Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛМАШ ЧОЙБЕКОВАНЫН КАЗА ТАПКАНЫ БИР ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛИНДИ

№768 21-27-июль, 2017-ж.

Кезинде акындык атагы бар, сулуулугу менен далайды ээрчиткен акын аял карылар үйүндө каза таап, жоктогон эч кимиси жок жерге коюлуп, калың эл бир жылдан кийин анын дүйнөдөн кайтканын укту. Алмаш Чойбекова! Бул ысымдын акындык, аялдык, инсандык тагдыры сизди да кайдыгер калтырбас.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

  • Акын, Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алматай (Алмаш) Чойбекова Токтогул районундагы Кетмен-Төбө айылында 1947-жылы 8-августта туулган.
  • 1973-жылы Жалал-Абад педагогикалык окуу жайын, 1980-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн (сырттан окуп) аяктаган.
  • Жумушчудан башталган кесибине улап актриса, тарбиячы, кабарчы болуп иштеген. "Ак булут" аттуу ырлар жыйнагы 1979-жылы жарыкка чыгып, Аалы Токомбаев баш сөзүн жазган. 1981-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
  • Ашыктыктын гимни болгон "Барам сага" аттуу ырын Дарика Жалгасынова Асанкан Жумакматовдун дирижёрлугунда оркестр менен ырдап чыккан. "Махабат дастаны" кино тасмасында казакчага которулуп ырдалып, "Бегимайдын ыры" катары эл оозунда калган. "Кыялдануу" аттуу ырына Кадыралы Артыков обон жазып, бул ыр Медербек Кыдыршаевди ырчы катары элге тааныткан. "Энекем" аттуу ыры өз заманынын хит ыры болгон.
  • Акын 2016-жылы 14-июнда оор психикалык оорудан улам көз жумуп, бирок коомчулук билбей калган. Сөөгү Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сафаровка айылына коюлган.

Бурулкан Карагулова, акын: "КӨЗҮ БОТОНУКУНДАЙ ЖАЙНАГАН АЯЛ ЭЛЕ"

– Жаш кезимде Алмаш эжени көргөндө сулуулугуна таң калгам. Аппак кийинген, өзүн таптаза алып жүргөн, көздөрү ботонукундай жайнаган аял болчу. Аалы Токомбаев менен тааныш болгон. Аалыке ырларына жогору баа берип, алгачкы "Ак булуттар" деген китебин кезексиз бастырып берген. Эженин биринчи күйөөсү Билиш Момунбеков деген акын болгон, Жоомарт Бөкөнбаевдин иниси болот. Ага 16 жашында чыккан экен. 3 жылдай жашап, ажырашып кетишиптир. Экинчи күйөөсү Байызбек деген адам эле. Ал экөө аябай ынтымактуу жашашты. Көп ырлары, анын ичинде атактуу "Барам сага" да ошол кишиге арналып жазылган экен. Экөө тең биринен-бири өткөн сулуу, келишимдүү, жарашкан түгөйлөр болчу. Аны менен 10 жыл чогуу жашап, балалуу боло албай ажырашып кетишкен. Ошентип көп жыл бой жүрүп калды. Кырсык баскан жылдары менимче 30 жаштарда болчу. Тележурналист Асанбек Иманбаев аскер кызматында иштеген бир жигит менен тааныштырат. Ал өзүнөн кичүү, үйлөнө элек көлдүк жигит болчу. Аябай ашык болуп, үйлөнөм деп өзү иштеген аскердик бөлүккө алып кеткен. Ошондон 1 ай болгондон кийин эле бети-башы көк ала болуп жатаканама келип калды. "Полковник менен сүйлөшүп отурсам кызганып сабап салды" деди. Андан качып менин бөлмөмдө бир топ жашап жүрдү. Кырсык айдадыбы, бир күнү эле "кетем" деп калды. Мени "жүрү" деди эле "жок, эртең ишке барам" деп калып калгам. Эже жаш үй-бүлөлөр жашаган жатаканада жашачу.
Түндө уктап жатса шатыр-шутур дабыш чыгып, күйөөсү бак менен балконго чыгып келе жатыптыр. "Кет, кыйкырам" десе да болбойт, колунда тапанчасы бар экен. Жандалбастап коңшулар жакка качканда жетип көкүрөккө атат, алышып жатканда ичине тиет. Экинчисин чыкыйына атканда эже булкунуп жатып ок көзүнө тийиптир. Күйөөсү ошол жерден өзүн атып салып каза болот. Мага таң атпай кабар келди. Ооруканага барсам эс-акылында эле экен. "Ак Буку, (мени эркелетип ушинтип койчу) жарыкты күйгүзчү, капкараңгы болуп жатат" деди. Күн тийип, жапжарык болчу. Ыйлап жиберсем доктур ишарат кылып, коркутпа дегенсиди. Карасам бир көзү агып бетинде салаңдап турат, экинчисин эптеп киргизип коюшуптур. Кийин агып калган көздү операция жасап, кесип алып салышты. Курсагынан да ок алып чыгышты. Ботонукундай жайнаган көздөр ошентип соолуду, эженин тозогу башталды.

"ЫРЛАРЫМДЫ УУРДАП АЛДЫ ДЕМЕЙ БАШТАЛДЫ"

– Алмаш эже жалгыз калды. Мүнөзү өзгөрдү, тез жинденип кетчү болду. Мени, башкаларды "тамак жасап бер" деп чакырат. Баргандын баарын ууру тутат. "Ырымды уурдаган жоксуңарбы?" деп тинтип текшерет. Айтор, өзүнчө эле кыйноо. Барбай койсом издеп келет, аябай жүдөттү. Ошол жатаканада жазуучу Мелис Макенбаев ("Аялдардын зонасы", "Эски түрмөнүн ыйы", "Пресс хата" романдарынын автору) менен жашап калды.
Ошол учурда Алмаш эжеге көп жерден жардам келип жатты. Союз анда күчүндө эле, эже СССР Жазуучулар союзунда мүчө болчу да. Социалдык коргоо жактан жардам берилди, уккан-билгендер акча таштап кетип жатышты, акын-жазуучулар колдон келген жардамын беришти. Өкмөт 2 бөлмөлүү үй берди. Кийин Мелис да таштап кетти.
Биз дүйнөнү көз менен кабылдайт экенбиз да, көзү соолуп калгандан кийин деле эже ыр жазып жатты. Бирок мурункудай күчтүү чыгара албады. Анан "менин ырымды тиги уурдап жүрөт, бул уурдап жүрөт" деп эле кокуйлап акын эжелерге асылып баштайт. Баарына "согуш ачты". Мени да соо калтырган жок. Көрсө, психикалык жактан оорусу ошондо башталыптыр. Акыркы жылдары көрүшкөн жокмун, бирок сыртынан байкап кабар алчумун. Кийин жазуучу, акын Абдрасул Токтомушевдин баласы Марс агага турмушка чыгып, экөө чогуу жашашты. Кийин карызга батышып, турмуштары болбой, аябай кыйналышыптыр. Өкмөт берген үйүн сатып, экөө жетелешип көчөдө калган күндөрү да болгон экен.

"ӨЛГӨНҮН БИР ЖЫЛДАН КИЙИН БИЛДИМ"

– Мен эженин дайыны чыкпай калганда издөө сала баштадым. Бир күнү бирөө "сиз ушу эжени издеп эле жүрөсүз, ал деген Жалал-Абаддагы балдар үйүндө жашайт деп уккам" деди. Ал жакка издеп барып, Сузактан таптым. Көрсө, чалы экөө Жалал-Абадга кетип бара жатып жолдон Алмаш эже эсин жоготуп, ооруканада калат. Сураштырып отуруп, анын белгилүү акын Алмаш Чойбекова экенин билишип, Сузак районунун Октябрь айылындагы карылар үйүнө которушуптур. Директоруна "Алмаш Чойбекова экенимди эч кимге айтпагыла" дептир. Жолдошу инсульт болуп калган экен. Алмаш эженин оорусу күчөгөн кезде аны жулмалап, тытып кыйнай бергенинен экөөнү эки башка бөлмөгө которуп салышыптыр. Акыркы күндөрү баарына кол салып, кызматкерлер кирип тамак берип эле кайра чыгышчу экен. Мен быйыл Сузак тарапка барып кабарын сурасам, директор "ой, ал былтыр эле өлүп калган, сенин номериң да жок экен, байланыша албадык" деди. "Эже, ал мындай эле өлүп калды деп угуза турган адам эмес эле. Эли, журту бар эле" дедим. Майрам эже "эли, журту мурун кайда жүрүптүр?" деди. Аныкы да туура. Эже үйсүз калганда бир атактуу адамга "мен өлгөндөн кийин китептеримди чыгар, ырларымды уурдаба" деп эмгектерин, кол жазмаларын тапшырып кеткен экен. Азыр кол жазмалары табылып, басуу алдында турат. Эженин тагдыры башкача болгондо азыркы Эл акындарын чаңында калтырмак. Тагдыры оор болуп калды.
Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Октябрь айылында жайгашкан карылар үйүнүн директору Майрамкан Узакбаевага байланышып, Алмаш Чойбекованын акыркы күндөрүн сурадык.
– 2012-жылы 13-сентябрда бизге ооруканадан которулган. Документтеринен биз Алмаш Чойбекова экенин билгенбиз. Бирок өзү "мага эч кимди, ММКдан болсо дагы жолуктурба" деп суранды. Жанында күйөөсү бар болчу. Абалы оор болду, күйөөсү эже каза болгондон кийин бир айдан кийин каза болду. Менин таң калганым, 4 жылдын ичинде бир да адам сурап келген жок, жардам берген жок. Эми өлгөндөн кийин баарын кызыктырып калганына таң калып жатам. Эч ким сурабаса, биз кимге эмне деп айтат элек?

ЫР ДҮЙНӨ

Мирбек Атабеков,«БАРАМ САГА»

Сөзү: Алмаш Чойбекованыкы
Обону: Кадыралы Артыковдуку

Мөлтүрөп бүлдүркөндөр бышкан кезде,
Асманга бүркүт шаңшып учкан кезде,
Саамайларын сеңселткен ак кайыңдар
Самашып сагынычымды уккан кезде
Барам сага.

Ширесин карагаттар чачкан кезде,
Ажарын жоогазындар ачкан кезде,
Кучактап бейкутчулук түн коюнун
Күн сулуу уясына баткан кезде
Барам сага.

Шоолалар кирпигиңди өпкөн кезде,
Ак жамгыр нөшөрлөтө төккөн кезде,
Кубарып кусалыктан ак жүзүбүз
Көп күндөр арабыздан өткөн кезде
Барам сага.

Гүлдөргө аарыларың конгон кезде,
Бал чөбүн Ой-Алманын соргон кезде,
Алгачкы биз жолуккан кечтегидей
Алтын Ай асмандагы толгон кезде
Барам сага.

Медербек Кыдыршаев, «Кыялдануу»

Сөзү: Алмаш Чойбекованыкы
Обону: Кадыралы Артыковдуку

Жыпарын бүркүп гүлдөрдүн
Жел келсе шибер ыргалат,
Жыргалга бөлөп сезимди
Үнүңдү уксам ырдаган.
Колуңа гүлдөн десте алып
Көрүнө калсаң жылгадан,
Э-эй, көбүртүп булак толкунун,
О-ой, акагы акса шыңгырап,
Билдирип жайлоо шоокумун, и-ий,
Сайраса торгой үн улап.

Акырын сылап чачымдан
Ардагым десең эркелеп,
Жылмая карап сүйкүмдүү
Жылкыга кетсем эртелеп.
Боз жорго минип келатсам
Алдымдан чыксаң энтелеп,
Э-эй, кызарса булут сүрүлүп,
О-ой, кызылгат бышса күбүлүп.
Көөнөрбөс жашыл өзөндөн
Көбүргөн терсек, кымыздык терсек жүгүрүп.

Чачылып жатса шүүдүрүм
Ак бермет болуп көктөмдө,
Эрксизден мөлт деп төгүлсө
Экөөбүз басып өткөндө.
Көңүлдүү жүрсөк сергитип, и-ий,
Күн нуру беттен өпкөндө,
Э-эй, ак жамгыр төксө шорголоп,
О-ой, арчага келсек корголоп,
Кекилик учпай жем издеп
Азгырса бизди жорголоп.

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(25)
25.07.2017. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Эх тагдыр!
Канчалык атактуу болбо баарибир тагдыр калчап коёт инсанды.
Жаткан жери жайлуу болуп бейишин берсин дегенден башка арга жок!
Сулуулугу эле озуно душман болгон экендаа....((((
25.07.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Тагдыры оор болуптур. Айла жок тагдырга баш ийебиз. Жаткан жери жайлуу болсун!
25.07.2017. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
"Эч кимге айтпагыла!"
- демек эже өзү каалаган эмес тура. Жаткан жери жайлуу болсун!
25.07.2017. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Кырсык! Аябай сулуу болгон экен.Байкуш эже.Торобой калыптыр да ошондо.Бактысыз отуптур да жашоодон.Козу агып тушту деп окуп алып,журогум ооруп кетти.Жаткан жери жайлуу болсун!
25.07.2017. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+30
Не родись красивой а родись счастливой дегендей эле экен да
25.07.2017. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Барам сага деген ыры аябай сонун жазылган. Жаткан жери жайлуу болсун, эненин бактысы балдарында.
25.07.2017. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Begimkyz,торобоптур балдары жок екен...кайсы бакыт кайсы балдар ((((
28.07.2017. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
stervella415,ошо эненин бактысы балдарында, бул эже төрөбөй ошол бакытты сезбей кетиптир дегендей жазган окшойт
25.07.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
сулуулур бактысыз болот тура чынында эле
25.07.2017. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
балдары болгондо мындай тагдырга туш келбейт беле, аттин, балалуу болушту баарына насип этсин, жаралбай калганда алар, жашамак беле кур башым, деген саптар эске тушту, карылыкта жалгыз жашата корбо жараткан
25.07.2017. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Рыспай Абдыкадыровдун "Алмашымы" ушул эже болуш керек...
25.07.2017. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
mela, Рысбай Абдыкадыровдун "Алмашы" Кара Кулжалык эже.
25.07.2017. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Медер Кыдыршаев.менин жездем болчу.Раматлык жаткан жери Жайлуу болсун.жакшы кишиле.
25.07.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Ашыкча сулуулук озуно душман"-деген соз.эженин да тагдырында ойногон турбайбы? Бир кем дуйно,тогорогу топ келишкен,бир бирин суйуп урматтаган адамдар балалуу болбой калса
26.07.2017. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Аябай окунучтуу трагедия экен тагдыры.
Алмаш Чоюбекова козу отсо да ырлары биз менен жашайт. Демек озу олсо да ырлары олгон жок.
26.07.2017. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Создору укмушу чебер жазылган барам сага ырында
26.07.2017. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен бала чакта ушул эжени, куйоосу кызганычтан улам козуно атып,артынан озун аткан деп уккан элем, корсо чынтурбайбы. Жатакан жери жайлуу болсун. Ырлары сонун экен.
26.07.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Таттыбубудон кийинки эле сулуу ушул аял болгон экен ээ. Суротунон эле билинип турат. Ырлары тим эле не деген поэзия ээ. Тагдыры оор болуптур, бечара. Жайы жаннатта болсун
27.07.2017. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бир туугандары да болгон эмеспи,ушундай оор тагдырдан сактасын. Аллахым бейиштен орун берген болсун.
28.07.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
АЛЛАХЫМ аркы дүйнөдө сыйлыгын берсин, күнөөлөрүн кечирсин, чын дүйнө бактылуулугун берсин! Омийин!
30.07.2017. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтө оор тагдыр экен:(
30.07.2017. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо бул окуяларды ким баяндап берип жатат?
31.07.2017. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коз тийген окшойт жаштыгында
31.07.2017. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аттиң арман жаткан жери жайлуу болсун!
20.11.2021. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мин мин азап мн жашаган экен.кайран эже.журогум эзилип жатат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо