№768 21-27-июль, 2017-ж.
Ал эми "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров жана "Кыргызстан социал-демократтар партиясынын" мүчөсү, учурдагы премьер-министр Сооронбай Жээнбеков саясий партиялар тарабынан көрсөтүлдү.
2016-жылдын аягында биригишкенин, алдыдагы президенттик шайлоого бирге барышарын билдирген 3 үлкөн саясатчы Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков жана Камчыбек Ташиев шайлоого үчөөсү тең аттанарын ачыкташты. 18-июлда "Ата Журт" саясий партиясынын съезди болуп, анда партиянын тең төрагалары Келдибеков менен Ташиевдин президенттикке талапкерлигин делегаттар колдошту. Айрымдар үчилтик ыдырады деген ойду айтышууда. Ал эми "ата журтчу" эки лидер журналисттерге шайлоого жакын 3 талапкерден бирөөсү эле каларын билдиришти. БШКга толук катталганга чейин саясатчылардын бул чечими өзгөрүп кетиши мүмкүн. Катталгандан кийин деле жарыштан кайсы бири баш тартып калган талапкерди командасы менен бирге колдоого алышы мүмкүн. Айта кетсек, Буга чейин Келдибековдун соттолгон деген статусу 2017-жылдын 8-ноябрында жоюлары, демек, анын шайлоого катыша албасы маалымдалган.Бектур Токтоноев
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1
Талкуу жабык.
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |