Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Таалайбек Ороскулов, Айчүрөк Иманалиеванын жолдошу: «АЙЧҮРӨК ҮЧҮН, БАЛДАРЫМ ҮЧҮН ӨМҮРҮМДҮ ДА АЯБАЙМ»

№768 21-27-июль, 2017-ж.

Аялзатынын төркүнү бара-бара анын балдары, жолдошу болуп калат дешет. Биздин бүгүнкү каармандар 23 жылдан бери жашоонун ысык-суугуна бирдей бышып чогуу келе жатышкан түгөйлөр. Ырчы Айчүрөк Иманалиеваны кандай учур болбосун жолдошу, балдарынын атасы, эң жакын адамы катары Таалайбек Ороскулов колдоп келет. Анда түгөйлөрдүн маегине назар салыңыздар.

– Таалайбек мырза, Айчүрөк эже менен таанышкан күн эсиңиздеби?
– Албетте, эсимде. Улуттук телеканалда Жамиля Муратова алып барган "Жылдыздуу студия" деген көрсөтүү тартылып калды. Ошондо Айчүрөк экөөбүздү Жамиля тааныштырган. Мен ал кезде Улуттук каналда инженер, Пирамида каналында алып баруучу болуп иштечүмүн. Тааныштырган күнү эле акылымды жоготуп сүйүп калдым (күлүп). Андан бери 23 жыл өтүптүр.

– Айчүрөк эженин эмнесин жактыргансыз же атактуулугуна кызыктыңыз беле?
Таалайбек:
– Чынын айтайын, мен анда кыргыз эстрада ырчыларына кызыкчу деле эмесмин. Айканын ырчылыгынын биздин мамилеге эч кандай тиешеси болгон жок. Мен анын адамдык сапатын бааладым. Аялдык сулуулугу, эмгекчилдиги, адамдар менен тил табыша алган сапаттары өзгөчө таасир берген.
Айчүрөк:"Атактуулугуна кызыктыңызбы?" деп жатпайсыңбы, "ошол кезде атактуулуктун туу чокусунда элең" деп айтып калышат. Чынында мен аны байкаган деле жокмун. Көрсө, "Роза гүлү" ыры менен популярдуу болуп кетиптирмин. Эл катары автобуста, троллейбуста эле жүрчүмүн. Азыркыга чейин "Айчүрөктүн популярдуулугу менен "Жаштар" театры 3 жылда бутуна турган" деп калышат. Бул сөз калппы, чынбы, билбейм. Чындыгы деле болгондур. Анткени мен эмгектенген "Жаштар" театрынын концерти дайыма аншлаг же 2-3 сеанс менен өтчү. Ошондо эл менин ырларымды угуш үчүн келип жатышса да, башкалардай эле айлык алчумун. Ал эми Таалай ошол кезде аты чыгып турган орус тилдүү Пирамида теле каналындагы жалгыз кыргыз алып баруучу болчу. Мен аны сыналгыдан көп көрчүмүн. Таалайдын мага карата болгон сүйүүсүн четке какпаганыма ушул дагы таасир эттиби деп калам.

– Салтка ылайык кайнене жоолук салып, анан көшөгөдө отурдуңузбу?
А.:
– Кайын журтум өмүр бою шаарда турган адамдар. Кайнатам 30-40 жыл теледе үн жазуучу бөлүмүндө жетекчи болуп иштеген. Кайненем илимдин кандидаты. Таалайдан 5 жаш улуу экендигиме карабай, мен келин болуп келгенде кайненем ак жоолугун салып, батасын берген.

– Уулуңар Арлен төрөлгөн күнү майрамдадыңызбы? Адатта аталар төрөт үйүндөгү келинчегин унутуп майрамдап кетишет го...
Т.:
– Ошол маалда алты жылдан бери ичимдикти оозго ала элек болчумун. Арлен төрөлгөндө мен деле башка аталардай бир сутка майрамдап кеткем (күлүп).

– Балдарыңыздардын аттарын ким койгон?
Т.:
– Арлендин атын үй-бүлөбүз менен тандаганбыз. Кызымдын атын мен өзүм койгом. Бала кезде Алексей Толстойдун "Аэлита" деген фантастикалык чыгармасын жакшы көрүп окучумун. Чыгармада Аэлита башкы каарман, Марс планетасында жашаган ханбийке эле. Ошол чыгармадан улам кызыма Аэлита деген ысым ыйгаргам.

– Таалайбек байке сыртынан жумшак, сиздин айтканыңыз менен болгон адамдай көрүнөт, чындыгында ушундайбы?
А.:
– Сырткы келбет алдамчы. Таалай жумшак көрүнгөнү менен мага караганда катуу, көк бет, өжөр. Биздикинде деле уруш-талаш болот, ошондо Таалай көпкө чейин таарынат. Мен анте албайм, көп учурда биринчи кадам таштап, үй-бүлөдөгү атмосфераны жакшыртып турууга аракет кылам.

– Айчүрөк эже үй жумуштарына жетишпей жатса жардам бересизби?
Т.:
– Айылдагыдай уйду бадага кошуу, койдун кезүүсүн өткөрүү, самоорго чай кайнатуу, от жагуу деген жумуштар жок да бизде. Башынан эле бул аялдын, тигил эркектин жумушу деп бөлүшкөн эмеспиз. Сенин милдетиң, менин милдетим дебей эле чогуу жасай беребиз.

– Эки уулдан кийин кыздуу болдуңуздар. Таалайбек байке, жалаяк жууган кандай жумуш экенинен кабарыңыз барбы?
А.:
– Бала жаңы төрөлүп келгенде аны багуу чоң түйшүк да, сөзсүз каралашкан адам керек. Жалаяк жууп, балдарга каралашуу жагынан мен Таалайга беш деген баа берем. Эки баласы төрөлгөндө экөөнө тең чоң жардам берди. Атабызды бул жагынан укмуш деп мактагым келбейт. Анткени бардык эле аталар балдары үчүн ушундай жардам кылат болуш керек.

– "Жаш өткөн сайын сүйүү балдарга өтөт" дешет. Жаш кездеги сүйүүнүн басаңдаганына ич ачышып стресске кабылган учур болобу?
А.:
– Мен ушул сыяктуу сөздөрдү ата-энелерибизден, улуу муундан угуп калчу элем. Эң негизгиси, кандай сүйүү болбосун бул сүйүү да. Балдарга болгон сүйүүбү, эки адамдын ортосундагы сүйүүбү – бул ыйык сезим. Ушул сезимдин бар болуп тургандыгынын өзү эле керемет.

– Чакан мамлекетиңерде ким президент?
Т.:
– Биздин үйдө Айка президент. Бир нече жыл мурун шайлоо болуп, Айка жеңип чыккан. Тамаша, үй-бүлө бир организм, кандай маселе болбосун чогуу акылдашып чечим чыгарабыз.

– Сизге Айчүрөктүн күйөөсү деп кайрылышса кандай акыбалда каласыз?
Т.:
– Ооба, мени Айчүрөк Иманалиеванын күйөөсү катары кабыл алгандар көп, бул нормалдуу эле көрүнүш. Ошол эле учурда мени теле алпаруучу катары тааныгандар бар.

– Таалайбек байке, бир нече жыл мурун жубайыңызга, дегеле үй-бүлөңөргө кол салуу болгон эле, ошол күндөрдөн кантип өттүңөр?
Т.:
– Мен ал окуя тууралуу, ошол ишке буйрутма бергендер жөнүндө ушул күнгө чейин эч жерде комментарий берген эмесмин. Бир гана нерсени айткым келет, мен Айчүрөк үчүн, балдарым үчүн өмүрүмдү да аябайм.

"ООРУКАНАГА ЖАТКАНЫ АНЫН ДАГЫ БИР АМАЛЫ"

Ырчы айымга азыр талкуу чордонунда турган шакирти экөөнүн чыры тууралуу да суроо узаттык:

– Интернетке тарап кеткен сүрөттөрдү айрымдар сизди таратты деп жатышат. Анжелика Бекболиева ал сүрөттүн талкууларынан улам ооруканага түшкөнүн айтып, жазып чыгышты. Ал айткандай ырдап жатканында фонограммасын өчүртүп салдыңыз беле?
– Мындай сүрөттөр 4-5 жылдан бери эл арасына тарап жүргөн. Мүмкүн, кимдир бирөө ылайыктуу мезгилди күтүп жүрүп чыгаргандыр. Бул сүрөттүн чыгышына, фонограммасынын өчүшүнө менин эч кандай тиешем жок. Мен анын фонограммасы өчтүбү, өчкөн жокпу ишим да болгон жок. Ишенбесеңиздер, үн режиссёрго телефон чалып, үнүн бийик чыгарып угузайын, фонограмманы мен өчүрдүмбү, жокпу өз кулагыңар менен уккула (ырчы телефон аркылуу Рус аттуу адамга байланышка чыкты).

– Саламатсызбы? Рус бекен?
– Ооба.

– Мен Айчүрөк Иманалиева. Анжелика фонограммасын мени өчүртүп салды деп интервью бериптир, ушундай болгонбу?
– Андай болгон эмес. Фонограммасынын аягында өзү пауза бар экен. Мен аны кийин байкадым.
Анын мага кол салганы, кол тийгизгени аз келгенсип, элди көзүнө илбей тил тийгизгени, өзү аз келгенсип апасынын асылганы, чүчкүрсө да менден көргөнү, ушунча жылдан бери токтобогон интригалары ден соолугума залакасын тийгизип келе жатат. Анжеликанын ооруканага жатканы элге мени жаман көрсөтөйүн деген дагы бир амалы. Көрөсүңөр го, айтты-койду дебегиле, эртең эле акчанын учу көрүнгөн жерге чуркап барып өзүнүн ишин кыла берет. Дагы кайталап айтам, мага улам келип тийишпей, өз оокатыңды кылчы, айланайын.

Таалайбек Ороскулов: "Аэлита кичинекей чагында мага жакын болчу, бой жеткен сайын апасына жакын болуп кетти".


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(117)
25.07.2017. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Бактылуу болунуздар эн соонун уй булоо!!! Куйоосу токтоо эрктууго маеги соонун болуптур!
25.07.2017. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
тооба издейм сени точно Анжеликадай ХХХ, Ушу Айчуроктон кичинеда все таки кантип жаман соз жазат,асылат, чоон эле адамдарга, уят апаларыбыздай чон аял, жаманбы жакшыбы бизден улуу
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-26 09:32:53
25.07.2017. 22:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Aichurok eje sizge chygarmachylyk yigilik,ui bulonuz menen baktyluu bolunuz.Anjelikaga tenelip kadyr barkynyzdy ketirbeniz.oorukanada jatty dep kouyp ertesi konsertte ,toilordo jurot oorugan kishi ertesi kunu ele konsertke chygyp kalaby.Aichurok eje alga!!Anjelika ekoonordun kaiym aityshynyzdy emes sizden jany yrlardy kutobuz,ishinizge yigilik
25.07.2017. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
yiat ele bolyp bytyshty
25.07.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Izdeim_seni Анжелика беле ошондо ?))
26.07.2017. 00:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жок ай Анжелика эмес. Форумчулардын фантазиясы
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-26 09:33:43
26.07.2017. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aichyrok okyp kubanup atsa kerek. meni koldogondor kop dep. ar bir gezitke chukkan saiun abiiri airandai togylyp atkanu menen ishi jok
26.07.2017. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Айчурок сен аябай эле кыйын болсон живой интервью бергиле эрин экоон коройлук эрини ХХХ жакшы жашап жаткан адамдын уй булосун жамандап эл билип эле турат ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-26 09:35:32
26.07.2017. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уят Айчурок болду эмт
26.07.2017. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Айчурок эжем каарыптыр ээ?, 60 ка чыгып, калды болуш керек, билгендер айтып койгулачы.
26.07.2017. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Tuptuurale bol'nitsaga tushup olgon atkan Anjelika ertesi ele sport ordosunda kontsert berdigo, kanday tushunboisunor kim kalp kim chyn aytip atkanyn. A bul jerde Aichroktu jamandap jazgandar Anjelikanyn Maloletka fanatkalary
29.07.2017. 03:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Solnyshkin, эн туура 200%
26.07.2017. 02:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Анжеликанар даана Хюррем го чиркин. Элдин козунчо калп эле кечирим сурамыш болуп коюп ары жака откондо озу билет
29.07.2017. 03:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Stshcksishd,ооба чын Анжелика ырдабай бизнесини эле кылчы
26.07.2017. 02:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Коюлган минус пюлустардан эле ким ак ким кара билинип калды
26.07.2017. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Анжелика ХХХ жакпайт озу..
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-26 09:36:32
26.07.2017. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика мин калп айтканда деле,кечке эле асылып ,ар кандай создорду айта береби,эн жаман кором милдет кылган адамды. Анжеликаны убагында чыгарса пендеден эмес,Алладан кайтат. Мен мурункусунда жазгам,мени баккан таежем 32ке чыксам да бакканмын деп милдет кылат,мен уйундо бут жумушун жасап,баласын карагам. Эмии баардык нерсе Алланын буйругунан,пешенебизге жазылганын коробуз да,болду эми уялыныз асыла бергенден
28.07.2017. 00:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
suimon302010,апаныз бакканда да бут уйдун жумушун кылып кичинелерди карамаксыз. Мен уйдун улуусумун уйдо бут жумушту озум жасап,кичинелерди чонойтком. Таеженизге ыраазы болунуз ушул даражага жеткирген. Анжелика да кичуу болуп унчукпай калыш керек. Баары жакшы,телегейи тегиз дагы эмне керек Анжеликага озу кудайга шугур кылып жашай бербейби. Айчурок болбогондо бул даражага жетмек эмес чыйылдаган уну менен. Айчурок эже айтмакчы чучкурсо да Айчурок эжени куноолой бербей.
26.07.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Таалай эки аялдын чырынан кийин озун пиарлабай эле койбоптур да. Айчурок озу аппак болсо Аргенин кимден тороптур? Чоооооооон эле аял, кемпир жашына жетти, Анжеликаны жон койбой койду го. Акча чыккан жерге барып ырдайт деп, баарыбыз эле акча табыш учун иштейбиз? Айчуроктун кызына да Анжеликаныкындай бакыт тилейм
30.07.2017. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiman1983 кошулам
26.07.2017. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
love.me.again, raykray, Nanei, Gulia89, Krasavica,
Порталдын эрежелерин сактагыла! Билдирүүлөр түзөтүлдү!
26.07.2017. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Билбейм айтор... Айчүрөк сүйлөсө, аныкы туура, Анжелика сүйлөсө, мунуку туура. Түшүнбөйсүң айтор. Эмнеси болсо да чындыкты бир кудай, анан экөө билет. Калганыбыз экөө үчүн жаман-жакшы айтышып, көңүл оорутушпайлычы.
27.07.2017. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Samarish1216,туура айтасыз жуз процент кошулат.
26.07.2017. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анжелика ХХХ ХХХ кыз. Апасы да начар адам ХХХХ 3 кыздын энеси чоон эле ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-26 16:03:24
26.07.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Кийинки санына Анжеликанын куйоосун алып келгиле эми
27.07.2017. 02:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
dinikyz, кайсы арына келет)))) аялынын кылыгынан уялса керек, эркекче намысы болсо
27.07.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Izdeim seni точно Анжелика экен ээ. Жон адам болсо,анча бышмак эмес менимче.
27.07.2017. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анжелика алга
27.07.2017. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айка менен Ажи жаман тойгоздуго супердин ар бир санына чыгып.Ажини жаман коруп калдым, экоондун тен паркынар кетти..
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-27 16:53:50
27.07.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Mba-992,парк кайда кетти???квргызсынарбы деги силер???Кайран тилибиз кор болгон. Анан ботон эл ак калпагыбызды бутуна кийип басы
п журушот да
28.07.2017. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Анжелика уят эсине кел. Бир жакшына куйоон, мотурайган уч кызын бар кудайга шугур кылып жашасан боло устатынды куноолой бербей. Кантсе да ушу даражага Айчурок эже аркылуу жетип отурасын. Озу адамдар акчасы кобоюп проблема жок калса эле кудайды унутуп калышат.
28.07.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айчурок Анжеликанын ийгиликтерине ХХХХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-28 14:06:56
28.07.2017. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Айчурок Иманалиева Анжеликаны сурот жуктой берет деп жазып коюп, озу жуктой баштады го. Ошондо 2-3 суроту эле бар болчу. Озунун кандай жургону менен иши жок, эми ичи куйуп отурат, чон эле аял. Баракчасында жалан согунуп сагынган кыздардын создору. Ошолорду тыйып койсо болот го Айчурок айым. Туура соз, уят соз эмес, жазсан сразу блокко киргизет. Уят создор менен, бирок Анжеликаны жамандап жазсан жагат экен, жыргап калат
Модератор admin_media түзөттү 2017-07-28 14:09:01
29.07.2017. 04:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анжелика эми концерт коё албайт баары жек корот и Анжеликаны коргондор сол жылаанды коргондой карашат
29.07.2017. 04:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жазгандар толугу менен чыкпайт экен толугу менен чыкса Анжелика точно ооруп калат болчу
01.08.2017. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2008-жылы панорамадан Айчүрөктү күйөөсү,балдары менен көргөм.Ошондо Айчүрөк күйөөсүн баласындай эле айдап алган.Башында кара кепка айчүрөктүн,жааман боорум ооруган күйөөсүнө ушуну албай эле койбойбу деп.Жанынан ырайы да өөлө жаман экен.Тональный кремди тонна сыйпанып алыптыр эле,тиги күйөөсү жанынан бала.Интервьюга дагы айдап эле келди го менимче.
16.08.2017. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корбогондун коргону курусун болду окшобойбу Анжелика минте берсе Айчурок эженин жашына жеткинче элге эч ким болбой калатго а баягы чыйылдак аталып Айчурок эже алга сиздин эмгегинизди баалайт кыргыз эли
07.02.2021. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Күйөөсү барибир жаш көрүнөт экен баласындай болуп. Тен.тени менен, тезек кабы менен деген туура окшойт.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо