№768 21-27-июль, 2017-ж.
Үстүбүздөгү жылдын 10-июлунда Чехиянын "Liglass Trading CZ SRO" (LTD CZ) компаниясы менен Кыргыз өкмөтү Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишимге кол коюшкан. Ага ылайык, чех тарап 50 күнгө чейин баштапкы капитал катары 37 миллион доллар котормок. Ал каражат Орусиянын 2012-жылдан бери аталган курулушка жумшаган каражатын жабууга сарпталуусу пландалган. Келишим түзүлгөндөн бир нече күндөн соң чех маалымат булактары "Белгисиз чех компаниясы Кыргыз мамлекетине миллиарддаган акчага ГЭС курат" деп макала жазып чыгышты. Ошондой эле бул компанияны Чехиянын президенти Милош Земан, анын канцелярия башчысы Вратислав Минарж Кыргыз тарапка сунуштаганын кабарлашкан. Компаниянын ишмердүүлүгүн иликтеген zpravy.aktualne.cz чех сайты "Liglass Trading CZ SRO" компаниясы 2014-жылы аз көлөмдөгү каражат менен иштеп, чыгаша тартып калганын аныктаган. Ошондой эле бул мекеме тууралуу Чехиянын Өнөр жай жана соода министрлигинин кабары жок экенин жарыялашкан. Журналисттердин иликтөөлөрүндө көрсөтүлгөн аталган компаниянын ташталып, каралбай калган заводунун сүрөтү күмөндүү ойлорду ого бетер күчөттү. Чех ЖМКсынын мындай маалымат таратканы кыргыз коомчулугунда кызуу талкууланып, келишимге кол койгондорду жазалоо сунушун бергенге чейин жетти. Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
0
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |