Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Мухтар Атаналиев, ырчы: "СҮЙГӨН КЫЗЫМДЫ ЧЫБЫК МЕНЕН БИР ЧАПКАМ"

№767 14-20-июль, 2017-ж.

"Мен биринчи атаман, сен экинчиде,
Бирде сени келтектеп, бирде келтек жеп,
Канча жолу мушташтык биз кыз талашып,
Аттиң, ошол күндөр калды кайда адашып?.." деген саптарды укканда балалык таттуу күндөр көз алдыңа тартылат. Бул ирет жогорудагы саптардын ээси Мухтар Атаналиевдин балалыгына саякат жасайбыз.

"МАЙКАМДЫН ЭТЕГИН ТОЛТУРУП ЧҮКӨ УТУП КЕЛЧҮМҮН"

– Балалыгым Токтогул районунун Бала-Чычкан айылында өттү. Көбүнчө чүкө ойноп, рогатка атып чоңойдум. Рогатка менен чымчыктарды четинен атам. Бир жолу апам: "Бул деген балапан. Балапанды эмнеге аттың? Бул да сага окшогон кичинекей, эми мунун энеси издейт да",- деп ыйлады. Ошондон кийин чымчык атканды токтоттум.
Чүкөнү жакшы ойночумун. Үйгө майкамдын этегин толтуруп чүкө утуп келем. Эртеси менден кийинки иним барып кайра уттуруп келет. Ал чүкө талашып бирөө менен чырдашып кетсе, мен барып ага болушуп, азыркы тил менен айтканда, "разборка" кылам. Ошентип чүкөнүн айынан далай уруштук. Кичине чагыбызда чоңдор "жылаңаяк жүрсөңөр оорубайсыңар" деп койчу. Жылаңаяк эле эч нерсени карабай чуркап жүрө берчүбүз. Эгер бутубузду бир нерсе тилип кетсе, "дары болот" деп топурак сээп койчубуз. Ошол топурак менен эле айыгып кетчү.
Бир жолу айылдын өйдө жагына жаңы лоток коюшуптур, барсак чоң балдар мага "лотоктогу сууга отуруп, төмөн агып түшсөң сонун болот экен" деп калышты. Лоток менен агып түшсөм "ой, азамат, сен сонун түшөт турбайсыңбы, дагы түшсөң" дешти. Дагы түштүм. Алар "Мухтар кыйын" деп мактап койсо, 3-жолу агып түшсөм баары эле күлөт. Көрсө, ич кийимимдин арты айрылып калыптыр да (күлүп). Анан үйгө келип таяк жебедимби.
"Шпион жана милиция" деген оюнду ойночубуз. "Шпионмун" да, милиция кызматкерлери болгон балдар артымдан кууп келип колумду кайрып, "айт, айт" дешет. Мен айтпайм. Бир жолу колумду кайрып отуруп сындырып алышты. Кичинемден бери ата-энеме даттанчу эмесмин. Уруштан же оюндан болду деп ата-энеме айтмак белем? Андайда "жыгылып кеттим" деп калп айтууга туура келчү. Атам агроном. Өзүбүздүн бакчада алманын түрү бар болсо да, кошуналардын жалгыз түп алмасы кызык көрүнүп, жашырынып барып андан үзүп жейсиң.

"КЛАССЫМДЫН АТАМАНЫ ЭЛЕМ"

–Мектепте жалаң "5" деген баалар менен жакшы окудум, класском болдум. 1-класстын жарымында райондун борборунан Марат деген бала келди. Ал мурда даярданган экен да, "Алиппени" мындайынан да, тигиндейинен да шар окуп кетет. Колуна эсеп чыгарган таякчаларды алып алыптыр, укмуш эсеп чыгарат. Мен болсо өзүм класскоммун да, аны көрүп "ушундан калып каламбы?" деп ичим күйөт. Анан ошого өчөшүп, атаандашып окуп отуруп, жылдын аягында ашып кеткем.
Жакшы окугандыктан мугалимдер мени жоош деп ойлошчу, бирок жеткен тентек элем. Классымдын атаманы болгондуктан, балдар жасаган шоктуктун баарын мен уюштурчумун, бирок мугалимдер менден көрүшчү эмес. Мугалимдердин отургучуна кнопка койчубуз. 7-класста айыл чарба иштери менен пахта чогултканы барганда уктап жаткан кыздардын буттарынын манжаларына кагазды ороп кыпчытып туруп ширеңке менен күйгүзүп жиберебиз да. Кыздар буттарын тыбырчылатып эле ойгонушат. Бул кылыгыбыз мугалимдерге жетип, балдардын баарын урушуп, мени урушкан эмес. Ошондо уялганымдан кирерге жер таппай калгам.
Классымда10 жыл бою атаман болдум. "Мен биринчи атаман, сен экинчиде" деген ырым ошондон чыккан. Жаңы ырдап чыкканда арык элем го, Доорон деген досум тамашалап "Сен ушу кебетең менен кантип атаман болдуң эле? Мен ишенбейм! Же атаң мектепте директор болгон, же сенин классыңда жалаң итий балдар окуган" деп тамашалай берет. Мен ага "Сен биз жактан өтөсүң, классташ балдарыма "силерди итий деп жатат" деп айтам, анан көрөсүң. Этият бол" деп коём. Атамандык бул жалаң эле мушташ эмес, сабакты жакшы окушуң керек, шоктук жагынан, уюштуруучулук жагынан, чыгармачылыктан, кыскасы, бардык жагынан лидер болушуң керек.

"ОРУС ТИЛДЕН БЕРГЕН ЭЖЕНИ ЖАКТЫРЫП КАЛЫП..."

– Балалык сезим менен окуучу кезде көп кыздарды жактырдым. Орус тилинен берген узун бойлуу, сулуу орус эже бар эле. "Анын көңүлүн кантип өзүмө бурдурам, мени колуман кармап жакшы сөздөрдү айтса" деп жарым жыл ойлонуп жүрдүм. Бир күнү билегиме ручка менен жүрөккө жебени кадап сүрөт тартып, анан колумду ал эже көрсүн деп атайын алдыга сунуп отурам. Эже колумду көрүп доскага алып чыгып урушту. Ошентип жакшы сөздүн ордуна тил уккам.
2-классымда менден 1 жаш улуу кызды жактырып калдым. Ал мага көңүл бурбайт. Бир күнү түшүмө кирди. Эртеси мектепте ал кыздын жанынан ары өтсөм да карабайт, бери өтсөм да карабайт. Анан чыдабай кеттим окшойт, "мага көңүл бурсун" деп жанына барып чыбык менен бир чаптым. Ал кыйкырып эле урушуп жатып калды. Ал кыз ошол окуядан соң мени мектепти бүткөнчө жаман көрүп жүрдү.
Ал убакта классташ кыздарыбыздын баарынын чачы узун, анан өрүлгөн болчу. 7-класста шаардан чачы кыркылган кыз келип, аны баарыбыз сүйүп калдык. Ал кыз үчүн баарыбыз суу жээкке барып эки-экиден мушташабыз. "Канча жолу мушташтык биз кыз талашып..." деген ошондон улам жазылган. Бирок ал кыз менен эч кимибиз деле сүйлөшкөн жокпуз. 10-классымда бир кызды жактырып калдым. Бир күнү алдынан тосуп чыгып "Мен сага бир нерсе айтайынбы?" десем, "айт" дейт. "Бир нерсе айтсам, капа болбойсуңбу?" деп сурасам, "капа болбой турган нерсе болсо капа болбойм" деди. Мен эмне айта албай жатканымды экөөбүз тең эле билип турабыз. Бирок мен ток этер жерин айтпай созуп эле баратам. "Анда жүрчү тамекинин арасына" деп тамекинин арасына алып бардым. Ал 2 жөөк ары, мен 2 жөөк бери турам. Анан "М.С.С.К." деп "Мен сени сүйүп калдым" дегенди баш тамгаларынан айтып жатам. Тердеп кеттим. Ал болсо "Мы-сылап, табышмактатпай айтчы" деп коёт. Ошентип жатып ток этер жерине келгенде тамекиден чыгып кеткенбиз. Бирок кийин ал кыздын жигити болгом.

"ЧАЧЫМДЫ БОЁП ЭКЗАМЕНГЕ КИРБЕЙ КАЛГАМ"

– 5-класста комузду, 6-7-класста гитараны, гармошканы үйрөндүм. Эң биринчи жолу 7-класста гармошка менен ыр жазгам. Азыр эстесем, күлкүм келет. "Жаз келди, жаз менен кошо келгин куштар да келди" деген ыр эле. 9-класска чейин ырдагандан аябай уялчумун. Ырдагым келсе элге көрүнбөй бакырып ырдап алчумун. Бир жолу мектептин бакчасында балдар менен гитара, аккордеон чертип отуруп, аларга кошулуп ырдап алгам. Ошондон кийин уялганым калды. Мугалимдерге билдирбей отуруш уюштурабыз. Тыйынын бере албай же ата-энеси жибербей койгон балдар "сатып" коюшат. Мугалимдер отурушту кармап алышат. Анан айдоочулар МАИ кызматкерлерине кармалганда ишти ошол жерден бүтүрүшөт эмеспи, ошондой кылып үйдөн вино алып чыгып, алар менен чогуу ичип ишти жеринен бүтүрчүбүз.
Биздин учурда клёш шым, узун чач мода болчу. Клёш шымдын багалеги 25-40 сантиметр. Мугалимдердин урушканына карабай узун, тармал чачыңды шамалга учуруп, клёш менен жердеги чаңды шыпырып мектепке барасың. Көйнөгүңдүн көкүрөгүндөгү бүчүлөрүн жарымына чейин ачып койгонсуң, белиңде үзүлүп кетчүдөй болгон эски кур, колуңдагы саатты тескери каратып алгансың. Саатты тескери каратып тагынып алганың "жүрөгүм бош эмес" же "сүйлөшкөнүм бар" деген белги. Көчөдөн саатын тескери тагынган кыздарды көрсөк "аа, жигити бар экен" деп өтүп кетчүбүз. Ал кезде аскерге барбаган жигитти кыздар карачу эмес. Мектепти аяктаган соң аскерге суранып отуруп кеткем.

"Окуучу кезимде жакшы да окучумун, тентек да болчумун".


Асхат Субанбеков
star@super.kg


Мухтар Атаналиев: "Сүйөрүмдү айта албай 2 саат тердегем"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(18)
18.07.2017. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Sonun maek boluptur. Jylmaiyp oturup okudum. Toboo tan kalganym Sovetter Soyuzunun uvhurunda shymdyn bagalegine materialdy ayashkan emes go 25-40 sm....
18.07.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мыкты маек болуптур,азаматсыз,ийгилик!
18.07.2017. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ээээх менин да балалыгым эске тушту мен да атаман болгом
18.07.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уркун тасмасы тууралуу уккум келген эле
18.07.2017. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Эн сонун, балалык окуучулук кундорду эстетип куса кылган маек болуптур. Омурунузго жашоонузга береке,ушундай адамдар менен суйлошуп пикирин уксанар урматтуу супер инфо жамааты силерден сураныч,анан эле каяктагы ушак уруш талашты эки аялдын пайдасыз узун жомогун тынымсыз чыгарып озунордун да баркынарды кетирбей.
18.07.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Nurkyz1977,мен дагы ушул созду айткым келди эле. Кошулам.
18.07.2017. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушуну окудум десем болот. Аябай тентек болгон экенсиз э? Менда шымына тан калдым ата энелерибиз биздин сигарет шымына тан калгандай.
18.07.2017. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ушундай адамдардан интерв.алыныздарчы. менин атам супер инфо окубай калды эчнерсе деле жок. Кайненем ар жума сатып алып келип баарыбыз талашып окуйт болчук. Эми алып келбей калды э жанакы эле 2ырчыда андан башка эчнерсе жок дейт
18.07.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Эн сонун маек, аябай жылмайуу менен окудумго ))).
18.07.2017. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Убагынды ушуга окшоп кийингендер айылда авторитет эле да, окуп алып ичим эзилип калды сонун маек
19.07.2017. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырдаганы да,ырлары да жагат.Эски ырларын аябай жактырып угам.Ностальгия!."Жаш сулуу","Атаман","Чуй кызы" ж.б. сонун ырлары бар.Создору да маанилуу.
19.07.2017. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Простой адамдар
19.07.2017. 06:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kopton beri maeginizdi okui albai jurduk ele,jakshy maek boluptur.saatty teskeri tagyp,klesh shym,tarmal uzun chach okup alyp jylmaidym.tentek bolchu turbaisyzby demek.den soolugunuz bolsun ui bulonuz menen bar bolunuz,
19.07.2017. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Журогумдо балалыка болгон сагынуумду ойготкон эн сонун маек болуптур.
SUPER.KG видео
20.07.2017. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
menin agaiym ishinizge iygilik
20.07.2017. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мен атамын жаш кезиндеги суротторун корчумун жакасы чоон ак койнок клеш шым узуун чач колунда магнитофону да бар сонун маек болуптур бекем ден соолук сизге
23.07.2017. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Магада жакшы,окучулук кунду эске салат экен.Чон рахмат
24.07.2017. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канчага чыктыныз аябай карып кетипсиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо