Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ВИТАМИНДҮҮ ЖАЙКЫ КОМПОТТОР

№768 21-27-июль, 2017-ж.

Аптапта суусаганда мыкты суусундук – бул компот. Жемиштерден жасалган компот адамдын суусунун гана кандырбастан, анын организмин комплекстүү витаминдер менен да толуктайт. Анда эмесе, күнүмдүк кайнатып ичип туруучу компоттор назарыңыздарда.

КОМПОТ КАЙНАТУУДА ЭСИҢИЗГЕ АЛЫҢЫЗ

  • Компотту алма, алмурут, гилас, кулпунай, өрүк жана башка мөмө-жемиштерден жасасаңыз болот. Ал эми анар, банан, бихи (бехи) жемиштеринен компот жасаганга болбойт.
  • Компот жасаганда формасын жоготуп эзилтип жибербей, курамындагы пайдалуу нерселерди жоготпой сактап калуу үчүн кайнатууга кылдат көңүл буруңуз. Мисалы, алма, алмурутту – 25 мүнөт (эгерде башка мөмө кошулса 15 мүнөт), кара өрүктү, өрүктү – 7-10 мүнөт, алча, гиласты 2-5 мүнөт кайнатасыз, малина менен кара бүлдүркөн (ежевика), кулпунай кайнатууну талап кылбайт. Мөмөлөрдүн үстүнө кайнатылган сиропту куюп койсоңуз жетиштүү. Мөмө катуураак болсо 1-2 мүнөт кайнатсаңыз болот.
  • Кайнатуу үчүн катуу, чоң жемишти майда, орточолорду экиге бөлүп, ал эми кулпунай, карагат, гиластарды жөн гана жууп кошуп койсоңуз талапка ылайык.
  • Кайнатууда табитиңизге жараша лимон, апельсин, жалбыз, корица, ваниль кошуп койсоңуз өзгөчө жыт жана даам берет.
  • Компот үчүн сироптун стандарттуу өлчөмү: 1 литр сууга 150 грамм кумшекер кошулат. Каалагандай порция үчүн жемиштин татымына жараша кумшекерди да, сууну да аз же көп өлчөмдө колдонсоңуз болот. Эгерде жемиштин даамы менен компот кааласаңыз, кумшекерди аз кошуңуз, жемиштин накта даамы калат.
  • Компотту айнек идишке куюп, оозун жаап муздаткычта сактасаңыз 1 апта бузулбай тура берет.

ӨРҮК ЖАНА КАРА ӨРҮК КОМПОТУ



Керектелүүчү азыктар:

Өрүк
– 200 грамм
Кара өрүк – 300 грамм
Кумшекер – 150-180 грамм
Суу –
1 литр 200 грамм
Корица – бир чымчым

Даярдоо ыкмасы:

1. Жакшы бышкан, курту жок өрүк менен кара өрүктү жууп, данегин чыгарып алабыз.
2. Мискейге суу куюп, ал кайнап баштаганда кумшекер менен корицаны салып, аралаштыруу менен 1 мүнөт кайнатабыз.
3. Өрүк менен кара өрүктү салып, аралаштырып, кайра кайнап чыгуусун күтөбүз. Жай отто 7 мүнөт кайнатабыз да, оттон чыгарабыз.
4. Эми дароо ичкенге шашылбаңыз. Аз дегенде 4-5 саат, көп дегенде 6-7 саат тыныктырсаңыз даамына чыга түшөт.

КУЛПУНАЙ КОМПОТУ

Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай – 500 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Суу – 1 литр 200 грамм
Жалбыз – 1 жалбырак

Даярдоо ыкмасы

1. Кулпунайды дуршлагга салып, жакшылап жууп алабыз.
2. Мискейге суу куюп, үстүнө кумшекер кошуп, жалбыздын бир жалбырагын жууп салып коёбуз.
3. Отко коюп, кайнап чыкканда кулпунайды салып 1-2 мүнөт кайнатабыз да, оттон чыгарып, тыныктырабыз.
4. Мөмөсүн сүзүп алып салып, компотту айнек идишке куюп, муздаткычка коёбуз.

АЛМА МЕНЕН ЖҮЗҮМ КОМПОТУ



Керектелүүчү азыктар:

Жүзүм – 300 грамм
Алма – 200 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Суу – 1 литр 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Алманы жууп, төрткө бөлүп, данегин чыгарып салабыз. Жүзүмдү жууп даярдайбыз.
2. Мискейге сууну куюп, кумшекер салып отко коёбуз. Кайнап баштаганда алма менен жүзүмдү салабыз.
3. Бардыгын чогуу 15 мүнөт кайнатабыз, андан соң оттон чыгарып капкагын жаап тыныктырабыз. Кычкыл даам кааласаңыз, бир тилим лимон кошуп койсоңуз болот. Компот даяр!

МАЛИНА МЕНЕН КАРА БҮЛДҮРКӨН КОМПОТУ



Керектелүүчү азыктар
:

Кара бүлдүркөн – 200 грамм
Малина – 300 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Суу – 1 литр 200 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Малинаны көбүрөөк алабыз, анткени кара бүлдүркөндүн кычкылы көбүрөөк. Мөмөлөрдү дуршлагга жууп, жалбырактарынан, бутактарынан тазалайбыз.
2. Сууну мискейге куюп, кайнаганда кумшекер салып аралаштырабыз да, үстүнө малина менен кара бүлдүркөндү салабыз. 1-2 мүнөт кайнатып (эгер мөмөлөр эзилип бышкан болсо, кайнап жаткан сиропко эле салабыз), оттон чыгарабыз.

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(14)
25.07.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жакшы
25.07.2017. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бехиден компот болот,болгондо да аябай сонун компот болот.
25.07.2017. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bihter,бий алма десен,бехини тушундойт анча мынчалар
25.07.2017. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Razzak.kg, айва десен, бий алма десен да тушунушпойт ))))
25.07.2017. 20:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бехи-бий алма
25.07.2017. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бий алмага шекерди ото аз кошуш керек. И кеч куздо кайнатса сонун болот
26.07.2017. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалбыздын орусчасы кандай болот?
26.07.2017. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ferdews,мята
27.07.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы кенеш экен
27.07.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бехининерди чын эле биринчи жолу окуп атам.Ушундай алма туру барбы бизде ээ??
28.07.2017. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Hadyja,айва
01.08.2017. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекчеси бехи кыргыздар бий алма дечу эле го озбекче онугуп атат
01.08.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озбекче бехи дейилет
26.10.2018. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммаааххх кандай соонун компоттор созсуз балдарыма жасап берем кыргызстанга барганда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо