№391 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
Жылдыздар турмушунан
24-апрелде “Кыз-Бурактын” сулуусу Кенже Дүйшеева келин статусуна ээ болду. “Кыз-Бурактын” жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова кыргыз салты менен той берди. Ал эми күйөө тарап чоң тойду Алматыда июнь айында өткөрөт.
ТОЙДУН КОНОКТОРУ
“Кыз-Бурактын” 280-күйөө баласы болуу Талгат аттуу мырзага буюрган экен. Кенже Дүйшеева казак жигитинин колун кармап, турмуш сапарына аттанды. Көктөм жыттуу жаз айынын 24-апрелинде Ош шаарынын белгилүү ресторанында эки жаштын үйлөнүү-үлпөт тою болду. Тойго 400гө жакын коноктор келишти. Алардын ичинен 12си Кенженин ат арытып Алматы калаасынан келген кайындары. Тууган-уруктан сырткары Токон Эшпаев, Апаз Жайнаков, Саламат Садыкова, Шахра Талипова, Ибрагим Жунусов сыяктуу Эл артисттери, “Кыз-Бурак” тобунда иштеп кеткен 32 кыз күйөөлөрү менен келип, андан сырткары көптөгөн шоу-бизнес өкүлдөрү тойго күбө болушту. Гүлшайыр Садыбакасова: “Тойго чакырылган Гүлнур Сатылганова, Бек Борбиев, Айчүрөк Иманалиева, Асел Турдалиева менен жакшы санаалаштардан элек. Атайын чакырсам иштери чыгып калдыбы же тополоңдон коркуштубу, келбей мени капа кылышты”,- деп таарынычын билдирди.
КАЗАК-КЫРГЫЗ КУДА БОЛУШТУ
Бурул Исмаилова
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |