-

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы болуп
УЛАРБЕК ШАРШЕЕВ дайындалды. Буга чейин аталган кызматты Мирбек Касымкулов жетектеп келген.
-
Өлкөдө жалпысынан 368 жаш бала КАНТ ДИАБЕТИНЕН жабыркайт. Аталган маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги 2017-жылдын 6 айынын жыйынтыгы менен чыгарган.
-
2017-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча, кош бойлуу учурунда жана ТӨРӨТТӨН кийин 18 аял көз жумган.
-
ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛООГО карата жүргүзүлгөн үгүт-насаат иштерин чагылдыруу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясында 258 жалпыга маалымдоо каражаты каттоодон өттү.
-
Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 2016-жылы 1 миллион 246 миң сом киреше тапкан. Бул тууралуу өлкө башчынын декларациясында көрсөтүлгөн.
-
12-июлда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн социалдык-экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө салым кошкон 133 жаранга МАМЛЕКЕТТИК СЫЙЛЫКТАРДЫ жана ар бирине 10 миң сомдон тапшырды.
-
ИПОТЕКАЛЫК НАСЫЯ ала турган бюджеттик кызматта иштеген жарандардын саны 8 миңге жетти. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын директору Бактыбек Шамкеев билдирди.
-
Өлкөдө БРУЦЕЛЛЁЗ оорусуна кабылгандардын саны 2016-жылдын 6 айында 388ге жетсе, быйыл бул көрсөткүч 34 адамга көп. Маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинен таратышты.
-
Кыргыз мамлекетинин аймагында 2017-жылдын алгачкы 6 айынын жыйынтыгы боюнча ӨЗГӨЧӨ КЫРДААЛДАРДАН улам 105 жаран көз жумган.
-
Өлкөдө эл аралык ТЕРРОРДУК уюмдун мүчөсү болгон 1994-жылы туулган Н.С. аттуу кыргыз жараны колго түшүрүлдү. Ал 2015-жылы чет мамлекетте топтогон тажрыйбасынан кийин Кыргыз өлкөсүнө террордук уюм түзүү максатында келген. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен кабарлашты.
-
Учурда расмий эсеп боюнча республикада 170 000 ден соолугунун МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ ЧЕКТЕЛГЕН жаран бар. Эксперттер бул көрсөткүч 2-3 эсе көп болушу мүмкүн дешет.
- Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия муфтиятка түнкүсүн айтылуучу АЗАНДЫН ҮНҮН ылдыйлатууну сунуштады. Мындай талап менен Бишкектин тургундары комиссияга кайрылышкан.
Бектур Токтоноев
politika@super.kg