Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫЯМДАР. КЫШКА КАМ КӨРӨБҮЗ

№769 28-июль-3-август, 2017-ж.

КАЙНАТЫЛБАГАН КАРАГАТ КЫЯМЫ



Керектелүүчү азыктар:

Карагат
– 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Суу – 1 стакан

Даярдоо ыкмасы:

1. Карагатты жууп, тазалайбыз.
2. Тазаланган карагатты эт өткөргүчтөн өткөрөбүз.
3. Кумшекерге сууну кошуп жай отто 7 мүнөт кайнатып сироп даярдайбыз.
4. Сироп муздагандан кийин карагаттын үстүнө куюп, жакшылап аралаштырып, даяр болгон кыямды желим идиштерге, бөтөлкөлөргө куюп, муздаткычта же салкын жер төлөдө сактоо керек.

  • Карагат аскорбин кислотасына бай. Адамдын иммунитетин көтөрүп, өзүн сергек сезгенге жардам берет.

КАЙНАТЫЛБАГАН КУЛПУНАЙ КЫЯМЫ



Керектелүүчү азыктар:

Кулпунай
– 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм

Даярдоо ыкмасы:

1. Кулпунайды жууп, тазалайбыз.
2. Чоң идишке кулпунайдын бир аз бөлүгүн, андан соң кумшекерден себелеп бир нече катмар кылып салабыз да, ширеси бөлүнүп чыкканча муздаткычта сактайбыз.
3. Ширеси бөлүнүп чыккан соң кашык менен акырын аралаштырып, желим идиштерге куюп, муздаткычта же салкын жер төлөдө сактоо кажет.

  • Кулпунайдын чарчоону жазып, чыңалуудан арылтуучу, тердетүүчү жана заара кубалоочу касиети бар.

ШАБДАЛЫ КЫЯМЫ


Керектелүүчү азыктар:

Шабдалы
– 1 килограмм
Кумшекер – 800 грамм

Даярдоо ыкмасы:

1. Бул кыям үчүн өтө эзилип бышпаган, катуураак шабдалылар керектелет. Аларды жууп, тазалап, 6-8 бөлүккө бөлүп туурап, чоң идишке салабыз.
2. Тууралган шабдалынын үстүнө кумшекерди текши себелеп, ширеси бөлүнүп чыкканча тыныктырып коёбуз.
3. Мискейди отко коюп, кайнап чыккан кезде отту жайлатып 10 мүнөт кайнатабыз. Андан соң муздаганча коё турабыз.
4. Кыям муздагандан кийин кайра дагы 10 мүнөттөй кайнатып, бууланган банкаларга куюп оозун бекитебиз.

  • Шабдалы кыямы бат-бат суукка уруна берген, ичи көп каткан, аз кандуулук менен жабыркаган адамдар үчүн табылгыс азык.

КАЙНАТЫЛБАГАН МАЛИНА КЫЯМЫ



Керектелүүчү азыктар:

Малина
– 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Суу – 1 стакан

Даярдоо ыкмасы:

1. Малинаны жууп суусун сарыктырып, мискейге салып эзебиз.
2. Кумшекерге сууну кошуп жай отто 7 мүнөт кайнатып сироп даярдайбыз. Сироптун ордуна 1 стакан бал кошсоңуз, кыямыңыздын баалуулугу жана даамдуулугу мындан да артат.
3. Эзилген малинанын үстүнө сиропту куюп, жакшылап аралаштырабыз.
4. Даяр болгон кыямды бөтөлкөлөргө куюп, муздаткычта же салкын жерде сактоо керек.

  • Малина кыямында калий, кальций, темир сыяктуу пайдалуу элементтер көп болгондуктан, кышкысын сасык тумоо болгондо чайга кошуп ичүү менен оорунун алдын алса болот.

ӨРҮК+АПЕЛЬСИН КЫЯМЫ



Керектелүүчү азыктар:

Өрүк
– 1 килограмм
Апельсин – 1 даана
Кумшекер – 1 килограмм

Даярдоо ыкмасы:

1. Өрүктү жууп, данегинен ажыратып, чоң идишке салабыз.
2. Апельсинди жууп, кабыгы менен кошо майда туурайбыз да, өрүктүн үстүнө салабыз.
3. Булардын үстүнө кумшекерди себелеп, ширеси чыкканча коё турбыз. Ширеси бөлүнүп чыккан соң жай отто 10 мүнөт кайнатып, көбүгүн алабыз. Муздаган соң дагы 10 мүнөт кайнатып, алдын ала бууланган банкаларга куюп, капкагын жаап коёбуз.

  • Өрүк кыямы жүрөк кан тамыр оорулары менен жабыркагандарга жана кош бойлууларга пайдалуу. Кандын айлануусун жакшыртат.


КАЙНАТЫЛБАГАН КЫЯМДА КЕРЕКТҮҮ ЗАТТАР ЖАНА ВИТАМИНДЕР ТОЛУГУ МЕНЕН САКТАЛАТ.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(10)
01.08.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат супер инфо
01.08.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эртерээк чыгарбапсыздарда. Орук,клубникабыз тугонду биздин.
02.08.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aiiko, Көлдүн абрикосторунан алыңыз. Бирок негедир быйыл кымбат го алардыкы чоң чакасы 500 сом экен алайын десем. Кулпунай кар жааганча бышат коркпой эле коюңуз
06.08.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
deva,колдуку даамы жок ко.
06.08.2017. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
deva,колдуку даамы жок ко.
07.09.2017. 04:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
komn47,же даамдуу алма орук жана башкалар колдуку салкын жерде бышканы учун баардык витаминге бай...куйкаалаган ысыкка бышкан жемиштер супсак болот..и витаминдери аз болот..колдуку бат эле сатылып кетет кымбатыраак дагы..
02.08.2017. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага апельсин менен өрүктүн, шабдалынын, малинанын вареньеси жагат. Биздин үйдө кулпунайдыкы эң аягында желет, жазында))
04.08.2017. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар кыям деген вареньеби? А джем кандай которулат?
04.08.2017. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туугандар, кыям деген вареньеби? А джем кандай которулат?
06.08.2017. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
salman-dastan,ооба,кыям-варенье,джем джем эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо