Маркумдун агасы: «ИНИМДИ ӨЛТҮРҮП, ЧУҢКУРГА ТАШТАП КЕТКЕНДЕР 5 АЙДАН БЕРИ ТАБЫЛБАЙ ЖАТАТ»

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

Мындан туура 5 ай мурун 27 жаштагы Жылдызбек Жусупжанов киши колдуу болуп каза болгон. Бул кылмыштын бети дагы деле ачыла элек болгондуктан, анын өлүмүнүн себеби табышмак.

«АКЧАСЫН АЛЫП ЧЫГЫП КЕТКЕН БОЮНЧА ЖОК»

Шайлообек Жусупжанов маркум Жылдызбектин бир тууган агасы. Ал «инимди кайсы күнөөсү үчүн өлтүргөнүн билбей турам» дейт.
- Биз 10 бир тууганбыз. Эң кичүүбүз Жылдызбек болчу. Ал 3 жашка чыкканда апам, 11 жашка чыкканда атам каза болгон. Ошондон кийин аны улуу бир туугандары багып өстүрдүк. Иним тирүү болгондо 28ге чыкмак. Быйыл аны үйлөнтөлү деп жатканбыз. 2017-жылдын 27-февралында кимдир бирөөлөр Жылдызбекти өлтүрүп, «Кудайберген» базарындагы май алмаштырган чуңкурга таштап кетишиптир.
Акыркы 2 айдан бери ал өзүнчө батирде жашап жүргөн. Акыркы күнү Махабат деген эжемдин үйүнөн саткан унаасынын акчасын, 64 миң сомду алып "банкка салам" деп кеткен экен. Ошол күнү ага телефон чалсак телефону өчүк болгондуктан, "үйүндө жаткандыр" деп көп кабатыр болгон эмеспиз. Эртеси да телефону өчүк болуп туруп алды. Издеп барсак батиринде инимдин сүйлөшкөн кызы бар экен. Ал инимдин 27-февралдан бери үйгө келе электигин айтты. Ошондон баштап биз инимди издей баштадык. Эжемдин үйүнөн акчаны алып кеткенден кийин чогуу бозо ичип, анан экөө эки башка жолго кеткендигин кудамдын баласы айтты.

«ИНИМДИ ЖАНЧЫП САБАШЫПТЫР»

- Инимдин денеси 2-март күнү «Кудайберген» базары тараптагы май алмаштырган чуңкурдан табылды. Кийин ал жерге барсак чуңкурдун ичи кан болуп, сыртка чыгам деп тырмалаңдаган инимдин колдорунун издери калыптыр. Чуңкурга ташталганда ал чала жан болгон окшойт, эч ким көрбөй терең чуңкурдан чыга албай калса керек. Өлүкканага барып сөөгүн көрсөм, сол колу менен эки бутунун учтарын жанчып сабашыптыр. Бирок оң колуна негедир тийишпептир. Балким, банкка салган акчасын алдырабыз деп атайын тийген эмес окшойт деп ойлоп жатабыз. Акчасын банкка салганбы же жанында болгонбу билбейбиз. Соттук-экспертизанын чыгарган жыйынтыгы боюнча, иним башына катуу нерсе тийгенден эки көзүнө кан толуп, мээсине кан уюп калган. Ошондой эле ашказанынан бир бүдүр да тамак чыккан жок дешти. Демек, инимди үйдө сабап, тамак бербей да кыйнашкан окшойт.
Биз шек санаган адамдар деле бар, бирок милиция кызматкерлери издеп табат деп эле карманып турабыз. Милиция кызматкерлери кантип издеп жаткандарын деле билбейм, бирок 5 айдан бери күнөөлүүлөрдү таппай жатышат. Бир тууганыбыздын ушунча кордук менен өлгөнү аз келгенсип, аны өлтүргөндөр табылбаганы бизди катуу кейитүүдө.

«ЖЫЛДЫЗБЕК АЯЛДАМАДА КАЛЫП КАЛГАН»

Маркум Жылдызбек Жусупжановду акыркы жолу көргөндөрдүн бири Нурмат Сабыр уулуна байланышканыбызда, ал буларды айтып берди:
- Ошол күнү саат 16:00дөр чамасында досум экөөбүз Бишкектин Чокморов көчөсүндө отурсак, Жылдызбек телефон чалып калды. «Кайдасың?» дегенинен даректи айтсам, ал тез эле келип калды. 2 сааттай чогуу отуруп бозо ичтик, анан досум экөөбүз «Орто-Сай» базарына жумушубузга кеттик. Ал эми Жылдызбек бир жакка бармакчы болуп аялдамада калып калган.

«ИНИМДИН АКЧАСЫ БАР ЭКЕНИН БИЛГЕНДЕР ЭЛЕ ӨЛТҮРҮШТҮ»

Ал эми маркумдун эжеси Махабат Жусупжанова инисинин акчасына кызыккандар эле өлтүрдү деген ойдо:
- Иним 26-февраль күнү кечинде үйгө келип «эже, сизге калтырган акчаны алып, эртең банкка салып койсомбу» дегенинен «өзүң бил» дегем. Эртеси эрте жумушка кетип баратып «Жылдызбек келсе акчаны берип койгула» деп жолдошум менен уулума дайындап кеткем. Жылдызбек эртең менен үйгө келип, чай ичип отуруп, саат 11лерде акчасын алып кетиптир. Ушунча убакыттан бери аны өлтүргөндөр табылбай жаткандыктан тергөөчүлөргө ишеничибиз жоголуп баратат.
Батирине барганда сүйлөшкөн кызын биринчи жолу көргөм, ошондо анын номерин алган элем. Эми ага телефон чалсак албай жатат. Балким, ал инимде акча бар экенин билип бирөөлөргө айтып койдубу? Муну инимдин жанында акчасы бар экенин билген бирөөлөр эле кылды деп ойлоп жатам.

«КЫЛМЫШКА ШЕКТҮҮЛӨР КАРМАЛА ЭЛЕК»

Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматкери Майрамкүл Аскарбекова бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын билдирди:
- 2017-жылдын 4-мартында Дэн Сяопин көчөсүндөгү май алмаштыруучу жайлардын биринин чуңкурунан киши колдуу болуп өлтүрүлгөн жарандын денеси табылган. Маркумдун ким экендиги аныкталып, ал 1989-жылы туулган Жылдызбек Жусупжанов экендиги билинген. Бул кылмыш боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 167 (тоноо) жана 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалган. Маркумдун достору, туугандары, тааныштары суракка алынып, кылмыштын бетин ачуу боюнча иш-чаралар жүрүүдө. Анын өлүмүнө шектүүлөр азырынча кармала элек.

Айсалкын Качкынбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
01.08.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
oinowu ele kyldy da
01.08.2017. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Сүйлөшкөн кызын жакшылап суракка алыш керек
01.08.2017. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+20
Башка нерсени тез эле таап койушатго тергоочулор аларга акчаны берип койдуда .Жиним келгенинен жазып жатам ошол тергоочулорго мин наалат кудай ургурларга.
01.08.2017. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Акыркы кундору суйлошкон кыздары сурака коп алына баштадыбы деймда
01.08.2017. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
Азыр акча суйлойт акыйкаттык жок
01.08.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кыздын куноосу бар учун трубканы албай жатканго? Тиги тергочулордун да оозун жапкан ошо кыз эмес бекен? Байкуш бала, аябай кыйналып олуптур. Мындай олумду эч кимдин башына салбасын!
01.08.2017. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
in wa alLah tabylat dep iwenebiz
01.08.2017. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
кызды жакшылап суракка алгыла
01.08.2017. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
муну билгендер эле кылышты,суйлошкон кызын,жездесиби,андан кийин эки балага жоолугуптур го ошолорду сурака алыш керек,куноолулор маркумдун айланасында эле жургон адамдар,тергоочулор да жакшы иштешпей жатышат го жакшылап издесе чыгат просто ооздорун жаптырып койгон кантип анан 5айдан бери табылбасын азыр адамдарга ишениш жок даже бир тууганын сатып коюшу мумкун акча учун,суйлошкон кызы ким болуп калыптыр
01.08.2017. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
милициялардын ишин тушунбогондон кийин эмне кыласынар аларды каргап, ошол тергоочулордун устунон чондору бар, прокурорлорда алардын устундо турат. Ойлобойм 65000 акча учун олтургондордо милициялардын оозун жабатурган сумма чыгат деп
02.08.2017. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mikilei_89kg, азыр адамдар 10000 акча учун олтуруп жатбайбы ошо суйлошкон кызын сурака алыш керек акчага козу чачырап турган буро олтурдуда
02.08.2017. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
кыздын номерин компаниядан текшерсе болот го.баардык чалуулары аудио записи менен укса болот.күнөөсүз кызды күнөөлөгөн туура эмес!тергөөчүлөр жакшылап иликтесеңер!
03.08.2017. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Балким кыз жигитин жокиоп депрессиядадыр. Озунчо эле Шерлок бп кеттинер го
03.08.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлошкон кызын эле суракка алуу керек
07.08.2017. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жацы жанаттан болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо