№391 30-апрель - 6-май, 2010-ж.
Мезгил үнү
Жаңы Баш мыйзамдын долбоору талкууга коюлду. Анда өлкөнү парламенттик башкарууга өткөрүү сунушталган. Долбоордо мындан башка кандай өзгөрүүлөр бар? Сөз ушул туурасында болмокчу.
ЖАҢЫ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНДАГЫ АЙЫРМАЧЫЛЫКТАР
Бул жаатында Өмүрбек Текебаев төмөндөгүдөй түшүндүрөт:
– Жаңы Конституциянын долбоору таптакыр жаңы документ эмес. Өзгөртүүлөр колдонулуп жаткан Конституциянын 3 гана бөлүмүн камтыйт. Тактап айтканда, президенттин, парламенттин жана өкмөттүн ыйгарым укуктары бөлүмдөрүн.
КАБЫЛ АЛЫНГАН КОНСТИТУЦИЯЛАР:
Учурдагы Конституция 1993-жылы 5-майда КРнын ЖКсы тарабынан кабыл алынган.
«Супердин» сурак бурчу
ӨЛКӨДӨГҮ АБАЛ БИР КАЛЫПКА КЕЛИШИ ҮЧҮН
КАНДАЙ САЛЫМ КОШО АЛАСЫЗ?
Нурлан,
22 жашта, студент:
– Шаарда тартип биротоло калыпка келмейинче, коменданттык саат киргизилсе жакшы болмок. Досторумду чогултуп, шаарыбызды жашылдандырууга салымымды кошсом деген оюм бар.
Бегайым,
49 жашта, бухгалтер:
– Ар ким өзүнүн ишин так аткарса, жаман жоруктарга баргандарды тыйып турса, өлкөгө кошкон салымы ошол деп эсептейм. Ыңкылаптан кийин мекемелерде иштер абдан аксады. Андыктан бизге көп иштөө керек болууда.
Токон,
81 жашта, пенсионер:
– Жаштарга кеңешимди айтып болсо да салым кошкум келет. Убагында Исхак Раззаков: “Менин колум таза болсо, элдин да колу таза болот”,- деп айткан. Айтарым, бийликке, мансапка булганбаган адамды коюшса, өлкөнүн абалы менен жашоосу жакшырат.
Жийде,
40 жашта, сатуучу:
– Азыр тескери үгүттөгөндөр көбөйүп кетти. Бийликти иштетпей эле чукугандар элди бөлүп-жарып жатышат. Мен тааныштарыма “ар кимдин сөзүн укпай Убактылуу өкмөткө иштөөгө мүмкүндүк берүү керек” деген кеп-кеңешимди айтып жатам.
Роза,
30 жашта, салык инспектору:
– Азыр эл “эртеңки күнү эмне болуп кетет?” деп жашап калышты. Мына ушундай учурда ар бир кыргызстандык жакшы үмүт менен жашашы керек. Менин кошкон салымым – эртеңки күнгө болгон ишеним. Шаарды мындан ары бүлүндүрбөй алып калсак, бул да салым.
Талапкер,
24 жашта, оператор:
– Кээ бир тааныштарым ыңкылаптан кийин жумушсуз калышты. Аларга колдон келген жардамымды берем. Өлкө үчүн чоң нерселерди жасап бере албасам да, өзүм теңдүү жаштарды тартипке, токтоолукка үндөп жатам.
Күмүшай,
18 жашта, сатуучу:
– Өз ишим менен эле алекмин. Элди бөлүп-жаруучулардын сөзүнө кирбесек, улуттар аралык тирешүүлөргө жол бербесек, кошкон салымыбыз ошол.
Бахияна Сатылганова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |