Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

БАТКЕНДЕ 9 ЖАНА 10 ЖАШТАГЫ 2 БАЛАНЫ ӨЛТҮРГӨН ДЕП ШЕКТЕЛИП АГАСЫ КАРМАЛДЫ

№768 21-27-июль, 2017-ж.

Ушул жылдын июль айынын баш ченинде Баткен шаарында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн 9 жана 10 жаштагы 2 баланын жансыз денеси табылган. Көп өтпөй балдардын өлүмүнө шектүү катары алардын атасынын иниси кармалган.

"ЭКӨӨ ТЕҢ МУУНТУЛУП ӨЛТҮРҮЛГӨН"

Окуя тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматкери Дамира Юсупова төмөнкүлөрдү айтып берди:
– 2017-жылдын 5-июль күнү болжол менен саат 18:30 чамасында Баткен ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө аталган шаардын Жибек Жолу көчөсүндөгү үйлөрдүн биринде 2 баланын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу үйдүн экинчи кабатындагы бөлмөдөн 2007-жылы туулган Даниэль Камалов жана 2008-жылы туулган Байэл Камалов аттуу балдардын жансыз денелерин көрүшкөн. Булар бир туугандардын балдары. Балдардын бири өзүнүн бөлмөсүндөгү диванда өлтүрүлүп, үстүнө төшөк жабылган абалда табылса, экинчиси бильярд ойногон бөлмөдө башына баштык кийгизилип өлтүрүлгөн абалда табылган. Маркумдардын моюндарында муунтулган белгилер аныкталган. Бул иш боюнча Баткен ШИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Көп өтпөй Баткен ШИИБинин кызматкерлери тарабынан балдардын өлүмүнө шектүү катары үй ээси Абдирашит Камаловдун 1996-жылы туулган Болотбек Камалов аттуу аталаш иниси кармалган. Анын жанынан агасынын үйүнөн уурдалган алтын, күмүш сөйкөлөр табылган. Ал кылмышын моюнуна алган. Айтуусуна караганда кылмыш болжол менен саат 14:30дар чамасында болгон. Ал эч бир себеби жок эле балдарды муунтуп өлтүргөнүн айтып, көрсөтмө берүүдө. Үй ээлери үйгө келгенге чейин кылмышка шектүү терезе аркылуу чыгып качып кеткен. Өзүнүн айтуусунда ошол күнү спирттик ичимдигин ичкен эмес, бирок ага чейин күн сайын спирт ичимдиктерин ичип жүргөн. Ал эми экспертизанын жыйынтыгында спирт ичимдиктерин ичкендиги аныкталган. Кылмышка шектүү Баткен ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

"ЭМНЕ СЕБЕПТЕН ӨЛТҮРГӨНҮН БИЛБЕЙМ"

9 жаштагы уулу Байэлден ажырап, кайгыга чөмүлүп турган маркумдун апасына байланышканыбызда, ал төмөнкүлөрдү айтып берди:
– Жолдошум экөөбүз дүкөн иштеткендиктен үйдө балдарым өздөрү калышчу.
1 кыз, 3 уулум бар болчу, улуу кызым инилерин карап калчу. Жумуштан кечки саат 6 жарымдарда келет элек. Ошол күнү да үйгө келгенде балдарыбыз көчөгө ойноп кетишсе керек деп ойлоп, аларды издеген эмеспиз. Кийин гана билип отурабыз. Ал эми уулдарымды өлтүргөн бала үйгө эмнеге келгени тууралуу билбейм, аны өзүнөн сураш керек.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(7)
25.07.2017. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Канкор десе,бир тууганындын балдарына кандай колу барды бул айбандын.

Балдар периште болуп учуп кетти,ата-энесине сабыр тилейм
25.07.2017. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акмааак наадан мээрими жок айбан
26.07.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш балдар
28.07.2017. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Балдардын ата энесине сабр .Журогум жанчылып кетти окуп буткучо жаш периштелер .....
30.07.2017. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташбаранга алыш керек конкорду
31.07.2017. 08:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атасы оч алыш керек
01.08.2017. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Турмодон чиритип жоготуш керек мындай Адамдын жыркычтарын,,, ал Эми ата энесине сабрдан башка айта албайбыз, балдарыныз Аллахтын жанында, тиги канкорго бул дуйно аркы дуйно сурак чоон болот иншааллах#####
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо