Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурмат Садыров, ырчы: «ЭРКЕК ЖАНДУУ БОЛГОНГО КАРАГАНДА, КЫЗ ЖАНДУУ БОЛГОН ЖАКШЫ»

№767 14-20-июль, 2017-ж.

SUPER.KG порталынын түз эфирине келген Нурмат Садыровду «ойготкуч» суроолор менен тосуп алышты. Ырчы 1 мүнөттүн ичинде 14 суроонун алтоонун жообун туура тапты. Андан соң окурмандардан келген ар бир суроого жооп берди.

– Нурмат, саламатсыңбы? Жашың отузга келип калды, ата-энең үйлөн дешпей элеби?
– Негизи 28ге чыктым. Туулган күнүмдө дагы досторум «Нуке, 30 жашың кут болсун» дешип куттуктап интернетке киргизип коюшкан экен. Элдин баары «отузга чыгып калдыңбы?» деп таң калышты. Дагы 2 жыл бар. Ата-энем үйлөн демек тургай, Жаңы жыл сайын «жок дегенде сүйлөшкөн кызың барбы, тааныштырып койчу» деп суранышат. Чынында сүйлөшкөн кызым жок. Ырчы болуу кичинемден келе жаткан кыялым эле. Чыгармачылыкта ары эмес же бери эмес болбой, катуу эмгектенип алайынчы, анан кыз менен сүйлөшөм.
25 жаштан кийин кыз жактырбай «келбети мындай, мүнөзү тигиндей» деп калышат дешет. Бирок менде андай эмес. Жактырам, жакшы кыздар көп. Бирок күнөө менден кетип калат го. Себеби чыгармачылык деп жүрүп, аларга көп көңүл бура албайм. Кыз кишиге эки күндүн биринде жок дегенде телефон чалып, ал-акыбалын сурап көңүл буруп туруш керек. Жактырган кыздарым бар, бирок алар ичимде эле калып кетип жатат. Анан бир күнү «үйлөнүү тоюбузга келип ырдап кетесизби?» дешет, ошону менен отуруп калам. Чыгармачылыгымды бир жолго салып, концерттерди берип алсам, менин ишимдин түйшүгүн түшүнгөн кызга жолуксам үйлөнөм, буюрса.

– Нурмат, сени «кыз жандуу» деп угам. Ушуга чейин канча кыз менен сүйүү мамилесин кургансың?
– Бул чыгармачыл адамдардын көбүнө эле тиешелүү сапат болсо керек. Ар бир клибимде кыздар роль жаратышат, күйөрмандарым да кыздар. Ошол кыздардын баарын жакшы көрөм, ар дайым жакшы мамиле кылганга аракет кылам. Мен кичине кезимден эле кыздар, кыздар эле эмес, жалпы журт мени жакшы көрсө, тааныса дечүмүн. Анан эмне кылабыз, эркек жандуу болгонго караганда, кыз жандуу болгон жакшы го. Интернетте күйөрмандарым ачкан менин баракчаларым көп. Ал кыздар күнүгө мага жакшы каалоо-тилектерин айтып турушат. Мен дагы «саламатсыңарбы, алтындарым?» деп күнүгө байланышып турам. WhatsApp`ты ачканда 2000-3000дей кыздан кат келген болот. Баарын окуп жооп бергенге жетишпей калам. Айрымдар ошондон улам «жылдыз оорусу» менен ооруп калыптыр, катты окуп да койгон жок» деп таарынып калышат. Күндө эле каттарды карап отурбайсың, башка иштер деле толтура, жумуштарымдын бардыгы WhatsApp аркылуу эле бүтүп калды.

– Кыргыз ырчыларынан кимдин ырларына таасирленип, ошондой ырчы болууга умтуласың?
– Кичинекей кезде Сыймык Бейшекеевдин ырларынан таасир алып, ошол кишидей болгум келчү. Учурда кайсы ырчы жакшы эмгектенип, мыкты чыгарма чыгарса, эл катары мен да ошол ырчыны сыйлап, чыгармасын уга берем.

– Саламатсызбы, Нурмат? Апаңыз сизди эмне деп эркелетет?
– Кичинекей чагымда «сары, сары, сапсары, солдаттардын аттары. Келе, келе бычакты, кесип жейли быштакты» деген ырды мага ырдай берип, сары болуп калгам. Өткөндө бир жерден апам сары деп айта коюп, досторумдун арасында сары деген атка конуп калдым.

– Көп эле тойлорго барасың, кандай материалдык байлык топтой алдың?
– Эң негизги байлыгым – күйөрмандарымды топтодум, күн сайын ыр куржунумду чоңойтуп келе жатам. Байлыктын түбүнө эч ким жеткен эмес. Мурун кафеде иштеп жүргөндө музыкалык аппаратурамды сатып, «Сүйгөн жүрөк» деген ырыма клип тартып, ошол аркылуу чыгам дегем. Ошол ырым аркылуу кичине болсо да элге алындым. Азыр ошондогудай «эмнени сатып ыр жаздырам?» деген тартыштык жок. Ыр жаздырганга, клип тарттырганга акчам жетет.

– Казак ырчысы Төрегали Төреали менен биргеликте концерт бердиңиз. Бул концерт атыңызды чыгарыш үчүн эле уюштурулду деп угам. Пиар үчүн кандай жолдорго бардыңыз эле?
– Канчадан бери шоу чөйрөдө жүрөм. Элге жагып кеткен чыгармаларым менен эле таанылып келе жатам. Пиар менен иштесем, балким, азыркыдан да популярдуу болот белем, ким билет? Ал концерт пиар үчүн эмес, кыргыздын мыкты уулдары уюштурган, кыргыз-казак достугун даңазалаган концерт болчу.

– Мурунку сүйгөнүңүз Сайкалдын туулган күнүңүзгө келгенин көрүп, ичимден «дагы деле сүйөт окшойт го» дедим.
– Бул суроону ырчылар бердиби же, Сайкал, өзүң болуп жүрбө, ыя? Сайкал экөөбүз кесиптешпиз, доспуз. Адамдын жакшы мамилесин эч качан четке какпаш керек. Сайкал күйөөгө тийсе, мен сүйүнүп барып, куттуктап ырдайм. Мен үйлөнсөм, мага деле келип куттуктайт. Мамилени бекем кармаган жакшы кыз. Ал мени сыйлап жакшы көрөт.

– Калың топтодуңбу, келинчегиңе канча калың бересиң?
– Менин деле маңдайыма бирөө жазылганын билем. Жакшы күндөрдү мени менен чогуу өткөрбөй кайсы жерде жүрдү экен? Азыр калың топтой элекмин. Сүйгөнүмдү таап алсам, анан экөөлөп калың чогултат элек. Азырынча калыңды ырларга, клиптерге берип жатам.

– Жакын досторуңуз ким? Чыгармачылыктагы досторуңуз менен таарыныша кеткен учур болду беле?
– Жакын досторум көп. Анын бири Тилек, азыр да колдоп бул жерге мени менен келди. Чыгармачылыктан тапкан досторумдун бирин атасам, экинчиси таарынат. Бир казанда кайнап жатабыз, талашыбыз сый.

– Мурун продюсериң Эрнест Уметалиев эле, азыр ким менен иштешесиң?
– «Сүйгөн жүрөк» деген чыгармамды жазып шоу-бизнеске жаңыдан аралаша баштаганда Эрнест Уметалиев «мен продюсер катары жардам берейин» деген. Ортобузда катуу талап, кагаз жүзүндө келишим деле болгон эмес. Өз алдымча кеткен күндө деле азыркыга чейин аны менен иштешем. Үйлөнсөм, өкүл ата коёюн деген тилектерим бар. Азыр продюсерим жок.

– Нурмат байке, салам. Сизди «кара куурай чегип милицияга түштү» деп уккам. Бул көрө албастардын сөзүбү? Чын болсо кантип жаптыңыз?
– Кара куурай чегип кармалсам, маалымдоо каражаттарына бажырайып эле чыгып кетмек. Андай иштерден алысмын. Мындай нерсе эч качан болгон эмес. Болсо эмдигиче билинмек. Кудай берип жаткан ырыскыны туура пайдаланууга аракет кылып түз жолдо келем.

– Ырларыңыз жагат. Башында арыкчырай жигит элеңиз, азыр бир аз толуп, курсак байлап алдыңыз. Мага курсактуулар жакпайт. Спорт менен машыгасызбы?
– Толуп деле кеткен жокмун. Неге ишенбейсиңер, чын эле убактым тар. Токтобой ыр жаздыргым келип турган учур. Күйөрмандарым сыйлап турганда мыкты ырларды жаратып, ушул жагын кыйраткым келет. Убакыт болсо, сиз айтмакчы, спорт менен сөзсүз машыгам.

– Мурун кыз зордуктоо боюнча кармалды деп уккам. Ошону өз оозуңуздан угайынчы...
– Бул суроого убагында «Супер-Инфо» гезитине жооп бергем. Зордуктап кыйнагандай кыздан көзүм катып калыптырбы? Андайдан аябай корком, Кудай сактасын.

Түз эфир учурунда ар кандай кызыктуу оюндар да ойнотулду.


Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg


Нурмат Садыров: "Ал күйөөгө тийсе, сүйүнүп кызмат кылам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(28)
SUPER.KG видео
12.07.2017. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Салам нурмат кызыкту окуяанда айта кетчи
Медиа-портал
12.07.2017. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ассалому алейкум Нурмат байке тойлорго көп барасыз бир күндө эң көп канча тойго баргансыз
SUPER.KG видео
12.07.2017. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу супер инфо жамааты,сиздердин эфирден шайыр жеңе Гүлбү Ороскул кызын көргүм келет.
18.07.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кунуго 2000-3000 кат дейби, бир аз мактанып алгандай сезилди.
18.07.2017. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
RNA78,ошо да,невозможно ошончо кат келгенине.Мумкун 4-5 айдыкы биригип 3000 дир.Калпты оло айтышат.тооба
18.07.2017. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Stervamyn,

Эмнеге невозможно? силерге конечно невозможно, силер Нурмат эмессинер да. Ага келип аткандан кийин айтат. Ушул эми ойлоп таап, калп айтып, мактана турган нерсеби?
18.07.2017. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нурмат азамат, эч бир колдоо, продюсери жок эле жакшы иштеп жатат. Мунун артында талыкпаган эмгек бар. Чынында азыр сени эл колдоп жатат, иштеп ал! андан кийин деле кыз жандаганга жетишесин!
18.07.2017. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2000 3000 кат дегенин туш кордум го десем онумдо эле экен Нурмат же Super.kg бир нолун алып салса сонун болмок.
18.07.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
yjas. kyndo 30-4o kat kelet dese da bir jongo. kalptun da chegi bar da
18.07.2017. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Izdeim_seni.,Эми сага бирикундо 5,6 смс аран келсе ага 30,40 смс келет деп ойлойсунда
23.07.2017. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Izdeim_seni., жонокой адамдардыкы 50-60 болуп кетет го. болсо болот да.
18.07.2017. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Suigonumdu tapsam anan ekoolop kalyn chogultat elek deit go apendii dese ))) kalyn degendi kuyoosu beret kuyoosu toptosh kerek da
18.07.2017. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
мага ватсаптан кунуно 50-60 кат келет. Группа ачып коюшса 500ашып кетет. Ырчы эмесмин, жонокой эле кызмын. Албетте ырчы анан дагы таанымал адам болгондон кийин келет да 3000 кат))))
18.07.2017. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы Сайкал жонундо соз болуп жатат...Кесиптеш дейби,ошондо ким болуп калат...
18.07.2017. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alibay,ырчы Сайкал эмесби?
18.07.2017. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ferdews,Жок ал эмесго... Туулган кунундогу репортажды корсонор ошол жакта бар
18.07.2017. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2000-3000кат дегени туура эле, мага деле группадан бир кундо окубай койсом ошончо кат келип калат.
18.07.2017. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Убактым тар,башын которбой эле ыр жаздырып жатат имиш,эмиии бир айда ашып кетсе 2-3ыр жаздыраттыр да,анан 2000-3000 сообщение келсе,маңдайынан чыккан кызга эле тел.номерин бере берген го же өрдөктөрү учуп кеттиби? Жылдыз ооруусу башталыптыр балакайда
23.07.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ksb,инстаграммда продюсеринин номери бажырайып жазылып турат. Анан дагы озунун эле жанындагылар аучага саткан учурларды коп эле угуп келебиз. Мен ырчы же бир таанымал адам эмесмин, бирок мага деле бир кундо 1000 дей келет.конференц-групппга кошулуп калсан олдун, смстин жарымы ошондон келет.
18.07.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Адегенде эле негатив калтыруулар го.чынын айтсам мен Суперге комментарий окуганы эле кирем.темадан коро комменттер кызык го)))
salman-dastan түзөттү 2017-07-18 23:23:19
19.07.2017. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эркек жандуу болгондон коро, кыз жандуу болгон жакшы)))) бул мне деген ой, суйлом же цитатабы? кандай?ойлонуп ойлонбой эле суйлой берген философтор кобойду. Маданыят кызматкерлеринин денгээли ото эле ниже шыйрак болуп кетти го.Бул дагы башталышы кийинки 10 жылдыкта вообщеле гуманоиддер пайда болуп калат
19.07.2017. 03:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир группа ачып алса керек да эми жалан жомокко ишенген молокоскалардан.
19.07.2017. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкал кайсы ырчы айтып коюнуздарчы))
20.07.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3000 кыздын ному барбы өзү
21.07.2017. 01:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркек жандуу болгончо кыз жандуу болгон жакшы дейби, эмне эркектер коп кыйнап коюштубу?
21.07.2017. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мунун номери эмне ош базарда илинип турат бекен?
21.07.2017. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2000,3000 кат дегени окшошпой калыптыр, калпты да апыртбай окшоштуруп айтышса.
23.07.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2000-3000 дегенге терс пикирди жалан эркектер жазган го:)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо