксунар. Кадыр баркынар, адамдык сапатынар , ой жугуртуунор албетте итчелик эмес. Кыргыз эркектерге уй булону багуу боюнча тренинг откоруш кереек. Бизде уй булом деген 10%эле болсо керек.
19.07.2017. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Айпери,Аида(Саматтын Долотбаковтун аялы)Назира Айтбекова,Малика дина,Айя,ууу айта берсе коооп болот экен. Карапайым аялдар озунчо тема. Эркектер эмне эле болуп баратасынар озу ажырашып башка катын аласынар ошондо эле бешененер жылыйбы? Достойно жашагылачы эркектер! Кобу изменадан.,апасынын созунон чыкпагандар,жанын кыйнап иштегиси келбегендер. Москвада Бишкекте канча келиндер 1 же 2 бала мн калгандар,ошолор 5.7 тороп кыргыздын санын кобойтсо болмок эрлери туз жашап. Коздорун тыйыш керек эркектер
19.07.2017. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Djal1987,Доолотбаков деп адашып албадынбы?
19.07.2017. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Zizika88,менда назираны ажырашты деп уктум го. Инстадан куйоосунун суроттторун очуруп салды. Балким торобой жатканы учунбу же кайындары мн мамилеси учунбу ажырашты билбейм айтор. Айпери , малика, айта бнрсе соз коп ажырашкандар боюнча
20.07.2017. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again,уулу барго
22.07.2017. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
love.me.again, ooba,Nazira Aitbekova ozu facebook barakchasynda okup kaldym da,ajyrashkany chyn go.
19.07.2017. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чын эле коп уй булодо акчаны аялдар табат алдыга суйрогон аялдар аман бололу эркектер ото аз уйум жайым балам кызым дегендер мисалы мен озум деле айлыгым азыраак чыгып калса мен сенден коп таап жатамын качан норм акча табасын деп жемелеп салат болбосо балам да кичине
19.07.2017. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Нэна ажырашты беле эми угуп датам.Байкуш куйоому чыгармачылыкка аралаштырбайм куйоом красавчик деп бекитип журуп алдырып жибериптирда
19.07.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
Бул макала куйоосу менен ажырашкан келиндерге майдай жаккан окшойт... Ажырашууга оздору себепкерби жокпу, куноону эркектерден издеп, эркектерди жамандап ушактоого аларга бир мумкунчулук берилиптир да эми... Койнундагы куйоосунун баркына жете албай, эми туштон кийин жамандап калмай адаттары бар булардын........
20.07.2017. 03:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Patriot7,ХХХ ХХХ Эркек эректей болсо балдар ата мээрими менен чоноет
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-25 15:12:13
25.07.2017. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Djal1987, жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар!
20.07.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Patriot7,бизде кыздардын кобу эч качан оздору ажырашышпайт. Кобунчосу эркектер кунолуу.Алкаш болсо да, жакшы бакпаса да куйоом болсун, куйоосу жок дебесин деп жашашат.Мен билгендин куйоолору балдарын жакшы карамак тугул алимент кызганышат.
20.07.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адашкандын айбы жок кайра жарашып алгыла.Балдардын жаркын келечеги ата-эненин колунда.Балдарга омур тилейли.Мырзаларга татыктуу ата болгула.Аларды жер каратпагыла.
20.07.2017. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тынардын аялы Диля беле аны эмнеге айтпадынар
21.07.2017. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lady_91,Лилия
23.07.2017. 08:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыскасы биздин эркектердин көбү жоопкерчиликтен коркушат, слабый пол болуп баратат аялдан айырмасы жок
24.07.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айтбекова жарым жыланач суротторун жуткой баштаганында кеп бар турбайбы. ..Балким депрессиядан ошентип чыгайын деп жатса керек,,.
25.07.2017. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика Дина ажырашты деген информация берип коюнузчу Супер Инфо
01.08.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен ойлойм, наристелер энесиз өскөнчө атасыз өскөндөрү жакшы деп. Себеби кыргызда "аталуү жетим- арсыз жетим, энелүү жетим-эрке жетим" деген кеп бекеринен айтылбаса керек. Кудайым эне менен баланы ажыратпасын.Албетте толук кандуу үй-бүлөдө чоңойгондон өткөн бакыт жок. Айтайын дегеним, жогорудагы айымдар балдарын аталарын жоктотпой багып жаткандарында шек жок. Күнөө аялдардабы, эркектердеби, айтор ажырашууда эн негизгиси наристелер энелеринен ажырабасын, бул эң негизгиси!
01.08.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми күнөө эки тарапта тең болот.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо