ЖОГОРКУ НАРЫН ГЭСТЕР КАСКАДЫН ЭМИ ЧЕХИЯЛЫК КОМПАНИЯ КУРАТ

№767 14-20-июль, 2017-ж.

Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга инвестор тапты. Кыргыз өкмөтү менен Чехиянын "Liglass TradingCZ SRO" компаниясы 10-июлда Жогорку Нарын гидроэлектростанциялар каскадын, Ак-Булуң жана Нарын-1 ГЭСтерин куруу, "Кыргыз Республикасында чакан гидроэлектростанцияларды куруу" долбоорун ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларга кол коюшту. Жолугушууга президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Кыргыз өкмөтү менен Чехиянын жеке менчик компаниясынын ортосунда келишим түзүлүп жаткандыгына байланыштуу документ Жогорку Кеңештин ратификациясын талап кылбайт. Чехиялык тарап менен түзүлгөн инвестициялык келишимге ылайык, аталган компания "Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары" ЖАКынын уставдык капиталына
37 миллион доллар которот. Бул орусиялык тараптагы 50 пайыздык акциянын "Liglass Trading CZ, SRO" компаниясына өткөрүлүп башташына жол ачат. Башкача айтканда, чехиялык компания Нарын ГЭСтер каскадынын курулушуна "РусГидро" компаниясы короткон каражатты кайтарат.Жогорудагы ири долбоорду ишке ашыруу боюнча кыргыз-орус өкмөттөрү ортосунда 2012-жылы макулдашууга кол коюлган. Курулуш жалпысынан 727 миллион долларга бааланган. Бирок Орусия тараптын каржылоону кечиктирүүсүнөн улам келишим 2015-жылы Кыргыз тараптын демилгеси менен бузулган. Жаңы келишим боюнча, курулуш 727 миллион долларга эмес, 500 миллион долларга жетпеген суммага бүтөрү айтылууда.

Бектур Токтоноев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо