ЭКИ ЫРЧЫНЫН ЧЫРЫ КАЙРАДАН ЫРБАДЫ

№767 14-20-июль, 2017-ж.

Бир нече күндөн бери интернеттеги социалдык тармактарда ырчы Анжелика Бекболиеванын өспүрүм кезиндеги сүрөтү колдон колго, посттон постко өтүп, талкууга алынууда. Ал сүрөттө Анжелика маркум саясатчы жана коомдук ишмер Мухтар Өмүракунов менен түшкөн.
Албетте, ырчылар көпчүлүк учурларда аш-тойлорго, ар кандай кечелерге, иш-чараларга конок катары катышат. Андай учурда бирөөлөр менен сүрөткө түшүүлөр дайыма боло келчү көрүнүш. Бул өңдүү сүрөттөр ар бир ырчынын, ар бир саясатчынын фото архивинде бир альбом чыгары да түшүнүктүү. Бирок ырчылар Айчүрөк Иманалиева менен Анжелика Бекболиеванын буга чейинки чырдашуусунда маркум саясатчынын аты аталып калганынан улам бул сүрөт талкууга түштү. Кыргыз сахнасынын көрүнүктүү өкүлдөрү, аксакалдары чырдашкан устат менен шакиртти элдештирүүгө аракет кылып жатышканы сөз болгон эле. Тилекке каршы, ал аракеттерден майнап чыкпады.

Интернетти аралап жүргөн сүрөт тууралуу эки ырчынын комментарийлерин өзгөртүүсүз беребиз:

Анжелика Бекболиеванын SUPER.KG порталына берген комментарийи:
– Бул сүрөт Орусияга гастролдоп барган кезде тартылган. Анда мен 16-17 жашта болчумун. Концерт бүткөн соң эже менен Мухтар байке экөө мени ээрчитип алып түнкү клубга барышып, бирок менин жашым 18 жашка жете элек болгондуктан клубга кирбей калышкан. Анан башка жактан эле тамактанып отуруп, өздөрү вальс бийлеп, аларды мен сүрөткө тарткам. Андан соң Мухтар байке "кел, экөөбүз да бийлеп жаткандай түшөлү" дегенинен Айчүрөк эже бизди тарткан. Ал күнү түшкөн бир эле бул фото эмес, дагы бир канча сүрөттөр бар. Бул тууралуу жолдошум да билет. Себеби ал кезде Урмат (ред. жолдошу) Москвада иштечү, биз жаңыдан таанышып, сүйлөшүп жаткан элек. Андыктан азыр ал мага дем-күч берип, "эжеңдин сөзүнө кирип урушуп кетмек белек?" деп күлүп койду. Ал эми фотосессия тууралуу айтсам, анда эжени мен эмес, тескерисинче, ал мени чакырган. Ал кезде Айчүрөк эже менин продюсерим болгондуктан анын сөзүн эки кылбашым керек эле. Сүрөттү Динара Макешова аттуу фотограф тарткан. Ал мени тартып бүткөнгө чейин Айчүрөк эже эч жакка чыкпай эле, жанымда отурган. Тартуу иштери бүткөн соң, фотосессия кымбат турарын жана ал мага Айчүрөк эже менен Мухтар байкенин атынан белек экенин айтышкан. Анан да ал сүрөттө мен жылаңач эмес, фотографтын сунушу менен үстүмө материал жаап, колума гитара кармап тургам. Анда моюнум эле көрүнбөсө, денем таптакыр көрүнбөйт. Эгер ал сүрөт коомго жарыяланса, мен эч уялбайм. Аны искусство катары кабыл алам.
Учурда кайрымдуулук иштери боюнча чуркап жүргөндүктөн, эжеге теңелип айтышканга убакытым жок. Өткөндө эле радиолордун биринин концертинде ырдап жатсам, ноутбук турган жерге келип музыканы өчүрүп салды. Аны көргөндөр улуу эле эженин мага теңелип жатканына таң калышты. Ушундан көрө жалпыга жардамы тийген иштер менен алектенсе болмок. Анын айткан сөздөрү мага эч кандай таасир эткен жок. Себеби менин жүрөгүм мээримге толгон, негативге орун жок,- дейт ырчы.

Чырдын ырбашына себепкер болгон сүрөттөр.


Ал эми Айчүрөк Иманалиева өзүнүн интернеттеги жеке баракчасына төмөнкүлөрдү жазып калтырган:
– Тынч жашай албай калгансынбы, Анжелика? Мындан бир жума мурун "Айчүрөк Анжелика ырдап жатканда музыканы өчүрүп салды" деп жазып чыгышты. Карандай калп жазылса да унчукпадым, майда-чүйдөгө маани бербей эле коёюн дедим. Эми интернетти аралап жүргөн сүрөткө мени күнөөлүү кылыптырсың. Мен сенин сүрөттөрүңдү сактагыдай, жакшы көргөн адамым белең? Сенден көңүл калган күнү эле баарын өчүргөм. Сенин сүрөтүңдү көрмөк тургай, атыңды эстегим келбейт! Сени мага кайраштырып, ашмалтайыңды чыгарган айланаңдагы адамдардан изде. Жаныңда жүрүп, билдирбей сатып кетчү адамдар болоорун билбейт окшойсуң. "Байке кымбат фотосессия жасатып бергени жатат, чогуу барып жардам бериңизчи" деп суранганыңда, макул болуп, бир особнякка барбадык беле. Телефон менен сүйлөшүп, он мүнөт эшикке чыгып келсем, энеден туума жылаңач болуп, сүрөткө түшүп жатыптырсың. Ошол жерден кийимдериңди үстүңө жаап, кыйкырып, ыйлаганга чейин баргам. "Менин өмүр бою таза иштеп, таза жашаган репутациямды бузба, бул эмне кылганыңар?!" деп фотографтарды урушкам. "Бул сүрөт коомчулукка чыгып кетсе сотко берем!" деп коркутканымды унуттуңбу? Ал үйдөн сени колуңдан жетелеп чыгарып кеткем. Сага болгон оюм жаман болсо, сендей арам адам болсом, унчукпай четте карап тура бербейт белем. Чыгарбагыла дебегенимде, ал сүрөттөр ошондо эле элди аралап кетет болчу. Бул биздин биринчи урушубуз да эмес, сен айткандай он жыл сактап жүргөн болсом, 5-10 жыл мурда эле колдонбойт белем. Бөлөктүн тилин турмак, көзүн тийгизгенден сени кызганып, калкалап турганымды сен билбесең да, Кудай билет!
Эми болсо интернеттеги сүрөттөрдү "Айчүрөк эже тарткан" дейсиң. Депутаттыкка, президенттикке ат салышып жүргөн адам менин айтуум боюнча эле сүрөткө түшүп берет экен да? Жалганды да окшоштуруп айтчы.
"Сүрөт тараткандан көрө, иштесе болмок" деп айткан экенсиң, айланайын, күлкүмдү келтирбечи, сендей кезимде эл аралык конкурстарга чыккам. Мен жасаган эмгектин жүздөн бир пайызын да жасай элексиң. Бишкектен чыкпай туруп, сен мага көрсөтмө бербе. "Музыкамды өчүрүп салды, антип койду, минтип койду" деп ырбата бербей, тынчып калчы. Айланаңдагы адамдардын аксакалдарынын да тапкан акылы сени мага эрегиштирмей болуп жатабы? Анда алардын айтканын угуп, ашмалтайыңды мындан ары да чыгара бер, мага баары бир!

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -6 
Комментарийлер(130)
20.07.2017. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Откон отту кеткен кетти Анжелика ошонтип жургон кундо да Айчурок тим эле аппакпы ХХХ Анжеликанын былыгын чукуду орден тактыбы эл оз денгээлин билбеген тескерисинен жерге тепсеген Айчурок уят эле бул кылыгын. Коп элден уктум Айчуроктуку туура эмес кайын журту баласы жолдошуна оор Анжеликанын мынчага барбаса болмок деп жатышат.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-20 10:09:16
20.07.2017. 02:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Бооже булар качан токтошот.Айчүрөк эженин жазгандарыын уужаас(((( Мен ишенбейм Анжелика жаман кыз эмес.Эгерде башка инсан айтса балким ишенмекмин анткени Айчүрөк эженин бул биринчи чыры эмес,бул всегда пиарда жүрөт окшойт.Канчалаган ырчылар менен чырлашкан.Баары интерн видео болуп турат.Уят эми токтотсоңор боло.Кайсыл гезит окуба ушул тема((((
20.07.2017. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эээх Айчурок эжеке кадыр баркынызды жоготуп жатас Анжелика азамат сынбай эмгек менен журот ырды болсо Анжелика жакшы ырдаган клипда ото жакшы Айчурок эженин клибин 90-жылдары коргондой болдум кыскасы денсоолук
20.07.2017. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Эх урмат ХХХ Анжелика тойлордо журот го жалгыз куну туну. Ошордо караш керек да жалгыз жибербей.. ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-20 10:05:18
20.07.2017. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Ооруган ооруканада жатып нормально лечения алып чыгат элди алдабай.2кун жатып кайра карасан сокойкондоп тойлоп журот.элди алдабай эле озун алдап журотко .
20.07.2017. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика башкалар менен деле суротторго тушуп журбойбу ошондой суроттордун бири да.
20.07.2017. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Айчурокэже элден коркпосонузда кудайдан корксонуз!Анжелика Уну жок болсо да байкуш аракетчил кыз кайрымдуу мээримдуу кыз,Бишкектен чыкпаса да Бишкектен башка жактардагы адамдар тааныйт! Бул жалган жашоодо биринин артынан бири чукуп авторитет топтомокчу болосуз бирок сиз Курттарга окшоп жатасыз(Курттар да эн дамдуу алмага тушот).Аркы дуйного барганда Кайсы сыйлыкты алдын,эмне деген наам алдын,сени ким таныйт,башка конкурска бардынбы деп сурабайт эжекеКайрымдуу иш кылдынбы элге пайдан тийдиби дейт
20.07.2017. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
kambar.kg,Элден коркпосон да кудайдан корксон,аркы дуйного барганда гыйбат кылганын учун жаза аласын Анжелика мн Айчурок оз куноосуно оздору жооп берет.
20.07.2017. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бироого акыл уйротуу женил бирок Анжеликанар озун тыйса болмок кичууго болдуда эми жеген ХХХХ айтыша бербей.
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-20 17:44:55
20.07.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айчурок апасындай караса ушул кылганы туура эмес,мына Расул кызы Айгерим,Кубик кызы Айпери,Малика Дина,Сайкал энелеринин колунда осуп ыймандуу кыздар,эненин кадырын тушунбойт тура ,балдарына ушуга окшогон создорун менен тарбияласан Анжелика уят.кандай чыгат балдарын.кызын интернет чукулап эс акылына кирип ХХХ эсине кел жаш кыз Айчуроктой болгуча бар
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-20 17:50:30
20.07.2017. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көөөп сөз жазгым келди. Бирок зериктим жазгандан. Короче токтотсонор болмок ушу жаңжалыңарды, кыргыздын көрүнүктүү сулуулары Айчүрөк жана Анжелика
20.07.2017. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Сурот эле айтып турат кандай мамиледе экенин, 16жашында ошондой болсо Анжелика.тобоо кылдыым
21.07.2017. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айчурок Иманалиеванын жазгандарын окуп, кругозору аябай томон экенин байкадым, адамда ун эле эмес мээримдуу журок жана ичи кенендик болуусу керек.
21.07.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен Анжелика эжени сыйлайм! Жаш болсода жаш болсода коптогон ийгиликтерге жетишкен! Бизди бир эле адам ушак кылса кандай кыжаалат болобуз Анжелика эже азамат ушунун баарына чыдайт.
22.07.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Orunbu,азыр арканда котормологон бироо болбосо мындай ийгиликтерге жетиш кыйын.
21.07.2017. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чындыкты экөөнөн башка эч ким билбесе керек. Андыктан баарыбызда кыз бар, эже-карындаш, сиңди бар, тобо деп сүйлөйлү. Эки ырчы тең мынчалыкка барбай эле коюшса болмок, бала-чака, тууган, каын журт бар дегендей...
21.07.2017. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эми анжелика билебиз сен азыр в пике популярности. Кантсе да айчурок болбосо ушул кунго жетет белен бир кудай билет да. Апан да кызык экен токтотуп койгондун ордуна сага кошулуп ажылдашып. Анжелика озунун кадырын озу кетирип жатат деп ойлоп атам
22.07.2017. 09:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бири биринердин артынан ылай шыбай бербей бетме бет отуруш айтышкыла ким чын ким жалган айтканы билинет
22.07.2017. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
бору баласы ит болбойт.Тузун жеп,туз идишке тукурбо.
22.07.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахтан коркула,уялгыла,кичине ыйманынар болгондо мынчалыкка барбайт эленер..андан коро намаз оку,ушактын арты мн журбой...Аллахым сактасын силерде
22.07.2017. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаштыкта баары эле кыз жигит болуп суйлошуп журотта. же суйлошпогон адам бар бекен.эмне мынча Анжеликанын откон жашоосун чукуп калды экен Айчурок эжекебиз.антип коро албастык кылуунун эмне пайдасы бар.
23.07.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Алар уруша берсин, супер силер чыгарбай эле койгулачы сураныч. Айткан ушакчы эмес жеткирген ушакчы дейт го. Эл ансыз деле оздорунун проблемасынан ашбай жатканда конул которо турган ушактарды жазгылачы сураныч. Супер силер суперсинер!!!
23.07.2017. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшынакай уй булоосуно соз тийгидей кылып айтпай, оз ара чечишсе болмок екен...
23.07.2017. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Корунуп эле турбайбы Анжеликанын убагында жургону.кичинекейинен чонойтуп остургон адамды тенсинбей озун акылдуу сезип,туура эмес кылган.
23.07.2017. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да жазып коеюн. Мен экоонтен жакындан билбейм катышым жок бирок чырды башынан бери окуп келатам. Мындай жыйынтыка келдим. Кээ бирлер Анжелика кичуу болуп калса б.т депсинер бирок улуу болгон Айчурок улам эле Анжеликанын отуп кеткен жашоосун чукуп далилсиз ушактарды айтып ырбатып атпайбы бир ыр учун. Ырды Гулнур Сатылгановадан да талашты автор Далилдеп койду го Гулнурдун ыры деп А Анжелика ырдаган ырдын да автору Айчурок эмес экен. Ич куйду болуп аткандай го
24.07.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sely,Козуно сайып далилдеп койду го,туруп вальс тушсо,отуруп эмне колдору жабышып калган,бойдок болсо бир жон,семейный эркек мн.
24.07.2017. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика эже мурда аябай жакчуу азыр такыр жакпай калды коргум келбей да калды ушу ырчыны
24.07.2017. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бири бирин айыбын ачып.Эч кимисине пайда деле жок мындан.Куноолорунорду кобойтуп,андан коро пайдалуурак иш менен алектенсенер жакшы болчудай экен эжекелер.
Жеке жашоонордун бизге кызыгы жок.Андан коро жакшы чыгармаларды тартуулагыла элге ошол керек.
Экоо тен мен учун бирдей.Экооно тен ийгилик каалайм.Болгону токтотсонор эми чырынарды.
24.07.2017. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырында экоо дуэт ырдап чыкпаса эле болду
25.07.2017. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Стоп игра деш керек болуп калды.
25.07.2017. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт"16жашында чон эле киши м.н суротко ушинтип тушобу уят эле.Бул суротту ким чыгарды интернетке,аныкташ керек да Айчуроко асыла бербей.Ырчыларга ынсап ыйман берсин.
25.07.2017. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыбыздын журогубузго ыйман берсин.ушул жерде ушакчыларга ж.а ушактын ээстерине .ыйман болбосо абийири айрандай тез эле тогулот адамдардын.
25.07.2017. 06:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул суротто бийлеп жаткандагыдай туру корунбойт
чыныгы махабатка кобуроок окшойт Айчурок еже бул кыздын устаты енеси ежеси мынчалык ырбайтпай айыбын ачтырбай абирин сактаса болмок БАКТЫЛУУ айым Анжелика
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо