Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

МЭЙВЕЗЕР VS МАКГРЕГОР. ШОУБУ ЖЕ СПОРТПУ?

№768 21-27-июль, 2017-ж.

26-августта бокс менен эрежесиз уруштун тиреши орун алат. Конор Макгрегор Флойд Мэйвезерге каршы. Учурда эки мушкер аталган беттешти жарнама кылуудан тышкары бири-бирине психологиялык жактан чабуулдарды жасоо менен алек.

ФЛОЙД МЭЙВЕЗЕР (КЕНЖЕСИ)

Каймана аты
– «Келишимдүү» (Pretty Boy), «Акчалуу» (The Money)
Жашы – 40
Бою – 173 сантиметр
Салмагы – 66 килограмм
49 беттеште 49 жеңиш (анын 27син нокаут менен уткан)
5 салмак категориядагы Дүйнө чемпиону

СПОРТКО КЕЛҮҮ

Мэйвезер АКШнын Гранд Рапидс шаарында мушкердин үй-бүлөсүндө чоңоюп, кичинекей кезинен тарта бокско жакын өскөн. Анын атасы Флойд Мэйвезер (улуусу) жана анын эки бир тууганы да профессионал мушкерлер эле. Атасы баңгизатын сатканы үчүн түрмөгө бир канча жыл отуруп чыккан. Ошол убакытта Мэйвезер мектепти таштап, өзүн толугу менен бокско арнаган.

ПРОФЕССИОНАЛДЫК КАРЬЕРА

19 жашында профессионалдык рингге келип, жалпы 20 жыл спортто болгон. Ал WBC жана WBA версиясы боюнча 5 салмак категориясында Дүйнө чемпиону аталып, өткөргөн 49 беттешинин баарында жеңишке жетишкен.

ЭСТЕ КАЛГАН БЕТТЕШТЕРИ

Өз убагынын мен-мен деген мушкерлерин Артуро Гатти, Шейн Мосли, Оскар Де Ла Хойя, Мигель Котто, Маркос Майдана жана башкаларды ринг полун жыттаткан. Албетте, кылым беттеши аталган Пакьяо менен беттеши башкалардан айырмаланып турат. 2015-жылдын 2-майында Мэйвезер Пакьяону 12 раундда упайлар арасында жеңген. Бул беттештеги Флойддун кирешеси 240 миллион долларды чапчыган.

УРУШУУ СТИЛИ

12 раунд бою атаандашына үстөмдүк кылып, кези келгенде туюк коргонууга өтө алат. Кезинде Мэйвезер өтө эле ылдам болчу, эми мол тажрыйбасына таянары айтпаса да белгилүү.

ЖЕКЕ ЖАШОО

Расмий түрдө бир да жолу никеге турган эмес. Эки айымдан экиден баласы бар. Учурда Дорали Медина аттуу сүйүктүүсү бар экендигин жашырбайт.

КАРАЖАТ

Бир канча жылдар бою, "Форбс" журналынын иликтөөсү боюнча, эң көп каражат тапкан спортчулардын сап башында турган. Алсак, 2015-жылы 85 миллион доллар тапкан. Учурда өздүк кийимдерин чыгаруучу жана промоутердик компаниясы бар.

"МЕН – ПИЛ, МАКГРЕГОР – КУМУРСКА"

Флойд Мэйвезер Конор Макгрегор тууралуу:

"Мен бокстун гана эмес, керек болсо эрежесиз уруштун да жүзү боло алам".
"Мени Макгрегор менен салыштырбагыла, бул сыйлабагандык. Бул пил менен кумурсканы салыштыргандай
эле".
"Азыр 5-10 жыл мурдагыдай мушкер эмесмин. Керек болсо 2 жыл мурункудагыдай эмесмин. Бирок азыркы абалым менен дагы сени жеңип алууга алым
жетет".
"Мен сенин ордуңда болсом, Мэйвезерге утулуп, бирок көп акча таап алмакмын".

БҮТҮНДӨЙ БОКС ҮЧҮН ЖООП БЕРЕБИ?

Флойд Мэйвезер 2015-жылы чоң спорттон кеткенден тарта бүтүндөй бокс жаатында чыныгы жылдыз калган эмес. Анын жолун жолдоочулар, жаңы чемпиондор Флойддун деңгээлине караандашпайт дагы. Макгрегор менен беттешүү үчүн карьерасын жандандырган Флойд өзү үчүн гана эмес, бүтүндөй бокс үчүн жооп бергени турат. Анткени дүйнө жүзү боюнча эрежесиз уруштун популярдуулугу өсүп, мээлей чеберлери арткы планда калууда. Мындан тышкары серепчилер Мэйвезер бул беттеште жалпы (гонорар, жарнама, ар түрдүү келишимдерди кошкондо) 1 миллиард долларга чейин киреше таба алат деп баамдашууда. Көпчүлүк бул беттешти спорт эмес, шоу деп жатканына карабай дүйнө жүзү 26-августта назарын Лас-Вегастагы "Ти-Мобайл Аренага" бурат.


КОНОР МАКГРЕГОР

Каймана аты
– Notorious («терс жагы менен атагы чыккан» деген мааниде)
Жашы – 29
Бою – 175 сантиметр
Салмагы – 66 килограмм
Учурда жеңил салмактагы UFC чемпиону (ММА`да 24 беттеш өткөрүп, 21 жеңиш, 3 жеңилүүгө дуушар болгон)

СПОРТКО КЕЛҮҮ

Макгрегор Ирландиянын Дублин шаарында катардагы үй-бүлөдө чоңойгон. 15 жашынан тарта күрөш менен машыга баштап, уруш спортуна сүңгүп кирген. Атасы 16 жаштагы баласын сантехниктин окуусуна киргизгени менен, өзү спортту тандаган. Ал кездери ал иштебей, машыгуу менен алек болгондуктан 188 евролук жөлөк пулга жашоого мажбур болгон.

ПРОФЕССИОНАЛДЫК КАРЬЕРА

18 жашында эрежесиз уруш боюнча алгачкы ирет сегиз бурчтукка чыккан. UFC уюмуна келип, эки салмак категорияда чемпион болгон жалгыз мушкер. Жалпы ММА`да 24 беттеш өткөргөн.

ЭСТЕ КАЛГАН БЕТТЕШТЕРИ


Дүйнөнүн беделдүү уюму менен келишим түзгөн соң Чед Мендес, Нейт Диас, Эдди Альварес сыяктуу мушкерлер менен бүйүр кызыткан уруштарды өткөргөн. Алардын арасынан Жозе Алдуну 13 секундда нокаутка учуратканы көпчүлүктүн эсинде. 2016-жылдын 12-ноябрында Конор Макгрегор Эдди Альварести жеңип, 10 миллиондон ашык доллар тапкан.

УРУШУУ СТИЛИ

Ал ачуу тили менен атаандаштарын кемсинтип, сөгүп-сагып, эсин кетирет. Октагондо эки колу менен сокку узатат, таэквондо менен машыккандыктан буту менен да мыкты иштейт.

ЖЕКЕ ЖАШОО

Конор сүйүктүүсү Ди Девлин менен 9 жылдан бери чогуу. Ушул жылы май айында уулдуу болушкан.

КАРАЖАТ

"Форбс" журналынын маалыматы боюнча, 2016-жылы 34 миллион доллар киреше тапкан. Кымбат костюм, фирмалык саат, жарашыктуу чач жасалгасы жана сакалы – бул Конор.

"СОККУМ ТААМАЙ ТИЙСЕ, ФЛОЙДДУН БАШЫ УЧУП КЕТЕТ"

Конор Макгрегор Флойд Мэйвезер тууралуу:

"Сен чыныгы беттешти көрө элексиң. Сегиз бурчтукка түшүп көрсөң, бир дагы раунд чыдабайт болчусуң".
"Менин муштумум анын башынан чоң. Эгерде таамай сокку узата турган болсом, анын башы күйөрмандарына
учуп кетет".
"Мэйвезерди нокаутка учуратканда ар бириңер айткан сөзүңөрдү кайра артка аласыңар. Муну Флойд дагы, баарыңар билгиле. Бокс деген
менмин".
"Ал мендей кыймылдаган күчтүү жана каардуу атаандашты жолуктура элек".

КАНЧАСЫ ШОУ ДА, КАНЧАСЫ СПОРТ?

Аталган беттеш болот деген күндөн тарта мында канчасы шоу дагы, канчасы спорт деген суроо жаралган. Учурда эки мушкердин беттеш алдында көз караштар тиреши менен бирге бири-бири менен болгон кайым айтышуулары күчөп жаткан маал. Мында Макгрегор кемсинтүү боюнча канчалык чебер экендигин дагы бир жолу тастыктады. Лос-Анжелес, Торонто, Нью-Йорк жана Лондон шаарларында болуп өткөн маалымат жыйындарында тили менен Мэйвезерге бир дагы мүмкүнчүлүк бербей койду. Барган сайын спортто акча маселеси биринчи орунга чыгып, шоу менен спорттун тыгыз айкалышуусу күчөгөнү байкалат. Мунун жыйынтыгында чыныгы спорттун кызыгы жоголуп, катардагы күйөрмандар утулуп жатканы талашсыз.

Маалымат жыйындагы эсте калган учур. Мэйвезер долларларын Макгрегорго чачууда.


Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(21)
25.07.2017. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Конор женет!
25.07.2017. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Майвезер конордун оозун жаап еойгун женип
25.07.2017. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
За Конор башы учуп кетет жинди суйлоптурго
25.07.2017. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
6-раунга жеткирбей Мейвезер женет.Бокс-бул мушташ эмес!
25.07.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Макгрегор женет,эрежесиз мушташ бокстан устун турат!
25.07.2017. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ал бетте спорт падышасы бокс женбегенде ким женмек эле! Алга Мейвезер Конорду талкала тонна ударларын менен!
25.07.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Мэйвезер женет. Конор клоун.
25.07.2017. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Макгрегор талашсыз кучтуу мушкер.Бирок бул жерде бокстун эрежеси менен уруш болот.49-0 жон эле сан эмес.Мейвезер утуш керек
25.07.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча үчүн шоу.
25.07.2017. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ШОУ!!! Эки клоундан элге чон программадагы миллиондук шоу...

Чыныгы бокс коргунор келсе Головкин - Канело ортосундагы боксту коргуло...
25.07.2017. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сооронбай женип кетпесин экоону тен
25.07.2017. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Экоону тен Сооронбай женет коросунор
25.07.2017. 23:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конор кучтуу бирок Майвезердин жанында алсыз.
26.07.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конор Женет
26.07.2017. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Короче бироосу женет
26.07.2017. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конор-жон кана шоумен!
26.07.2017. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооронбай билесинер бит убактагы Рокки Бальбао(Силвестер Сталоне) эстесенер достор
27.07.2017. 20:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зима не будеть женбесе эле болгону
28.07.2017. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
GGG дын урушуу тактикасы жагат. Бирок коп кемсинтип суйлой бербей чыныгы мушкердей болбойбу. Флойд дагы Конор дагы ЛЕГЕНДА боло алышпайт мындай шоулары менен. Мухаммед Али, Майк Тайсон - мына ушулар легенда
28.07.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мейвезер женет
31.07.2017. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чык эшике
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо